Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлу № 32/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 4, 17 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелери, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 23-июнундагы № 15/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валютасынын эсептик курсун жана банктар аралык рыноктун күндөлүк курсун аныктоонун убактылуу тартиби жөнүндө" токтому 2010-жылдын 1-январынан күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Улуттук банктын Тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмү ушул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын.
5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетин, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетин, Улуттук банктын тиешелүү структуралык бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы |
М.Алапаев |