Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 26-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 9-09 Бишкек шаары2008-жылдын 17-декабры № 47/3 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/2 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы (пилоттук) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/2 "Кыргыз Рес-публикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы (пилоттук) долбоордуналкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө"
жобону бекитүү тууралуу"
токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"
мыйзамынын 7 жана 43-статьясына, Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-майында келишилген, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 2-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин киргизүүнүн алгачкы (пилоттук) долбоору жөнүндө"
жарлыгы менен ратификацияланган өзара түшүнүшүү Меморандумунун жоболоруна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында ка-был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/2 "Кыргыз Рес-публикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы (пилоттук) долбоордуналкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго ушул токтомдунтиркемесине ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана"Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жа-на каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын16-майында келишилген өзара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун талабынжүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалыкбөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүнКыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөт-сүн. 4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчү-нө кирет. 5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилетминистрлигине маалымдасын. 6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-сүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 47/3 токтомуна тиркеме Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 32/2 "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы (пилоттук) долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго карата ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 30-октябрында кабылалынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын30-ноябрында 120-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 32/2 "Кыргыз Рес-публикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы (пилоттук) долбоордуналкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө"
жобо тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин алгачкы долбоордуналкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө"
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то-луктоолор киргизилсин: 1. Жобонун "Ислам принциптери боюнча бүтүмдөрдүн түрлөрү жанааларды жүзөгө ашыруу тартиби" деп аталган 2-бөлүктүн жана "Банк ишинислам принциптери боюнча уюштуруу" деп аталган 4-бөлүктүн аталыштарын-дагы "принциптери" деген сөздөрдөн мурда "каржылоо" деген сөздөр кошул-сун. 2. Жобонун 2.1-главасынын аталышындагы "мудараба" деген сөздөн ки-йин "бүтүм" деген сөз кошулсун. 3. Жобонун 2.1-главасынын 1-пунктундагы "келишимдин негизинде албоюнча" деген сөздөр "анын шарттарына ылайык, келишимдин негизинде тү-зүлгөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4. Жобонун 2.1-главасынын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редак-цияда берилсин: "Чектелген мудараба - анын шарттарына ылайык инвестор активдердинже ишкер тарабынан инвестициялануучу объекттердин тизмеги белгилегенмудараба бүтүмү, мында инвестициялоонун ар бир объектисине ишкер жанаинвестор менен өзүнчө келишим түзүлөт. Бул учурда инвестор ар бир бүтүмбоюнча, өзүнчө келишимде аныкталган каражаттарды пайдалануудан алынганпайданын бөлүгүн алууну болжолдоого укуктуу.". 5. Жобонун 2.1-главасынын 11-пунктунун биринчи абзацындагы "Муда-раба" деген сөз "мудараба келишими" деген сөз менен алмаштырылсын. 6. Жобонун 2.1-главасынын 11-пунктунун "ж" пунктчасы төмөнкү ре-дакцияда берилсин: "ж) Мудараба келишиминин чектелген же чектелбеген түрүнө жарашакардардын пайдасынын үлүшү эсептелинет. Эгерде келишимдер чектелгенмудараба болсо, кардардын пайдасынын үлүшү белгилүү бир долбоорго ин-вестициялоодон алынган пайдага, кардар тарабынан салынган каражаттардынүлүшүнө жана келишимде белгиленген бөлүштүрүү пропорциясына жарашаэсептелинет. Эгерде келишимдер чектелбеген мудараба болсо, кардардынпайдасынын үлүшү, банк тарабынан ислам каржылоо принциптери (мудараба,истиснаа, шарика, салам, иджара ж.б.) боюнча жүзөгө ашырылган активдүүоперацияларга тартылган каражаттарга жайгаштыруудан, банктык келишимдекөрсөтүлгөн айкын мезгил ичинде алган пайдасына жараша, тараптардын са-лымына пропорционалдуу эсептелинет"; 7. Жобонун 2.3-главасынын 1-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү ре-дакцияда берилсин: "Мурабаха келишими кат жүзүндө жөнөкөй же нотариалдык формада тү-зүлөт. Товарга менчикке укук, эгерде келишим шарттарында башкасы белги-ленбесе, баасы толук төлөнгөндөн кийин өтөт. Эгерде мүлккө менчиккеукук мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, алуучу менчиккеукукка аны каттоо учурунан тартып ээ болот. Эгерде мүлктү ажыратуу туу-ралуу келишим мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, алуучуменчикке укукка аны каттоо учурунан тартып ээ болот."; 8. Жобонун 2.4-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 2.4-глава. "Иджара жана иджара мунтахийя биттамлик бүтүмдөрү". 9. Жобонун 2.5-главасынын 1-пунктунун 1-абзацындагы "ал боюнча"деген сөздөр "анын шарттарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 10. Жобонун 2.12-главасынын "Вади"а йад дамана бүтүмдөрү" депаталган 2-пунктунун 2.3-пуктчасындагы "сый акы" деген сөз "хиба" дегенсөз менен толукталсын. 11. Жобонун "Ислам принциптери боюнча бүтүмдөрдүн түрлөрү жанааларды жүзөгө ашыруу тартиби" деп аталган 2-бөлүгү, төмөнкү мазмундагы2.13-глава менен толукталсын: "2.13-глава Хиба сыйакысы Хиба сыйакысы - кард-хасан, вади"а йад дамана жана пайызсыз негиз-деги башка депозиттик (аманаттык) операциялар шарттарында акча каражат-тарын жайгаштырган банктын кардарларына төлөнүүчү материалдык колдоо. Кард-хасан, вади"а йад дамана жана башка пайызсыз негиздеги башкадепозиттер (аманаттар) келишимдеринде гарантияланган кирешелүүлүк ка-ралбагандыгынан улам, хиба сыйакысын төлөө, банк ишинин натыйжасына жа-раша, анын эрки боюнча жүргүзүлөт. Банк акчалай түрүндө сыяктуу эле, белектер, жењилдиктер жана банк-тык кызмат көрсөтүүлөр боюнча тарифтерге жењилдиктер түрүндөгү башкаформада хиба сыйакысын төлөп бериши мүмкүн. Кард-хасан, вади"а йад дамана жана пайызсыз негиздеги башка депо-зиттер (аманаттар) келишимдери боюнча ислам аманаттарын (депозиттерин)кабыл алууга тиешелүү маалыматтарды жайгаштырууда банк, ислам аманатта-рын (депозиттерин) кабыл алуу жөнүндө банк менен кардардын ортосундатүзүлгөн келишимдерде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылай-ык, иште алгылыктуу натыйжага жетишилген шартта, аманатчыларга аларсалган аманаттын (депозиттин) өлчөмүнө көзкарандысыз хиба сыйакысынколдоо түрүндө төлөп бериши мүмкүндүгүн потенциалдуу кардарларына (ама-натчыларына) маалымдоого милдеттүү.". 12. Жобонун "Тобокелдиктерди тескөө" деп аталган 3-бөлүгүнүн бү-түндөй тексти боюнча "принциби (тери)" деген сөздөрдүн алдына "каржы-лоо" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө кошулсун.