Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-9-(НФКУ)токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-ноябры № 46/18
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 18-ноябрындагы № 46/18 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомго толуктоолор
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 27-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 9-февралында 19-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын (күбөлүгүнүн) негизинде иш алып барган банктык эмес мекемелердин финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 1.1-пункту "микрофинансылык компаниялар" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" деген сөздөр менен толукталсын жана андан ары текст боюнча кетсин.
2. Жобонун 3.2-пункту "микрофинансылык компания" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду" деген сөздөр менен толукталсын жана андан ары текст боюнча кетсин.
3. Жобо төмөнкү мазмундагы 3.5-пункту менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчеттук жылдан кийин 30-апрелден кечиктирбей өзүнүн иши тууралу отчет берет.".
|
|