Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 22-апрелинде каттоодон өткөн. Каттоо номери № 25-08
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-мартындагы № 13/4 токтому менен бекитилген
|
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын
2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2 ,
2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1
токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Акционерлердин жалпы жыйыны
3. Банктын директорлор кеңеши
4. Банк Башкармасы
5. Кесиптик этика жана кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу
6. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу
1.1. "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо (мындан ары жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 21, 24, 25, 25-2, 26, 27, 35 жана 37 статьяларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. Жобо бардык коммерциялык банктарга (мындан ары банктар) таркатылат. Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик банкына да таркатылат
Банктарда эффективдүү корпоративдик башкаруу айрым банктардын жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуунун олуттуу шарттарынын бири болуп саналат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Корпоративдик башкарууну банк Башкармасы, Директорлор кеңеши жана акционерлер тарабынан төмөндөгүлөр боюнча жүзөгө ашырылуучу банк ишине жалпы жетекчиликти түшүнүүгө болот:
- банк ишинин стратегиялык максаттарын, аларга жетүү жолдорун жана бул максаттарга жетүү үчүн контролдукту аныктоо;
- банктын башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан банк ишинин стратегиялык максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттердин аткарылышын камсыз кылуучу эмгек ыргагына түрткү берүү;
- аманатчыларды кошо алганда, банк акционерлеринин жана анын кредиторлорунун кызыкчылыктарынын балансына жетишүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле банктын ички документтеринин талаптарын сактоону камсыз кылуу;
1.3. Банктарда эффективдүү корпоративдик башкаруунун негизги компоненттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- банктын башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенция маселелерин жана отчеттуулукту бөлүштүрүү, Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын натыйжалуу иштешин уюштуруу;
- банктын иш-аракетинин өнүгүү стратегиясын аныктоо жана бекитүү, ошондой эле анын жүзөгө ашышына контролдук;
- кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу;
- кесиптик этика стандарттарын аныктоо жана сактоо;
- банктын иш-аракеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.
Банктарда жана банктык топтордо эффективдүү корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрү саналат(1).
1.4. Банкта эффективдүү корпоративдик башкарууну жүзөгө ашырууга багытталган жана бул жобого каршы келбеген ички документтер иштелип чыгышы мүмкүн.
2.1. Банктын жогорку башкаруу органы болуп акционерлердин жалпы жыйыны саналат.
2.2. Банктын акционерлеринин жылдык жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгон маселелер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында (мындан ары мыйзам) аныкталган.
2.3. Банктын акционерлеринин жылдык жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгон маселелер, эгерде мыйзам тарабынан башка каралбаган болсо, башка башкаруу органынын чечимине берилиши мүмкүн эмес.
2.4. Мыйзамга ылайык, банктын акционерлери банк кардарларынын кызыкчылыктарына доо кетире тургандай аракеттерди жасабоого тийиш.
3.1. Директорлор кеңеши банкты жана анын финансылык абалын башкарууга контролдукту жүзөгө ашырат жана банктын акционерлеринин жалпы жыйынында отчет берет.
3.2. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү болгон маселелер мыйзамда аныкталган жана банктын стратегияларынын жана саясаттарынын аныкталышын камтыйт.
3.3. Эффективдүү корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында Директорлор кеңеши төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл:
- банктын уюштуруу түзүмүнүн чегинде ыйгарым укуктар, жоопкерчиликтер жана отчеттуулук деңгээлинин так белгиленишин;
- ички контролдуктун эффективдүү системасын түзүү жана анын банктын ишинин өлчөмүнө, татаалдыгына, тобокелдик түзүмүнө жана профилине(2) ылайык келүүчүлүгүн камсыз кылуу. Тиешелүү ички контролдукту уюштуруу максатында банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк)(3) сунуш-көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алышат;
- тобокелдиктерди тескөөнүн Улуттук банк тарабынан белгиленген тиешелүү системасын камсыз кылууну;
- банктын стратегиялык максаттары жөнүндө маалыматты банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлине тааныштыруу боюнча чараларды көрүүнү;
- банктын өнүгүү стратегиясынын, бизнес планынын, банктын иш-аракетинин бардык негизги түрлөрү боюнча саясатынын банктын күндөлүк иш-аракетине, финансылык абалына жана тышкы экономикалык шарттарга шайкеш келүүсүнө мезгил мезгили менен (жылына бир жолудан кем эмес) баа берүүнү;
- банктын күндөлүк иш-аракетин жана финансылык натыйжаларын банктын стратегиялык максаттарына жана бизнес планынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетүү көзкарашынан мезгил мезгили менен (чейректе бир жолудан кем эмес) баа берүүнү;
- банктын жана анын башкаруу органдарынын иш-аракетинин Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу;
- тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн натыйжаларын карап чыгуу жана жыйынтыктары боюнча чараларды көрүүнү;
- объективдүү жана компетенттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жетиштүү жана так маалыматка ээ болуу жана Банк Башкармасынын, башка башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрү жана сунуштары негиздүү экендигине жана банк мүдөөлөрүнө жооп бере тургандыгына ынанууну;
- алгылыксыз учурларды аныктоо жана түзөтө турган тиешелүү аракеттерди көрүү менен өз иш-аракетине мезгил-мезгили менен баа берүүнү.
