Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/2 токтому менен бекитилген |
Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу банктар аралык валюта рыногунда тооруктарды өткөрүүнүн ушул эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) Улуттук банктын соода-маалыматтык электрондук системасы (СМЭС) аркылуу республиканын ички банктар аралык валюта рыногунда чет өлкө валюталарын сатып алуу-сатуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби аныкталат.
2. Бул Эрежелер, СМЭСтин иши аркылуу Кыргыз Республикасынын ички банктар аралык валюта рыногунун натыйжалуу, ишенимдүү ачык-айкын, ликвиддүү өнүгүүсүнө түрткү берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан иштелип чыккан, анын жардамы аркасында кабыл алынган билдирмелерди, келишилген бүтүмдөрдү, Улуттук банктын интервенцияларынын жүргүзүлүшүн каттоо, тоорук катышуучуларынын жумуш ордунда күндөлүк маалыматтардын оперативдүү чагылдырылышы, тоорук процессинин протоколун жана жыйынтык документтерди түзүү камсыз кылынат.
3. Кыргыз Республикасынын, ушул Эрежелердин 21-пунктунун талаптарын канааттандырышкан коммерциялык банктары, СМЭС тооруктарынын катышуучуларынан болуп саналат. Улуттук банк өзгөчө статустагы катышуучу болуп эсептелет.
4. Бул Эрежелерде, СМЭС аркылуу бүтүмдөргө келишүү учурунда акыйкаттык негизинде атаандашуу жана тоорук катышуучулары катары коммерциялык банктарга бирдей укукту камсыз кылуу принциптерине таянуу менен тоорук катышуучуларынын иш алып баруу эрежелери жана принциптери жөнгө салынган.
5. Тоорук катышуучулары өз атынан, өз эсебинен жана кардарлардын тапшыруусу боюнча өз атынан СМЭС аркылуу операциялардын төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзө алышат:
- кыргыз сомуна нак эмес чет өлкө валюталарын сатып алуу-сатуу (АКШ доллары, евро, казак тенгеси, орус рубли жана англия фунт стерлинги);
- кыргыз сомуна нак чет өлкө валюталарын сатып алуу/сатуу (АКШ доллары жана евро).
6. СМЭС аркылуу келишилген бүтүмдөр, ошол бүтүм боюнча кат жүзүндөгү келишимге милдеттүү түрдө кол коюлушун талап кылбайт, ал эми бүтүм боюнча милдеттенмени аткаруу, ушул Эрежелердин нормаларына ылайык ишке ашырылат. Тоорук катышуучулары бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү шарттарын кылдат жөнгө салган эки тараптуу келишимдерди түзө алышат.
7. Операцияларды СМЭС аркылуу жүргүзүү учурунда тоорук катышуучулары, ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын банктар аралык акча рыногунун катышуучуларынын иш алып баруу кодексинин (мындан ары - Кодекс) нормаларына таянуулары зарыл.
Ушул Эрежелердин максаттарында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
8. Авторизация - катышуучуну жана дилерди идентификациялоо, ошондой эле ошол дилердин СМЭСте тигил же бул операцияны аткарууга укугун аныктоо үчүн СМЭСке өтүү учурунда, дилер тарабынан аткарылуучу жол-жобо.
9. Администратор - бул, СМЭСте маалымат базасын түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылган, СМЭСте маалымат ресурсунан пайдаланууга катышуучулардын укугун аныктаган жана комплекстин бүтүндөй иш тартибин жөнгө салган жак. Администратордун функциясын Улуттук банктын, бүтүмдөрдү ишке ашыруу процессине алардын ушул Эрежелердин талабына жооп бериши көз карашынан мониторинг жүргүзүлүшүнө жооп берген, структуралык бөлүмү аткарат.
10. Бүтүмгө келишилген күн - СМЭСте бүтүмгө келишилген күн.
11. Валюталоо күнү - акча каражаттарын СМЭС аркылуу бүтүмгө келишүү шарттарына ылайык, тоорук катышуучуларынын эсебине иш жүзүндө чегерүү (каражаттын түшүүсү) жүзөгө ашырылган иш күнү.
