Загрузка документа…
КР Улуттук банк башкармасынын
2010-жылдын 29-декабрындагы № 96/2 токтому
расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 15-майындагы №26/1 токтому менен бекитилген |
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/8, 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Терминдер жана аныктамалар
3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук саясаты
4. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролду уюштуруу максатында дайындалуучу кызмат адамы
5. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашырууда тобокелдиктин деңгээлин аныктоо
6. Милдеттүү контролдоого тийиш болгон бүтүмдөрдү жана операцияларды аныктоо
7. Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган маалыматтарды белгилөө, сактоо жана ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - банктар) лицензия алышкан анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптарды аныктоо бул Жобонун максаты болуп саналат.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банктардын ишине инспектирлөөнү жүргүзөт жана анын натыйжалары боюнча маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Терминдер жана аныктамалар
Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Пайда алуучу - акча каражаттарына же мүлккө карата менчикке укукка ээ жана анын атынан жана/же анын эсебинен кардар акча каражаттары же мүлк менен операцияны (бүтүмдү) ишке ашырган, же болбосо ошол жак менен кардардын ортосунда келишилген макулдашууга ылайык ал кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүсүнө тике же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамга ылайык шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерине туура келген шектүү операциялар (бүтүмдөр), башкача айтканда терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык ачык экономикалык же шексиз мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон акча каражаттары же башка мүлк менен ишке ашырылуучу жана ошол юридикалык жак (жактар) же жеке адамдар үчүн мүнөздүү болбогон операциялар (бүтүмдөр).
Шектүү операция (бүтүм) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамдын чегинде кардардын жана акыркы киреше табуучунун акча каражаттары же башка мүлкү менен жүргүзүлүүчү операциялар үчүн Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча кызмат адамы тарабынан аныкталат.
Ички контролдук - милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча банк тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйындысы.
Экстремизм - конституциялык түзүлүштүн негиздерин баскынчылык менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, коопсуздукка коркунуч келтирүүгө жана бийликтин ыйгарым укуктарын басып же өткөрүп алууга, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү түзүүгө, террористтик иштерди жана Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иштерге каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамында аныкталган башка мыйзамсыз аракеттерди жүзөгө ашырууга багытталган иш.
Идентификация - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин түп нускаларынын же тиешелүү деңгээлде тастыкталган алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде маалыматтардын банк тарабынан тастыкталышы.
Верификация - ички контролдук максатында, идентификациялоонун натыйжаларын тактоо же тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү боюнча банк тарабынан жүргүзүлгөн чаралар.
Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды табуу (аныктоо) - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин негизинде милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операциялардын аныктамаларын камтыган, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди жүргүзүү максатында банктын ички контролдугун уюштуруу этабы.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча кызмат адамы - маалыматтарды идентификациялоого, аныктоого, белгилөөгө (фиксациялоого) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө тийиштүү бардык маалыматтарды алууга укугу бар, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалуучу (жетекчиликтин деңгээлиндеги) банк кызматкери.
Баштапкы сумма - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамда белгиленген, 1000000 сомду түзгөн (чет өлкө валютасынын эквиваленти) маани.
Саясый маанидеги кызматты ээлеген чет өлкөлүк адам - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик жана саясый функцияларды аткаруу сунушталган же аларга ыйгарылган чет мамлекеттин жарандары, (мамлекет же өкмөт башчылары, жогорку даражадагы саясый ишмерлер, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана фискалдык органдарда жогорку кызматты ээлеген адамдар, саясый партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери) анын ичинде мурда иштеп кеткендер.
"Ислам терезеси", "Ислам банкы", "Ислам терезесине" ээ банк", "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери", "Шариат стандарттары", "Шариат кеңеши" - бул терминдер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында камтылган түшүнүктөргө ылайык келет.
Бул чөйрөдө колдонулуучу бардык башка түшүнүктөр, ушул главада берилген негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук саясаты
3.1. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, банктын Директорлор кеңеши бекитүүгө тийиш болгон ички контролду уюштуруунун тиешелүү саясатын иштеп чыгуу зарыл. Бул саясат банктын ички контролдоо системасын уюштуруу саясатынын жалпы саясатынын бөлүгү болуп саналат.
3.2. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, ички контролду уюштуруунун саясатында банк тарабынан минимум катары төмөнкүлөр аныкталышы керек:
3.2.1. Чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоочу ички контролду уюштуруунун тартиби, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү процессине тартылган адамдардын жана бөлүмдөрдүн ортосундагы өзара аракеттенишүүнүн жана отчеттуулуктун тартиби;
3.2.2. Банк тарабынан өз кардарларын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына (мындан ары - Улуттук банк), ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынбаган бөлүгүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык идентификациялоо тартиби жана алардын абалын иликтөө;
3.2.3. Кардарлардын ишинен милдеттүү контролдоого тийиш болгон операцияларды аныктоонун жана "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык кардар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруунун негиздемесин тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу үчүн кардар жана/же кардардын операциясы жөнүндө маалыматты текшерүүнүн тартиби;
3.2.4. Ички контролду жүзөгө ашырууда алынуучу маалыматтарды документалдык каттоонун тартиби, ошондой эле аны сактоонун жана конфиденциалдуулугун камсыздоонун тартиби;
3.2.5. Шектүү операциялар (бүтүмдөр), ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык милдеттүү контролдоого тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү критерийлердин тизмесине туш болгон акча каражаттары же башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен түзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнүн тартиби;
3.3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдун саясаты алардын негизинде шектүү операция (бүтүм) белгилерине туура келүү предметине текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон операция ишке ашырылуучу документтерди банктын кардарынан милдеттүү сурап алуу боюнча талаптарды камтууга зарыл;
3.4. Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө
жайгашкан туунду жана караштуу компаниялар тарабынан терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, ички контролдукту уюштуруу боюнча тиешелүү чаралардын сакталышы банк тарабынан камсыз кылынууга тийиш;
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
3.5. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдун натыйжалуулугуна баа берүү банктын ички аудит кызматы тарабынан ишке ашырылат.
4. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролду уюштуруу максатында дайындалуучу кызмат адамы
4.1. Банкта ички контролдун саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча башка ички уюштуруу чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында кызмат адамы (мындан ары - кызмат адамы) дайындалууга тийиш.
4.2. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кызмат адамы төмөнкү функцияларды аткарат:
- банк Башкармасынын макулдугу менен ички контролдун тиешелүү саясатын иштеп чыгат жана аны Директорлор кеңешине бекитүүгө берет, бул саясат менен аны жүзөгө ашырууга катышып жаткан бардык кызматкерлерди тааныштырат;
- ички контролдун саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана бул саясатка ылайык терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча банктын ички ченемдик документтерин аткаруунун мониторингин ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жана билдирүүлөрдү берүүнү камсыз кылат;
- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө маалыматтарды берет жана алардын бул Жобо жана банктын ички документтери тарабынан анын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча банктын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт;
- окууларды уюштурат жана банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерине консультацияларды берет;
- зарыл болгон учурда, бирок чейректе бир жолудан кем эмес банк Башкармасынын макулдугу менен ички контролдун саясатын жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту банктын ички документтеринде аныкталган тартипте Директорлор кеңешинин кароосуна берет.
4.3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- банктын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана кызматкерлеринен зарыл болгон документтерди, анын ичинде банктын жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан чыгарылган буйруктарды жана башка буйруу документтерин, бухгалтердик жана акча-эсептешүү документтерин алууга;
- кардар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруунун негиздемесин тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу үчүн кардар жана/же ал операция жөнүндө кошумча маалыматты алуу демилгесин коюуга;
- алынган документтердин көчүрмөсүн, анын ичинде электрондук документтердин көчүрмөсүн алууга;
- зарыл болгон учурда банктын Директорлор кеңешине кайрылууга;
- Шариат кеңеши менен өз ара аракеттенүү жана ага кайрылып туруу(*).
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- банктын тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана алардын кайтарылып берилишин камсыз кылууга;
- өз функцияларын ишке ашырууда алынган маалыматтын конфиденциалдуулугун сактоого.
4.5. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатын жүзөгө ашырууда көзкарандысыз болууга тийиш жана бул Жобого ылайык төмөндө көрсөтүлгөн функциялардан тышкары, анын компетенциясына тиешелүү ишти башка функцияларды ишке ашыруу менен айкалыштыра алат:
- ички аудитти кызматынын кызматкеринин;
- операциялык ишти жүзөгө ашыруучу кызматкердин.
4.6. Кызмат адамына төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптар коюлат:
- жогорку экономикалык же юридикалык билим;
- финансы-кредит мекемелеринин негизги иши менен байланышкан бөлүмдөрдөгү эмгек стажы, жалпы алганда үч жылдан кем эмес;
- соттолбогон болууга тийиш;
- ислам банк иши жана каржылоо жагында билим деңгээли(*).
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
4.7. Кызмат адамын окутуу (кайра даярдоо) жылына бир жолудан кем эмес үзгүлтүксүз негизде ишке ашырылууга тийиш.
4.8. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын жоопкерчилиги Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамда каралган негиздерде гана келип чыгат.
4.9. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы жана банк Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамда каралган шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматты берүү милдеттерин укук ченемдүү аткаруудагы, эгерде мындай аракеттерди жүргүзүүдө белгиленген тартип бузуулар болбосо, чыгымдар, алынбай калган пайда же жеке адамдарга жана юридикалык жактарга келтирилген моралдык зыян үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат.
(*) Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банктарга тиешелүү.
5. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашырууда тобокелдиктин деңгээлин аныктоо
5.1. Банк кардарларын идентификациялоо жана алардын абалын иликтөө процесси өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен кардардын терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээлин аныктоону камтыйт. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн минимум катары кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун көңүлгө алуу зарыл.
5.2. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашырууда кардардын жогорку тобокелге туш болгон ишмердүүлүк түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн:
- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши;
- оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдорунун ишмердүүлүгү;
- кардарлардын - резидент эместердин, анын ичинде саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын иши;
- оюн-зоок бизнеси (продукцияларды сатуу (товарларды, жумуштарды, кызматтарды) болуп эсептелбеген, оюн-зоок жайларынан (казино, тотализатор, букмекердик контора, оюн автоматтар залы жана башка оюн-зоок үйлөрү (жайлар)) утуш түрүндөгү кумар оюндарына катышуудан жана аларды өткөрүү үчүн төлөмдөн киреше алуу менен байланышкан ишкердүүлүк иши);
- сатуу менен, анын ичинде искусство жана антиквариат буюмдарын арзандатылган баада сатуу менен байланышкан ишмердүүлүк;
- баалуу металлдар, асыл таштар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зергер буюмдары менен соода кылуу (өзгөчө экспорт).
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
5.3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруунун жогорку тобокелдигине туш болгон мамлекеттерге (аймактарга) төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн:
- алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка көзөмөл органдары менен бирдикте мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, ФАТФнын сунуштамаларын колдонушпаган же жетиштүү эмес деңгээлде колдонушкан мамлекеттер (аймактар);
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган эларалык уюмдар тарабынан бекитилген тизмелердин негизинде, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдашуусу боюнча бекитилген финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды ачып берүү же аларды берүү каралбаган мамлекеттер (аймактар);
5.4. Идентификациялоого, верификациялоого жана кардардын абалын иликтөөгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтын жана документтердин негизинде банк тарабынан кардардын мүмкүн болуучу терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээли бааланат. Анын бааланышы тууралуу тыянак кардар жөнүндө маалыматтарга тиркелет.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
5.5. Банк, олуттуу тобокелдикке дуушарлануу менен иш алып барган кардарлар категориясына кирген кардарларга тиешелүү деңгээлде көңүл буруп, аларга карата таасирдүү контролдукту күчөтүүсү зарыл.
5.6. Саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдарды
тейлөөдө банк төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш:
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар менен мамиле түзүүгө чейин банк Башкармасынын ушул иш чөйрөсүнө жоопкерчиликтүү болгон мүчөсүнөн кат жүзүндө уруксат алуу;
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар тууралуу маалыматтарды туруктуу негизде жаңылап туруу;
- саясый мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар, алардын жубайы жана жакын туугандары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен жүргүзгөн операцияларга (бүтүмдөргө) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык олуттуу көңүл буруу.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
5.7. Банк кардар тарабынан терроризмди каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруу тобокелдигин жогорку катары баалаган учурда, идентификациялоонун, верификациялоонун жана кардардын абалын иликтөөнүн натыйжасында алынган маалыматтарды банк жылына бир жылдан кем эмес, башка учурларда үч жылда бир жолудан кем эмес жаңыртып турууга тийиш.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
5.8. Банкта операциялардын түздөн-түз байланышсыз жүзөгө ашырылышын болжолдогон жаңы технологиялардын (банктык продуктылардын) колдонулушуна байланыштуу терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдигине тиешелүү деңгээлдеги контролдукту ишке ашыруу максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун сакталышын камсыз кылынууга тийиш.
5.9. Банк корреспонденттик мамилелерди түзүүдө, анын ичинде банккорреспондентке сурап алууну жөнөтүү жолу менен, банк-корреспондент тарабынан анын кардарларын идентификациялоону, верификациялоону жана абалын иликтөөнү кошо алганда, алар тарабынан терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-чаралар ишке ашырылып жаткандыгын аныктоого тийиш.
