Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ БАШКАРМАСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-августу № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)
Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоо бекитилсин (кошо тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 «Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү» нускоо тууралуу» токтому;
2) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 3-пункту;
4) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтому;
5) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи абзацы;
- тиркеменин 6-пункту;
6) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун он жетинчи абзацы;
- тиркеменин 16-пункту;
7) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун он төртүнчү абзацы;
- тиркеменин 13-пункту;
8) Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы;
- тиркеменин 4-пункту;
9) Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү жана бешинчи абзацтары;
- тиркеменин 2 жана 4-пункттары;
10) Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
11) Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи жана он үчүнчү абзацтары;
- тиркеменин 6 жана 12-пункттары;
12) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун сегизинчи абзацы;
- тиркеменин 7-пункту;
13) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-4-(НФКУ) «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- тиркеменин 5-пункту;
14) Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- тиркеменин 1-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарын, адистештирилген финансы мекемелерин, турак жай-сактык кредиттик компанияларын, кепилдик фонддорун, кредиттик союздарын, кредиттик жана алмашуу бюролорун тааныштырсын.
6. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Боконтаев |