Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 27-07
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы N 5/1 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5, 2013-жылдын 13-февралындагы N 4/2, 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8, 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/1 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана микрофинансылык компанияларды түзүү жана аларды лицензиялоо тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1.1. Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана Кыргыз Республикасынын "Микрофинансылык уюмдар Жөнүндө" Мыйзамында каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашырышкан, акционердик коом формасында түзүлгөн, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, микрофинансылык компания болуп саналат". Микрофинансылык компаниялар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде, операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Микрофинансылык ишкердик - бул, микрофинансылык уюмдун "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча иши.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Микрокредит - бул, микрофинансылык уюмдардын уставына ылайык юридикалык жактарга же алар тарабынан түзүлгөн шериктештик, жеке адамдарга микрофинансылык уюм тарабынан берилүүчү акча каражаттары.
1.4. "Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ микрофинансылык компаниялар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийи Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү микрофинансылык компанияларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Микрофинансылык компанияларды түзүүнүн тартиби
2.1. Микрофинансылык компания (мындан ары текст боюнча - компания) ачык же жабык типтеги акционердик коом формасында түзүлөт жана өз ишин уставдын жана лицензиянын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып, компания юридикалык жактын статусуна ээ болот.
2.3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери микрофинансылык кампаниянын уюштуруучуларынан жана акционерлеринен боло алышат, мында юридикалык жактын аны контролдоочу же ал тарабынан контролдонуучу же аны менен жалпы контролдукта турган кайсы болбосун башка юридикалык жактын үлүшү менен биргеликте микрофинансылык компаниянын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Бул чектөө Улуттук банктын талаптарына ылайык келген шартта, банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жакка, ошондой эле чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмга таркатылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Уюштуруучулардан болушкан юридикалык жактар мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн болууга, туруктуу финансылык абалга ээ болууга жана кеминде эки жыл ичиндеги салыктарды жана ага барабар төлөмдөрдү төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тийиш (үч жылдан ашык иштешкен уюштуруучулардан болушкан - юридикалык жактар үчүн).
Төмөндөгү бир же бир нече белгилерге дал келген адамдар микрофинансылык компаниянын уюштуруучусу же акционери (катышуучу) болуусуна жол берилбейт:
1) уюштуруучунун же акционердин финансылык кудуретсиздиги (банкроттугу)";
2) уюштуруучунун же акционердин (катышуучунун) финансылык же экономикалык кылмыш чөйрөсүндө мыйзамда белгиленген тартипте алынып салына элек же төлөнө элек соттолгондугу болгон болсо;
3) уюштуруучуга же акционерге (катышуучуга) карата банк ишин жүзөгө ашырууга тыюу салган, соттун чечими бар болсо;
4) оффшордук аймакта катталган же ушундай аймактарда катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашаган жеке адамдар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар;
5) оффшордук аймактардын резиденттеринен болуп саналышкан, тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашашкан жеке адамдар;
6) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттерде катталган же ушундай өлкөдө катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган юридикалык жактар;
7) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттердин резиденти болуп саналган жана/же ушундай мамлекетте жашаган адамдар булардын тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган жеке адамдар;
8) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттерде катталган жана/же ушул мамлекеттерде катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат;
9) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечими кабыл алынган мамлекеттердин резиденттеринен болуп саналышкан жана/же ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Микрофинансылык компаниянын уставдык капиталы уюштуруучулардын акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолот жана компаниянын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн кызмат кылат.
Уставдык капиталды негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен топтоого тыюу салынат.
Компаниянын капиталынын өзөгүн, толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Уставдык капиталдын курамына, ал боюнча компания анын уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө албаган уставдык капитал гана кирет.
2.6. Компаниянын минималдуу уставдык капиталынын өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- 10 млн. сом - жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн;
- 50 млн. сом - жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган компаниялар үчүн.
Жаңыдан түзүлүп жаткан МФКнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 50 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленет.
Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга талапкер болгон микрофинансылык компаниялар, 100 млн. сомдон кем эмес уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө ээлик-кылууга тийиш. Бул талап ошондой эле МФК болуп кайра түзүлүп жаткан МКК, МКА жана кредиттик союздар үчүн да колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Микрофинансылык компанияларды лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
3.1. Өз ишин жүргүзүү үчүн компания банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктан лицензия алууга (мындан ары - лицензия) милдеттүү.
3.2. Микрофинансылык компания Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен төмөнкүдөй банктык операцияларды жүзөгө ашыра алат:
1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;
2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);
4) финансылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу, мында микрофинансылык компания мүлктү сунуштоочунун же анын ээсинин мүлкүнүн сатылышын андан сатып алуу жана сатып алуучуга кредит шарттарында сатуу аркылуу каржылоо менен, мүлктү сунуштоочу менен мүлк ээсинин ортосундагы ортомчу катары иш алып барат;
5) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле;
6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу;
7) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү;
8) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык микрокаржылоо кызматтарын сунуштоо. Мында, компания кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга лицензиясы болгон шартта гана "Мудараба" жана "Кард Хасан" бүтүмдөрү боюнча каражаттарды тартууга укуктуу.
Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүлсө) болгон шартта микрофинансылык компания ушул пункттун 1-3 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн операциялардын бардыгын же айрымдарын гана чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга укуктуу.
Микрофинансылык компаниянын карыз алуучусу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттин негизги суммасы, пайыздар жана (же) микрокредитти төлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү кошо алганда, кредит кайсыл валютада алынса, ошол валютада, б.а чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада төлөй алат. Мында карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттик (лизинг) төлөөгө улуттук валютадагы төлөмдөрдү, чет өлкө валютасынын, эгерде келишимде башка курс белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталган төлөө күнүндөгү расмий курсу боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук алуу үчүн документтерди берүү учурунда компаниянын уюштуруучулары ушул Жобонун 2.6 пунктуна ылайык уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылуучу топтоо эсебине салууга милдеттүү. Топтоо эсебинде турган каражаттар лицензия алганга чейин уюштуруучулар тарабынан кандайдыр бир максаттарга пайдаланылбайт. Коммерциялык банктын топтоо эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн салуу жөнүндө талап микрофинансы компаниясына өзгөртүп түзүлгөн жана ушул Жобонун 2.6 пунктунда белгиленген өлчөмдөгү капиталы бар микрокредиттик компанияларга жайылтылбайт. Эгер микрофинансы компаниясына өзгөртүп түзүлүүчү микрокредиттик компаниянын капиталынын өлчөмү ушул Жобонун 2.6 пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда анын уюштуруучулары коммерциялык банктагы топтоо эсебине жетишсиз сумманы салышы керек.
Коммерциялык банктын топтоо эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн салуу жөнүндө талап микрофинансылык компаниясына өзгөртүп түзүлгөн жана ушул Жобонун 2.6 пунктунда жаңыдан түзүлүп жаткан микрофинансылык компаниялар үчүн белгиленген уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү бар микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана кредиттик союздарга таркатылбайт. Эгер алардын капиталынын өлчөмү ушул Жобонун 2.6 пунктунда жаңыдан түзүлүп жаткан микрофинансылык компаниялар үчүн белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда анын уюштуруучулары коммерциялык банктагы топтоо эсебине жетишсиз сумманы салышы керек.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясына ылайык)
3.4. Өз ишин баштаган учурдан тартып алгачкы эки жыл ичинде микрофинансылык компания жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзүү укугун, төмөнкү учурларды эске албаганда, ала алышпайт:
1) Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамына ылайык кредиттик союз катары түзүлгөн жак өтүнмө бергенге чейин эки жылдын ичинде жигердүү иштеген, өзара аманаттарды кабыл алган жана кредиттерди берген болсо, микрофинансылык компания катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын акционердик коомго алмаштырат. Ошону менен, Улуттук банк ал иш жүзүндө өз ишин мурда эле жүргүзүп келген ошол эле жак экендигине ынанышы керек;
2) микрокредиттик компания же микрокредиттик агентство катары уюштурулган жак Улуттук банк тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде эки жыл аралыгында иш алып барганда жана лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык жана башка талаптарына ылайык келсе.
3.5. Ушул Жобонун 3.4 пунктунун талаптарына ылайык келген финансы-кредиттик мекемелер жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу эмес, эгерде:
1) алар төлөөгө жөндөмсүз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга жана/же өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болсо;
2) аларга карата Улуттук банктын эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулган болсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик актыларында башка бузуулар орун алса;
3) ишкердиктин бул түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими болсо;
4) алар мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе (1-эскертүүнү кара).
3.6. Лицензия алууга чейин, компанияны түзүүгө байланыштуу уюштуруу иштерин эске албаганда, микрофинансылык компания катары кандайдыр бир ишкердикти жүргүзүүсүнө тыюу салынат.
3.7. Микрокредиттик компания микрофинансылык компанияга өзгөртүлүп түзүлгөн учурда, микрокредиттик компания Улуттук банктан лицензия алган учурга чейин өз ишин уланта алат.
3.8. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды эске албаганда, микрофинансылык компаниянын ишине байланыштуу маселелерди чечүүгө кандай болбосун формада кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
3.9. Компаниянын уюштуруучуларына акцияларды, алардын алгачкы эмиссиясында номиналдык баасынан төмөн баа боюнча сатып алуусуна тыюу салынат.
3.10. Компанияларга ишкердиктин бардык "оюн-зоок" түрлөрүнө, анын ичинде компаниянын имаратында акчалай-буюм лотореяларын же аларды жарнамалоону өткөрүүнү кошо алганда, утуштарды жана акчалай-буюм лотореяларын уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга тыюу салынат.
3.11. Аталышы катары аларды ордунан жылдыруу даражасына чейинки так ошондой же окшош белгилөөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүп жаткан финансы-кредиттик мекемелердин аталыштары менен аралаштырууга жол берилбейт.
Бул тыюу салуу туунду банктарга же туунду микрофинансылык компанияларга, эгерде алар негизги (башкы) банктардын же микрофинансылык уюмдардын (башкы) аталышын алып жүрүшсө, таркатылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
3.12. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жеринде алардын аталышы жазылып турууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
3.13. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан орду өзгөргөн шартта, каттоодон өткөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бул тууралуу өз убагында маалымдоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Лицензия алуу үчүн Улуттук банкка берилүүчү документтер
4.1. Компанияны түзүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоо үчүн, анын уюштуруучулары документтердин каралышы маселеси боюнча Улуттук банк менен иш алып барган ыйгарым укуктуу адамды (мындан ары текст боюнча - ыйгарым укуктуу адам) аныкташат.
4.2. Юридикалык жакты (компанияны) мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук алуу үчүн Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтер эки нускада берилиши керек:
1) макулдашуу катын берүү жөнүндө өтүнүч кат. Юридикалык жактар үчүн макулдашуу катын берүү жөнүндө өтүнмөгө Директорлор кеңешинин Төрагасынын, же болбосо уюштуруучулардын жыйынында ыйгарым укукка ээ болгон башка адамдын колу коюлушу керек (2-тиркеме);
чет өлкөлүк юридикалык жак жайгашкан (каттоодон өткөн) өлкөнүн көзөмөл органынын, билдирүүчүнүн финансылык, банктык же башка иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуулугу жөнүндө кат жүзүндө тастыктоосун кошо алганда, ал тиешелүү болгон көзөмөл режими жана көзөмөл органынын Улуттук банк менен туруктуу негизде кызматташууга даяр экендиги жөнүндө маалыматты;
2) Микрофинансылык компанияны түзүү/микрофинансылык компанияны өзгөртүп түзүү, уставды кабыл алуу жана анын башкаруу органын дайындоо жөнүндө чечимин камтыган, уюштуруучунун чечиминин же уюштуруучулардын/катышуучулардын жалпы жыйынынын протоколунун нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;
3) уюштуруучулардын колтамгалары нотариалдык жактан тастыкталган уюштуруу келишими. Уюштуруу келишиминде чагылдырууга тийиш болгон суроолордун болжолдуу тизмеси 3-тиркемеде келтирилген;
4) микрофинансылык компаниянын уставынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү. Уставда камтылууга тийиш болгон суроолордун болжолдуу тизмеси 4-тиркемеде келтирилген;
5) микрофинансылык компаниянын акционерлери тууралуу маалымат (5-тиркеме);
6) бизнес-план, 6-тиркемеде келтирилген суроолорду кошо алганда;
7) микрофинансылык компаниянын жалпы уюштуруу структурасы жөнүндө маалымат;
8) Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматты кошо алганда, МФКнын кызмат адамдарынын тизмеси (ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компания үчүн), ошондой эле алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин тастыктаган анкеталар жана маалыматтар;
9) каражаттардын микрофинансылык компаниянын уставдык капиталы катары коммерциялык банктын топтоо эсебине салынышын тастыктоочу документ;
10) өткөн эки жыл үчүн финансылык отчеттуулук (микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары болгон юридикалык жактардын), мында акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчет аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш;
11) МФКнын уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) тарабынан анын уставдык капиталына салынган, Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын ишке ашырбаган МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 1 пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар:
а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:
- акыркы финансылык жыл үчүн бухгалтердик баланстын жана түшкөн пайдалар, кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн же;
- акыркы финансы жыл үчүн финансылык отчеттун, декларациялардын же финансылык абалга тиешелүү башка документтердин көчүрмөлөрүн;
- аудитордук корутундунун көчүрмөсүн (эгерде бул талап мыйзамдарда белгиленген болсо);
- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер;
б) жеке адамдар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:
- кирешелер жөнүндө маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, суммаларды, мүлктү ж.б. мурастап калуу укугун тастыктаган документтер;
- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер.
Сунушталган документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Улуттук банктын талабы боюнча МФК ушул пунктчанын 1-абзацында белгиленген шарттардан көз карандысыз, уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган маалыматтарды (документтерди) берүүгө тийиш.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4.3. Микрофинансылык компаниянын капиталына четөлкөлүк инвесторлор катышкан учурда макулдашуу катын алуу үчүн ушул Жобонун 4.2-пунктунда аталган документтерге кошумча, белгиленген тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтер берилет:
1) юридикалык жак - резидент эместерден:
- юридикалык жак катары катталгандыгын тастыктоочу документ;
- Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияны түзүүгө катышкандыгы тууралуу тиешелүү органдын чечими;
- Устав жана эсепке алуунун эларалык тажрыйбасына ылайык түзүлгөн өткөн эки жыл үчүн финансылык отчеттуулук;
- Акыркы отчеттук датага карата финансылык абал жөнүндө аудитордук уюмдун тыянагы же бул адамдын финансылык алгылыктуулугун тастыктоочу башка маалыматтар;
2) жеке адамдар - резидент эместерден:
- паспорттун көчүрмөсү же инсандыгын тастыктаган башка документ;
- анын финансылык абалы алгылыктуу экендигин далилдеген документтер.
4.4. Лицензия алуу үчүн микрофинансылык компаниялар тарабынан Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтерди эки нускада бериши керек:
1) лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат. Юридикалык жактар үчүн лицензия берүү жөнүндө өтүнмөгө Директорлор кеңешинин Төрагасынын, же болбосо уюштуруучулардын жыйынында ыйгарым укукка ээ болгон башка адамдын колу коюлушу керек (2-тиркеме);
2) юстиция органдарында каттоодон өткөрүлгөн уюштуруу келишиминин түп нускасы жана нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;
3) юстиция органдарында каттоодон өткөрүлгөн уставдын түп нускасы жана нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;
4) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
5) лицензиянын берилиши үчүн акынын төлөнүшүн тастыктоочу документ.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомунун редакциясына ылайык)
4.5. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга талапкер болгон микрофинансылык компаниялар мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга өтүнүч катты бергенге чейин бир жылдан кем эмес мөөнөттө, Улуттук банкка мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга билдирме берүүдө микрофинансылык компаниянын ниетин тастыктоочу милдеттенме-катты Улуттук банкка бериши керек (3-эскертүү кара).
4.6. Чет өлкө валютасындагы камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү укугуна; ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компаниялар үчүн "Мудараба" жана "Кард Хасан" (каражаттарды тартуу) бүтүмдөрүн кошо алганда, кардарлардын чет өлкө валютасындагы жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга; чет өлкө валютасында карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатууга (факторинг); бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө, чет өлкө валютасындагы гарантияларды берүүгө; чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатууга кошумча лицензия алуу үчүн Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтер эки нускада сунушталат:
1) кошумча лицензияны талап кылган, операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;
2) уюштуруучунун чечиминин же акционерлердин жалпы чогулушунан протоколдун түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, аларда кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар камтылат;
3) МФКнын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, анда кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышы/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар каралган;
4) кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышын/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план;
5) МФКнын уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар;
6) каражаттардын МФКнын уставдык капиталы катары коммерциялык банктагы топтоо эсебине салынгандыгын тастыктаган документ (ушул Жобонун 2.6-пунктуна ылайык);
7) аудитордук уюмдун уюштуруучулардын финансылык абалы тууралуу корутундусу же алардын финансылык жактан ийгиликтерин тастыктаган башка маалыматтар;
8) лицензиялык жыйымдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган документ".
МФК аманатчы менен макулдашылган шартта, өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алуу учурунда ушул Жобонун 4.6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында каралган документтерди банктык лицензияны алуу үчүн сунуштайт, мында МФКнын жайлары, анын ичинде филиалдарынын жайлары да техникалык чыңдалышы, жабдылышы, өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы N 97/24-0 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин техникалык чыңдалышы жана аларды коргоо тартиби боюнча бирдиктүү талаптар жөнүндө" нускоодо белгиленген талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш, бул тууралуу МФК менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда тиешелүү актылар түзүлүүсү зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
4.7. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу укугуна лицензия алууга талапкер болгон микрофинансылык компаниянын милдеттенме-катына ылайык аныкталган жылдык өткөөл мезгил аралыгы аяктаганга чейин үч айдан ашык эмес мөөнөттө Улуттук банк микрофинансылык компаниянын ишине инспектордук текшерүү жүргүзөт.
4.8. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка микрофинансылык компанияны түзүү боюнча бирден ашык кагаздан турган уюштуруу документтери номер коюлуп, көктөлүүгө жана ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлууга тийиш. Уюштуруучу - юридикалык жактардын колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат. Уюштуруучу жеке адамдын колтамгасы нотариалдык жактан тастыкталат.
4.9. Лицензияны алууга өтүнүч кат же документтер кайтарылып алынган, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тартылган учурда, компаниянын уюштуруучулары тарабынан берилген документтердин бир көчүрмөсү аларга кайтарылып берилбейт.
4.10. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 16-статьясынын 2-пунктунун жана ушул жобонун 3.4-пунктчасынын талаптарына жооп берген МФК, "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 15-статьясында жана ушул жобонун 4.6-пунктунда каралган документтерди кошо сунуштоо менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алуу ниети жөнүндө билдирүүнү Улуттук банкка берет.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
4.11. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы сунушталган документтерди, аларды алган учурдан тартып эки айдан ашпаган мөөнөттө кароого алат. Документтерди кароого алуу мезгили Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары тарабынан 10 календарлык күнгө узартылышы мүмкүн.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Лицензия алууга өтүнүч катты кароонун тартиби
5.1. Уюштуруу келишимине кол коюлганга чейин компания түзүү боюнча ыйгарым укуктуу адам, компаниянын болжолдонуп жаткан толук жана кыскартылып алынган аталышын Улуттук банк менен алдын-ала макулдаша алат.
5.2. Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы микрофинансылык компанияны түзүү боюнча берилген документтерди аларды алган учурдан тартып, эки айдан ашпаган мөөнөттө карап чыгат. Документтерди карап чыгуу мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан, он календарлык күнгө узартылышы мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.3. Эгерде документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген жана/же документтердин толук эмес пакетин берген учурда, алар ыйгарым укуктуу адамга кат жүзүндөгү мотивдештирилген баш тартууну кошо тиркөө менен кайтарылат. Ошону менен, микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары тарабынан берилген документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт. Документтерди карап чыгуу мөөнөттөрүн эсептөө, Улуттук банктын талаптарына жооп берген документтердин топтомун алган учурунан башталат.
