Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-сентябры № 39/6
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2006-жылдын 2-мартында 5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, № 2009/11 жарыяланды
3. Юридикалык бөлүм токтомду Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
М. Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/6 токтому менен бекитилген |
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 1-главасынын 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ислам банкы же "ислам терезесине" ээ банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте банк операцияларын жүзөгө ашыра алат.".
2. Жобонун 1-главасынын 1.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.2. Банк акционердик коом (жабык же ачык) формасында гана түзүлөт жана иштей алат.".
3. Жобонун 1-главасынын 1.16-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Банктык жайлар, анын ичинде филиалдардын жана аманат кассалардын жайлары "Кыргыз Республикасындагы банктардын, финансы-кредит мекемелердин техникалык жактан жабдылышы жана алардын коргоого алынышы тартибине карата бирдиктүү талаптар жөнүндө" нускоодо белгиленген техникалык жактан жабдылышы (касса түйүндөрүнүн сактоо жайларынын ж.б. жайлардын жабдылышын кошо алганда) боюнча, ошондой эле өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп берүүгө тийиш.".
4. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 6) пунктчасындагы "Банк Башкармасынын мүчөлөрү" деген сөздөр "Шариат кеңештин мүчөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын.
5. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 6) пунктчасындагы "финансы, кредит боюнча банктын башкы кызматкерлери" деген сөздөрдөн кийин ","ислам терезесинин" жетекчиси, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 7), 8), 12) пунктчаларындагы "башкаруу" деген сөздөн кийин "анын ичинде ишеним боюнча тескөө келишими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
7. Жобонун 1-главасынын 1.18-пунктунун 10) пунктчасындагы "Директорлор кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөрдөн кийин "Шариат кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөр менен толукталсын.
8. Жобонун 1-главасынын 1.18-пункту төмөнкү мазмундагы 19) 24) пунктчалар менен толукталсын:
"19) Ислам банкы - Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык өз ишин жүзөгө ашырган банк;
20) "Ислам терезесине" ээ банк - Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, тиешелүү бөлүмдүн ("ислам терезесинин") алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк;
21) Ислам банк иши жана каржылоо принциптери - Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте, Шариат стандарттарына ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруу эрежелери;
22) "Ислам терезеси" - банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган, тиешелүү бөлүмү;
23) Шариат стандарттары - ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген, эл аралык уюмдар тарабынан (Ислам финансы институттары жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши үчүн Бухгалтердик эсепке алууну жана аудитти уюштуруу уюму) иштелип чыккан жана бекитилген, экономикалык же башка ишкердикти жүзөгө ашыруунун эрежелеринин жыйындысы;
24) Шариат кеңеши - банктын бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариат стандарттарына дал келүүсү үчүн жооп берген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктын органы.".
9. Жобонун 1-главасы төмөнкү мазмундагы 1.20-пункт менен толукталсын:
"1.20. Банк болуп саналбаган, банктын туунду жана караштуу компаниялары иштин төмөнкү түрлөрүн гана жүзөгө ашыра алышат:
1) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, микрофинансылык ишкердиктерди;
2) Кыргыз Республикасынын "Инвестициялык фондулар жөнүндө" мыйзамына ылайык, инвестициялык фондулардын ишин;
3) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" мыйзамына ылайык, камсыздандыруу иштерин;
4) Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамына ылайык, аудитордук иштерди;
5) Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ишти;
6) лизингдик иштерди;
7) ломбарддардын ишин;
8) төмөнкү төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча иштерди:
- эсеп ачуусуз эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү;
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системаларынын катышуучуларына берүү;
- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (банктар аралык процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системаларынын банктар аралык сыяктуу эле банктык эмес катышуучуларына берүү;
- электрондук акча эквивалентиндеги алдын-ала төлөө карттарын чыгаруу, жайылтуу, төлөөгө кабыл алуу жана тастыктоо;
9) карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу;
10) милдеттенмелерин акчалай формада аткарууну үчүнчү жактардан талап кылуу укугуна ээ болуу;
11) кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатууну кошо алганда, брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу;
12) жеке адам же юридикалык жак менен түзүлгөн келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөнү (траст) жүзөгө ашыруу;
13) карыздык баалуу кагаздарды эске албаганда, ченемдик укуктук актыларга ылайык, өз атынан баалуу кагаздарды чыгаруу;
14) ченемдик укуктук актыларга ылайык өз атынан баалуу кагаздарды компания үчүн сатып алуу жана сатуу;
15) компаниянын ишине байланышкан консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.".
