Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында
каттоодон өткөн. Каттоо номери № 24-07
| Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 2-февралындагы 6/3 токтому менен бекитилген
|
Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ААКсындагы ачык валюта позициясынын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу НУСКОО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/7 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Ачык валюта позицияларын эсептөө тартиби
III. Ачык валюта операциясынын лимиттери
IV. Банктын отчеттуулугу жана аны берүү тартиби
V. Ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттерин
бузгандыгы үчүн санкциялар
VI. Чет өлкө валюталар менен операцияларды жүргүзүүдө ички
көзөмөлдү уюштуруу
1-тиркеме. 200-_ж. "01" карата каржылоонун ислам принциптерине
ылайык жүзөгө ашырылуучу ачык валюта позициялары
боюнча (АВП) күнүмдүк отчет
2-тиркеме. 200-_ж. карата ачык валюта позициялары боюнча (АВП)
күнүмдүк жыйынтыктоочу отчет
I. Жалпы жоболор
1.1. Аталган Нускоо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
1.2. Аталган Нускоо - "Экобанк" ААКсындагы (мындан ары - банк) каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен ачык валюта позициясынын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатын көздөйт.
1.3. Аталган Нускоону жүзөгө ашырууда төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1.3.1. Каржылоонун ислам принциптери боюнча жайгаштырылган/алынган активдер - "Алгачкы долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин ишке ашыруу тууралуу" Жобого ылайык уруксат берилген операциялар боюнча жайгаштырылган/алынган активдер.
1.3.2. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык тартылган милдеттенмелер - "Алгачкы долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу тууралуу" Жобого ылайык уруксат берилген тартылган операциялар боюнча милдеттенмелер.
1.3.3. Валюта тобокелдиги - аталган валюта боюнча банктын ачык позициясы турган учурда чет элдик валютада көрсөтүлгөн банктын активдери/милдеттенмелеринин валюта курсунун жагымсыз өзгөрүүсүнө байланыштуу талаптарынын наркынын өзгөрүүсүнөн келип чыгуучу тобокелдик. Валюта позициясы валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда келип чыгат жана банктын валюта тобокелдигине дуушарлануу деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат.
1.3.4. Валюта операциялары - чет өлкө валютасын алмаштыруу, сатып алуу/сатууга (конвертациялоо), ошондой эле чет өлкө валютасында туюндурулган талаптар (активдер) ж-а милдеттенмелердин өзгөрүүсүнө алып келген операцияларга байланышкан бүтүмдөр.
1.3.5. Таза валюта позициясы - өзүнчө чет өлкө валютасында баланстык ж-а баланстан тышкаркы банк талаптары (активдер) менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма.
1.3.6. Тиешелүү валютада банк талаптары (активдер) менен милдеттенмелери дал келбеген учурда валюта позициясы ачык, тең келсе - жабык деп эсептелет.
1.3.7. Банктын ачык валюта позициясы узак (тиешелүү валютада банк - талаптарынын (активдеринин) милдеттенмеден ошол эле валютада жогору болгон учурда), же кыска (милдеттенменин талаптан (активдерден) жогору болгон учурда) болушу мүмкүн. Узак валюта позициясы "+" белгиси, кыскасы - "-" белгиси менен жазылат.
1.3.8. Суммардык валюта позициясы - аталган Нускоонун 2.5 пунктунда көрсөтүлгөн, "short ha№d" ыкмасын колдонуу менен эсептелген банктын бардык чет өлкө валюталары боюнча таза валюта позициясынын суммасы.
1.3.9. Ачык валюта позициясынын лимиттери - банктын суммардык капиталына карата ачык валюта позициясынын (ар бир четөлкө валютасы жана алардын суммасы боюнча) пайыздык катышы туюнтулган Улуттук Банк тарабынан белгиленген чектөөлөр. Ачык валюта позициялары Улуттук Банктын эсептик курсу боюнча кыргыз сому менен эсептелинет. Ачык валюта позицияларынын лимиттери үтүрдөн кийин эки ондук белгиге чейин тегеректелип, пайыздык катышта эсептелинет.
1.3.10. Банктын таза суммарык капиталы - аталган чоңдук "Экобанк" ААКсындагы каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эсепке алуу менен капиталдын адекваттуулугунун коэффициенттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Нускоого ылайык эсептелинет.
1.3.11. Аталган Нускоону жүзөгө ашырууда, ачык валюта позициясыннын лимиттерин эсептөөдө ар бир айдын 1-числосуна карата банктын таза суммардык капиталынын мааниси колдонулат.
