Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 64/7
"Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2005-жылдын 4-майындагы № 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобо тууралуу";
- 2006-жылдын 8-февралындагы № 4/6 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 40/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
- 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/5 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
- 2013-жылдын 13-февралындагы № 4/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы жана токтомго карата тиркеменин 1-бөлүгү;
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомдун 1-пунктунун 3-пунктчасы жана токтомго карата тиркеменин 3-пункту;
- 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомдун 1-пунктунун үчүнчү абзацы жана токтомго карата 1-тиркеменин 5-пункту;
- 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы жана Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун I бөлүгү.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, республика аймагында иштеп жаткан кредиттик союздарды жана алардын бирикмелерин (ассоциацияларын) тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т. Абдыгулов |