10. Жобонун 3-главасы төмөнкү мазмундагы 3.6-3.7-пункттар менен толукталсын:
"3.6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн өтүнүч менен кайрылган жак, ушул Жобонун 3.4-пунктарында көрсөтүлгөн документтерге кошумча, төмөнкү документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш:
1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууга өтүнүч кат;
2) банкты башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын төмөнкүлөр боюнча протоколу:
а) Шариат кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу;
б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруунун саясаттарын жана жол-жоболорун бекитүү тууралуу;
3) Шариат кеңешинин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруунун саясаттарын жана жол-жоболорун жактыруу тууралуу чечими;
4) банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте, жүзөгө ашыруунун маселелерин камтыган уставынын эки нускасы;
5) Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтар;
6) Шариат кеңешинде жактырылган, банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, төмөнкүлөрдү караган кредиттик саясаты, операциялык саясаты жана банктын башка негизги саясаттары:
а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, алар тарабынан банк операцияларынын жүргүзүлүшүнүн натыйжасында, банк дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, аларга көз салуу, контролдук кылуу жана мониторинг жүргүзүү жол-жоболору;
б) банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүзөгө ашыруусунан улам мүмкүн болуучу бардык тобокелдиктерди туруктуу негизде минимизациялоо боюнча документтери, жөнгө салуучу контролдук чаралары;
7) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган типтүү келишимдер.
3.7. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктын банк Башкарманын Төрагасынын кызматына дайындалган адам, дайындалган күндөн кийинки 14 күн ичинде, мурда ээлеген кызмат ордун бошотуп берүүгө милдеттүү.".
11. Жобонун 4-главасынын 4.10-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын: "электрондук формасын кошо тиркөө менен тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн банктын акционерлеринин реестрин. Андан кийин акционерлердин курамына кандай болбосун өзгөртүүлөр киргизилген шартта, акционерлердин реестрине өзгөртүүлөр киргизилген учурдан кийинки 5 жумуш күнү ичинде, банктын акционерлеринин өзгөртүлгөн реестри кагаз жүзүндө жана электрондук формада Улуттук банкка берилиши зарыл".
12. Жобонун 5-главасынын 5.10 пунктунун 2-сүйлөмүндөгү "уставдык капталдын" деген сөздөрдөн кийин " жана уставдык капиталдын бир же андан ашык пайызына ээ болгон, банк катышуучуларынын (акционерлердин) юридикалык делолору" деген сөздөр менен толукталсын.
13. Жобонун 6-главасынын 6.4. пунктунун 4) пунктчасынын а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"а) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документи менен ("Кыргыз Республикасындагы банктардын, финансы-кредит мекемелердин техникалык жактан чыңдалуусу жана алардын коргоого алынышы тартибине карата бирдиктүү талаптар жөнүндө" Нускоого ылайык) тастыкталган техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга (касса түйүндөрүнүн, сактоо жайын жана башка жайларды жабдылышын кошо алганда);".
14. Жобонун 8-главасынын 8.4.-пункту төмөнкү мазмундагы 4), 5) пунктчалар менен толукталсын:
"4) ислам каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна лицензия (30,31-тиркемелер);
5) ислам каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна лицензия (32,33-тиркемелер);".
15. Жобонун II бөлүгү "Лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндөгү өтүнүчтү кароо тартиби" деген төмөнкү мазмундагы 9-1-глава менен толукталсын:
"9-1-глава
Лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
9-1.1. Улуттук банктын лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга макулдугун алуу үчүн банктын Директорлор кеңеши тиешелүү чечимди кабыл алган күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде, банк Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу маселесин кароо жөнүндө Директорлор кеңешинин Төрагасынын кол тамгасы коюлган, банктын өтүнүчү;
2) маселенин талкууга алынышын чагылдырган жана банк иш чөйрөсүн кеңейтүүгө уруксат Берген Директорлор кеңешинин чечимин камтыган, Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган протоколу;
3) Директорлор кеңеши тарабынан болжолдонуп жаткан операцияларга жана алардын банк ишине тийгизүүчү таасирин ар тараптан анализдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана Директорлор кеңеши тарабынан жаңы операцияларда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер идентификациялангандыгын тастыктаган документ;
4) банктын болжолдонуп жаткан операциялар боюнча, чектөөлөрдү алып салуунун экономикалык негиздемелерин камтыган бекитилген бизнес-планы;
5) болжолдонуп жаткан операциялардан алынуучу кирешелердин прогнозу;
6) персоналдын квалификациялуу экендигин тастыктаган маалыматтар;
7) банк ишин пландаштырылып жаткан кеңейтүүгө байланыштуу кайра каралган уюштуруу түзүмүн (зарылчылыгына жараша);
8) болжолдонуп жаткан операциялар боюнча ишти жөнгө салган, банктын ички бекитилген саясаттары.