12. Дилер - катышуучу тарабынан анын атынан СМЭСте операция жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген адам.
13. Дилердин жумуш орду - СМЭСке туташтырылган компьютердик терминал.
14. Бүтүм - чет өлкө валютасын сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда түзүлгөн келишим, мында келишимдин бир тарабы чет өлкө валютасын сатып, экинчи тарабы макулдашылган баада жана келишилген шарттарда, чет өлкө валютасын сатып ала алат.
15. Дилердин иш ордундагы техникалык үзгүлтүктөр - дилердик иш ордунун СМЭС менен өз ара аракеттенүү ыргагы техникалык себептерден бузулушунан улам, ошол катышуучунун тоорук сессиясына белгилүү бир убакыт аралыгында андан-ары катышуусунун мүмкүн эместиги.
16. СМЭСтеги техникалык үзгүлтүктөр - СМЭСтин иш ыргагынын техникалык себептерден бузулушунан улам, бардык катышуучулардын тоорук сессиясына белгилүү бир убакыт аралыгында катышууга мүмкүн эместиги.
17. Соода-маалыматтык электрондук система (СМЭС) - Улуттук банктын телекоммуникациялык серверден, системанын серверинен, системанын катышуучуларынын иш орундарынан жана программалык камсыздоодон турган, банктар аралык валюта рыногунда иш алып баруу үчүн каралган программалык-техникалык комплекси.
18. Тоорук сессиясы - билдирмелерди берүүгө жана СМЭСте тоорук катышуучуларынын ортосунда бүтүмдөргө келишүүгө жол берилген убакыт аралыгы.
19. Тоорук күнү - Кыргыз Республикасынын расмий жарыяланган иш күнү, ошол күнү Кыргыз Республикасынын банктар аралык ички валюта рыногунда СМЭС аркылуу тооруктар өткөрүлөт. Эрежедегидей эле, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү, тоорук күндөрү болуп саналат.
20. Тоорук катышуучулары (катышуучу) - СМЭСке өтүү мүмкүнчүлүгүн алышкан коммерциялык банктар.
21. СМЭСке туташуу б.а. тооруктарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн коммерциялык банк, СМЭСке туташууга тиешелүү билдирмени Улуттук банкка жөнөтүүгө жана төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- ушул Эрежелердин 5-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды чектөөсүз жүргүзүүгө улуттук жана чет өлкө валютасындагы банк операцияларын ишке ашырууга Улуттук банктын лицензиясынын болушу;
- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу;
- чет өлкө банк-корреспондентте чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебинин же Кыргыз Республикасынын чет өлкө банк-корреспондентте корреспонденттик эсеби бар коммерциялык банктарынын биринде корреспонденттик эсебинин болушу;
- ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык, тоорук катышуучуларынын милдеттенмелерге кол коюшу;
- кол коюлган Кодекстин болушу;
- кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискалары түшүрүлгөн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн банктык карточканын болушу;
- ушул Эрежеге карата 2-тиркемеге ылайык, операцияларды СМЭС аркылуу ишке ашырууга ыйгарым укуктуу дилерлерге берилген ишеним каттын болушу;
- СМЭСке туташуу үчүн зарыл болгон төмөнкү техникалык талаптарга дал келүүсү: кардардын иш ордуна карата талаптардагы техникалык мүнөздөмөлөргө ылайык келген жана банктар аралык коммуникациялык түйүнгө туташтырылган, бир ядролуу персоналдык компьютердин болушу;
- консервация (санация, реабилитация), өз эрки боюнча жоюлуу жана мажбурлап жоюу (анын ичинде банкроттук процесси) абалында болбосо, ошондой эле кредиторлордун талаптарын аткарууга жөндөмсүздүгү же андан баш тартышынын натыйжасында келип чыккан башка мамилелердин орун албашы жана мыйзам актыларынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамында каралган нормаларды бузууга жол берилген учурлар катталбаса.
22. Ушул Эрежелердин 21-пунктунда көрсөтүлгөн процедураларды жана талаптарды аткаргандан кийин, тооруктардын ар бир катышуучусуна андан-ары авторизациялоодо колдонула турган катышуучунун катталган коду, жеке коду жана СМЭСке өтүү үчүн парол ыйгарылат.
23. Ушул Эрежелердин 22-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты, Улуттук банктын маалыматтын коопсуздугу жана сакталышы боюнча жооп берген структуралык бөлүмү тоорук катышуучусуна кат аркылуу, чапталган конвертте жөнөтөт.
24. Ушул Эрежелердин 22-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар купуя сакталууга тийиш жана аларды үчүнчү жакка берүүгө жана ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
25. СМЭСке туташуу учурунда тоорук катышуучусу тарабынан алынган программалык камсыздоо, Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана ал үчүнчү жакка берилбейт.
26. Тоорук катышуучусу СМЭСтен санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө максатында, дилерлер иштеп жаткан жайга кирүү мүмкүнчүлүгүнө чектөөлөрдү камсыз кылууга тийиш.
27. Тоорук катышуучусунун дилери "СМЭСти пайдалануучунун колдонмосу" менен таанышып чыгууга тийиш, ал СМЭСке туташтыруу жол-жобосунан кийин администратор тарабынан тооруктардын ар бир катышуучусуна берилет.
28. Тоорук катышуучуларынын милдеттенмелерине жана дилерлерге берилген ишеним катка, коммерциялык банктын аткаруу органынын биринчи колтамга коюуга укугу бар жетекчисинин колу коюлат.
29. Дилерлерге ишеним кат ар бир жаңы жылдын башталышына карата тоорук катышуучуларына берилет жана ал ошол жылдын акырына чейин колдонулат. Эгерде, дилерлердин курамы өзгөргөн болсо, катышуучу жаңы ишеним кат берүүгө тийиш.
30. Администратор СМЭСке билдирүүлөрдү берүү системасы аркылуу ага ар бир жаңы туташкан катышуучу жөнүндө маалымдап бардык катышуучуларына турат.
31. Дилер СМЭСке өтүү үчүн ушул Эрежелердин 22-пунктунда көрсөтүлгөн жеке кодун жана ага өтүү паролун киргизүү менен авторизациялоодон өтүүгө тийиш.
32. Тоорук катышуучулары күн сайын саат 8.30дан 9.00гө чейин (бул жерде жана мындан ары Бишкек убактысы көрсөтүлгөн) СМЭС аркылуу өткөн иш күнүнүн акырына карата абал боюнча, валюта позицияларына тиешелүү төмөнкү маалыматтарды берүүгө тийиш:
- валютанын түрү (АКШ доллары, евро, казак тенгеси, орус рубли жана англия фунт стерлинги);
- позиция (узун/кыска);
- абсолюттук маани (улуттук валютада) жана салыштырмалуу маани (таза суммардык капиталдан пайыздарда).
33. Тоорук сессиялары күн сайын саат 10.00дөн 12.00гө чейин жана 13.00дөн 17.00гө чейин өткөрүлөт, бул убакыт аралыгында дилерлер СМЭСке билдирмелерди киргизүүгө жана мурда киргизилгендерин өзгөртүүгө жана бүтүмгө келишүүгө укуктуу.
34. Кыргыз Республикасында иш күнү эмес деп расмий жарыяланган майрам күндөрүнө чейинки күнү тоорук сессиялары саат 10.00дөн 12.00гө чейин 13.00дөн 16.00гө чейин ишке ашырылат.
35. СМЭСке билдирмелерди киргизүү жана өзгөртүү учурунда, ушул Эрежелердин 48-пунктуна ылайык биринчи кезекте өткөрүлүүчү билдирмелерди аныктоо үчүн зарыл болгон убакыт автоматтык түрдө катталат.
36. Катышуучу тарабынан ушул Эрежелердин 32- жана 33-пункттарынын талабын бузууга жол берүү, аны тоорукка катышуудан четтетүү үчүн негиз болуп саналат.
37. Кыргыз Республикасынын ички валюта рыногундагы абалга кесепеттүү таасирин тийгизиши ыктымал болгон жагдайлар келип чыккан учурларда жана адаттагыдан башкача жагдай түптөлгөн шартта, Улуттук банк республиканын ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу максатында, тоорук сессияларынын убактысын узартууга укуктуу. Бул учурда администратор тоорук сессияларынын иш убактысы өзгөртүлгөндүгү тууралуу бардык катышуучуларга СМЭСке билдирмелерди берүү системасы аркылуу алдын-ала маалымдоого тийиш.
