Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 23-декабрындагы 78/25 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлу № 32/5
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдын 4-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомго, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/5 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.2-пункт менен толукталсын:
"1.2. Кредиттик союз - бул, кредиттик союздун катышуучуларынын өздүк жыйымдарын бириктирүү жана аларды өз ара кредиттөө ошондой эле, башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн пайдалануу аркылуу өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максатында, кооператив формасында түзүлгөн финансы-кредиттик уюм болуп саналат.".
2. Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.3-пункт менен толукталсын:
"1.3. Ушул жобонун максатында, кредиттик союздун капиталы төмөнкүлөрдү камтыйт: өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасын/чыгымдарын, өтүп жаткан жылдын чыгымдарын, келечектеги керектөөлөргө каралган камдарды, кредиттик союздун катышуучулары тарабынан 1 жылга жана андан ашык мөөнөткө салынган жана аларды алууга карата өзүнчө мөөнөт белгиленген сактык пайлардын суммасын.".
3. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктунун 2) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2) төмөнкү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга кошумча лицензия:
- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу;
- кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүү;
- кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча, банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык, кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу.
Улуттук банктын талаптары сакталган шартта, кредиттик союзга кошумча лицензия берилет. Кредиттик союз ага берилген кошумча лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) гана кошумча жүзөгө ашырууга укуктуу.".
4. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктунун 3-пунктчасы алынып салынсын.
5. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.4. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү гана жүзөгө ашырууга укуктуу.".
6. Жобонун 1.2-пункту 1.4-пункту деп, ал эми 1.3- жана 1.6-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 1.5- жана 1.8-пункттар деп эсептелсин.
7. Жобонун 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3.12-пункт менен толукталсын:
"Касса жайлары Улуттук банктын кредиттик союздарынын касса жайларына карата белгилеген минималдуу талаптарына ылайык келген шартта гана, кредиттик союз жобонун 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу (7-тиркеме).".
8. Жобонун 4-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүүгө (кошумча лицензиянын чегинде) кредиттик союзга укук чегерүү тартиби".
9. Жобонун 4-бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча:
- "Лицензия" деген сөз "укук" деген сөз менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
- "финансылык ижара (лизинг) боюнча операциялар деген сөздөр "лизинг операциялары" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.
10. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.2-пунктунун 1) пунктчасындагы "лицензия алууга" деген сөздөр алынып салынсын.
11. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.4-4.5-пункттары алынып салынсын.
12. Жобонун 5-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кредиттик союзга өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартууга укук берүү (кошумча лицензиянын чегинде) тартиби".
13. Жобонун 5-бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча "тартуу укугуна лицензия" деген сөздөр "тартууга укук берген" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.
14. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.1-пунктундагы "лицензия алууга" деген сөз алынып салынсын.
15. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.3-пунктунун 1) пунктчасындагы "лицензия алууга" деген сөз алынып салынсын.
16. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.6-5.7-пункттары алынып салынсын.
17. Жобонун 5.8 жана 5.9-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша, 5.6-5.7-пункттар катары эсептелсин.
18. Жобонун 6-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга" деген сөздөр алынып салынсын.
19. Жобо төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кредиттик союзга кредиттик союздун катышуучуларынын
тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга укук
берүү (кошумча лицензиянын чегинде) тартиби
6.1. Өтүнүч кат менен кайрылган учурга карата Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптары кредиттик союз тарабынан аткарылган шартта, банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле, өз катышуучуларынын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга ага укук берилет:
1) кеминде 500 миң сомдон аз эмес өлчөмдөгү капитал;
2) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен келишимге ылайык, кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча ички ченемдик документтердин (саясат, жол-жоболор) иштелип чыгышы.
6.2. Катышуучулардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга укукка ээ болуу үчүн кредиттик союз, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш:
1) кредиттик союздун өтүнүч каты (1-тиркеме);
2) кредиттик союз тарабынан жүзөгө ашырылган операциялар чөйрөсүн кеңейтүү боюнча анын катышуучуларынын жалпы жыйынынан протоколдон көчүрмө;
3) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу менен эсептешүүлөр боюнча кредиттик союздун операцияларынын көлөмүнүн жана санынын прогноздук эсеби камтылган экономикалык негиздеме;
4) кредиттик союздун акыркы отчеттук жыл үчүн жана өтүп жаткан жылдын акыркы отчеттук күнүнө карата финансылык отчету;
5) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга тиешелүү кредиттик союздун ченемдик документтери (саясаттар, жол-жоболор), ошол документтерди бекитүү тууралуу кредиттик союздун башкаруу органдарынын чечиминин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен.
6.3. Кредиттик союздун операциялар чөйрөсүн кеңейтүү боюнча, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилген шартта, ушул жобонун 6.2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча, төмөнкү документтер эки нускада берилүүгө тийиш:
1) операциялар чөйрөсүн кеңейтүү маселесине арналган кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынан протоколдон көчүрмө;
2) кредиттик союздун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уставынын көчүрмөсү;
3) кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (кайра каттоо жүргөн шартта).
20. Жобо төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Кредиттик союздун кошумча лицензиясын
тариздетүү тартиби
7.1. Кредиттик союздун кошумча лицензиясы берилген документтердин толуктугун жана белгиленген талаптарга ылайык келүүсү текшерилгенден кийин, кошо тиркелген формага (5-тиркеме) ылайык 2 нускада тариздетилет. Катуу талаптагы бланкада таризделинген лицензиянын бир нускасы кредиттик союзга берилет, ал эми А4 форматындагы ак кагазга чыгарылган экинчи нускасы Улуттук банкта калат.
7.2. Кредиттик союздун кошумча лицензиясына Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген кызмат адамы кол коет.
7.3. Кредиттик союздун кошумча лицензиясы тиешелүү документтер Улуттук банкка келип түшкөн күндөн кийинки 30 күн ичинде берилет.
Лицензия берүү мөөнөтү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөлдүк жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кредиттик союздун лицензия алууга Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келүүсүнө кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүү, берилген документтерди кайрадан карап чыгуу менен ага баа берүү максатында, 10 күнгө узартылышы мүмкүн.
7.4. Документтер толук көлөмдө берилбей же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбей калган шартында, Улуттук банк анын себептерин жөнөтүлүүчү катта ырааттуу чагылдыруу менен документтерди кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде жеткире иштеп чыгууга кайтара берет. Кредиттик союздун өтүнүч катын жана документтерин кароо мөөнөтү белгиленген талаптарга жооп берген документтер келип түшкөн күндөн башталат.
7.5. Кредиттик союз тарабынан Улуттук банктын талаптары аткарылган шартта, операциялар чөйрөсүнүн кеңейишине байланыштуу, кошумча лицензия алмаштырылат. Бул учурда, мурдагы лицензия Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.".
21. Жобо төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана
кредиттик союзду мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү
8.1. Кредиттик союздун Уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларда Улуттук банкка макулдашылууга тийиш:
- сактык пайларды жана депозиттерди салуу же алуу тартиби өзгөрсө;
- байкоо кеңеши түзүлсө;
- фирмалык аталышы өзгөрсө;
- кредиттик союздун юридикалык дареги өзгөрсө (мыйзамдарда каралган шартта). Мында кредиттик союздун анык жайгашкан орду анын юридикалык дарегине дал келүүгө тийиш;
- кредиттик союздун филиалы түзүлсө жана/же кредиттик союздун филиалдары жөнүндө маалыматтар өзгөрсө;
- башкаруу органынын компетенциялары, сандык курамы жана алардын чечим кабыл алуу тартиби өзгөргөн шартта;
- мыйзамдарда каралган башка учурларда.
8.2. Кредиттик союз Уставга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду макулдашуу үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат;
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн чечими;
- киргизилген өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору Уставдын жаңы редакциясынын көчүрмөсү же Уставга карата тиркеме түрүндөгү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тексти.
8.3. Макулдашууну талап кылган документтер кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйында Уставына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизүү чечими кабыл алынган күндөн кийинки 20 күндүн ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө берилүүгө тийиш.
8.4. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү, Уставга киргизилген өзгөртүүлөргө жана/же толуктоолорго макулдук берүү көз карашынан келип түшкөн документтерди, бардык белгиленген мыйзамдык талаптарды сактоо менен таризделинген документтер берилген күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде кароого алат.
8.5. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү берилген документтерди колдонуудагы мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү көз карашынан кароого алат, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга монополияга каршы экспертизаларды жүргүзөт.
8.6. Кредиттик союз мыйзамдарда каралган шартта мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунун алдында, Улуттук банктын алдын-ала макулдугун алууга милдеттүү.
8.7. Кредиттик союз юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийинки 10 күн ичинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирүү катын төмөнкү документтердин бир нускасын кошо тиркөө менен берүүгө тийиш:
1) кредиттик союздун Уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
8.8. Лицензиядагы маалыматтардын өзгөрүшү учурунда, кредиттик союз лицензияны кайрадан тариздөөгө милдеттүү. Кредиттик союздун ыйгарым укуктуу органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийинки 10 календардык күндүн ичинде кредиттик союз, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө лицензиянын кайра тариздетүү жөнүндө өтүнүчтү төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен жөнөтөт:
- кредиттик союздун Уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- кредиттик союздун ыйгарым укуктуу органынын лицензияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө чечими;
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ижара келишиминин же кредиттик союздун ээлеп турган жайга менчик укугун белгилөөчү документтин көчүрмөсү (жайгашкан ордун өзгөрткөн учурда);
- юстиция органдарынын билдирмелерин тастыктоо (жайгашкан ордун өзгөрткөн учурда);
- кредиттик союздун лицензиясынын түп нускасы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген өлчөмдө лицензияны кайра тариздөө үчүн төлөм киргизилгендигин тастыктаган документ.
8.9. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү бардык тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде, лицензияны кайра тариздөөнү жүзөгө ашырат.
22. Жобонун 2.2-пунктунун 2) пунктчасы, 2.6-пунктунун биринчи абзацы, 2.6-пунктунун 1-пунктчасы, 2-бөлүктүн 2.7-пункту, 3-бөлүктүн 3.1-пунктунун 3) пунктчасы, 5-бөлүктүн 5.8-пунктунун 1) пунктчасы "Башкармалык" деген сөздөн кийин", Байкоо кеңешинин" деген сөз менен толукталсын.
23. Жобонун 2.2-пунктунун 6) жана 7) пунктчалары, 2-бөлүктүн 2.6-пунктунун 2) жана 3) пунктчалары, 3-бөлүктүн 3.4 жана 3.7-пункттары, 5-бөлүктүн 5.8-пункту, 6-бөлүктүн 6.1-пунктунун 7 пунктчасы "Башкарманын Төрагасын" деген сөздөрдөн кийин "Байкоочу кеңештин Төрагасын" деген сөздөр менен толукталсын.
24. Жобонун 3-тиркемесинин бүтүндөй тексти боюнча "Башкарманын Төрагасы" деген сөздөрдөн кийин ", Байкоо кеңешинин Төрагасы" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө толукталсын.
25. Жобонун 2.2-пунктунун 3-пунктчасын жана 3.9-пунктун эске албаганда, жобонун бүтүндөй тексти боюнча "түп нуска жана" деген сөздөр алынып салынсын.
26. Жобонун 6- жана 7-бөлүгү тиешелүүлүгүнө жараша, 9- жана 10-бөлүк катары саналсын.
27. Жобо төмөнкү мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Кредиттик союз тарабынан Кыргыз Республикасынын
аймагында филиал ачуу тартиби
11.1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды ачууга укуктуу, алардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кредиттик союздун филиалды ачуу чечими кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынат.
11.2. Юридикалык жак болуп саналбаган, кредиттик союз жайгашкан жерден тышкары орун алган, филиал жөнүндө жобонун негизинде бардык операцияларды же анын бөлүгүн жүзөгө ашырган кредиттик союз чегерген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын обочо бөлүмү кредиттик союздун филиалы болуп саналат. Кредиттик союздун филиалы жөнүндө маалымат (жайгашкан орду жөнүндө маалымат кошо) кредиттик союздун уставында камтылууга тийиш.
11.3. Филиал кредиттик союз менен бирдиктүү капиталга, баланска, ошондой эле кредиттик союздун аталышына толугу менен дал келген, "филиал" деген сөз кошулган аталышка ээ болууга тийиш.
11.4. Филиалдын жетекчиси кредиттик союздун ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта операциялардын жана башка иш аракеттердин тизмеги көрсөтүлүүгө тийиш, аларды жүзөгө ашырууга кредиттик союздун атынан филиалдын жетекчиси ыйгарым укукка ээ.
11.5. Кредиттик союз өз филиалдарын Улуттук банкка тууралуу билдиргенден 30 күн өткөндөн кийин, төмөнкү талаптарды аткарган шартта ача алат:
1) кредиттик союз абалынын начарлоосу кесепетинен Улуттук банктын өзгөчө байкоосуна алынбаса;
2) филиал ачууга тыюу салуу аркылуу кредиттик союздун өсүшүнө Улуттук банк тарабынан чек коюлбаса;
3) кредиттик союз Улуттук банктын капитал боюнча талаптарын аткарса;
4) кредиттик союздун ишине инспектордук текшерүүлөрү жана утурумдук көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү жана талаптары аткарылса;
5) филиал жайгашкан жай Улуттук банктын минималдуу талаптарына (7-тиркеме) ылайык келсе.
11.6. Кредиттик союз филиал ачуу үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) филиалды ачуу жөнүндө өтүнүч кат (6-тиркеме);
2) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын филиал ачуу жөнүндө чечими;
3) филиал жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- кредиттик союз-билдирүүчү менен аталышы толугу менен дал келүүчү филиалдын аталышы;
- филиал ачкан кредиттик союздун аталышы жана жайгашкан жери;
- филиалдын юридикалык дареги;
- филиал ачуунун максаттары;
- филиалга чегерилген операциялардын тизмеги;
- пландалган операциялардын масштабы жана мүнөзү;
- филиалдын иштөө мөөнөтү;
- филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана функциялары, башкы кредиттик союз тарабынан натыйжалуу контролдукту жүзөгө ашырууну алдын алууга тийиш болгон анын укуктары жана милдеттенмелери;
- филиалдын ишин токтотуунун шарттары;
- мыйзамдарда каралган башка маалыматтар;
4) филиалдын жетекчисине жана башкы бухгалтерине 2-тиркемеге ылайык анкеталар;
5) филиалдын жетекчиси жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү аркылуу ага берилген ишеним каттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) кредиттик союздун ишине таасир этүү көз карашы менен келечектеги ишине баа берүү жана кредиттик союздун кирешелүүлүгүнүн прогноздук эсеби;
7) ээлеп турган жайга менчикке укугун тастыктаган документтин же ошол жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү.
11.7. Филиалды ачуу жөнүндө билдирүүнү алган учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ушул жобонун 11.5-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар сакталган учурда филиалды ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жүзүндөгү корутундуну Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү, Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адамга берет.
11.8. Ушул жобонун 11.5 жана 11.6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын аткарылбай жатышы катталган шартта, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү кредиттик союздун жана юстиция органынын дарегине (зарылчылык келип чыккан шартта) филиалды ачуу үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптардын кредиттик союз тарабынан аткарылбай жатышы жөнүндө кат жөнөтөт.
11.9. Кредиттик союз тарабынан филиалдын ачылышы/жабылышы жөнүндө билдирилбеген же билдирүүнүн ушул жобо менен белгиленген мөөнөтү бузулган шартта, буга карата Улуттук банк өзүнүн ченемдик актыларында каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга укугу бар.
11.10. Кредиттик союз филиалы юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди бир нускада берүүгө тийиш:
1) катталгандыгы жөнүндө белги коюлган филиал жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
11.11. Ушул жобонун 11.10-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана кредиттик союздун тиешелүү билдирүү каты берилген күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү:
1) кредиттик союздардын филиалдарынын тизмегине тиешелүү жазууларды киргизет;
2) алардын филиалдарынын реестрине жазуу киргизилгендиги жөнүндө кредиттик союздун дарегине кат жөнөтөт;
3) Улуттук банктын областтык мекемелерине кредиттик союздун филиалы ачылгандыгы тууралуу, анын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин аты-жөнүн көрсөтүү менен кат жөнөтөт.
11.12. Кредиттик союздун филиалын жабуу чечими кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйыны тарабынан кабыл алынат. Филиалдын жабылышы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде, кредиттик союз Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) филиалдын жабылышы тууралуу билдирүүнү (6-тиркеме);
2) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын филиалдын жабылышы жөнүндө чечимин;
3) филиалдардын тизмегине алардын иши токтогондугу жөнүндө маалыматтарды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин (анын аймактык органдарынын) буйругунун көчүрмөсү.
11.13. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү ушул жобонун 11.12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде кредиттик союздун филиалдарынын тизмегине анын жабылышы жөнүндө жазууларды киргизет.".