9-1.2. Банктын ички саясаты ички контролдун адекваттуу деңгээлин камсыз кылуу менен төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) болжолдонуп жаткан операциялардын жүргүзүлүшүнө байланыштуу келип чыгуусу мүмкүн болгон тобокелдиктерге көз салууга жана контролдукка баа берүү;
2) болжолдонуп жаткан операцияларды бухгалтердик эсепке алуу жол-жоболору;
3) келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерге бөгөт коюу боюнча туруктуу негиздеги контролдук чаралар;
4) техникалык жактан толук жабдылгандык жана Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттар жана эрежелер боюнча, маалыматтарды берүүгө банктын даярдыгы.
9-1.3. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга берилген документтерди кароо мөөнөтү, белгиленген талаптарды канааттандырган, документтерди берген күндөн кийинки 2 календардык айдан ашпаган мөөнөт белгиленет.
9-1.4. Банктарды лицензиялоо бөлүмү банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт, анда банктын финансылык абалы, анын техникалык жактан жабдылышынын аткарылып жаткан операциялар чөйрөсүнүн болжолдонуп жаткан кеңейүүсүнө шайкештиги жана персоналынын тиешелүү квалификацияга ээ экендигине тиешелүү так маалымат камтылуу менен ал Улуттук банк Башкармасынын кароосуна берилүүгө тийиш.
9-1.5. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияга карата чектөө баракчаларын алмаштыруу, ушул жобонун II бөлүгүнүн 8-главасынын 8.10-пунктуна ылайык, Улуттук банк Башкармасынын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө чечимин кабыл алган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.".
16. Жобонун 9-главасынын 9.6-пунктундагы "Экономика жана каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. Жобонун 10-главасынын 10.1-пунктунун 2) пунктчасы жана 10.2пунктунун 2) пунктчасы "башкаруу" деген сөздөн кийин "анын ичинде ишеним боюнча тескөө келишимине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
18. Жобонун 13-главасынын 13.1-пунктундагы "Директорлор кеңешинин мүчөлөрү" деген сөздөр, "Шариат кеңешинин мүчөлөрү," деген сөздөр менен толукталсын.
19. Жобонун 13-главасынын 13.1-пунктундагы "башкы бухгалтер" деген сөздөр ", ислам терезесинин жетекчиси, ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги" деген сөздөр менен толукталсын.
20. Жобонун 13-главасынын 13.2-пунктундагы "14-главага ылайык" деген сөздөрдөн кийин ", 14-1" кошулуп жазылсын жана андан ары текст боюнча кетсин.
21. Жобонун 13-главасынын 13.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "13.3. Башкарманын төрагасы, башкарманын төрагасынын кредиттик ишке түздөн-түз жооп берген орун басары(лары), башкарманын төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген(беришкен) орун басары(лары), башкарма мүчөлөрү, башкы бухгалтер, ички аудит кызматынын жетекчиси Улуттук банкка макулдашуу мезгилинде өз милдеттерин мөөнөттүү эмгек келишими боюнча аткарышат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарга талапкерлер, дайындалган учурга чейин банктын мөөнөтсүз эмгек келишими боюнча иштеген кызматкерлеринен болуп эсептелсе, алар Улуттук банк бекиткен мезгил аралыгында жаңы кызмат оруну боюнча милдеттерди аткаруучулар болуп саналышат.".
22. Жобонун 13-главасынын 13.7-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Улуттук банкка, жолдомолорду берүүсүз эле, ушу жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча толтурулган, фронт-офис функцияларын аткарган структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерине анкеталар маалымат үчүн берилет".
23. Жобонун 14-главасынын 14.11-пунктундагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. Жобонун IV бөлүгү "Ислам банкынын жана "ислам терезесине ээ" банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар" деген төмөнкү мазмундагы 14-1 глава менен толукталсын:
"14-1-глава
Ислам банкынын жана "ислам терезесине ээ" банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар
14-1.1. Шариат кеңешинин мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) жогорку билими тууралуу дипломунун;
2) Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук документтерин кошо алганда, ислам каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар жагындагы билим деңгээли;
3) ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билим деңгээлге ээ экендигин жана бул багыттагы окутуудан ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган документтердин болушу;
4) Шариат кеңешинин төрагасынын Шариат жагында укук жана/же соода иши багыты боюнча жогорку билиминин бардыгы жөнүндө диплому (жалпы таанылган жогорку окуу жайларынан алынган) жана ислам банкынын, "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинде же ислам финансы уюмунда кеминде 1 жылдык иш стажы болууга тийиш;
5) Жобонун ушул бөлүгүнүн 16-главасындагы шарттарга жатпаса.
14-1.2. Шариат кеңешинин мүчөсүн шайлоо учурунда, Шариат кеңешинин жаңы мүчөсүнө талапкер, Жобонун ушул главасынын 14-1.5-пункттарына ылайык макулдашылууга тийиш.
14-1.3. Шариат кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 24-1 статьяларынын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.
14-1.4. Шариат кеңешинин мүчөлөрү көз карандысыз болууга тийиш. Көз карандысыздык деген - бул:
1) ал акыркы үч жыл аралыгында банктын кызматкери же банк башкармасынын мүчөсү болуп саналган эмес же болгон эмес жана/же көрсөтүлгөн адамдардын жакын тууганы да болуп саналбайт;
2) ал банктын олуттуу катышуучусунун жакын тууганы болуп саналбайт;
3) анын банк менен жана/же башка аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ башка юридикалык жактын олуттуу коммерциялык, ишкердик же финансылык мамилелери, ошол адамдын банктын таламында объективдүү чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбейт. Мында, Шариат кеңешинин мүчөсү төмөнкүлөрдөн болбоого тийиш:
а) чогуу алгандагы карызы банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 10% ашкан банктын карыз алуучусу;
б) анын чогуу алгандагы карызы банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнөн 10% ашкан банктын карыз алуучусу болуп саналган юридикалык жактын аткаруу (байкоо) органынын мүчөсү;
в) банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ жана/же банк же юридикалык жактын алдында жалпы карызы бар бир же андан көп юридикалык жактарга контролдукту жүзөгө ашырууга, банк менен жалпы кызыкчылыгы барларды Улуттук банктын кредиттөө боюнча критерийлерине ылайык, бир жактын чогуу алгандагы карызы катары кароого болот;
г) банкка жалпы жылдык суммасы ошол жактын жалпы жылдык дүң кирешесинин 10 пайызынан көбүрөөк товарларды жана кызматтарды сунуштоого;
д) банк алдында "жоготуу" катары классификацияланган кредит боюнча карызы болбоого;
е) банктан же банк менен жалпы кызыкчылыгы бар кайсы болбосун башка юридикалык жактан кредит алган жана ошол кредит "жоготуу" катары классификацияланган юридикалык жактын байкоо, аткаруу органдарынын мүчөсү;
ж) ушул пунктчанын а),-е) абзацтарында көрсөтүлгөн кайсы болбосун жактын жакын туугандарынан.
14-1.5. Шариат кеңешинин төрагалыгына жана мүчөлүгүнө талапкерлерди макулдашуу, ушул Жобого карата 18-тиркемеде келтирилген форма боюнча анкета берүү менен чектелет. Шариат кеңешинин төрагасы кошумча дагы ушул Жобонун 17-главасынын 17.3-17.6-пункттарынын талаптарын эске алуу менен эки жолдомону берүүгө тийиш.
14.1.6. Банк Шариат кеңешинин мүчөсү шайлангандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына мүчөлөр шайлангандыгы жөнүндө билдирмелерди берүүгө тийиш. Он жумуш күнү ичинде, ал эми бул кызматка резидент эмес шайланган/дайындалган шартта, талапкер шайланган/дайындалган учурдан кийинки 30 календардык күн ичинде банк, талапкерлерди макулдашуу жөнүндө кат/өтүнүчтү төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына бериши зарыл:
1) талапкерди шайлоо/дайындоо же аны милдетинен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын отурумунан толтурулган протоколдун (эмгек келишимдин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) белгиленген формадагы анкетаны (жобого карата 18-тиркемеде келтирилген форма боюнча Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн).
14.1.7. Улуттук банкка берилген анкетада камтылган маалыматтар өзгөргөн шартта, Улуттук банкка макулдашуудан өткөн кызмат адамдары өзгөртүү киргизилгенден кийинки 10 жумуш күнү ичинде, алар тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
14.1.8. Сунушталган документтер Жобонун ушул бөлүгүнүн 17-главасынын 17.9-17.14-пункттарына ылайык, Улуттук банк тарабынан кароого алынат.
