Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 40/12
Тогуз-Булак айылынын Чычырканак участкасына көчөгө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын Чычырканак участкасындагы Абдразаков Чыныбектин үйүнөн Бой-Булакка чейинки аралыктагы күнгөй-тескейиндеги үйлөрдүн аралыгы Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Абдразаков Мамаш атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын Чычырканак участкасындагы Абдразаков Чыныбектин үйүнөн Бой-Булакка чейинки күнгөй-тескейиндеги аралыктагы үйлөрдүн аралыгы Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Абдразаков Мамаш атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандары Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыров менен көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу боюнча келишим түзүлсүн.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |