Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 19-декабрындагы № 2018-П-36/55-10-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
19-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 32-09
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы № 7/4 токтому менен бекитилген |
"SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө" жобо
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.2. SWIFT телекоммуникациялык чөйрөсү аркылуу катышуучулар ортосунда чек лра аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн SWIFT (Society for Worldwide I№terba№k Fi№a№cial Telecommu№icatio№ - бүткүл дүйнөлүк банктар аралык финансылык телекоммуникациялар шериктештиги) камсыз кылат.
1.3. Бул жободо SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүнүн (мындан ары SWIFT ЖПТ) ишинде колдонулган негизги түшүнүктөр жана принциптер аныкталган, ошондой эле катышуучулардын SWIFT интерфейсине/серверлерине кошулуусуна жана SWIFT ЖПТ колдоо боюнча анын операторлоруна кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча негизги талаптар аныкталган.
1.4. SWIFT ЖПТ аппарат-программалык комплексти түшүндүрүү менен чек ара жана республика ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн катышуучуларга SWIFT телекоммуникациялык түйүнгө кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.
1.5. SWIFT ЖПТ колдоочу жана ишин жүзөгө ашыруу оператору болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептелинет. Бул Жобо менен бекитилген, ошондой эле SWIFT шарттарына жана эрежелерине ылайык SWIFT ЖПТ операторунун кызмат көрсөтүүсү талаптардын аткарылышы менен башка уюмга берилиши мүмкүн.
1.6. SWIFT ЖПТ операторунун техникалык инфраструктурасын колдонгон SWIFT шериктештигинин мүчөлөрү - банктар SWIFT ЖПТ катышуучулары болуп саналат.
1.7. Катышуучулардын өз ара мамилесинде SWIFT ЖПТ эксплуатациялоо жана иш процессинде жоопкерчилик, укуктар, милдеттер тобокелдиктерди бөлүштүрүү көп тараптуу келишимде бекитилет жана/же коммерциялык банктар жана SWIFT ЖПТ оператору менен катышуучулардын (мындан ары келишимдер) ортосундагы эки тараптуу келишимде түзүлөт.
2. SWIFT ЖПТ негизги принциптери
2.1. Маалыматтарды берүү жана байланыш провайдерлери менен биргеликте SWIFT ЖПТнүн оператору SWIFT ЖПТ колдоосун жана иштеп турушун камсыз кылат. Мында:
1. Келишимдерге ылайык түйүндүк жабдууларын жана SWIFT интерфейсинин/серверлеринин жабдууларын, программалык камсыздоонун (мындан ары ПК) иштеп турушун жана колдоону SWIFT ЖПТ оператору камсыз кылат;
2. SWIFT ЖПТ оператору жана байланыш провайдерлери менен SWIFT ЖПТ оператору ортосундагы бекитилген келишимдин шарттарына ылайык SWIFT ЖПТ байланыш каналдарынын иштел турушун жана колдоону байланыш жана маалыматтарды берүү провайдерлери камсыз кылат.
2.2. Техникалык инфраструктура өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Шифровкалоо жабдуусу менен кошулган SWIFT ЖПТ операторунун (негизги жана резервдик) аппараттык-программалык комплекси.
2. Катышуучулардан SWIFT ЖПТ операторуна жана SWIFT түйүнүнө кирүү чегине чейин (негизги жана резервдик) телекоммуникациялык жабдуу жана байланыш каналдары.
2.3. SWIFT ЖПТ техникалык инфраструктурасын тейлөө SWIFT ЖПТ операторун коштоо боюнча адистери тарабынан жүзөгө ашырылат (мындан ары SWIFT ЖПТ персоналы).
2.4. SWIFT ЖПТ функционалдык иш аракеттери төмөнкүлөр менен камсыз кыльшат:
а) SWIFT ЖПТ техникалык инфраструктурасы менен;
б) SWIFT ЖПТ персоналы менен;
в) SWIFT шериктештиги аркылуу иштелип чыккан (мындан ары SWIFT ченемдик документтери) SWIFT телекоммуникациялык түйүнү менен иштерди жөнгө салган ченемдик документтер;
г) Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан (мындан ары - Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары) SWIFT ЖПТ аркылуу иштерди жөнгө салган ченемдик укуктук актылары;
д) келишимдер менен.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. SWIFT интерфейсинин/серверлеринин ПК колдонуусуна карата алынган лицензиялардын чегинде SWIFT ПТ оператору катышуучуларга SWIFT ЖПТ кызмат көрсөтөт.
2.5.-1. Катышуучулардын SWIFT ЖПТ туташууга эки ыкма бар:
а) SWIFT билдирүүлөрүн даярдоо үчүн SWIFT ЖПТ инфраструктурасын пайдалануу менен (shared SAA&SAG);
б) SWIFT билдирүүлөрүн даярдоо үчүн жеке сервелерди пайдалануу менен (shared SAG).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.6. SWIFT билдирүүлөрүн даярдоодо SWIFT ЖПТ инфраструктурасы колдонулган учурда, катышуучунун SWIFT интерфейсинен/серверинен пайдалануу мүмкүнчүлүгү SWIFT станциялары (мындан ары - SWIFT терминалдары) аркылуу жүзөгө ашырылат. SWIFTтин тиешелүү терминалынын колдоого алынышы жана анын иши ар бир катышуучунун өз алдынча коштоп жүрүү боюнча персоналы тарабынан камсыз кылынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.6.-1. SWIFT билдирүүлөрүн даярдоодо өздүк серверлер колдонулган шартта, катышуучунун SWIFT интерфейсинен/серверинен пайдалануу мүмкүнчүлүгү SWIFT билдирүүлөрүн даярдоонун өздүк серверлерине туташтырылган SWIFT терминалы аркылуу жүзөгө ашырылат. SWIFTтин тиешелүү серверлеринин жана терминалынын колдоого алынышы жана анын иши ар бир катышуучунун өз алдынча коштоп жүрүү боюнча персоналы тарабынан камсыз кылынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.7. Уюштуруу маселелери боюнча катышуучулардын SWIFT ЖПТ персоналы менен бирге аракеттешүүсү SWIFT ЖПТ координатору аркылуу жүзөгө ашырылат.
2.8. SWIFT ЖПТ координатору жана персоналы кайталоочу курамды өзүнө камтуу менен бирге SWIFT ЖПТ операторунун ички документтери аркылуу шайланышат. Эгерде кайсы бир негизги курамдын адиси жок болсо анын функцияларын кайталоочу курамдын адиси аткарууга тийиш.
2.9. SWIFT ЖПТ персоналы камтууга тийиш:
а) системдик администраторду;
б) SWIFT интерфейсинин/серверлеринин ПК администраторун;
в) түйүндүк администраторду;
г) SWIFT ЖПТ коопсуздук администраторун.
SWIFT ЖПТ координаторунун жана персоналынын негизги функциялары бул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. SWIFT ЖПТ координатору жана персоналы SWIFT катышуучулар терминалына кирүү мүмкүнчүлүктөрү жок жана катышуучулардын SWIFT билдирүүлөрүн жөнөтүү жана жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
2.11. SWIFT талаптарына ылайык маалыматтарды SWIFT түйүнү аркылуу жөнөтүү жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткарган SWIFTтин негизги жана кайталоочу адистер курамы ар бир катышуучуда бар болуусу зарыл. Катышуучунун ички документтеринде бекитилген SWIFT системасы аркылуу финансы маалыматтарды жөнөтүү боюнча адистер курамынын функцияларын (ролдорун) бөлүштүрүү.
2.12. Катышуучуну SWIFT адистеринин операциялык иштери менен байланыштуу (операторлордун катасы, санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгү, алдамчылык) бардык тобокелдер үчүн катышуучу жоопкерчилик тартат.
2.13. Регламент, иш жүргүзүү тартиби жана SWIFT ЖПТ персоналдары менен КБ бирге аракеттешүүсү, туташтыруунун шарттары, кызмат көрсөтүү наркын эсептөө жана төлөө тартиби, тараптардын жоопкерчилигин бөлүштүрүү катышуучулардын жана SWIFT ЖПТ операторунун ортосундагы келишимде белгиленет.
2.14. Жалпы инфраструктура аркылуу SWIFTтин башка катышуучуларын туташтыруу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган уюмдар үчүн SWIFTтин талаптарына ылайык келишине карата милдеттүү сертификациялоодон өтүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3. SWIFT ЖПТ ишенимдүү иштеп турушунун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги талаптар
3.1. SWIFT ЖПТ ишенимдүү иштеп турушу жана коопсуздугу төмөнкү принциптерге ылайык камсыз болуусу зарыл:
а) операциялык тобокелдиктерден жана тобокелдиктер иштеп турган чөйрөсүнөн сактоо;
б) пайдалануулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугу жана бүтүмдүгү;
в) катышуучулардын SWIFT интерфейсине/серверлерине үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгү;
г) SWIFT талаптарына ылайык келүүсүнө жыл сайын аудит жүргүзүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Операциялык тобокелдиктерден жана тобокелдиктер иштеп турган чөйрөсүнөн сактоо төмөнкүлөрдүн бар болуусу менен камсыз болууга тийиш:
а) SWIFT ЖПТ иштеп турушун жана колдоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү квалификациясы бар болгон негизги жана кайталоочу персонал;
б) Катышуучулардын SWIFT терминалдары/серверлери үчүн өзүнчө локалдык түйүн;
в) резервдик аппараттык жана SWIFT интерфейсинин/серверлеринин программалык камсыздоо;
г) резервдик байланыш каналы;
д) электр азыктандыруусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жабдуулары;
е) SWIFT интерфейсине/серверлерине SWIFT ЖПТ персоналынын жана катышуучунун санкциясыз кирүүдөн коргоо боюнча каражаттар;
ж) чектелген мүмкүнчүлүгү болгон өрт өчүрүүчү коргоо сигнализациясы менен жабдылган атайын бөлмө.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Катышуучулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугу жана бүтүмдүгү (кириш/чыгыш маалыматтарынын билдирүүсү, шифровкалоо жана идентификациялык ачкычтар д.у.с.) төмөнкүлөрдүн бар болуусу менен камсыз болууга тийиш:
а) SWIFT ченемдик документтеринде бекитилген талаптарга ылайык SWIFT интерфейсине/серверлерине SWIFT ЖПТ ар бир адис персоналынын кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө;
б) SWIFT ЖПТ операторунун ички документтерине ылайык катышуучулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугун жана бүтүмдүгүн камсыздоо боюнча SWIFT ЖПТ персоналынын жоопкерчилигин так бөлүштүрүү;
в) чыккан бузулуулар боюнча оперативдүү түрдө таасирденүү жана SWIFT ЖПТ эксплуатациялоо технологиялык процесси үстүндө күнүгө контрол жүргүзүү (маалыматтарды жеткирүү жана жүзөгө ашыруу процедураларын сактоо, конфиденциалдуулук, маалыматтарды коргоо, санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүн контролдоо).
3.4. SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгүн жана маалыматтардын бүтүмдүгүн, конфиденциалдуулугун коргоо бирдей деңгээлде бардык катышуучуларга берилиши зарыл.
3.5. Келишимдин шарттарына ылайык SWIFT ЖПТ комплексинин ишинде өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда калыбына келтирүү мезгил ичинде жана регламенттүү иштердин аткаруу убактысынан тышкары SWIFT интерфейсине/серверлерине катышуучулардын үзгүлтүксүз кирүүсү SWIFT ЖПТ күнү-түнү иштегени менен камсыз болууга тийиш.
3.6. Келишимдин шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык SWIFT ЖПТ комплексинин иштеп турганда өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болсо SWIFT ЖПТ оператору катышуучуларга жагдай тууралуу билдирүү жасайт.
3.7. Өзгөчө кырдаалдар абалынын пайда болуу себептерин жоюудан мөөнөттүү төлөмдөрдү кабыл алуу/берүү зарылчылыгына жараша келишимдин шарттарына ылайык катышуучулар маалыматтарды берип жатканда альтернативдүү каналдарын колдонууга тийиш.
4. SWIFT ЖПТ катышуучуларды туташтыруу боюнча негизги талаптар
4.1. Катышуучуларды SWIFT ЖПТга туташтырууну SWIFT ЖПТнын оператору жүзөгө ашырат.
4.2. Катышуучуларды SWIFT ЖПТга туташтыруу үчүн негизги талаптар кирет:
1) SWIFT шериктеш мүчөлөрүнө кирүү (SWIFT шериктештигинин алдын ала каралган процедураларына ылайык, банк менен өз алдынча жүзөгө ашырат);
2) SWIFT ЖПТга туташтырууга жана аны эксплуатациялоого SWIFT ЖПТ оператору менен келишим түзүү;
3) SWIFT терминалын/SWIFT серверлерин туташтыруу жана коюу төмөнкү иш-чараларды өткөзүүнү камтыйт;
а) Келишимдин шарттарына жана SWIFT ченемдик документтерине ылайык SWIFT программалык камсыздоо менен SWIFT терминалынын/SWIFT серверлеринин жабдууларын коюу жана сатып алуу;
б) КБ жалпы локалдык түйүнүнөн көз карандысыз болгон SWIFT интерфейсинин/серверлеринин бөлөк түйүнү менен SWIFT терминалынын/SWIFT серверлеринин иштери үчүн уюштуруу;
в) SWIFT терминалынын/SWIFT серверлеринин иштеп туруучу коопсуздук чөйрөсүн камсыз кылуу (чектелген мүмкүнчүлүгү болгон жана өрт өчүрүүчү коргоо сигнализациясы менен жабдылган атайын бөлмө ж.б.);
г) SWIFT ЖПТ иштеринде өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгондо маалыматтарды жөнөтүүсүн/алуусун камсыздоо үчүн резервдик катары альтернативдүү каражаттарды уюштуруу, же ал жок болгон учурда мындай каражаттын сөзсүз коюулушу зарыл;
д) Келишимдин шарттарына ылайык маалыматтарды берүүнү камсыз кылган VP№ каналын колдонуу менен SWIFT ЖПТ SWIFT терминалынан/SWIFT серверлеринен негизги жана резервдик байланыш каналын коюу;
е) SWIFT интерфейс менен болгон иштерге персоналдарды окутуу;
ж) SWIFT терминал иштеринин тест-тренинг тартибин өткөзүү;
з) реалдуу тартип убактысында SWIFT терминалын/SWIFT серверлерин ишке киргизүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. SWIFT ЖПТ туташтыруу үчүн катышуучу негизги талаптарды сактабаган учурда SWIFT ЖПТ оператору катышуучуну алдын ала билгизүү менен SWIFT ЖПТ туташтыруу боюнча иштерди токтотуусу мүмкүн жана анын натыйжалары үчүн жоопкерчиликти тартпайт.
5. SWIFT интерфейсине/серверлерине катышуучуларды кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча негизги талаптар
5.1. SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн катышуучу төмөнкү талаптарды сактоосу зарыл:
1) персоналды шайлоо (SWIFT адистер курамынан), ал SWIFT ЖПТ эксплуатациялоодо түздөн-түз катышууга тийиш;
2) SWIFT ченемдик документтеринде белгиленген талаптарга ылайык SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү укугун жана ар бир адистин жоопкерчилигин бөлүштүрүү;
3) SWIFT терминалынын/SWIFT серверлеринин маалыматтарын санкциясыз кирүүдөн тиешелүү деңгээлде коргоону камсыз кылуу;
4) персоналдардын операциялык иш аракеттерине (операторлордун катасы, санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгү, алдамчылык), SWIFT терминалынын/SWIFT серверлеринин каналдык байланышына, ПК, болгон бардык тобокелдиктер үчүн жоопкерчиликти тартуу менен SWIFT терминалынын/SWIFT серверлеринин иштеп турушун жана колдоосун камсыздоо;
5) Келишимдердин, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана SWIFT ченемдик документтерине ылайык конфиденциалдуулукту сактоо, маалыматтарды коргоо жана ага болгон санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүн, маалыматтарды жөнөтүү жана ички процедураларды жүзөгө ашырууну, ошондой эле SWIFT терминалын/SWIFT серверлерин эксплуатациялоо процессинде өзгөчө кырдаалдагы абалдар пайда болгондо персоналдардын иштөө тартибин бекитүү жана иштеп чыгуу;
6) SWIFT ЖПТ иштеринде өзгөчө кырдаалдар абалдары пайда болгондо билдирменин жөнөтүүсүн/алуусун камсыздоо үчүн маалыматтарды берүүдө резервдик каражатын иштеп жаткан абалда колдоп туруу;
7) бул талаптардын тиешелүүлүгүнө карата байланыш каналдары жана SWIFT терминалынын/SWIFT серверлеринин техникалык экспертизасын өткөзүү үчүн SWIFT ЖПТ операторуна керектүү маалыматты жана шарттарды түзүп берүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Маалыматтарды тиешелүү деңгээлде коргоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр бар болуусу тийиш:
1. SWIFT терминалдарына кирүү мүмкүнчүлүгү болгон персоналдардын милдеттерин бөлүштүрүү SWIFT ченемдик документтерине ылайык жүзөгө ашырылат;
2. Катышуучулар менен бекитилген ички процедураларына ылайык, SWIFT терминалына/SWIFT серверлерине талаптарды аткаруу менен персоналга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн систематикалык контролу жүзөгө ашырылсын;
3. SWIFT терминалынан/SWIFT серверлеринен тартып SWIFT ЖПТга чейин трафикти шифровкалоо катышуучулар үчүн алдын ала каралган.
5.3. Бул талаптарды сактабаган учурда SWIFT ЖПТ оператору катышуучуну алдын ала билгизүү менен SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгүн токтотуусу мүмкүн жана анын натыйжалары үчүн ал жоопкерчиликти тартпайт.
|
| Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралында № 7/4 токтому менен бекитилген "SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө" жобосуна 1-тиркеме |
SWIFT ЖПТ персоналынын жана координаторунун ФУНКЦИЯЛАРЫ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1. ЖПТ координаторунун SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгү жок, ал SWIFT ЖПТ мониторинг иштеринин функцияларын аткаруу менен катышуучулардын жана SWIFT ЖПТ персоналынын бирге аракеттешүүсүн координациялайт. Бул функциялар төмөнкү иштерди камтыйт:
а) SWIFT ЖПТ кызмат көрсөтүүсүнүн жабдып туруучулар менен келишимди түзүү процессин координациялоо, уюштуруу учурлары боюнча келишимдерди аткаруу контролу;
б) SWIFT ЖПТ иш тартибин жөнгө салган ченемдик базаларды иштеп чыгуу жана жакшыртуу боюнча иштерин координациялоо;
в) SWIFT ЖПТдагы тобокелдер анализи;
г) зарылчылыгына жараша, иш учурунда пайда болгон проблемаларды биргеликте чечүү үчүн катышуучулардын жана SWIFT ЖПТ тейлеген персоналдын жолугушуусун уюштуруу;
д) SWIFT ЖПТ чыгашалары боюнча сунуштарды, төлөөгө карата буйрууларды даярдоо, келишимдерге жана кызмат көрсөтүү тарифтерине ылайык SWIFTге төлөө боюнча кезектеги чыгашаларды салыштыруу;
е) зарылчылыгына жараша SWIFT ЖПТ иштери жөнүндө кызыккан тарапка маалыматтарды берүү;
ж) SWIFT ЖПТга коммерциялык банктарды туташтыруу маселеси боюнча маалыматтарды анализдөө жана чогултуу, зарылчылыгына жараша аларды туташтыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
з) SWIFT ЖПТ өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
2. Системдик администратордун SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгү жок, ал сервердик жабдуулардын операциялык системасын администирлөөсүн жүзөгө ашырат. Сервердик жабдуулардын операциялык системасын администирлөө төмөнкү функционалдык милдеттерди аткарууну камтыйт:
а) SWIFT сервердик жабдуулардын иштеши үчүн зарыл болгон программалык камсыздоону коштоо менен пакеттердин системасын жаңыртуу (Patches), SWIFT серверлеринин операциялык системасын жүргүзүү;
б) SWIFT дискалык массивин, аппарат бөлүгүнүн серверлерин, операциялык системасын иштелишин жана абалын контролдоо;
в) калыбына келтирүү ички процедураларына ылайык өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда SWIFT дискалык массивинин, операциялык системасынын серверлеринин иш жөндөмүн калыбына келтирүү;
г) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомуна ылайык)
д) SWIFT дискалык массивинде жана серверлерде маалыматтын коргоосун контролдоо.
е) SWIFT ЖПТ оператору жана системдик администратордун кызматтык инструкциясы менен бекитилген резервдик көчүрүү процедураларына ылайык операциялык системасын жана маалыматтарды резервдик көчүрүүсүн мезгил мезгили менен аткаруу;
ж) SWIFT жана маалыматтык коопсуздук администратору тарабынан бекитилген талаптарга ылайык коопсуздук параметрлерин жөнгө салуу;
з) аппараттык, программдык жана системдик каражаттарды өнүктүрүүнү пландаштыруу;
и) сервердик ресурстарды колдонуу боюнча статистиканы чогултуу, системдик администирлөөгө карата серверлердин абалын баяндаган документацияны жүргүзүү;
к) серверлердин өндүрүмдүүлүгүн оптимизациялоо;
л) административдик паролдор менен иштөөдө SWIFT жана маалыматтык коопсуздук администратору тарабынан бекитилген маалыматтык коопсуздук талаптарын аткаруу;
3. SWIFT интерфейсине/серверлеринин ПК администраторунун SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгү бар, ал SWIFT (АПК) аппараттык-программалык комплексти коштоо менен бирге инсталяциялоонуу жүзөгө ашырат да төмөнкү функцияларды аткарат:
а) SWIFT программдык камсыздоонун кардар бөлүмүнүн системдик жана колдонмо программалык камсыздоосун администирлейт жана инсталляциялайт;
б) SWIFT ПК иштеп турушун жана абалын контролдоо;
в) системдик администратор менен биргеликте калыбына келтирүү ички процедурасына ылайык өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда SWIFT программалык камсыздоонун иш жөндөмүн калыбына келтирүү;
г) SWIFT интерфейсинин/серверлеринин ПК администраторунун кызматтык инструкциясына жана SWIFT ЖПТ оператору менен бекитилген архивдерди түзүү процедураларына ылайык SWIFT билдирүүсүнүн маалыматтык базасын, окуя журналдарын, тиркемеде келтирилген маалыматтардын базасын, программалык камсыздоонун мезгил мезгили менен архивдөөсүн аткаруу;
д) SWIFT ЖПТ байланыш каналдарынын, SWIFT интерфейсинин/серверлеринин иштеп тургандыгы жөнүндө ар кандай отчетторду жүзөгө ашыруу ж.б.;
е) SWIFT интерфейсинин/серверлеринин окуялары тууралуу журналын контролдоо.
