Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-сентябры № 2021-П-33/53-9-(НФКУ)
«Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-2-(НФКУ) токтому менен өзгөртүүлөр берилген токтомдун расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтому;
2) Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/5 «Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 36/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 18-ноябрындагы № 46/18 «Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна карата тиркеменин 16-пункту:
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары тануу жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 30-пунктчасы жана жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 30-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы жана жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту;
7) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы.
3. Юридика башкармалыгы:
- ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, кепилдик фонддорду, кредиттик союздарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин жана «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдыгулов |