Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-майы № 36\3
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелери жөнүндө" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 27-апрелиндеги кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 3-июнунда 69-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде кредиттөө жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен республиканын микрофинансылык компанияларын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Мырзаев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36\3 токтому менен бекитилген
|
I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелери жөнүндө" токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Убактылуу эреженин бүтүндөй тексти боюнча Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 14-ноябрында 143-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды түзүү жөнүндө" убактылуу жобого келтирилген шилтемелер, Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы № 5/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобо дегенге алмаштырылсын.
2. Убактылуу эреженин 2-бөлүгүнүн 2.5.1-пунктундагы жана 6-бөлүгүнүн 6.3-пунктундагы "отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен" деген сөз "отчеттук айдан кийинки айдын 12синен кечиктирбестен" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Убактылуу эреженин 5-бөлүгүнүн 5.3.1-пунктундагы "кеминде 18%" деген сөздөр, "кеминде 8%" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Убактылуу эреженин 5-бөлүгүнүн 5.3.2-пунктундагы "СА"нын чечмелениши төмөнкү редакцияда берилсин:
"СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы.".
5. Убактылуу эреженин 5-бөлүгүнүн 5.8.1-пунктундагы "өз ишин Улуттук банктын лицензиясынын же күбөлүгүн негизинде жүргүзгөн" деген сөздөр алынып салынсын.
II. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 27-апрелинде кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 3-июнунда 69-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттөө жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3.4-пунктундагы "гарантиялар жана кепилдиктер" деген сөздөрдөн кийин "адамдар тобунун жазуу жүзүндө толтурулган келишим негизинде субсидиардык жоопкерчилиги (микрофинансылык уюмдар үчүн гана)" деген сөздөр менен толукталсын.
|
|