Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ)токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
26-июнунда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 46-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 28-майы № 22/5
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын
27-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын
Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04
номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 36/1 "Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын
(күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес
мекемелердин финансылык отчетту түзүүсүнө жана
маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону
бекитүү тууралуу" токтомуна карата өзгөртүүлөр жөнүндө
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын
9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 36/1 "Кыргыз Рес-
публикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш
алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетту түзүүсүнө жана
маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу"
токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карап көрүп, Кыргыз Республика-
сынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана
43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Баш-
кармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында ка-
был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын
9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 36/1 "Кыргыз Рес-
публикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш
алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетту түзүүсүнө жана
маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу"
токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнө-
түшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчү-
нө кирет.
4. Каттоодон өткөрүлгөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кий-
ин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү
жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Ади-
лет министрлигине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 28-майындагы
N 22/5 токтому менен
бекитилген
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын
27-декабрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын
Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04
номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 36/1 "Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын
(күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес
мекемелердин финансылык отчетту түзүүсүнө жана
маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө"
жобону бекитүү тууралуу" токтомуна
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл
алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-фев-
ралында 19-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 36/1 "Кыргыз Республика-
сынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып
барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маа-
лымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону (мындан ары - Жобо) бе-
китүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-
гизилсин:
1. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жобонун аталышы төмөн-
кү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицен-
зиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит мекемеле-
ринин финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат берүүсүнө карата та-
лаптар жөнүндө" жобо.".
2. Жобонун бүтүндөй текст боюнча "банктык эмес мекемелер" деген
сөздөр банктык эмес финансы-кредит мекемелери" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
3. Жобонун бүтүндөй текст боюнча "күбөлүк" деген сөз алынып салын-
сын.
4. Жобонун 1.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Бул жободо
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары текст боюнча Улут-
тук банктын) лицензиясынын негизинде иш алып барган микрофинансылык
компаниялардын жана депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредит-
тик союздардын (мындан ары - БФКМ) финансылык отчетторунун курамы,
аларды түзүү жана берүү эрежелери аныкталган. Консервация, убактылуу
администрация режимин башынан кечирип жаткан БФКМдер да финансылык от-
четторун ушул Жобого ылайык берүүсү зарыл. Бул мекемелердин финансылык
отчетторду түзүү принциптери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жыл-
дын 28-сентябрындагы N 593 "Кыргыз Республикасында финансылык отчеттуу-
луктун эларалык стандарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Финансы-
лык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.
5. Жобонун 3.1.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Жыл сайын,
көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, микрофинансылык компа-
ния төмөнкү формалар боюнча финансылык отчеттун бир нускасын Улуттук
банкка берүүгө тийиш: түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө от-
чет (N 1 форма) отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн бүтүшү карата бухгал-
тердик баланс боюнча финансылык абалга тиешелүү отчет (N 2 форма), акча
каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (N 3 форма) жана капиталдын түзү-
мүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет (N 4 форма). Финансылык отчет Улуттук
банкка тышкы аудитордун корутундусунун көчүрмөсү менен (өзгөртүүлөрсүз)
тышкы аудитор отчетту БФКМге бергенден кийинки 30 күн ичинде, бирок фи-
нансы жылы бүткөндөн 105 күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш".
6. Жобонун 3.2.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Жыл сайын
микрофинансылык компания төмөнкү формалардан турган финансылык отчеттун
чечмелөө менен жарыялоого тийиш: түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар
жөнүндө отчет (N 1 форма) 31-декабрь күнүнүн акырына карата бухгалтер-
дик баланс боюнча финансылык абалга тиешелүү отчет (N 2 форма), акча
каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (N 3 форма) жана капиталдын түзү-
мүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет (4 форма). Финансылык отчеттун форма-
лары аудитордук текшерүү аягына чыгып, финансылык отчет бекитилгенден
кийин, аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарын-
да мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын
30-апрелинен кечиктирбестен жарыяланууга тийиш. Микрофинансылык компа-
ния алардын кењири жайылтылышы жана жеткиликтүү болушу үчүн финансылык
отчеттун формаларын аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо максатын-
да маалымат каражаттарын тандоосу зарыл. Отчеттун жарыялангандыгы жө-
нүндө маалымат, жарыяланган отчеттун көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жары-
ялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш.
7. Жобонун 3.3.-пункту төмөнкү редакциядан берилсин: "Жыл сайын
тышкы аудит жүргүзүлүп жана жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда
депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы болгон кредиттик союздар төмөнкү
формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: түшкөн пайдалар
жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет (N 1 форма) 31-декабрь күнүнүн акы-
рына карата бухгалтердик баланс боюнча финансылык абалга тиешелүү отчет
(N 2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (N 3 форма) жана
капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет (4 форма). Финансылык
отчеттун формалары аудитордук текшерүү аягына чыгып, финансылык отчет
бекитилгенден кийин, аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо
каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кий-
инки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен жарыяланууга тийиш. Отчеттун
жарыялангандыгы жөнүндө маалымат, жарыяланган отчеттун көчүрмөсүн кошо
тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка
берилүүгө тийиш".
8. Жобонун 3.4.-пункту алынып салынууга тийиш.
9. Жобонун 3.5.-пункту тиешелүүлүгүнө жараша 3.4.-пункт катары
эсептелинсин.
10. Жобонун 4.3.-пункту алынып салынсын.
11. Жобонун 4.4. жана 4.5.-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 4.3.
жана 4.4.-пункттар катары эсептелинсин.