38. СМЭСке өтүү учурунда тоорук сессиясы ичинде дилерлер билдирмеде төмөнкү маалыматтар топтомун чагылдырууга тийиш:
- валютанын түрүн (СМЭСте тиешелүү көзөнөкчөнү тандоо);
- билдирменин багыты (сатуу же сатып алуу);
- валюта курсу (үтүрдөн кийин төрт белгиге чейинки тактыкта көрсөтүлүүгө тийиш);
- билдирменин көлөмү (бүтүм ишке ашырылган валютада көрсөтүлүүгө тийиш).
СМЭСте АКШ доллары, казак тенгеси жана орус рубли боюнча билдирмелердин минималдуу жол берилген көлөмү чет өлкө валютасынын 50000 бирдигин, евро жана англия фунт стерлинги боюнча чет өлкө валютасынын 10000 бирдигин түзөт.
39. Билдирменин көлөмүнүн көрсөтүлбөшү, ошол дилердин СМЭСте билдирмелердин минималдуу жол берилген көлөмүнөн кем болбогон көлөмдө, сунушталган курс боюнча бүтүмгө келишүүгө ниетин түшүндүрөт.
40. Эгерде, тоорук катышуучусу сунушталган билдирме боюнча бүтүмгө келишпөө ниетин билдирүү менен СМЭСте бүтүмгө келишүү процессине тоскоолдук кылса, тооруктун кайсыл болбосун башка катышуучусу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу администраторго тоорук катышуучусу тууралуу билдирме менен кайрылууга укуктуу. Администратор сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу, тоорукту өткөрүүгө тоскоолдук кылган ошол катышуучуга, бүтүмгө келишүү же билдирмени алып салуу зарылчылыгын көрсөтүү менен эскертүү маалыматын жөнөтөт. Эгерде катышуучу ошол эскертүүнү аткарбаса, бул жагдай тооруктарга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн аны четтетүү үчүн негиз болуп саналат.
41. Бүтүмгө келишүү учурунда дилерлер ар бир өзүнчө бүтүм боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш (СМЭСте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн мисалы, ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеде келтирилген), анын жүрүшүндө бүтүм боюнча төмөнкү шарттар макулдашылат:
- валюта түрү;
- операциянын түрү (нак эмес/накталай);
- билдирменин багыты (сатып алуу жана сатуу);
- валюта курсу;
- валютанын көлөмү;
- валюталоо күнү.
СМЭС сүйлөшүүлөрдү автоматтык түрдө жазып алууну жүзөгө ашырат.
42. Ушул Эрежелердин 41-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдүн бардык шарты боюнча өз ара макулдашууга жетишилген шартта, тоорук катышуучусунда СМЭСте сатып алуу/сатуу келишимин түзүү аркылуу дароо бүтүмгө келишүү милдеттенмеси келип чыгат. СМЭС ошол бүтүмдү каттоодон өткөрөт жана мында бүтүм келишилген катары эсептелинет.
43. СМЭС системасында келишилген ар бир бүтүмгө автоматтык түрдө каттоо номери ыйгарылат.
44. Администратор тоорук катышуучусунун кат жүзүндөгү талабы боюнча ошол катышуучунун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнөн толтурулган протоколдорду кагазга чыгарып берет.
45. Администратор "Күндүн маалыматы" иш ыргагы аркылуу, чет өлкө валюталарынын Улуттук банк тарабынан аныкталган расмий курстарын жана акча рыногуна тиешелүү башка маалыматтарды СМЭСке жайгаштырат.
46. Тоорук катышуучусу "Кулактандыруулар тактасы" иш ыргагы аркылуу, Кыргыз Республикасынын банктар аралык ички валюта рыногунда өз ишине тиешелүү маалыматтарды (банктык эсептеринин реквизиттерин ж.б. маалыматтарын) СМЭСке жайгаштыра алат.
47. Тоорук катышуучулары сунушталган билдирмелердин негизинде гана бүтүмдөргө келише алат.