1.3.12. Бүтүм түзүү күнү - бүтүмдүн негизги шарттары боюнча (валюта түрлөрү, алмашуу курсу, каражаттардын суммасы, валюталоо күнү жана башкалар) тараптардын макулдашууга жетишүү күнү.
1.3.13. Валюталоо күнү - бүтүмдүн катышуучуларынын эсебине каражаттар келип түшкөн күн.
II. Ачык валюта позицияларын эсептөө тартиби
2.1. Ар бир жумуш күнүнүн аягында банк төмөнкү көрсөткүчтөрдү:
- Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициясын;
- суммардык валюта позициясын эсептөөсү зарыл.
2.2. Таза валюта позициясы Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29 декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1 февралында № 16-05 катталган) ылайык төмөнкүлөрдү милдеттүү киргизүү менен ар бир чет өлкө валютасы боюнча өз алдынча эсептелинет:
- каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча чет өлкө валютасындагы таза спот-позициясын. Аталган чоңдук баланс активдери жана баланс милдеттенмелери ортосундагы айырмачылык катары бүткөрүлбөгөн "спот" контрактарды 2 күнгө чейин валюталоо күнүн көрсөтүү менен эсептелинет. Мында активдер жана милдеттенмелер таза баланстык нарк боюнча эсепке киргизилет;
- чет өлкө валютасында номинацияланган каржылоонун ислам принциптерине ылайык түзүлгөн кайтарып алынгыс тендердик кепилдиктер, аккредитивдер жана башка ушул сыяктуу финансылык контрактар жана алар боюнча ошол валютада банк төлөп берүүнү күткөн акча каражаттарын. Мында, аталган инструменттер, бенефициар тарабынан акча суммасын төлөп берүү тууралуу талабынын коюлушу мүмкүн болгон учурдан тартып таза позиция эсебине киргизилет. Мындай мүмкүндүктү жеткиликтүү деңгээлде баалоо үчүн, банк принципиал тарабынан өз милдеттенмелери, анын ичинде милдеттенмеге түздөн-түз тиешеси жок шарттар аткарылбагандыгы (кечиктирилгендиги) тууралуу маалыматтарды пайдалана алат.
2.3. Валюталык операциялар, анын ичинде, валюталоо күнү кийинкиге калтырылган, бүтүм түзүү күнү болбогон операциялар да валюталык позиция эсебине бүтүм түзүлгөн күндөн киргизилет.
2.4. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларын эсептөөдө валюта позициясынын өлчөмү Улуттук Банктын учурдагы эсептөө курсунун отчеттук күнүнө карата сом эквивалентине которулат.
2.5. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча суммардык валюта позициясы "short ha№d" ыкмасын колдонуу менен эсептелинет. Тагыраак айтканда, ар бир валюта боюнча өз алдынча бардык узак таза валюта позицияларын суммалоо жана бардык кыска валюта позицияларын өз алдынча суммалоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Андан соң алынган өлчөмдөр бири-бири менен салыштырылып (абсолюттук чоңдукта) жана эки өлчөмдүн эң чоңу суммардык валюта позициясынын лимитин эсептөөдө пайдаланылат.
III. Ачык валюта операциясынын лимиттери
3.1. Валюта тобокелдигин төмөндөтүү максатында Улуттук Банк ачык валюта позициясынын төмөнкү лимиттерин белгилейт:
3.1.1. Операция күнүнүн аягына карата ачык узак/кыска валюталык позициянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюталык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен 2005-жылдын 1-февралында № 16-05 каттоодон өткөн) ылайык эсептелинген, каржылоонун ислам принциптерине, аталган Нускоонун талаптарына ылайык, ар бир чет өлкө валютасы боюнча жогору болбоого тийиш:
а) Экономикалык Өнүктүрүү жана Кызматташуу Уюмуна (ЭӨКУ) мүчө мамлекеттердин валюталары үчүн жана же ЭВФтин "Макулдашуу статьяларынын" 8-статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валюталары үчүн - банктын таза суммардык капиталынын 15%;
б) ЭВФ менен "Макулдашуу статьяларынын" 8-статьясына кол койбогон өлкөлөрдүн валюталары үчүн - банктын таза суммардык капиталынын (жабык позиция) 0%.
3.1.2. Операция күнүнүн аягына карата валюталык позициянын суммардык өлчөмү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1 февралында № 16-05 катталган), ушул Нускоонун талаптары боюнча каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды, аталган Нускоонун 3.1.1 пунктунун а) подпунктунда көрсөтүлгөн бардык боюнча чет өлкө валюталары боюнча операцияларды эсепке алуу менен банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш.