5.4. Ушул Жобонун 4.2.-4.3. пунктарында келтирилген документтерди карап чыккандан кийин Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы юридикалык жакты микрофинансылык компания катары мамлекеттик каттоого макулдугу жөнүндө тыянакты даярдайт, анда төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:
- документтерди карап чыгуу мөөнөтү;
- уюштуруу документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү;
- микрофинансылык компаниянын уюштуруучуларынын финансылык алгылыктуулугунун жана репутациясынын анализи;
- уюштуруучулар ортосунда уставдык капиталдагы акциялардын бөлүштүрүлүшү;
- бизнес-планга кыскача анализ;
- микрофинансылык компаниянын сунушталган кызмат адамдарынын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү;
- жаңы микрофинансылык компанияны түзүү рынокто монополияга алып келбестиги жөнүндө тыянак.
5.5. Микрофинансылык компанияга лицензия берүү жөнүндө маселе оң чечилгенде, Улуттук банк микрофинансылык компанияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык юстиция органдарында каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү үчүн макулдук кат берет.
5.6. Макулдук катка тиркемеде Улуттук банк берилген уюштуруу документтеринин бир нускасын микрофинансылык компанияга берет.
5.7. Улуттук банк микрофинансылык компанияны каттоого алдын-ала берилген макулдугун төмөнкү себептер боюнча токтотууга, же болбосо кайтарып алууга укуктуу:
1) эгер өтүнүч катты берүүчүнүн финансылык же укуктук абалында микрофинансылык компанияны ачууга алдын-ала макулдукту кайтарып алуу үчүн негиздемелер келип чыккан өзгөрүүлөр болгондо;
2) эгер текшерүү процессинде микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары жана кызмат адамдары тууралуу так эмес маалыматтар табылганда.
Улуттук банк лицензия алууга алдын-ала уруксат берүүгө баш тартуунун негиздөөлөрү жөнүндө микрофинансылык компанияны жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш.
5.8. Юридикалык жак микрофинансылык компания катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин ыйгарым укуктуу адам Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына уюштуруу документтери менен бирге күбөлүктүн көчүрмөсүн берет.
5.9. Лицензия мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана бардык зарыл документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө карап чыгуу жана лицензия берүү үчүн төлөмдөр төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтерди бергенден кийин беш жумушчу күндүн ичинде берилет.
5.10. Лицензияга үч нускада Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлат (7-тиркеме).
Өзүнчө банк операцияларын өткөрүүгө чектөө баракчасы лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат (8-тиркеме).
Лицензиянын бир нускасы Директорлор кеңешинин Төрагасына же микрофинансылык компаниянын башка ыйгарым укуктуу адамына кол койдуруп алуу менен берилет.
Лицензиянын эки нускасы жана компания тарабынан берилген бардык документтер Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгында сакталат.
5.11. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы микрофинансылык компаниянын реестрин (мындан ары текст боюнча - реестр) жүргүзөт.
6. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алуунун тартиби
6.1. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алуу үчүн юридикалык жак Улуттук банктын алдынала уруксатын алышы керек (ушул Жобонун 1-тиркемесинин критерийлерине ылайык келген).
6.2. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүү зарыл:
- Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алууга өтүнүч кат;
- Микрофинансылык компаниянын акцияларын сатып алуу жөнүндө юридикалык жактын тиешелүү (ыйгарым укуктуу) органынын чечими;
- юридикалык жактын ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн критерийлерге ылайыктуулугун тастыктаган документтер.
6.3. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алууга өтүнүч катын алган күндөн баштап, Улуттук банк отуз жумушчу күндүн ичинде микрофинансылык компанияга акцияларды сатып алууга макулдугу же баш тартуусу жөнүндө кат жөнөтөт.
6.4. Улуттук банк микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алууга өтүнүч катты карап чыгуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты сурай алат.
Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларын кандай болбосун кошумча сатып алууда юридикалык жак жазуу формасында билдирме бериши жана Улуттук банктан алдынала уруксат алышы керек.
Четөлкөлүк инвесторлордун "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык тике же кыйыр түрдө контролдукту ишке ашыруу укугун берүүчү микрофинансылык компаниянын акцияларынын топтомун сатып алган учурунда же микрофинансылык компаниянын акцияларын кошумча сатып алса, анын натыйжасында четөлкөлүк инвесторлор акциялардын контролдук топтомунун тике же кыйыр түрдө ээси болгон учурунда (б.а. 50% ашыгын сатып алганда), акцияларды сатып алуунун болжолдонгон датасына чейин отуз күндө ушул Жобонун 4.3. жана 4.4. пункттарына ылайык, белгиленген тартипте легалдаштырылган документтерди берүүгө тийиш.
7. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу
7.1. Микрофинансылык компаниялар иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырыла турган өзүнчө бөлүмдөрдү (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) ача алат.
МФК филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн чет мамлекеттин аймагында жүргүзгөн иши, алар ачылган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Юридикалык жак болуп саналбаган, юридикалык жак жайгашкан жерден тышкары турган жана филиал жөнүндө жоболордун негизинде операциялардын бардыгын жана/же бөлүгүн жүзөгө ашырган жана микрофинансылык компания тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын өзүнчө бөлүмү, компаниянын филиалы болуп саналат.
7.3. Филиал, компания менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле компаниянын аталышына толук дал келген, "филиал" деген сөз кошулган аталышка ээ.
7.4. Филиалдын жетекчиси компаниялардын ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана аларга белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта компаниянын атынан филиалдын жетекчиси жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын жана башка аркеттердин тизмеси келтирилүүгө тийиш.
7.5. Компания Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен ал тууралуу ачылышына документтерди Улуттук банкка сунуштоодон тартып 30 күндүн ичинде өз филиалын ачат.
Филиалды ачуу үчүн Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:
1) филиалды ачуу тууралуу билдирме (9-тиркеме);
2) филиалды ачуу тууралуу микрофинансылык компаниянын тиешелүү органынын чечими;
3) минимум катары, филиалды ачуунун максаттары, филиалга мыйзамдашкан банктык операциялардын тизмеси, пландалган операциялардын масштабы жана мүнөзү, филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана функциялары көрсөтүлүүгө тийиш болгон филиал жөнүндө жобо;
4) филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кадрларды эсепке алуу баракчасынын көчүрмөсү (4-эскертүүнү кара);
5) ал жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын жетекчисине берилген, микрофинансылык компаниянын жетекчиси тарабынан кол коюлган жана микрофинансылык компаниянын мөөрү менен бекитилген ишеним кат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
7.6. Филиалдар юстиция органдарында эсептик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, каттоодон өткөн учурунан тартып беш жумушчу күндүн ичинде компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бир нускада берүүгө тийиш:
1) титулдук баракчада эсептик каттоодон өткөрүүнү ишке ашыргандыгы тууралуу белги менен филиал жөнүндө жобону;
2) компаниянын мөөрү менен тастыкталган, эсептик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн;
3) юстиция органдарында каттоодон өткөн уставдын түп нускасы же нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсүн.
7.7. Ушул Жобонун 7.6. пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана компаниянын тиешелүү билдирүү катын берген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы:
1) Микрофинансылык компаниянын филиалдарынын реестрине жазуу жүргүзөт;
2) Микрофинансылык компаниянын дарегине компаниянын филиалдарынын реестрине жазуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кат жөнөтөт;
3) Филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин фамилиясын көрсөтүү менен компаниянын филиалын ачуу жөнүндө Улуттук банктын областтык мекемелерине кат жөнөтөт.
7.8. Микрофинансылык компаниянын филиалын жабуу жөнүндөгү чечим компаниянын тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат. Микрофинансылык компания бул учурда Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (анын аймактык органдарынын) филиалдын ишин токтотуу жөнүндө маалыматтардын филиалдардын реестрине киргизүү жөнүндө буйругунун көчүрмөсүн, ошондой эле билдирүү катын берет.
7.9. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы компания тарабынан берилген билдирүү катынын жана буйруктун көчүрмөсүнүн негизинде компаниянын филиалдарынын реестрине филиалдын жабылышы жөнүндө жазуу жүргүзөт.
7.10. Юридикалык жак болуп саналбаган, компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн, ошондой эле компаниянын атынан өкүлчүлүк ал тарабынан бекитилген жөнүндөгү жобого ылайык, депозиттерди кабыл алуудан, микрокредиттерди берүүдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык лицензияны алууну талап кылбаган башка операцияларды жүргүзүүдөн тышкары, бүтүмдөрдү жана башка укук ченемдүү аракеттерди жүзөгө ашырган, анын өзүнчө бөлүмү компаниянын өкүлчүлүгү болуп саналат.
Өкүлчүлүк, компания менен бирдиктүү баланска, ошондой эле компаниянын аталышына толук дал келген, "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган аталышка ээ.
7.11. Улуттук банктын билдирүүсүн алган учурдан тартып отуз күндүн ичинде компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында өз өкүлчүлүгүн ачат.
7.12. Компаниянын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары өкүлчүлүгүн ачуу үчүн Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди берет:
1) өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечим (10-тиркеме);
2) өкүлчүлүктү ачуу тууралуу компаниянын тиешелүү органынын чечими;
3) жайгашкан ордунан жана аталышынан тышкары, өкүлчүлүктү ачуу максаттары жөнүндөгү маалыматты, аткарылуучу иштердин түрлөрүн камтыган өкүлчүлүк жөнүндөгү жобо;
4) жетекчи тууралуу маалымат (кадрларды эсепке алуу баракчасы).
7.13. Юстиция органдарында өкүлчүлүктү эсептик каттоодон өткөргөндөн кийин, компания каттоодон өткөндөн кийинки беш жумушчу күндүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада берүүгө тийиш:
1) титулдук баракчада эсептик каттоодон өткөрүүнү ишке ашыргандыгы тууралуу белги менен филиал жөнүндө жобону;
2) компаниянын мөөрү менен тастыкталган эсептик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн;
3) юстиция органдарында каттоодон өткөн уставдын түп нускасын же нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсүн.
7.14. Ушул Жобонун 7.13 пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана компаниянын тиешелүү билдирүү катын алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы:
1) Микрофинансылык компаниянын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазууну каттайт;
2) Микрофинансылык компаниянын дарегине компаниянын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кат жөнөтөт;
3) Өкүлчүлүктүн жетекчисинин фамилиясын көрсөтүү менен компаниянын өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө Улуттук банктын областтык мекемелерине кат жөнөтөт.
