Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 26/2
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы №515 токтомунун негизинде пайдаланылбай жаткан айыл чарбасына жараксыз жерлерди келишимдин негизинде берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Б.Айдаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,Ленин айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Б.Айдаралиевдин билдирүүсү эске алынсын.(билдирүү тиркелет.)
2. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы пайдаланылбай жаткан айыл чарбасына жараксыз жерлерди 2016-жылдын 21-апрелинен баштап жайыт комитети келишимдин негизинде берилбесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Жоробеков |
Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинини төрагасы Б. Айдаралиевден
Урматтуу депутаттар! КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 515 токтомунун негизинде пайдаланылбай жаткан айыл чарбасына жараксыз жерлерди келишимдин негизинде арендага 5 жылдык мөөнөт менен берсек болот экен. Бүгүнкү күнгө чейин Согонду айылыны 5 тургунуна берилди. Ушул маселени сиздердин карооңуздарга сунуш кыламын.