Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 40/14
Корул айылынын эмгеги сиңген атуулдарга «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 2-заседаниесинин (2013-жылдын 16-январындагы №2/1 токтому менен Корул айылдык кеңешинин регламентинин редакциясы) Корул айылдык кеңешинин типтүү регламентинин 2-бөлүгүнүн 3-главасынын 3.1-пунктуна таянып, Корул айылынын эмгеги сиңген төмөндөгү атуулдарга «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Шарипов Эркинбайга жана Эркулов Болот Торубаевичке, Ажымаматов Талант Жапаровичке, Токтобаев Сатаң Айтиевичке, Маназаров Токтосун Маданбековичке, Раев Өмүрбек Базарбаевичке, Өмүрзаков Алтынбек Калыкбердиевичке, Камбаров Жыргалбек Аматбековичке, Орозалиев Акмөндүр Капаровичке, Маматов Ашим Манановичке, Чамашова Разия Ракматилдаевнага, Аматбеков Абдибек Абласановичке, Корул айылынын экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн Корул айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго жана ФЭБ башчы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |