Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
2009-жылдын 26-августу № 35/4
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-статьясына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 33-статьясына жана "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. "КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, № 2009/10 жарыяланды
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Улуттук Банк башкармасынын төрагасы | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/4 токтомуна карата тиркеме
|
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталдарынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталдарынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу"
токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталдарынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 1 (кредиттик тобокелдик деңгээли 0%)" статьясынын б) пунктчасы алынып салынсын.
2. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 1 (кредиттик тобокелдик деңгээли 0%)" статьясынын в)-з) пунктчалары, тиешелүүлүгүнө жараша б)-ж) пунктчалары катары эсептелинсин.
3. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 3 (кредиттик тобокелдик деңгээли 20%)" статьясы төмөнкү мазмундагы б) пунктчасы менен толукталсын: "б) стандарттык куйма түрүндөгү алтын жана башка сертификацияланган баалуу металлдар".
4. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "категория 3 (кредиттик тобокелдик деңгээли 20%)" статьясынын б)-е пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша в)-ж) пунктчалары катары эсептелинсин.
5. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 4 (кредиттик тобокелдик деңгээли 50%)" статьясы төмөнкү мазмундагы б) пунктчасы менен толукталсын:
"б) чен өлчөм куймалары түрүндөгү алтын жана башка сертификацияланган баалуу металлдар".
6. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 5 (кредиттик тобокелдик деңгээли 100%)" статьясынын б) пунктчасы алынып салынсын.
7. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 5 (кредиттик тобокелдик деңгээли 100%)" статьясынын в)-з) пунктчалары, тиешелүүлүгүнө жараша б)-и) пунктчалары катары эсептелинсин.