7.15. Өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан жана өкүлчүлүктүн юстиция органдарында тиешелүү жоюу жол-жобосунан өткөндөн кийин, компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүгө (10-тиркеме), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (анын аймактык органдарынын) өкүлчүлүктүн ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды өкүлчүлүктүн реестрине киргизүү жөнүндө буйругунун көчүрмөсүн тиркөө менен беш жумушчу күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
7.16. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы компания тарабынан берилген документтердин негизинде компаниянын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине өкүлчүлүктүн жабылышы жөнүндө жазууну каттайт.
8. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
8.1. Улуттук банк, төмөндө келтирилген себептердин негизинде лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн:
1) лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу же башка документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарына ылайык келбеши;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген документтер толук көлөмдө берилбесе. Көрсөтүлгөн тоскоолдуктар четтетилгенде документтер жалпы негизде каралат;
3) эгерде, Улуттук банк алдын-ала макулдугун берген учурдан тартып, анын финансылык жана укуктук абалында лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон өзгөрүүлөр орун алган учурда;
4) компаниянын кызмат адамдарынын Улуттук банктын белгилеген минималдуу талаптарына ылайык келбей калуусу (5-эскертүү кара);
5) минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнүн, структураларынын, топтоо булактарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбей калуусу;
6) каттоодон өтүү учуруна карата уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөнбөсө;
7) лицензия алууга такталбаган маалыматтарды камтыган документтер берилген болсо;
8) лицензия берүү үчүн төлөмдөр төлөнбөгөн болсо;
9) ишкердиктин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
8.2. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ыйгарым укуктуу адамды лицензия берүүдөн баш тартуунун негиздери тууралуу жазуу жүзүндө билдириши керек.
9. Лицензия алгандан кийин өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу
9.1. Компаниянын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, лицензия алуу үчүн берилүүчү документтер, ошондой эле компаниянын башкаруу органдарынын курамында өзгөрүүлөр Улуттук банкта алдынала жактырылууга тийиш.
Ошондой эле, акциялардын ири топтомун сатып алуу (беш жана андан ашык пайыз) Улуттук банкта алдынала жактырылышы керек.
9.2. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларды Улуттук банк тарабынан жактырылбашы мүмкүн:
1) уюштуруу документтериндеги сунушталган өзгөртүүлөрдө жана толуктоолордо лицензия берүүдө баш тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болсо;
2) компаниянын уюштуруу документтериндеги сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сунуштарды четтетүү тууралуу Улуттук банктын тапшырмасын аткаруудан баш тартса;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
9.3. Улуттук банк өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашкандан кийинки жумушчу күндө билдирүүчүгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдашуу катын берет.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
9.4. Юстиция органдарында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кайра каттоодон кийин компания үч жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына кайра каттоо жөнүн күбөлүктүн көчүрмөсүн, ал эми лицензиясын алмаштырган учурда - лицензияны берүүгө өтүнүч катты берүүгө тийиш.
9.5. Компания туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
9.6. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
9.6.1. Компаниянын уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Компаниянын уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор, же болбосо компаниянын уставынын жаңы редакциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет.
9.6.2. Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жактыруу үчүн компания акционерлердин жалпы жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып, отуз жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына эки нускада төмөнкү документтерди берет:
- уставка киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, же болбосо уставдын жаңы редакциясын кароо жөнүндөгү тиешелүү орган кол койгон өтүнүч кат;
- уставка киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө акционерлердин жалпы жыйынынын протоколунун тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөсү;
- Компаниянын жетекчиси кол койгон, уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун тексти, уставдын жаңы редакциясы.
9.6.3. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы берилген документтерди отуз календарлык күндүн ичинде карап чыгат. Эгерде алар ушул Жобонун талаптарына жооп берген болсо, уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн текстин, же болбосо уставдын жаңы редакциясын тиркөө менен юридикалык жакты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштоо үчүн макулдук каты билдирүүчүгө берилет.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
9.6.4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бериши керек:
- тиешелүү түрдө тастыкталган, юстициянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө юстициянын ыйгарым укуктуу органынын белгиси менен уставга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун, же болбосо уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы жана анын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү.
Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматты реестрге каттайт.
9.6.5. МФК, өз баалуу кагаздар эмиссиясынын акыркы каттоосунун жыйынтыктары жөнүндө, баалуу кагаздар жөнүндө мыйзам актыларына ылайык, баалуу кагаздар чыгарылды деп таанылган жана аларды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет катталган учурдан тартып отуз календарлык күн ичинде, Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.
Билдирүүдө төмөнкүлөр кошумча сунушталууга тийиш:
1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, акцияларды чыгаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту каттоо тууралуу чечими;
2) акционерлердин өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу реестринин, ага ээлик кылуучулардын колтамгасы түшүрүлгөн көчүрмөсү же акционерлердин жаңы реестри.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
9.6.6. МФКнын Уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана белгиленген мыйзам тартибине ылайык каттоодон өткөртүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
9.7. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү
9.7.1. Компаниянын уставында аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү катышуучулардын акцияга толук төлөмүн киргизгенден кийин ишке ашырылат. Компаниянын уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечимин кабыл алуу компаниянын уставындагы уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүүнүн мурдагы катталышынан жана акциялардын чыгарылышын аткарылды деп таанылышынан кийин жол берилет.