14.1.9. Шариат кеңешинин Төрагалыгына жана мүчөлөрүнүн кызматына талапкерлер Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун 14-1 главасына ылайык белгиленген талаптарга жооп бербеген шартта, Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы банктын дарегине тиешелүү кат жөнөтөт.".
25. Жобонун 15-главасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"15-Глава
Башкарма мүчөлөрүнө, башкы бухгалтерге, ички аудит кызматынын(бөлүмүнүн)жетекчисине, банктын кредиттик бөлүмүнүн жетекчисине, ислам терезесинин жетекчисине, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигине карата талаптар
15.1. Башкарманын төрагасынын кызматына (резидент эмес банктын филиалынын жетекчиси), башкарманын төрагасынын орун басарына, башкарма мүчөлөрүнө, башкы бухгалтерге, кредит бөлүмүнүн жетекчисине, ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисине, ислам терезесинин жетекчисине, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигине талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) толук жогорку билими же магистр даражасы ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломунун болушу;
2) кызмат ордуна талапкердин төмөнкүдөй эмгек стажы болууга тийиш:
а) банк башкармасынын төрагасы, (резидент эмес банктын филиалынын жетекчиси)- банк жана/же финансы жана/же экономика системасында кеминде 5 жылдык, анын ичинде жетекчи кызматтарда кеминде 2 жылдык;
б) төраганын орун басарлары, башкарманын мүчөлөрү - банк жана/же финансы жана/же экономика системасында кеминде 2 жылдык;
в) ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчиси жана башкы бухгалтери - банк жана/же финансы жана/же экономика системасында кеминде 3 жылдык;
г) кредит бөлүмүнүн жетекчиси, "ислам терезесинин" жетекчиси, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги - банк системасында кеминде 1 жылдык;
3) Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзам актылары, банктык тобокелдиктерди тескөө жагында жана кайсы чөйрөдө иштей турган болсо, ошол багыт боюнча билим деңгээлинин болушу, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү; төраганын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген орун басары, "ислам терезесинин" жетекчиси жана ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги кошумча дагы, тиешелүү сертификаттар же документтер менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча билим деңгээлге ээ болууга тийиш.
15.2. Башкы бухгалтер жана ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисинин кызматына талапкерлер жобонун ушул главасынын 15.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга карата кошумча, төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) башкы бухгалтер - бухгалтердик эсепке алуу жана финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын жана ал боюнча тиешелүү сертификаттарынын болуусу.
Мындан тышкары, ислам банкынын же "ислам терезесине" ээ банктын башкы бухгалтери жана Ислам финансы институттары үчүн (ААОIFI) бухгалтердик эсепти, аудитти уюштуруу стандарттарын кошумча билүүгө жана тиешелүү сертификаттарга ээ болууга, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча Эсептер планын билүүгө тийиш;
2) ички аудит кызматынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзамдарын, аудиттин эл аралык стандарттарын жана банктардагы ички аудиттин эл аралык стандарттарын билүүгө, көрсөтүлгөн багыттар боюнча тереңдетилген окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (күбөлүгү) болууга, ошондой эле тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган (Банктык окуу борбору, Бухгалтерлер жана аудиттер бирикмеси жана башка окуу борборлору) Финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш.
Мындан тышкары, ислам банкынын же "ислам терезесине" ээ банктын ички аудит кызматынын жетекчисинин ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кошумча билимге ээ болуусу, Ислам финансы институттары (ААОIFI) үчүн бухгалтердик эсепти, аудитти уюштуруу уюмунун стандарттарын билүүсү жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын же документинин болуусу зарыл.
15.3. Башкарманын төрагасынын, кредиттик ишке жооп берген башкарманын төрагасынын орун басарынын(ларына), башкарманын төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген(ишкен) орун басарынын(ларынын), ички аудит кызматынын жетекчисинин, башкы бухгалтердин кызмат ордуна талапкерлерди макулдашуу, ушул Жобонун 17-главасынын 17.11-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
15.4. Банк башкармасынын мүчөлөрүнүн, кредит бөлүмүнүн жетекчисинин, "ислам терезесинин" жетекчисинин жана ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин кызмат ордуна талапкерлерди макулдашуу, тиешелүү анкеталарды берүү менен гана чектелет.