(КР УББ 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/8, 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Милдеттүү контролдоого тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо
6.1. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жүзөгө ашырылышынын мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин орун алышы көз карашынан, кардарлардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби банк тарабынан аныкталууга тийиш. Мына ушул максаттарда банк кардарлар менен өзүнүн ишкердик мамилелерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат жана аларда төмөнкү иш чаралар камтылууга тийиш:
- кардардын иши банктын колундагы ошол кардар, анын бизнеси жана кардар дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдик деңгээлине тиешелүү маалыматтарга ылайык келээрине ынануу үчүн кардардын эсеби боюнча жүргүзүлгөн операцияларга көз салып туруу;
- зарылчылык келип чыккан шартта, кардар эсебине келип түшкөн акча каражаттары кайдан алынгандыгын териштирүү;
- ачык-айкын экономикалык жана мыйзамдык максаттарды көздөбөгөн бардык татаал же адаттагыдан башкача ири операцияларга анализдөөлөрдү жүргүзүү;
- банкка келип түшкөн бардык маалыматтарды документ катары түзүп, каттоо жана зарылчылык келип чыккан шартта, бул маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга берүү.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2. Акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операция (бүтүм), эгер анын суммасы чектүү сумма өлчөмүндө жүргүзүлүп жатса, ага барабар же андан жогору болсо, ал милдеттүү контролго алынууга тийиш.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
6.3. Улуттук банкка макулдашуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган критерийлердин тизмегине ылайык, акча каражаттары же башка мүлк менен милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкүлөр кирет:
- тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, бардык ички же тышкы операциялар (бүтүмдөр);
- накталай четөлкө валюталарын сатып алуу же сатуу;
- жеке адам тарабынан накталай эсептешүү менен баалуу кагаздарды сатып алуу;
- бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу;
- кайрымдуулук, коомдук уюмдардын жана мекемелердин, фонддордун акча каражаттарынын кыймылы;
- баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды, асыл таштарды же башка баалуулуктарды ломбарддарга коюу;
- жеке адам тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө же андан өмүрдү камсыздандыруу жана топтоо камсыздандыруусунун жана пенсиялык камсыз кылуунун башка түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын алуу;
- ага жумшалган сумма 4500000 сомго барабар же андан ашкан кыймылсыз мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;
- кыймылдуу мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;
- финансы ижара (лизинг) келишими боюнча мүлктөрдү алуу же берүү;
- лотерея, тотализатор (өзара пайда көрүү) же тобокелдикке негизденген башка оюндардан алынган утуш түрүндөгү акча каражаттарын төлөп берүү;
- кардардын тапшыруусу боюнча акча каражаттарын которууну финансы-кредиттик эмес уюм тарабынан жүзөгө ашыруу;
- мындай операцияларды эсепти ачуусуз эле жүзөгө ашырууга шарт түзгөн система боюнча жүзөгө ашыруу жана аларды алуу.
(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 токтомунун редакциясына ылайык)
6.4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана операциялардын жаңы түрүн жүзөгө ашыруу алдында, банк тарабынан терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) бөгөт коюу максатында ошол кызмат көрсөтүүлөргө жана операцияларга тиешелүү мүмкүн болуучу бардык тобокелдиктер аныкталып, баа берилүүгө тийиш.
(КР УББ 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/8 токтомунун редакциясына ылайык)
6.5. Банктын саясаты жана жол-жоболору тарабынан аныкталган тартипке ылайык кардардын идентификациясын жана шектүү операцияларды аныктоону ишке ашыруучу банктын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кызмат адамына маалымат беришет.
6.6. Шектенүүлөр негизделген учурда кызмат адамы андан аркы аракеттер боюнча сунуш-көрсөтмө менен кардар жана операция (бүтүм) жөнүндө маалыматты Башкарманын кароосуна алып чыгат. Банк Башкармасы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамына ылайык андан аркы аракеттерди өз убагында ишке ашыруу, анын ичинде операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүнү токтотуп туруу жана/же кардар менен иштиктүү мамилени токтотуу үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган маалыматтарды белгилөө, сактоо жана ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү
7.1. Текшерүүнүн жүрүшүндө алынган, кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө маалымат кардар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоонун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) ишке ашырылышын тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу үчүн жетиштүү көлөмдө милдеттүү документалдык катталууга тийиш.
7.2. Кардардын операциясын милдеттүү контролдоого тийиш болгон операция катары аныктоодо шектенүүлөр тастыкталганда, банк Башкармасы кардардын операциясын шектүү деп табуу жөнүндө акыркы чечим кабыл алат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген маалыматтарды берүү тартибине ылайык ал жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берет.
(КР УББ 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/8 токтомунун редакциясына ылайык)
7.3. Банк Башкармасынын кардардын операциясынын шектүү катары табылбагандыгы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал жөнүндө маалыматтарды жөнөтпөгөндүгү жөнүндө чечими негизделүүгө жана протокол менен бекитилүүгө тийиш. Кызмат адамы операциялардын жана кардар жөнүндө маалыматтардын кыскача түшүндүрмөлөрүн камтыган, Башкарманын мындай чечимдеринин реестрин жүргүзүүгө тийиш.
7.4. Банк "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү жөнүндө кардарларга билдирүүгө укуктуу эмес.
7.5. Кардар, анын ичинде иштиктүү кат алышуулар, ошондой эле бул Жобого ылайык текшерүүнүн жүрүшүндө алынган кардардын операциясы (бүтүмдөрү) жөнүндө билдирүүлөрдү камтыган маалыматтар жана документтер банк менен кардардын ортосундагы мамилелер токтотулгандан кийин беш жылдан кем эмес мөөнөткө сакталууга тийиш.