3.4. Ички жана тышкы аудиторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана аудиттин эларалык стандарттарына ылайыктуу болгон иш-аракети банкты эффективдүү корпоративдик башкарууга жетүү үчүн зарыл. Аудиттин милдети төмөндөгүлөр менен да күчөтүлүшү мүмкүн:
- уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде аудиторлордун ишинин банктын финансылык абалынын туруктуулугу жана стратегиялык максаттарга жетишүүсү үчүн зарыл жана маанилүү экендигин таануулары;
- ички аудиттин көзкарандысыздыгын жана шайкештигин бекемдеген чараларды кабыл алуу;
- Директорлор кеңеши тарабынан тышкы жана ички аудиторлордун отчетторуна жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө банктын иш-аракетине көзкарандысыз баа берүү максаттарында жогорку деңгээлде көңүл буруу;
- аудиторлор тарабынан аныкталган көйгөйлөргө карата өз убагында түзөтүү чараларын көрүү.
3.5. Тышкы аудиторлорду акционерлердин жалпы жыйынына көрсөтүү үчүн тандап алууда Директорлор кеңешинин аудит жүргүзүүгө каралган сарптоолор менен тышкы аудиттин тиешелүү сапатын камсыз кылуу зарылчылыгынын ортосундагы баланстын сакталышын эске алуусу зарыл.
3.6. Өзүнүн контролдук милдеттерин бекемдөө максатында Директорлор кеңеши тышкы аудиторлор менен (жылына бир жолудан кем эмес) жана ички аудиторлор менен (чейректе бир жолудан кем эмес) туруктуу жолугушууну өткөрүү туруулары максатка ылайыктуу;
3.7. Директорлор кеңеши банктын структуралык бөлүмдөрүнүн, түзүлгөн комитеттеринин жана кызмат адамдарынын иш-аракеттерин текшерүү үчүн аудиторлорду тартууга укуктуу.
3.8. Банкта Кредиттик комитет жана Аудит боюнча комитет түзүлүүгө тийиш. Бул комитеттердин иш-аракети Улуттук банктын(4) талаптарына жана банктын ички документтерине ылайык келүүгө тийиш.
3.9. Директорлор кеңеши банкта корпоративдик башкарууну күчөтүү максатында башка комитеттерди түзүүгө укуктуу, атап айтканда:
- Банк Башкармасынын иш-аракетине банк өзүнө кабыл алган тобокелдиктерди тескөө маселелериндеги контролдукту камсыз кыла турган Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитет;
- Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитет, банктын балансынын жалпы түзүмүнө контролдукту, активдердин жана пассивдердин түзүмүнө мониторингди жүзөгө ашырат, ошондой эле активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген саясаттын сакталышын камсыз кылат.
Банкта түзүлгөн бардык комитеттердин иш-аракеттерин жөнгө салуучу
банктын ички документтеринде төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
- комитетти түзүү жана иш максаты,
- комитеттин ыйгарым укуктары,
- отурумдарды өткөрүү тартиби,
- отчеттуулук тартиби,
- комитеттин ар бир мүчөсүнүн алар тарабынан кабыл алынган жана кол коюлган чечимдерге жоопкерчилиги.
Мындан тышкары, бул документтерде, комитеттин отурумунда катышкан жана чечим кабыл алган ар бир мүчөсүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленүүгө тийиш:
- каралып жаткан маселенин маңызын билүү,
- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүү,
- тобокелдиктин келип чыгышы мүмкүнчүлүгүнө жана ал тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө.
Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2 токтомунун редакциясына ылайык)
3.10. Директорлор кеңешинин жоопкерчиликтеринин жогорку деңгээлде жана ыйгарым укуктарынын кеңири болушу, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн банктын иш-аракеттеринин негизги түрлөрү тууралуу жетиштүү билимге, банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын пикиринен көзкаранды болбогон пикирлерди айта алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууларын болжолдойт. Чечимдерди кабыл алууда, Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү объективдүү болуп, жеке кызыкчылыктары же банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кызыкчылыктары үчүн эмес, банктын кызыкчылыктарын ишке ашыруу аракетин көздөөгө тийиш. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго жана Директорлор кеңешинин отурумунун стенографиялык отчетуна, отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашуудан кийин (кол койгондон) Кеңештин төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2 токтомунун редакциясына ылайык)
3.11. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш(5).
