Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 14-октябрда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 127-08 Бишкек шаары2008-жылдын 17-сентябры № 35/1 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 "Кыргыз Республикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 "Кыргыз Рес-публикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүр-гүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынганөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасын-дагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кыл-мыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршыаракеттер жөнүндө" мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында ка-был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 "Кыргыз Рес-публикасында накталай четөлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүр-гүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган
өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүнКыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнө-түшсүн. 3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 35/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 42/1 "Кыргыз Республикасында нак четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна @1 ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигин-де 2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөрүлгөн N 42/1"Кыргыз Республикасында нак четөлкө валюталары менен алмашуу операция-ларын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому ме-нен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак четөлкө валюталары менен ал-машуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу" жобого төмөнкүдөй өз-гөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 1.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы аныктама менен толукталсын: "Шектүү бүтүм жана операция - Кыргыз Республикасынын "Терроризмдикаржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого(адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына ылайык, терроризмди кар-жылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого(адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан бекитилген шектүү операциялардын тизмесине ылайык шек-түү бүтүмдөр жана операциялар деген белгилерге ээ болгон ошол юридика-лык жактын же жеке адамдын иш-аракети үчүн мүнөздүү болбогон жана ачыкэкономикалык жана мыйзамдык максатты көздөбөгөн акча каражаттары жебашка мүлктөр менен жүзөгө ашырылган бүтүм жана операция". 2. 2.5-пунктунун 27-кичи пункту төмөнкүдөй редакцияда жазылсын: "27) качан бул операциялар шектүү бүтүмдөр жана операциялар дегенбелгилерди камтыса, ошондой эле жүргүзүлгөн операциялардын суммасы1000000 сомго барабар болуп же андан артса, кардар тууралуу маалыматкошо алынып, четөлкө валюталары менен алмашуу операциялары жөнүндө маа-лымат кардарлар менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтыкаттоо журналына (мындан ары Журнал) жазылсын. Журналга номер коюлууга,ал көктөлүүгө, ошондой эле ага юридикалык жактын жана жеке адамдын мөө-рү коюлууга тийиш (1а тиркемеси), Аталган кичи пунктта көрсөтүлгөн маалымат беш жылдан кем болбогонмөөнөттө сакталышы зарыл". 3. 2.5-пунктунун 28-кичи пункту төмөнкүдөй редакцияда жазылсын: "28) Ушул пунктун 27-кичи пунктта көрсөтүлгөн маалымат терроризмдикаржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого(адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттикорганга операциялар жүргүзүлгөн күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирил-бестен берилсин. Алмашуу бюролору бул маалыматты магниттүү каражаттараркылуу электрондук документ түрүндө беришет". 4. 2.5-пунктунун 29-кичи пункту алынып салынсын. 5. 2.5-пунктунун 30, 31-кичи пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 29,30-кичи пункттар деп эсептелсин. 6. 2.7 пунктунда "1-14-27 кичи пункттарында" сөзүнөн кийин ", 28,29, 30" сандары менен толукталсын.