28. Жобонун 3-тиркемесинин 4-пункту төмөнкү мазмундагы г) пунктчасы менен толукталсын:
"талапкер "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдын 18.1-статьясынын 1- жана 2-пункттарынын талаптарына жооп бербейт.".
29. Жобонун 5-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кредиттик союздарды лицензиялоо
жөнүндө" жобого карата
5-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
20__-жылдын "__" ________ № _____
ЛИЦЕНЗИЯ
_____________________________________ кредиттик союзуна берилген
(кредиттик союздун толук аталышы)
Кредиттик союздун юридикалык дареги ______________________________
(шаардын, райондун,
_______________________________________________________________________
калктуу пунктун, көчөнүн, үйдүн аталышы)
Ушул лицензия аркылуу төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берилет:
- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди)тартуу;
- кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүү;
- кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен келишимге ылайык, кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүргүзүү.
Кредиттик союздун лицензиясы анын ажырагыс (жеке өзүмдүк) бөлүгү болуп саналат. Ушул лицензиядагы укуктар үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбейт. Мындай өткөрүлүп берүү, кредиттик союздун ишин токтотуу менен лицензиясын алып салууга алып келет.
Лицензиянын иштөө мөөнөтүнө чек коюлбайт.
Лицензиянын көчүрмөлөрү жараксыз деп эсептелинет.
Мөөр
Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам".
30. 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кредиттик союздарды лицензиялоо
жөнүндө" жобого карата
6-тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
БИЛДИРҮҮ
(уюмдун фирмалык бланкында)
Ушул билдирүү менен ______________________________________________
(кредиттик союздун аталышы)
_______________________________________________________________________
(Уставга ылайык филиал ачуу жөнүндө чечим кабыл алган, кредиттик
_______________________________________________________________________
союздун башкаруу органынын аталышы)
_______________________________________________________________________
(калктуу пунктун аталышы, жайгашкан орду)
___________________________________ филиал ачуу (жабуу) ниетин билдирет
Бул филиалга төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү(*) аткарууга ыйгарым укук чегерилген
-
-
(Улуттук банк тарабынан кредиттик союзга берилген лицензиянын алкагында филиал жөнүндө жобого ылайык, аткаруу укугу филиалга делегирленген бардык операциялар көрсөтүлөт).
Жетекчи жана башкы бухгалтер болуп дайындалгандар: _______________ _______________________________________________________________________
(Аты-жөнү)
Тиркеме: филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин анкеталары, бардыгы болуп ___________ барак.
Кредиттик союз төмөнкүлөргө милдеттүү эмес(**):
- ошол филиалда тейленген кардарлардын жана кредиторлордун алдында;
- бюджет алдында.
Активдер жана пассивдер кредиттик союздун балансына өткөрүлүп берилген.
Кредиттик союз берилген маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет.
Кредиттик союздун
аткаруу органынын жетекчиси (колу) Аты-жөнү
(*) Бул маалыматтар филиал ачылган учурда келтирилет.
(**) Бул маалыматтар филиал жабылган учурда келтирилет.".
31. Жобо төмөнкү мазмундагы 7-тиркеме менен толукталсын:
"Кредиттик союздарды лицензиялоо
жөнүндө" жобого карата
7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
кредиттик союздун касса жайына (филиалына) карата
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАРЫ
1. Кредиттик союздун касса жайы персоналдардан жана кардарлардан (катышуучулардан) өзүнчө бөлүнүп турушу зарыл, ал эми кредиттик союздун кардарларын (катышуучуларын) тейлөө, кредиттик союздун касса терезеси аркылуу гана жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Касса жайынын эшиктери кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда ички тарабынан жабык болууга тийиш.
3. Кредиттик союздун касса жайында акчаларды жана документтерди сактоо үчүн отко күйбөй турган металл шкафтары (сейфтери) болууга тийиш.
4. Кассирлердин өздүк акчалары, тыш кийимдери жана башка буюмдары касса жайынан тышкары жайгашкан атайын бөлмөдө же шкафта сакталууга тийиш.
5. Жумуш күнүнүн акырында кредиттик союздун кассасынын эшиктери ачкыч менен бекитилип, мөөр басылууга тийиш. Кассага тиешеси жок адамдар, бул жайга кирүүгө тыюу салынат.".