48. СМЭСте бүтүмдөргө келишүү учурунда тоорук катышуучулары төмөнкүлөрдү сактоого милдеттүү:
- тоорук катышуучусунун сатып алууга билдирме жөнөтүүсү учурунда, минималдуу сатуу курсун сунуштаган катышуучу менен бүтүмгө келишилет;
- тоорук катышуучусу сатууга билдирме сунуштаган шартта, максималдуу сатып алуу курсун сунуштаган катышуучу менен бүтүмгө келишилет;
- эгерде, валюталардын бирдей курсун көрсөтүү менен бир нече билдирме түшкөн болсо, ошол курс боюнча мурда билдирме берген катышуучу валюталардын сунушталган көлөмүнө көз карандысыз, биринчи кезекке ээ болот. Эгерде, баштапкы сунушталган көлөмдөн толук эмес көлөмдө валюталарды сатып алуу/сатуу ишке ашырылса, бүтүм билдирме берген учуруна жараша тооруктун кийинки катышуучусу менен түзүлөт. Убакыт аралыгы боюнча котеровкалардын артыкчылыктуу принциптерин сактоо менен бүтүмгө келишүү мисалы, ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеде келтирилген.
49. Тоорук катышуучуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- валютанын алмашуу курстарынан пайда көрүү максатында, алдын-ала келишип алууга;
- рынокто алардын иш алып баруусун өзгөртүү максатында, башка катышуучуларга тике же кыйыр түрдө басым жасоого;
- рынок жагдайына басым жасоо максатында, тооруктун башка катышуучуларынын арасында жалган маалыматтарды таркатууга;
- тоорук катышуучуларына одоно мамиле жасап, оройлукка жол берүүгө, бүтүм боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө.
50. Бүтүмдөр боюнча сүйлөшүүлөр ишкердик этиканын эрежелеринде жүргүзүлүүгө тийиш.
51. Тоорук катышуучулары операциялардын талаптагыдай жүргүзүлүшүнө жана келишилген бүтүмдөр боюнча купуялуулуктун сакталышына толук жоопкерчиликтүү болушат.
52. Тоорук катышуучусу ушул Эрежелердин 48- жана 49-пункттарынын талабын бузууга жол берген учурда, администратор анын дарегине эскертүүлөрдү жөнөтөт.
53. Тоорук катышуучусу тарабынан ушул Эрежелердин 48- жана 49-пункттарынын талабын бир нече жолу бузууга жол берилсе, бул ошол катышуучунун тоорукка катышууга мүмкүнчүлүгүн чектөө үчүн негиз болуп саналат.
54. Тоорук катышуучуларынын бүтүм боюнча милдеттенмелери ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык, бүтүмгө келишилгенден кийин келип чыгат жана ал толук аткарылганга чейин күчүндө турат.
55. Бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр бүтүм шарттарына ылайык, тиешелүү валюталоо күнүндө түздөн-түз тоорук катышуучусу тарабынан ишке ашырылат.
56. Тоорук катышуучуларынын бэк-офис функцияларын аткарышкан бөлүмү бүтүмгө келишилген күнү, андан кийин дароо жыйынтыктап эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейин келишилген бүтүмдөр боюнча тастыктамалар менен алмашуулары зарыл.
57. Администратор бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү жана тоорук катышуучуларынын бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерин аткарбай койгондугу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
58. Тоорук катышуучулары тиешелүү тастыктоочу документтерди сунуштоо менен тоорук катышуучуларынын бири алган милдеттенмесин аткарбай койгондугу жөнүндө арыз менен администраторго кайрылууга укуктуу. Милдеттенменин аткарылбай калгандыгы фактысы тастыкталган шартта, администратор ошол катышуучуну өз милдеттенмесин толук аткарганга чейин тоорукка катышуудан четтетүүгө укуктуу.
59. Дилердин иш ордунда техникалык мүнөздөгү үзгүлтүктөр келип чыгып, тоорук катышуучусу аны өз алдынча четтете албаган жагдай орун алса, дилер ал тууралуу администраторго маалымдайт. Администратор тоорук катышуучусунун тиешелүү техникалык кызматтары жана Улуттук банк менен бирдикте, келип чыккан үзгүлтүктөрдү четтетүү боюнча чараларды көрөт.
60. СМЭСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан же болбосо системанын ыргактуу ишине кедергисин тийгизген башка кесепеттүү жагдайлар түптөлгөн учурда, СМЭСтин иши администратор тарабынан ошол техникалык үзгүлтүктөр четтетилгенге чейин токтотулушу мүмкүн.
61. Эгерде, СМЭСте тоорук сессиясы бүткөнгө чейин четтетүү мүмкүн болбогон техникалык үзгүлтүктөр келип чыгып, ошондой эле системанын ыргактуу ишине тоскоолдук кылган күтүүсүз жагдайлар (бөөдө кырсыктар, ж.б.) учурунда СМЭСтин иши токтотулушу мүмкүн.
62. Администратор жана тоорук катышуучулары күтүүсүз жагдайлардан улам СМЭСте келип чыккан техникалык үзгүлтүктөрдүн негизинде орун алган чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
8. Корутунду жоболор
63. Кыргыз Республикасынын банктар аралык ички валюта рыногунда СМЭС аркылуу операцияларды жүргүзүү тартиби, ушул Эрежелер аркылуу жөнгө салынат.
64. Бул Эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан республиканын ички банктар аралык валюта рыногунда СМЭС аркылуу операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан сунушталышы мүмкүн.
| Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелерине карата № 1 тиркеме |
Тоорук катышуучусунун милдеттенмеси
20__-жылдын "__" _________
Ушул аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) _______________ негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын ички банктар аралык валюта рыногуна катышууга ниетин тастыктайт жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын "__" ________ № ___ токтому менен бекитилген Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелеринин талаптарын кыйшаюусуз сактоого жана аткарууга милдеттенет.
М.О.
Аты-жөнү, кызматы Колтамгасы
| Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелерине карата № 2 тиркеме
|
Дилерлерге берилген ишеним кат
20__-жылдын "__" _________
Бул ишеним кат аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) ____________________ негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу банктар аралык валюта рыногунда операцияларды жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга ыйгарым укук чегерет.
№ | Дилердин аты-жөнү | Кызматы | Колтамга үлгүсү |
1. 2. 3. … |
|
|
|
Бул ишеним кат үчүнчү жакка берилбейт жана 200_-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мөөнөткө же дилердин курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу анын аракети токтогонго чейин күчүндө болот.
М.О.
Аты-жөнү, кызматы Колтамгасы
| Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелерине карата № 3 тиркеме
|
Мисалдар
1-мисал. СМЭСте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн мисалы
Катышуучу "А": Бакыт саламатсызбы, 200,0 миң нак долларды "бүгүн" валюталоо менен хх,хххх курс боюнча сатам.
Катышуучу "Б": саламатчылык Сергей, 200,0 миң нак долларды "бүгүн" валюталоо менен США хх,хххх курсу боюнча сатып алам.
Катышуучу "А": макулмун.
Катышуучу "Б": макулмун.
Катышуучу "А": рахмат, жолугушканга чейин.
Катышуучу "Б": рахмат, жолугушканга чейин.
2-мисал. Убакыт боюнча котировкалардын артыкчылыктуулугу принцибин
сактоо менен бүтүмдөргө келишүү мисалы
Катышуучу "А" 550,0 миң АКШ долларын 12,3456 курсу боюнча сатууга билдирме берсе, катышуучу "Б" жана "С" ошол эле курс боюнча (12,3456) 50,0 жана 550,0 миң АКШ доллары көлөмүндөгү билдирмени, тиешелүүлүгүнө жараша 10:02:00до жана 10:07:03 сунуштаган.
Биринчи кезекте катышуучу "А" катышуучу "Б" менен 50,0 миң АКШ долларына бүтүмгө келишүүгө тийиш анткени, катышуучу "Б"нын билдирмеси катышуучу "С"нын билдирмесинен мурдараак берилген. Андан ары катышуучу "А" валютанын сатууга сунушталган баштапкы көлөмүнөн калган көлөмдүн чегинде, катышуучу "С" менен 500,0 миң АКШ долларына бүтүм түзүүгө тийиш.