Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры № 96/2
Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 15-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 14-июнунда 57-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Мырзаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
Б.Жеенбаева
|