Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-октябры № 43/5
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамынын 4, 26, 30 жана 33-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтомго жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/5 токтомуна карата тиркеме |
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу" эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- II бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Институционалдык капитал - бул суммардык капиталдын бөлүгү, ал келечектеги керектөө камдарынан, өтүп жаткан жылдын чыгашаларын эске албаганда, өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдаларынан/чыгашаларынан турат.";
- 5.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кредиттик союздун тышкы карыз алууларынын максималдуу өлчөмүн эсептөөдө тышкы карыз алуулардын суммасына, кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамында каралган карыз алуулары камтылат.";
- 5.2-пунктунун 5.2.1-пунктчасынын сүйлөмүнүн аягы ", кредиттик союздун алдында кредиттер боюнча карызы бар." деген сөздөр менен толукталсын;
- 5.4-пунктунун 5.4.1-пунктчасындагы "кредиттөө үчүн" деген сөздөрдөн кийин үтүр белгиси коюлсун;
- 7.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кредиттик союздардын ишине көзөмөлдүктү Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы, Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү жүзөгө ашырат.";
- № 1 тиркемеде "1-тиркеме" деген сөздөрдүн алдындагы "№" белгиси алынып салынсын;
- 1-тиркемедеги таблицага карата эскертүү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн сакталышы жөнүндө маалыматтар" деген таблицаны толтуруу учурунда, кредиттик союздар ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга таянуусу зарыл.".
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 7/5 "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кредиттик союздарга карата таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жобонун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү "убактылуу администрация" деген сөздөр, тиешелүү жөндөлүштөгү "убактылуу жетекчилик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жобонун бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү "Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр, тиешелүү жөндөлүштөгү "жана Улуттук банктын Баткен областтык өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.8-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- кредиттик союздун төлөөгө жөндөмсүздүгү;";
- Жобонун 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3.9-3.13-пункттар менен толукталсын:
"3.9. Кредиттик союз Улуттук банк тарабынан лицензиясы кайтарылып алынган төмөнкүдөй учурларда жоюлууга тийиш:
- эгерде кредиттик союзда добуш берүү укугуна ээ болгон жеке жактарынын - катышуучуларынын саны ондон аз болуп калса;
- эгерде кредиттик союз мыйзамдарга ылайык сактык пайларынын жалпы суммасынын минималдуу өлчөмүн сактоо боюнча шарттарды аткарбаса;
- эгерде кредиттик союз системалуу түрдө (б.а. катары менен 12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) мыйзам жоболорун, ченемдик укуктук актыларын, Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же кредиттик союздун уставын бузса, анын натыйжасында кредиттик союздун иши кооптуу же финансылык жактан ишенимсиз болуп калса же болуп калышы ыктымал болсо;
- эгерде кредиттик союз мыйзамдарга ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылса.
3.10. Кредиттик союз Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин лицензияны (кошумча лицензияны кошо алганда) кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күн ичинде, лицензиянын түп нускасын Улуттук банкка тапшырат, ал эми бир айдын ичинде соттон тышкаркы тартипте жоюлуу жол-жобосун баштайт.
3.11. Кредиттик союзду жоюу боюнча милдеттер анын катышуучуларына же кредиттик союздун уставы менен жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт.
3.12. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз учурда банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерди банкроттукка чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт.
3.13. Төлөөгө жөндөмсүз учурунда катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз, банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык жоюлууга тийиш.".