Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы № 8/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 26-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 22-апрелинде 25-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 13/4 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 30-июнунда № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого өзгөртүү жана толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 126-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/7 токтом менен бекитилген "Аудит боюнча Комитетке карата негизги Талаптарга" толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
4. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 14-сентябрында № 52/4 токтому менен бекитилген "Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө" жобого толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
5. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жарыялансын.
6. Расмий жарыялангандан кийин Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
7. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, З.Л.Чокоев мырзага ыйгарылсын.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы № 8/2 токтому менен бекитилген
|
I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 26-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 22-апрелинде 25-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 13/4 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3.9-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Банкта түзүлгөн бардык комитеттердин иш-аракеттерин жөнгө салуучу банктын ички документтеринде төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
- комитетти түзүү жана иш максаты,
- комитеттин ыйгарым укуктары,
- отурумдарды өткөрүү тартиби,
- отчеттуулук тартиби,
- комитеттин ар бир мүчөсүнүн алар тарабынан кабыл алынган жана кол коюлган чечимдерге жоопкерчилиги.
Мындан тышкары, бул документтерде, комитеттин отурумунда катышкан жана чечим кабыл алган ар бир мүчөсүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленүүгө тийиш:
- каралып жаткан маселенин маңызын билүү,
- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүү,
- тобокелдиктин келип чыгышы мүмкүнчүлүгүнө жана ал тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө.
Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш.";
2. 3.10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.10. Директорлор кеңешинин жоопкерчиликтеринин жогорку деңгээлде жана ыйгарым укуктарынын кеңири болушу, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн банктын иш-аракеттеринин негизги түрлөрү тууралуу жетиштүү билимге, банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын пикиринен көзкаранды болбогон пикирлерди айта алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууларын болжолдойт. Чечимдерди кабыл алууда, Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү объективдүү болуп, жеке кызыкчылыктары же банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кызыкчылыктары үчүн эмес, банктын кызыкчылыктарын ишке ашыруу аракетин көздөөгө тийиш. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго жана Директорлор кеңешинин отурумунун стенографиялык отчетуна, отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашуудан кийин (кол койгондон) Кеңештин төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш.";
3. 4.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.5. Башкарма мүчөлөрү өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда объективдүү болууга жана ишенимдүү жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күчтү жумшоо менен жеке кызыкчылыктарын жана банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кызыкчылыктарын эмес, адегенде банктын кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу аракетинде болууга тийиш. Башкарма мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго жана Башкармалыктын отурумунун стенографиялык отчетуна, отурумда катышкан банк Башкармасынын мүчөлөрү менен макулдашуудан кийин (кол койгондон) банк Башкармасынын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Банк Башкармасынын отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу танышуулары тийиш.";
II. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 30-июнунда кабыл алынган № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. "Банктын кредиттик комитети" деп аталган 3-главанын 16-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кредиттик комитеттин ар бир мүчөсүнүн кабыл алынган жана кол коюлган чечимдерине жоопкерчилиги.";
2. "Банктын кредиттик комитети" деп аталган 3-главанын 17-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Чечим кабыл алууда катышкан комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- каралып жаткан маселенин маңызын билүүгө,
- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүүгө,
- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугуна жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө.
Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири же сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу танышуулары тийиш.";
III. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 126-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/7 "Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар" токтому менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптарга төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. "Комитетти уюштуруу" деп аталган 3-главанын 3.4-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чечим кабыл алууда катышкан комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- каралып жаткан маселенин маңызын билүүгө жана көз карандысыз ой жүгүртө билүүгө (анын корутундусунун, тыянагынын натыйжаларына кимдир-бирөөнүн таасир этүүсүнө көз карандысыз өз алдынча жана өз пикирин билдирүүгө кандайдыр бир сырткары кийлигишүүлөргө жол берилбеген шарттарда иштөөгө жөндөмдүү болууга),
- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүүгө,
- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугуна жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө.
Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш.";
IV. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтому менен бекитилген "Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
"Инвестициялык саясат" деп аталган 3-главанын 11-пунктунун б) пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мында, чечим кабыл алууда катышкан ыйгарым укуктуу комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- каралып жаткан маселенин маңызын билүүгө;
- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүүгө;
- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугуна жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө.
Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш;".