4. Түйүндүк администратор SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгү жок, ал SWIFT ЖПТ түйүндүк жана коммуникациялык жабдууларын администирлөөсүн жүзөгө ашыруу менен төмөнкү функцияларды аткарат:
а) SWIFT ЖПТ локалдык түйүнүнүн түйүндүк жабдууларын оңдоо жана коюу;
б) SWIFT ЖПТ коммуникациялык жабдууларын оңдоо жана коюу;
в) өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана түйүндүк, коммуникациялык жабдуулардын абалын контролдоо;
г) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомуна ылайык)
д) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомуна ылайык)
5. SWIFT ЖПТ коопсуздук администраторунун SWIFT интерфейсине/серверлерине кирүү мүмкүнчүлүгү бар, ал SWIFT интерфейсине/серверлерине катышуучулардын кирүү мүмкүнчүлүгүнүн коопсуздугун жана конфиденциалдуулугун камсыздоосун жүзөгө ашыруу менен төмөнкү функцияларын аткарат:
а) SWIFT ЖПТ АПК инсталляциялоодо жана/же конфигурациясынын өзгөрүүсүндө, ошондой эле SWIFT криптографикалык жабдуулары менен иштөөдө жана SWIFT ЖПТ зарыл сертификатын тейлөөдө SWIFT ЖПТ АПК коопсуздук офицеринин;
б) SWIFT аркылуу билдирүүнү жөнөтүүдө жана жүзөгө ашырууда маалымат коопсуздугунун режимин сактоого карата SWIFT ченемдик документтеринде бекитилген талаптарга ылайык, SWIFT ЖПТ АПК жаңы ролдорду, катышуучуларды каттоону жүзөгө ашырат;
в) SWIFTте аткарылган функцияларына жана алардын ролдоруна ылайык, SWIFT ЖПТ администраторлордун жана катышуучулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугун камсыздоо жана укуктарын чектөөсүн жүзөгө ашырат;
г) SWIFT ЖПТ АПК санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүнөн коргоо жана маалымат коопсуздугун камсыздоо контролун жүзөгө ашырат;
д) SWIFT ЖПТ администраторлорунун жана катышуучулардын иштери үчүн контролду (билдирүүнү жөнөтүү жана процедураларды жүзөгө ашырылышы, конфиденциалдуулук, маалыматтарды коргоо жана ага болгон санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүк контролун кошо алганда) жана системдик журналынын ар күн сайын мониторингин өткөзөт;
е) бузууларды табуу фактылары боюнча алардын себептерин аныктоо үчүн иштерин жүргүзөт;
ж) SWIFT интерфейси/серверлери менен болгон иш процессинде бузууларды чыгаруу боюнча катышуучуларга оперативдик түрдө маалыматтарды берет;
з) SWIFT интерфейси/серверлери менен болгон иштерде маалыматтык коопсуздукту сактоо боюнча талаптарды, инструкцияларды, ченемдик актыларды иштеп чыгат;
и) байланыш каналдарына жана коммуникацияларына SWIFT интерфейси/серверлери менен катышуучулардын иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын иштеп чыгуу.
6. SWIFT ЖПТ координатору жана персоналы өздөрүнүн иш аракеттеринде SWIFT документтери, Улуттук банктын ченемдик документтери, SWIFT ЖПТ операторлордун ички процедуралары жана келишимдери менен иш алып барат.