Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-сентябры № 39/8
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 38/11 "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
3. Токтом расмий жарыялангандан 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, № 2009/11 жарыяланды
4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39\8 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 38/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча "эсептешүүлөрдүн гросстук системасы" деген сөз "ГСРРВ" деген сөз менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.
2. Нускоонун 6.2.2-пунктундагы "Эсептешүү лимиттеринин суммасынын чегинде катышуучулардын болжолдуу таза позициялары эсептелинет" деген сүйлөм алынып салынсын.
3. Нускоонун 6.2.3-пунктундагы "Системанын катышуучулары он-лайн режиминде системага талап жөнөтүүсүз эле лимиттин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматты ала алышат" деген сүйлөм алынып салынсын.
4. Нускоо төмөнкү редакциядагы 6.2.4-пункт менен толукталсын:
"6.2.4. Катышуучунун (лардын) белгиленген эсептик лимитинин (теринин) мааниси ГСРРВдан алынган маалыматтардын негизинде камдын (дардын) маанисине өзгөрүп кетиши мүмкүн. Системанын катышуучулары он-лайн режиминде эсептик лимиттин же камдын өзгөргөндүгү жөнүндөгү маалыматты системага талап жөнөтүүсүз эле ала алышат. Эсептик лимиттин же камдардын суммасынын чегинде катышуучулардын болжолдуу таза позициялары эсептелинет".
5. Нускоонун 6.3.7-пунктундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр "эсептик лимитти" деген сөздөн кийин "же камды" деген сөз менен толукталсын.
6. Нускоонун 6.4.2-пунктундагы "дебеттик таза позициялар лимиттери" деген сөздөр "эсептик лимитти же камды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Нускоонун 6.5.2-пунктундагы "дебеттик таза позициялар лимиттерди" деген сөздөр "камдарды" деген сөз менен алмаштырылсын.
8. Нускоонун 6.6.2-пунктундагы "(ушул Нускоого карата 1-тиркеме (1 п.)" деген сөздөр "ушул Нускоого карата 1-тиркемеге (2.п.))" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 1-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Эсептик лимиттин же камдын артышына карата учурдагы дебеттик таза позицияларды текшерүү эрежелери.
Система төлөм документин алган учурда катышуучунун учурдагы таза позициясын эсептейт, анын эсептик лимити же камдары жетишилгенби, ошону текшерет. Эгерде катышуучунун учурдагы дебеттик таза позицияларынан белгиленген эсептик лимиттин же камдын 80% артып кеткен шартта, система катышуучуга тиешелүү эскертүүлөрдү жөнөтөт.
Катышуучунун учурдагы дебеттик таза позициясы белгиленген эсептик лимиттин же камдын 100% жеткен шартта, ошол катышуучунун эсебин дебеттеген төлөмдөрдүн топтому системага "Активдүү эмес" статусунда кабыл алынып, утурумдук таза позицияны эсептөөдө ага кошулбайт. Катышуучуга ошол төлөмдөрдүн статусу жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Электрондук төлөм документтеринин файлдарын жана билдирүүлөрүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили аралыгында катышуучунун позициясынын жакшыруусу жүрсө (жаңы камды белгилөө же катышуучу анын эсебин кредиттеген төлөмдөрдү алуусунун натыйжасында), "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр топтому приоритеттүүлүгүнө жараш "FIFО" принциби боюнча алар учурдагы таза позицияны эсептөөгө автоматтык түрдө кошулат. Катышуучуга эсептөөгө алынган ар бир топтомдун статусунун өзгөргөндүгү тууралуу билдирме жөнөтүлөт. Мындан тышкары, "активдүү эмес" статусундагы топтомдордун учурдагы таза позицияларды эсептөөгө кошулуусу катышуучу тарабынан жаңы камдын белгилениши аркылуу да жүрүшү мүмкүн".
|
|