15.5. Башкарманын мүчөлөрүнүн жана башкарманын төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооп берген орун басар(лар)ынын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик, Директорлор кеңешинин төрагасына жана банк башкармасынын төрагасына, ал эми кредит бөлүмүнүн жетекчисинин, "ислам терезесинин" жетекчисинин жана ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик банк башкармасынын төрагасына жүктөлөт.
15.6. Башкарманын төрагасы, башкарманын төрагасынын орун басары жана башкы бухгалтер алардын талапкерлиги Улуттук банкка макулдашуу жол-жобосунан өткөнгө чейин банктын төлөм документтерине кол коюуга укуктары жок.
15.7. Төлөм документтерине биринчи кол тамга коюуга укуктуу кызматка талапкерлерди Улуттук банкка макулдашуу учурунда, кол коюу укугу, төраганын орун басарынын же башкарманын мүчөсүнүн кызматына макулдашуу жол-жобосунан өткөн адамга ыйгарылып турушу мүмкүн.
15.8. Буга чейин мына ушундай кызмат орундарын ээлөөгө макулдашуудан акыркы 12 ай ичинде өткөн талапкерлер макулдашуудан өтүшпөйт жана ушу жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча анкетаны берүү менен гана чектелишет.".
26. Жобонун 16-главасынын 16.1-пунктунун 4) пунктчасынын а) абзацындагы "14.2." "14.1." деген санга алмаштырылсын.
27. Жобонун 16-главасынын 16.1-пунктунун 4) пунктчасындагы а) абзацындагы "кредит иши үчүн жооп берүүчү төраганын орун басары," деген сөздөрдөн кийин, "банк башкармасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген орун басары(лары)," деген сөздөр менен толукталсын, андан ары текст боюнча кетет.
28. Жобонун 16-главасынын 16.1 пунктунун 4) пунктчасы е) жана ж) төмөнкү редакциядагы абзацтары менен толукталсын:
"е) Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн - ушул Жобонун 14-1 главасынын 14-1.1, 14-1.3, 14- 1.4-пункттары менен;
ж) "ислам терезесинин" жетекчиси, ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги үчүн - ушул Жобонун 15-главасынын 15.1-пункту менен.".
29. Жобонун 17-главасынын 17.1-пунктунун 2) пунктчасындагы "буйруктун" деген сөздөн кийин "(токтомунун, буйруусунун)" деген сөздөр менен толукталсын.
30. Жобонун 17-главасынын 17.1-пунктунун 3) пунктчасындагы "башкарманын төрагасы," деген сөздөрдөн кийин "башкарма төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооп берген(ишкен) орун басары(лары)" деген сөздөр менен толукталсын, мындан ары текст боюнча кетсин.
31. Жобонун 17-главасынын 17.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "макулдашуудан өтпөгөн, бирок ушул Жобонун 13.7-пунктунун талаптарына ылайык, маалымат үчүн анкеталарды беришкен адамдар анкеталар графасында камтылган, маалыматтардын өзгөрүшү учурунда жаңыртылган маалыматтары менен анкеталарды Улуттук банкка берүүгө тийиш".
32. Жобонун 17-главасынын 17.11-пунктундагы "жана башкарма төрагасынын кредит иши үчүн жооп берген орун басарынын" деген сөздөрдөн кийин "башкарма төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген(беришкен) орун басары(лары), Шариат кеңешинин төрагасы" деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча кетсин.
33. Жобонун 17-главасынын 17.14-пунктундагы "Улуттук банк тарабынан" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
34. Жобонун 19-главасынын 19.3-пунктунун 7) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "7) филиал жана касса түйүнү жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы, өрт чыккан жана башка кооптуу жагдайларды дароо билдирген сигнализациялардын орнотулушу талапка ылайык келет жана алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү документтери менен тастыкталган.".
35. Жобонун 19-главасынын 19.4-пункту төмөнкү мазмундагы 7) пунктча менен толукталсын: "7) филиал жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ("Кыргыз Республикасындагы банктардын, финансы-кредит мекемелердин техникалык жактан жабдылышы жана алардын коргоого алынышы тартибине карата бирдиктүү талаптар жөнүндө" нускоо) анын корутундусу.".
36. Жобонун 19-главасынын 19.4-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтердин анкеталары (Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча жолдомолорду берүүсүз эле)".
37. Жобонун 19-главасынын 19.6. пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "19.6. Ушул Жобонун 19.3 жана 19.4-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар жана шарттар сакталбагандыгы аныкталган учурда, Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" банкты жана юридикалык жактарды каттоодон өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине филиалдын банк операцияларын жүзөгө ашырууну баштоосу үчүн белгиленген, Улуттук банктын талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө кат жөнөтөт".
