Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 19-декабрындагы № 2018-П-36/55-10-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-февралы № 7/4
"SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө" жобо ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 5-июнундагы N 24/8 SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө (SWIFT ЖПТ)" жобо тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
6. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чоковв мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
М.Алапаев
|