Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын
14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 44-07
Бишкек шаары
2007-жылдын 14-марты № 13/13
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
"Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү
жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кредиттик союз-
дардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоонун
долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кредиттик союздар жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Кредиттик союздардын ишине инспектордук
текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция минис-
трлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-
тик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө
кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигине маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.Э.Джа-
ныбековага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев