Загрузка документа…
| Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/5 токтому менен бекитилген |
Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби
1.1. Бул акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде (мындан ары - Улуттук банк) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын (мындан ары - легалдаштыруу субъекттеринин) акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозиттик эсептер менен иш жүргүзгөн коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) иш тартибин аныктоо, ушул Тартиптин максаты болуп саналат.
1.3. Бул Тартипте колдонулган түшүнүктөр «Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамдагы түшүнүктөргө ылайык келет.
2.1. Легалдаштыруу субъектиси тарабынан ушул Тартипке карата № 1 жана № 2-тиркемелерге ылайык формада өтүнүч кат берилген учурда, банк «Мүлктү, билдирбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачат.
2.2. Легалдаштыруу субъектисин атайын депозит эсебин ачууга өтүнүч берүүсү жана бул экепке акча каражаттарын чегерүү 2009-жылдын 1-октябрынан 31 декабрын кошо алгандагы мезгил ичиде жүргүзүлөт.
2.3. Банктар легалдаштыруу субъекттеринин легалдаштыруу максатында ачылган ачайын депозиттик эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарынын өзүнчө эсепке алынышын камсыз кылууга тийиш. Легалдаштыруу субъектиси менен банктын ортосундагы өз ара мамиле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык аныкталат.
2.4. Банк легалдаштыруу субъектисинин акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн атайын депозит эсебин ачууга өтүнүч катын каттоо менен легалдаштыруу субъектиси тарабынан бул эсепке акча каражаттары салынгандан кийин, ага эсептеп көчүрмөнү берет.
3.1. Легалдаштыруу субъекттери тарабынан атайын депозиттик эсептерге акча каражаттарын салуу нак акча каражаттарын салуу же ошол субъекттердин жеке эсептеринен нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу (чегерүү) аркылуу улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында чектөөлөрсүз ишке ашырылат.
3.2. Легалдаштыруу субъекттеринин акча каражаттарын атайын депозит эсебине чегерүү жана которуу, аманатчынын акча каражаттарын атайын депозит эсебинен башка банктык эсептерге которуу, ошондой эле легалдаштыруу субъектисинин атайын депозит эсебинен которуу ишке ашырылган банктык эсеп боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте, Улуттук банктын талаптарына, ошондой эле банктын ички жолжоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
3.3. Кыргыз Республикасынын «Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамында акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн белгиленген мезгил аяктаганда, атайын депозит эсебин ачуу жана аларга акча каражаттарын чегерүү банк тарабынан ишке ашырылбайт.
4.1. Легалдаштыруу субъектеринин атайын депозит эсептерин жабуусу банктык мыйзам актыларынын ченемдерине, Улуттук банктын талаптарына ылайык тартипте, ошондой эле банктын операцияларды жүргүзүү боюнча жалпы шарттарына жараша ишке ашырылат.
4.2. Ушул Тартип аркылуу жөнгө салынбаган маселелер «Мүлтү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамда белгиленген тартипте чечилүүгө тийиш.
4.3. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык банкка карата таасир этүү чараларды колдонулган шартта, акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
| Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 1 тиркеме
|
Аты жөнү _______________________________________________________
СИИ ____________________________________________________________
Жашаган жери ___________________________________________________
Ким экендигин тастыктаган документ:_____________________________
Түрү ___________________________________________________________
Сериясы_________________________________________________________
№___________ Ким тарабынан берилген_____________________________
Берилген күнү________________
Легалдаштыруучу акча каражаттарынын тизмеси | Убактылуу башка адамдын пайдалануусунда турган акча каражаттарынын тизмеси | Акча каражаттарынын суммасы (миң сом) | Банктардагы эсептерде жайгаштырылгандар нак салынгандар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгында |
|
|
|
Өтүнүч катка төмөнкү документтер (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген) кошо тиркелет:
________________________________________________________________
Мен тарабынан легалдаштырылып жаткан акча каражаттары банктардан жана башка финансы кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдирип кетмекчимин.
Күнү____________________________________________________________
(өтүнүч ээсинин аты-жөнү) (өтүнүч ээсинин колтамгасы)
________________________________________________________________
(өтүнүчтү кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы)
________________________________________________________________
(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы)
МО Өтүнүчтү кабыл алган күнү
| Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 2 тиркеме
|
Юридикалык жактын толук аталышы_________________________________
________________________________________________________________
Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн номери
________________________________________________________________
Каттоодон өткөрүлгөн күн________________________________________
СИИ_____________________________________________________________
Юридикалык
дареги__________________________________________________________
негизинде (ыйгарым укукту тастыктаган документтин реквизиттери)
________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан толтурулат)
атынан иш алып баруучу__________________________________________
(жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты жөнү)
Легалдаштыруучу акча каражаттарынын тизмеси | Убактылуу башка адамдын пайдалануусунда турган акча каражаттарынын тизмеси | Акча каражаттарынын суммасы (миң сом) | Банктардагы эсептерде жайгаштырылгандар нак салынгандар |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгында |
|
|
|
Өтүнүчкө төмөнкү документтер (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген) тиркелет:
_________________________________________________________________
Мында__________________________________ тарабынан легалдаштыруучу
(юридикалык жактын аталышы)
акча каражаттары банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдирип кетмекчимин.
Күнү_____________________________________________________________
(өтүнүч ээсинин аты-жөнү) (өтүнүч ээсинин колтамгасы)
_________________________________________________________________
(өтүнүчтү кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы)
_________________________________________________________________
(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы)
МО Өтүнүчтү кабыл алган күн
| Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 3 тиркеме
|
Берилген күнү 200____ -жылдын «____»___________
___________________________________________Кыргыз Республикасынын
(банктын толук аталышы)
_________________________________________________________________
(легалдаштыруу субъекти)
_________________________________________________________________
_________________________________________________________________
атайын депозит эсебине
_________________________________________________________________
(сан менен жана жазуу жүзүндө)
суммасында акча каражаттарын салгандыгын тастыктайт.
Башкарманын Төрагасы
Башкы бухгалтер
Банктын мөөрү