Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын
2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/1, 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 , 2012-жылдын 2-августундагы № 32/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Аныктамалар жана терминдер
3. АКШ долларынын расмий курсун эсептөө тартиби
3-1. Евронун, орус рублинин, казак тенгесинин расмий курстарын
эсептөө тартиби
4. АКШ долларын, евро, орус рубли, казак тенгеси кошо
албаганда, чет өлкө валюталарынын расмий курстарын
эсептөө тартиби
5. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1-тиркеме. Кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк
тарабынан ар жумалык негизде аныкталган чет өлкө
валюталарынын тизмеси
1.1. Бул эреже Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна (мындан ары текст боюнча "сом") карата расмий курсун аныктоо жана аларды жарыялоо тартибин белгилейт.
1.2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 17-статьясына жана Кыргыз Республикасынын "Чет өлкө валюталарындагы операциялар жөнүндө" Мыйзамынын 7-статьясына ылайык чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун аныктайт.
1.3. Улуттук банк тарабынан аныкталган чет өлкө валюталарынын расмий курсу Кыргыз Республикасынын улуттук валюта бирдигинде (сом) чагылдырылган чет өлкө валюталарынын акча бирдигинин баасын билдирет.
1.4. Улуттук банк чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун эсепке алууда. жана эсептешүүдө колдонуу, Улуттук банктын жоопкерчилигисиз эле белгиленген курс боюнча чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу максатында аныктайт жана жарыялайт.
1.5. Улуттук банк чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун аныктайт:
- ар күндүк негизде - АКШ долларынын курсу;
- ар жумалык негизде - чет өлкө валюталарынын тизмесине кирген башка чет өлкө валюталарынын курстары, ушул эрежелерге карата 1-тиркемеде келтирилген, ар жумалык негизде Улуттук банк тарабынан сомго карата аныкталган расмий курстар.
1.6. Чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстары эсептешүү күнүнөн кийинки календардык күнү колдонууга киргизилет жана чет өлкө валюталарынын кийинки расмий курстары күчүнө киргенге чейин колдонууда болот.
1.7. Чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстарынын сандык мааниси Улуттук банк тарабынан үтүрдөн кийинки төрт белгиге чейин так аныкталат.
1.8. Чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстары жөнүндө маалымат алар аныкталган күнү, Улуттук банктын веб-сайтына жайгаштырылат жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пресс-релизинин" кезектеги номеринде, республикалык басылмаларда жарыяланат жана маалымат агенттиктерине берилет.
1.9. Техникалык жактан бузулуулар же форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта жана "Рейтер" маалымат агенттигинен чет өлкө валюталарынын расмий курстары/котировкалары боюнча маалымат алуу мүмкүн эмес болсо, чет өлкө валюталарынын курстары "Блумберг" МАда белгилениши мүмкүн. Жогоруда аталган булактардан маалымат алуу мүмкүн болбогон шартта, чет өлкө валюталарынын расмий курстарынын мааниси, тиешелүү валюталардын акыркы колдонуудагы расмий курстардын мааниси катары аныкталат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул эреженин максаты үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
2.1. Кросс-курс - бир валютанын башка бир валютага карата АКШ долларындагы алардын курсу аркылуу эсептелинген курс.
2.2. Эсептешүү мезгили - АКШ долларынын расмий курсун эсепке алган мезгил аралыгы. Эсептешүү мезгилинин узактыгы - өткөн тоорук күндүн 15.00дөн тартып (мында жана мындан ары Бишкек убактысы көрсөтүлгөн) кийинки тоорук күнүнүн 15.00үнө чейин.
2.3. Тоорук күнү - Кыргыз Республикасында расмий жарыяланган жумуш күнү, анда Улуттук банктын тоорук-маалыматтык электрондук системасы аркылуу (мындан ары Улуттук банктын "ТИЭС") республикалык банктар аралык накталай эмес валюта рыногунда тооруктар өткөрүлөт.
3.1. АКШ долларынын сомго карата расмий курсу ар бир тоорук күнү саат 15.00дөн 15.30ка чейин аныкталат.
3.2. АКШ долларынын сомго карата расмий курсу АКШ долларын сатып алуу - сатуу бүтүмдөрүнүн орточо салмактанып алынган курсу катары эсептелинет, ал эсептешүү мезгил ичинде Улуттук банктын ТИЭС аркылуу валюта рыногунда төмөнкү формула боюнча түзүлөт:
K1 * Q1 + K2 * Q2 + ... + K№ * Q№
K = ─────────────────────────────────, мында
Q1 + Q2 + ... + Q№
К - АКШ долларынын расмий курсу;
К1, 2, .., № - 1ден №-ге чейин бүтүмдөрдүн курсу;
Q1, 2, ... № - 1ден №-ге чейин бүтүмдөрдүн көлөмү.
3.3. Эгерде эсептешүү мезгили ичинде бир да бүтүм түзүлбөсө, АКШ долларынын расмий курсу акыркы колдонуудагы расмий курстун мааниси катары аныкталат.
(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтомунун редакциясына ылайык)
3.1.-1. Евронун, орус рублинин жана казак теңгесинин сомго карата катышынын расмий курстары күн сайын тоорук күндөрү саат 15.00дон 15.30га чейин аныкталат.
3.2.-1. Евронун сомго карата катышынын расмий курсу саат 15.00го карата абал боюнча "Рейтер" маалымат агенттигинде белгиленген, евронун АКШ долларына карата эл аралык валюта рынокторундагы күндөлүк котировкаларынын жана ушул күнү аныкталган АКШ долларынын сомго карата эсептешүү мезгили ичинде эсептелген расмий курсунун негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.
3.3.-1. Орус рублинин жана казак тенгесинин сомго карата расмий курстары АКШ долларынын бул валюталарга карата борбордук банктар тарабынан белгиленген жана тиешелүү веб-сайттарда жана маалымат системаларда жайгаштырылган расмий курстарынын акыркы маанилеринин жана ошол күнү аныкталган АКШ долларынын сомго карата эсептешүү мезгили ичинде эсептелген расмий курсунун негизинде, кросс-курс боюнча эсептелет.
(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын
2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтомунун
редакциясына ылайык)
4.1. Чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсу эрежедегидей эле тоорук күндөрү саат 15.00дөн 15.30ка чейин аныкталат.
4.2. Активдүү валюта рыногуна жана Атайын кабыл алуу укугуна ээ эмес (мындан ары текст боюнча СДР) КМШ өлкөлөрүнүн валюталарын эске албаганда, сомго карата чет өлкө валюталарынын расмий курстары ушул күнү аныкталган сомго карата АКШ долларынын расмий курсунун негизинде кросс-курс жана курстарды аныктоо күнүндө саат 15.00 абалы боюнча "Рейтер" маалымат агенттигинде катталган эл аралык валюта рынокторунда бул валюталардын АКШ долларына карата котировкалары боюнча эсептелинет.
4.3. Активдүү валюта рыногуна ээ болбогон, АКШ өлкөлөрүнүн валюталарынын сомго карата расмий курсу, ошол күнү АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун негизинде аныкталган кросс-курс жана Борбордук банктарда белгиленген жана тиешелүү мамлекеттердин борбордук банктарынын веб-сайттарында жайгаштырылган АКШ долларына карата КМШ өлкөлөрүнүн валюталарынын расмий курстарынын акыркы маанилери боюнча эсептелинет.
4.4. СДРдин сомго карата расмий курсу, ошол күнү АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун негизинде аныкталган кросс-курс боюнча жана эл аралык валюта фондусу тарабынан белгиленген СДР курсунун АКШ долларына карата акыркы мааниси боюнча эсептелинет.
4.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтомуна ылайык алынып салынды)
5. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
5.1. Бул эрежеге чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курстарын аныктоо жана эсептөө процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 29-июлунда кабыл алынган № 32/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо эрежелерине карата 1-тиркеме
|
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/1, 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 , 2012-жылдын 2-августундагы № 32/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Австралия доллары
2. Азербайжан манаты
3. Англия фунт стерлинги
4. Армян драмы
5. Афган афганы
6. Белорус рубли
7. Болгар леви
8. Бразилия реалы
9. Венгер форинти
10. Корея Республикасынын вонасы/Түндүк Корея вонасы
11. Грузин лари
12. Дат кронасы
13. Дирхам ОАЭ
14. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтомуна ылайык алынып салынды)
15. Индия рупиясы
16. Иран риалы
17. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтомуна ылайык алынып салынды)
18. Канада доллары
19. Кытай Жэньминьби юаны
20. Кувейт динары
21. Латвия латы
22. Литва лити
23. Малайзия ринггити
24. Молдавия лейи
25. Монголия тугрики
26. Жаңы түрк лирасы
27. Жаңызеландия доллары
28. Тайван жаңы доллары
29. Түркмен жаңы манаты
30. Норвегия кронасы
31. Пакистан рупиясы
32. Поляк злотыйы
33. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтомуна ылайык алынып салынды)
34. СДР
35. Тажик сомониси
36. Өзбек суму
37. Украина гривнасы
38. Чехия кронасы
39. Швед кронасы
40. Швейцария франкы
41. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/1 токтомуна ылайык алынып салынды)
42. Япон йенасы
43. Сингапур доллары.