3.2. Ар бир операция күнүнүн аягына карата ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттерин сактоо.
3.3. Ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттеринен ашырып жиберүү банк тарабынан кийинки операция күнүнө өткөрүлбөйт. Учурдагы операция күнүнүн аякына чейин лимиттер Улуттук Банктын талаптарына ылайыкташтырылышы керек.
3.4. Операция күнү ичиндеги ачык валюта позицияларынын көлөмү мүмкүн болгон валюталык тобокелдик деңгээлин баалоо менен банк тарабынан өз алдынча көзөмөлдөнөт. Мында банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген валюталык тобокелдикти башкаруу боюнча ички саясатка ылайык күн боюу валюталык тобокелдиктин өлчөмүн кармап турууга тийиш.
3.5. Ачык валюта позицияларынын лимиттеринин жогорку чеги банк тарабынан банк мыйзамдарын бузуу коркунучу түзүлгөндө жана ишеничсиз жана алгылыксыз операцияларды жүргүзүлгөндө Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен төмөндөтүлүшү мүмкүн.
3.6. Банктын суммардык капиталынын таза өлчөмү терс же нөлгө барабар болсо, банк ар бир валюта боюнча таза валюта позицияларын Улуттук Банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге (жабык позиция) келтириши керек.
IV. Банктын отчеттуулугу жана аны берүү тартиби
4.1. Күн сайын 9.00дө банк, Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктар үчүн ачык валюта позициясынын лимиттерин сактоо тартиби тууралуу Нускоого (Улуттук Банктын Башкармалыгынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында № 16-05 каттоодон өткөн), Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдүү банк отчету (МРБО) жана ушул Нускоонун тиркемелерге ылайык акыркы операция күнүнүн аягына карата ачык валюта позиция абалы боюнча Улуттук Банкка отчет берет.
4.2. Ачык валюта позициясы боюнча отчетко банк бардык филиалдары, туунду банктары жана алмаштыруу пункттарынын маалыматтарын эсепке алуу менен 2 түрдө:
- каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча отчет (1-тиркеме);
- банктын бардык операциялары боюнча жыйынтык отчеттору берилет (2-тиркеме).
V. Ачык валюта позициясынын белгиленген лимиттерин
бузгандыгы үчүн санкциялар
5.1. Банк тарабынан ачык валюта позициясынын белгиленген лимити бузулган учурда Улуттук Банк мыйзам бузуунун суммасынын 5% өлчөмүндө акчалай айыптык төлөм түрүндө санкция колдонот, анын өлчөмү Улуттук Банктын нормативдүү актыларына ылайык банк тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмүнүн 1% ашпоого тийиш.
5.2. Банк тарабынан белгиленген лимиттерди бузуу системалуу түрдө (30 календарлык күндүн ичинде 2 жолудан ашса) жүрсө, Улуттук Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын банк мыйзамдары жана нормативдүү актыларында каралган башка санкцияларды колдонот, лицензиясын чакыртып алууга чейин бара алат.
Эскертүү: белгиленген лимиттерден 0-0,5% чейин ашса, айып санкциясы колдонулбайт.
5.3. Банктын отчеттуулукта реалдуу валюта позициясын чагылдыруудан качкан бардык аракеттери Улуттук Банк тарабынан:
- Улуттук Банкты адаштырууга жасалган аракет;
- алгылыксыз банк тажрыйбасы;
- валюталык позициянын реалдуу өлчөмүн бурмалоого жасалган аракет катары, башкача айтканда, шектүү операцияларды жүргүзүү аракети катары, келип чыгышы жана аткарылышы так идентификациялоого мүмкүн болбогон же/жана бул операциялар банктын финансылык отчеттуулугуна жана анын экономикалык нормативдерине таасирин тийгизген аракет катары;
- банк тарабынан туура эмес маалыматтарды жана мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторду берүү аракети катары каралат. Мындай валюталык операциялар валюталык позициянын лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт.
5.4. Ушул Нускоонун талаптарынын бирөөсү бузулган учурда банктын жетекчилиги тез арада Улуттук Банкка кетирилген мыйзам бузуулар боюнча билдирүү жөнөтүүсү жана эки күн ичиңде кетирилген мыйзам бузуулардын себебин көрсөтүү жана аны жоюу боюнча кабыл алынган чараларды көрсөтүү менен жазуу түрүндө түшүндүрмө берүүсү зарыл.
