Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-сентябры № 38/5
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, № 2009/11 жарыяланды
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/5 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29 декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- нускоонун баш сөзүнүн экинчи абзацындагы ", Эсептешүү-аманат компаниясы" деген сөздөр алынын салынсын;
- II бөлүктүн 2.2-пунктунун экинчи абзацындагы экинчи сүйлөмдөгү "ошол валютада чегерилген пайыздык кирешелерди, чыгашаларды кошо алганда" деген сөздөр алынып салынсын;
- II бөлүктүн 2.2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Ошол эле валютада камсыз кылынган гарантияларды, аккредитивдерди жана ошондой финансылык инструменттерди эске албаганда, банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган чет өлкө валютасында номминирленген кайтарылып алынгыс гарантиялар, аккредитивдер жана ушундай эле финансылык инструменттер. Ушул Нускоонун максаттарында финансылык инструменттер дегенден улам, векселдик кепилдиктерди (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган банктын башка шарттуу милдеттенмелерин түшүнүү зарыл. Кредиттик линиялар финансылык инструменттерге кирбейт.
Мында, гарантиялар, аккредитивдер жана ушундай эле финансылык инструменттер бенефициар (пайда алуучу) тарабынан милдеттенмелер боюнча акчалай сумманы төлөө талабын же банк ошол милдеттенмелер боюнча төлөө талабынын коюлушунун ыктымалдуулугун тастыктаган документ жүзүндөгү маалыматты алган учурдан тартып, таза валюта позициясын эсептөөтө кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал тарабынан милдеттенмелеринин аткарылбашы (аткаруунун кечиктирилиши) жөнүндөгү каты, гарантияларды таза валюта позициясын эсептөөдө камтуу үчүн негиз болуп саналат"
- IV бөлүктүн 4.1.-пунктундагы "Тиркемеге" деген сөз "1" деген сан менен толукталсын.
|
|