3.12. Компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү жана көзкарандысыздыкты камсыз кылуу максатында Директорлор кеңешинде тиешелүү абройго ээ, экономикалык, финансылык, монетардык жана юридикалык билимдер боюнча кесиптик тажрыйбага ээ адис-эксперттердин шайлануусу мүмкүн. Мыйзамга ылайык Директорлор кеңешинин минимум бир мүчөсү акционер же уюштуруучу болуп саналбаган жана Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп берген адис-эксперти болууга тийиш(6).
4.1. Банк Башкармасы банктын күндөлүк иш-аракетине жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Директорлор кеңешине отчет берет.
4.2. Башкарманын жоопкерчилигине тиешелүү маселелер банктар жөнүндө мыйзамда аныкталган жана Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашырууну камтыйт.
4.3. Эффективдүү корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында Банк Башкармасы төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл:
- банктын структуралык бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин, ыйгарым укуктарын жана отчет берүүчүлүгүнүн так бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу;
- Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясаттардын, жол-жоболордун жана кызматтык нускоолордун уюштуруу түзүмүнүн бардык аткаруу деңгээлдеринде сакталышына мониторингдин эффективдүү системасын белгилөө жана бул системалардын шайкештигине мезгил-мезгили менен баа берүү;
- ишенимдүү маалымат системаларын түзүү, алар башкаруу чечимин кабыл алуу үчүн зарыл маалыматтын тиешелүү даярдалышын жана өз убагында берилишин (финансылык, рынок окуялары жана шарттары жөнүндө анализ, ж.б.);
- Директорлор кеңешине учурдагы иш-аракет жөнүндө банктын бизнес-планынын жана өнүктүрүү стратегиясынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына баа берүүгө мүмкүндүк берген финансылык жана операциялык иштин иш жүзүндөгү жыйынтыктарын камтуучу мазмундуу жана жана так отчетту өз убагында берүү;
- Директорлор кеңешине банктын ички контролдук системасынын шайкештигине, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер маселелери боюнча кылдаттык менен берилген баалоону, ошондой эле ички контролдук системасын өркүндөтүү жагындагы сунуш-көрсөтмөлөрдү (жылына кеминде бир жолу) берүү;
- Директорлор кеңешине тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү мезгили-мезгили менен берүү, алар тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүз процессинин эффективдүүлүгүн жана шайкештигин камсыз кылат;
- банктын экономикалык абалындагы кандай болбосун начарлоолор же мындай жагдайдын келип чыгышын шарттай турган кооптонуулар жөнүндө Директорлор кеңешине дароо маалымдоо;
- Директорлор кеңешине мыйзамдарды, Улуттук банктын ченемдик актыларын, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаттарды бузуу жагында аныкталган бардык аракеттер тууралуу маалымдоо.
4.4. Башкарма мүчөлөрү Улуттук банк белгилеген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш(7).
4.5. Башкарма мүчөлөрү өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда объективдүү болууга жана ишенимдүү жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күчтү жумшоо менен жеке кызыкчылыктарын жана банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кызыкчылыктарын эмес, адегенде банктын кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу аракетинде болууга тийиш. Башкарма мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго жана Башкармалыктын отурумунун стенографиялык отчетуна, отурумда катышкан банк Башкармасынын мүчөлөрү менен макулдашуудан кийин (кол койгондон) банк Башкармасынын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Банк Башкармасынын отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу танышуулары тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2 токтомунун редакциясына ылайык)
4.6. Башкаруу иши тажрыйбасында төмөндөгүлөргө жол берилүүгө мүмкүн эмес:
- чечимдердин кабыл алынышына Башкарманын тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болбогон мүчөлөрүнүн катышуусуна;
- Башкарма мүчөлөрү алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү квалификацияга жана көндүмдөргө жана билимдерге ээ болбосо;
- Башкарма мүчөлөрү банктын орчундуу, банк үчүн алардын иши зор мааниге ээ болгон кызматкерлерин контролдой албай калган учурда (кирешелерди генерирлөө, жаңы банктык продуктыларды колдонууга киргизүү ж.б. көзкарашынан алганда).