5.5. Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле анда, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө санкциялар банкка карата колдонулбайт.
Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/7 токтомунун редакциясына ылайык)
5.6. Банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/7 токтомунун редакциясына ылайык)
5.7. Эгерде банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берүү, убактылуу жетекчилик/консервация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/7 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Чет өлкө валюталар менен операцияларды жүргүзүүдө
ички көзөмөлдү уюштуруу
6.1. Чет өлкө валюталары боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банк валюталык тобокелдикти башкаруу боюнча ички саясатты иштеп чыгышы жана адекваттуу ички көзөмөлдү уюштуруусу зарыл.
6.2. Чет өлкө валютасы менен өткөрүлгөн ар бир операция боюнча ылайыктуу процедуралар иштелип чыгып, анда эң аз дегенде төмөнкү суроолор чагылдырылуусу зарыл:
- back жана fro№t офистерин чектөө;
- бир да кызматкер жалгыз өзү бүтүмдү демилгелөөдөн тартып аны бухгалтердик китепке каттоого чейин камтылган бардык процессти аткара жана/же көзөмөлдөй албагандай кылып банк кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин чектөө;
- банк тарабынан өткөрүлүүчү операциялардын көлөмүн санкциялоону банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүсүнүн так системасын киргизүү;
- банк тарабынан ар бир чет өлкө валютасы жана жалпы эле валюталар боюнча ачык валюта позицияларынын ички лимиттерин белгиленүүсү;
- контр-агенттердин ишеничтүүлүгү тууралуу маалыматтын жетиштүүлүгүн жана аткарылуучу операциялардын тобокелдик деңгээлин жана контр-агенттердин категорияларын белгилөө;
- валюта операцияларын жүзөгө ашырууну текшерүүдө ички аудитке карата талаптарды (минимум катары аудиторлордун көз карандысыздыгын жана алардын жетиштүү деңгээлде квалификациясынын жана билиминин болушун) белгилөө;
- банк жана анын филиалдары үчүн валюта операциялары боюнча каттоо жана отчеттуулук талаптарын (формасы, жоопкерчилиги, берүү жыштыгы) белгилөө.
| Экобанк" ААКсындагы каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен ачык валюта позициясынын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоого 1-тиркеме
|
"
200-_ж. "01" карата каржылоонун ислам принциптерине
ылайык жүзөгө ашырылуучу ачык валюта позициялары боюнча
(АВП) күнүмдүк отчет
"01" _______ жылга карата ТСК абалы: ________ миң сом
┌──────┬─────────┬──────┬────────────────┬─────────────┬──────┬───────┐
│Валюта│ Улуттук │ АВП │ Анын ичинде: │Бүткөрүлбөгөн│АВПнын│ Лимит │
│ түрү │ Банктын │өлчөмү├──────┬─────────┤спот-бүтүмдөр│өлчөмү│чегинен│
│ │ эсептик │(миң. │Баланс│Баланстан│ боюнча │(ТСКга│четтөө-│
│ │ курсу │ сом) │ │тышкаркы │ калдыктар │карата│лөр (%)│
│ │ │ │ │ │ │ %) │ │
├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────┴─────────┴──────┴──────┴─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│Суммарык АВП: │ │ │ │
└────────────────────────────────────────┴─────────────┴──────┴───────┘
Кол тамга:
МО
| "Экобанк" ААКсындагы каржылоонун ислам принцилтерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен ачык валюта позициясынын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" Нускоого 2-тиркеме
|
200_ж. карата ачык валюта позициялары боюнча
(АВП) күнүмдүк жыйынтыктоочу отчет
"01" _______ жылга карата ТСК абалы: ________ миң. сом
┌──────┬─────────┬──────┬────────────────┬─────────────┬──────┬───────┐
│Валюта│ Улуттук │ АВП │ Анын ичинде: │Бүткөрүлбөгөн│АВПнын│ Лимит │
│ түрү │ Банктын │өлчөмү├──────┬─────────┤спот-бүтүмдөр│өлчөмү│чегинен│
│ │ эсептик │(миң. │Баланс│Баланстан│ боюнча │(ТСКга│четтөө-│
│ │ курсу │ сом) │ │тышкаркы │ калдыктар │карата│лөр (%)│
│ │ │ │ │ │ │ %) │ │
├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────┼─────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──────┴─────────┴──────┴──────┴─────────┼─────────────┼──────┼───────┤
│Суммарык АВП: │ │ │ │
└────────────────────────────────────────┴─────────────┴──────┴───────┘
Кол тамга:
МО
|
|