38. Жобонун 19-главасынын 19.8-пунктунда "жобо" деген сөз "бекитилген жобо" деген сөзгө алмаштырылсын.
39. Жобонун 19-главасынын 19.11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"филиалга жаңы жетекчи дайындалган учурда банк, ал тууралуу филиалдын жетекчисинин белгиленген формада толтурулган анкетасын (ушул жобого карата 17-тиркеме (жолдомосуз эле) Улуттук банкка ал тууралуу маалымдайт.
Филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн шартта, банк бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана ага жаңы жайды ижарага алуу келишиминин же ага укукту тастыктаган документтин көчүрмөсүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиал жайгашуучу жай техникалык жактан жабдылышы боюнча, белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктаган, мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн корутундуну берүүгө милдеттүү.".
40. Жобонун 19-главасынын 19.15-пунктундагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
41. Жобонун 22-главасынын 22.5-пунктунун 2-абзацындагы "Улуттук банк" деген сөз "Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
42. Жобонун 22-главасынын 22.7-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "5) сактык кассасынын жетекчисинин анкеталары (ушул Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген форма боюнча, жолдомолорсуз эле);".
43. Жобонун 22-главасынын 22.7-пункту төмөнкү мазмундагы 7) пунктча менен толукталсын:
"7) сактык кассасы жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктаган кол тамгалар жана ошол мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу.".
44. Жобонун 22-главасынын 22.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "22.9. Сактык кассаларынын жана/же анын жетекчисинин дареги өзгөргөн шартта, банк чечим кабыл алган күндөн кийинки 3 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, Жобонун ушул главасынын 22.7-пунктунда жана 2-жана 5-пунктчаларында каралган документтерди тиркөө менен (өзгөрүүсүнө жараша) бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү".
45. Жобонун 22-главасынын 22.12-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"22.12. Сактык кассасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документи менен тастыкталган, банктык жайларга карата белгиленген техникалык жактан жабдуу боюнча тиешелүү талаптарга жооп берген жайларда (имараттарда) жайгашууга тийиш.".
46. Жобонун 23-главасынын 23.3-пунктунун экинчи абзацындагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
47. Жобонун 25-главасынын 25.1-пунктунун 2) жана 3) пунктчаларындагы "(2 нускасы)" деген сөздөр "(3 нускасы)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
48. Жобонун 25-главасынын 25.2-пунктундагы "отуз" деген сөз "жыйырма беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
49. Жобонун 25-главасынын 25.3-пунктунун 1),2),3) пунктчаларындагы "(2 нускасы)" деген сөздөр "(3 нускасы)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
50. Жобонун 28-главасынын 28.3-пунктунун 2)жана 3) пунктчалары алынып салынсын.
51. Жобонун 28-главасынын 28.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"28.4. Касса түйүнүнүн которулуусуна байланыштуу, анын жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу билдирме бергенден кийинки 10 жумуш күнү ичинде, банк тарабынан касса түйүнү орношкон жай техникалык жактан жабдуу боюнча белгиленген талапка ылайык келе тургандыгы жана анда өрт чыккан жана башка кооптуу жагдайларды дароо билдирген сигнализациялардын орнотулгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү документтери берилүүгө тийиш.".
52. Жобонун 15-тиркемесинин 1-пунктундагы "бекитилген жана каттоодон өткөртүлгөн Уставга ылайык" деген сөздөр "мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күбөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын".
53. Жобонун 17-тиркемесинин биринчи абзацындагы "ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "ислам терезесинин жетекчиси", ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальниги, филиалдын жетекчиси, филиалдын башкы бухгалтери, сактык кассасынын жетекчиси тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.
54. Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген анкетанын 2-пункту төмөнкү мазмундагы 8),9),10),11),12) жана 13) пунктчалар менен толукталсын: "8) Башкарманын Төрагасынын ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооп берген орун басары кызматына дайындоо; 9) "ислам терезесинин" жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо; 10) ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин кызмат ордуна дайындоо; 11) филиалдын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо; 12) филиалдын башкы бухгалтеринин кызмат ордуна дайындоо; 13) сактык кассасынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо.".
55. Жобого карата 17-тиркемеде келтирилген анкетанын 8-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "-ислам банк иши жана каржылоо принциптери___________________________
- ААОIFI стандарттары _____________________
- ислам каржылоо принциптери боюнча эсептер планы _____________.".