5.1. Банктын стратегиялык максаттарга жетүүсүнүн маанилүү факторлору болуп Директорлор кеңешинин жана Башкарманын кесиптик этика стандарттарын белгилөөгө багытталган иш-аракети саналат, алар корпоративдик башкаруунун төмөндөгүдөй аспекттеринин олуттуулугун аныктайт:
- банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер маселелери боюнча дагы эффективдүү ички контролдук системасын камсыз кылуу;
- чың жана коопсуз банк тажрыйбасын жүргүзүү;
- банк кызыкчылыктарын банктын акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасир эте ала турган башка адамдардын жөнсүз жана мыйзамсыз аракеттеринен коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана банктын ички документтеринин талаптарын сактоо;
- кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу жана кызыкчылыктар боюнча конфликттер келип чыга турган жагдайларды жана иш чөйрөсүн аныктоо;
- банк ишинин жыйынтыктарын эске алуу менен эле эмес, банктын стратегиялык максаттарына жана кесиптик этика стандарттарынын сакталышына ылайык кызматкерлерге эмгек акыларды, сыйакыларды жана кызыктыруу акыларын белгилөө;
- банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банктык коопсуздук жана ишенимдүүлүк талаптарын сактоо;
- кызматкерлерге жетекчиликтин мыйзамсыз, этикага жатпаган же шектүү аракеттери тууралуу кооптонууларын жана жетекчилик тарабынан мүмкүн болуучу терс аракеттерден коргонууну камсыз кылуу ниеттерин билдире алуу механизмдеринин болушу.
5.2. Банкты корпоративдик башкаруунун бардык деңгээлине оң таасир этүү максатында кесиптик этика стандарттары, Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, банктын бардык кызматкерлерине тааныштырылууга жана уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде сакталууга тийиш.
5.3. Банкта кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу жана банктын инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоону камсыз кылуу механизмдери иштелип чыгууга тийиш.
5.4. Корпоративдик башкаруу кадр саясаты жагында төмөндөгүлөргө тиешелүү;
- ички документтердин болушун жана сакталышын болжолдойт:
- кызматкерлерди (банктын жетекчилигин кошо алганда) жумушка кабыл алуу жана бошотууга;
- кадрдык жылышуу жана карьералык өсүшкө;
- Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, эмгек акы, сыйакылар, кызыктыруу акылары, социалдык төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди берүүгө;
- кызматкерлерди (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) окутууга;
- квалификациялуу жана компетенттүү персоналды (жетекчиликти кошо алганда) сактап калуу үчүн чаралар системасына;
- банктын кызматкерлеринин (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) өз милдеттерин шайкеш аткарбагандыктары, банк кабыл алган кесиптик этика стандарттарын бузгандыгы үчүн чараларды көрүүгө.
6.1. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу банктын акционерлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органынын иш-аракетине мониторингди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле банктын эффективдүү корпоративдик башкарууну жүзөгө ашыруу катары аброюн колдойт. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду жана иш боюнча өнөктөштөрдү тартууга шарт түзөт.
6.2. Банктын иш-аракети жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга кошумча, корпоративдик башкаруу төмөндөгү маалыматтын ачып көрсөтүлүшүн болжолдойт:
- банктын башкаруу органынын түзүмү (курамы, квалификациясы жана тажрыйбасы, ыйгарым укуктары, милдети, жетекчиликке алуучу чөйрөсү, иш регламенти жана комитеттерге мүчөлүгү, ж.б.);
- банк менчигинин түзүмү (банктын олуттуу акционерлери, банктын акционердик капиталындагы четөлкө инвесторлорунун үлүшү, ж.б.);
- банктын уюштуруу түзүмү, бар болсо, банктык топтун түзүмү;
- банктын аффилирленген жактары жана инсайдерлери менен операциялардын түрлөрү, шарттары жана көлөмү;
- кесиптик этика стандарттары;
- банктын кызыкчылыктар боюнча конфликттерге карата саясаты.
6.3. Банкты корпоративдик башкарууну мүнөздөгөн, анын ичинде бул жобонун 6.2 пунктунда келтирилген маалымат банктын веб-сайтында жайгаштырылган жана анын жылсайынкы жана мезгилдүү отчетторунда жарыяланган.
(1) Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин "Банктык уюмдарда корпоративдик башкарууну бекемдөө" документи www.bis.org электрондук дареги боюнча Банктын эларалык эсептешүүлөр сайтында (Швейцария) англис тилинде жайгаштырылган, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ОЭСР) Корпоратавдик башкаруу принциптерин да караңыз, дареги www.oecd.org.
(2) Тобокелдик профили-банк тобокелдигинин жыйналган, анализденген жана системага келтирилген маалыматка негизделген көрсөткүчтөрүнүн айкалышы, ал түптөлгөн биринчи кезектеги багыттарды эске алуу менен банктын иш-аракетинин багыттары боюнча тобокелдиктерге дуушар болуусун мүнөздөйт.
(3) Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2004-жылдын 28-октябрындагы № 24/1 токтому менен бекитилген "Улуттук банктан лицензия алышкан банктарда жана финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук жана ички аудит системасын уюштуруу боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр.
(4) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 токтому менен бекитилген,; Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 126-03 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптарга" ылайык.
Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 12/7 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 3-июнунда 69-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого ылайык.
(5) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/7 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 43-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого ылайык.
(6) 3-сносканы караңыз.
(7) 3-сносканы караңыз.