56. Жобого карата 18-тиркеменин биринчи абзацындагы "банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Шариат кеңешинин мүчөлөрү," деген сөздөр менен толукталсын.
57. Жобого карата 18-тиркемесинде келтирилген анкетанын 2-бөлүгүндөгү "банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "Шариат кеңешинин мүчөлөрү," деген сөздөр менен толукталсын.
58. Жобого карата 19-тиркемедеги "дайындалышына каршы эместиги (каршылыгы) жөнүндө" деген сөздөр "дайындалышына макулдугу (макул эместиги) жөнүндө деген сөздөргө алмаштырылсын".
59. Жобого карата 23-тиркемедеги ", улук бухгалтер, жоопкерчиликтүү аткаруучу болуп дайындалгандар:" деген сөздөр "дайындалды" деген сөз менен алмаштырылсын.
60. Жобого карата 8,10,12-тиркемелердеги "лицензия ажырагыс болуп саналат, мөөнөтү чектелүү эмес." деген сөздөр алынып салынсын.
61. Жобо төмөнкү мазмундагы 30, 31, 32, 33-тиркемелер менен толукталсын:
"30-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
__________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
_______________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышынын кыскартылып берилиши)
__________________________________________________________________
(жайгашкан орду)
1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөндө келтирилген банк операцияларын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырууга укуктуу:
1.1. "мудараба" бүтүмү;
1.2 "шарика/мушарака" бүтүмү;
1.3 "мурабаха" бүтүмү;
1.4."иджара жана ижара мунтахийя биттамлик" бүтүмү;
1.5. "кард хасан" бүтүмү;
1.6. "истиснаа жана параллель истиснаа" бүтүмү;
1.7. "гарантиялар" бүтүмү;
1.8. "салам" бүтүмү;
1.9. "документардык аккредитив" бүтүмү;
1.10. Ишеним боюнча жана гарантияланган сактоо бүтүмү;
1.11. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү;
1.12. Корреспонденттик мамилелерди өз алдынча түптөө;
1.13. Кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана аларды кассалык тейлөөнү жүзөгө ашыруу;
1.14. Төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо.
2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
Банк коммерциялык банктардын лицензияларынын реестрине киргизилген (күнү, айы, жылы).
Бланктын сериясы _____ № _____
Төраганын орун басары
31-тиркеме
__________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук дареги)
Банк операцияларынын катар Орун алган Чектөөлөр Эскертүүлөр
номери чектөөлөр аракеттене
баштаган күн
1.1.
1.2.
1.3.
1.4.
1.5.
1.6.
1.7.
1.8.
1.9.
1.10.
1.11.
1.12.
1.13.
1.14.
Бланктын сериясы ____ № ____
Төраганын орун басары
32-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
__________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
__________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышынын кыскартылып берилиши)
__________________________________________________________________
(жайгашкан орду)
1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча төмөндө келтирилген банк операцияларын чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруу укугуна ээ:
1.1. "мудараба" бүтүмү;
1.2. "шарика" бүтүмү;
1.3. "мурабаха" бүтүмү;
1.4. "иджара жана ижара мунтахийя биттамлик" бүтүмү;
1.5. "кард хасан" бүтүмү;
1.6. "истиснаа жана параллель истиснаа" бүтүмү;
1.7. "гарантиялар" бүтүмү;
1.8. "салам" бүтүмү;
1.9. "документардык аккредитив" бүтүмү;
1.10. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын эсептерин ачуу жана жүргүзүү;
1.11. Нак жана нак эмес чет өлкө валютасын өзүнүн атынан жана кардардын атынан сатып алуу жана сатуу;
1.12. Ишеним боюнча жана гарантияланган сактоо бүтүмү;
1.13. Корреспонденттик мамилелерди өз алдынча түптөө;
1.14. Кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана аларды кассалык тейлөөнү жүзөгө ашыруу;
1.15. Төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин (чектер, башка документтер) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо.
2. Чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүүгө чектөө баракчсы ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
Лицензия каттоодон өткөртүлгөн (күнү, айы, жылы).
Бланктын сериясы ____ № ____
Төраганын орун басары
33-тиркеме
__________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
Банк операцияларынын катар Орун алган Чектөөлөр Эскертүүлөр
номери чектөөлөр аракеттене
баштаган күн
1.1.
1.2.
1.3.
1.4.
1.5.
1.6.
1.7.
1.8.
1.9.
1.10.
1.11.
1.12.
1.13.
1.14.
1.15.
Бланктын сериясы ____ № ____
Төраганын орун басары".