9.7.2. Эгер компаниянын уставында уставдык капиталдын өлчөмүнүн өзгөртүлүшү киргизилсе, анда компания ушул Жобонун 9.6.2. пунктчасында келтирилген документтердин тышкары, кошумча төмөнкү документтерди эки нускада берет:
- компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынынын уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган протоколу же анын көчүрмөсү;
- уставдык капиталда үлүшү 5 жана андан көп процентти түзгөн акционерлер тууралуу маалыматты көрсөтүү менен акционерлерлердин тизмеси (5-тиркеме);
- бир юридикалык жак же адам тарабынан, же болбосо юридикалык жактардын жана/же жеке адамдардын келишим боюнча өз ара байланыштуу болгон тобу, же туунду ишкана болуп саналган же бири-бирине көз каранды болгон юридикалык жактардын бир же бир нече бүтүмдөрүнүн натыйжасында компаниянын акционерлери тарабынан бештен көбүрөөк, бирок 20 процентинен ашпаган өлчөмдө компаниянын акцияларынын сатылып алынышы жөнүндөгү маалыматтар;
- акциялардын чыгарылышын мурда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган каттын көчүрмөсү жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыгы тууралуу маалымкат;
- уставдык капитал көбөйтүлгөн учурда, жарыяланган акциялардын категориялары, класстары, саны, номиналдык наркы, ошондой эле алар акционерге ыйгаруучу укуктар жөнүндөгү маалыматтар берилет;
- өтүнүч кат берилген күнү коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине акча каражаттары толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы эсептешүү эсебинен көчүрмө).
Эгерде капиталдын көбөйүүсү төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылса:
- уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен - бул учурда акча каражаттарын кошумча капитал катары салуу жөнүндө келишим/макулдашуу жана банктагы эсептешүү эсебинен акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган көчүрмөсү берилүүгө тийиш;
- бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен - бул учурда уюштуруучулардын/катышуучулардын (акционерлердин) жалпы жыйынынын пайданы бөлүштүрүү жөнүндө чечими берилүүгө тийиш;
- 4.2-пунктунун 11-пунктчасында белгиленген документтердин тизмегине ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8, 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9.7.3. Улуттук банк, МФКнын уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү макулдашылган шартта, маалыматтарды жаңы түзүлгөн МФКлар үчүн каралган тартипте, ошондой эле МФК акционерлеринин финансылык абалы жана алар жүргүзгөн операциялар боюнча маалыматтарды, акционерлердин уюштуруу документтерин берүүсү жана алардын финансылык жана башка отчеттору жөнүндөгү кошумча маалыматтарды талап кыла алат.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
9.8. Микрофинансылык компаниянын аталышын өзгөртүү
9.8.1. Микрофинансылык компания андан ары лицензияны алмаштыруу менен аталышын өзгөртүүнү макулдашуу үчүн Улуттук банкка компания анын уюштуруу-укуктук формасын камтыган, болжолдуу толук жана кыскартылган аталышы менен аталышын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч катты жөнөтөт.
Улуттук банк үч жумуш күнү ичинде чечим кабыл алат жана компаниянын жаңы аталышын макулдашуунун жыйынтыгы жөнүндөгү жоопту компанияга жөнөтөт.
9.8.2. Улуттук банктан жаңы аталышты макулдашуу жөнүндөгү билдирмени алгандан кийин компаниянын акционерлери жалпы жыйында анын аталышын өзгөртүү жана компаниянын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди кабыл алат.
9.8.3. Компаниянын акционерлери жалпы жыйында анын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алгандан кийин компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бериши керек:
- компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу тиешелүү органдын колу коюлган, уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү карап чыгуу жөнүндө өтүнүч кат;
- тиешелүү түрдө тастыкталган, компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими менен акционерлердин жалпы жыйынынын протоколу же анын көчүрмөсү;
- Компаниянын жетекчисинин колу коюлган, компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө тиешелүү болгон уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тексти.
9.8.4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы берилген документтерди ушул Жобонун 9.6.3. пунктуна ылайык карап чыгат.
9.8.5. Компания юстициянын ыйгарым укуктуу органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн күндөн тартып, үч күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бериши керек:
- тиешелүү түрдө тастыкталган, юстициянын ыйгарым укуктуу органында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү эки нускада;
- юстициянын ыйгарым укуктуу органынын белгиси менен уставга тиркеме түрүндө уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн түп нускасы эки нускада жана анын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;
- жаңы аталыштагы лицензияны берүүгө өтүнүч кат.
Компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу лицензияны алмаштыруу жөнүндө чечимди Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын сунушу менен Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кабыл алат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
9.8.6. Компания анын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу лицензияны алмаштырууну ишке ашырган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу компаниянын жаңы аталышын көрсөтүү менен жаңы аталышы жөнүндө билдириши керек.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
9.8.7. Өз аталышын өзгөрткөн МФК, Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына эски аталышы боюнча лицензиясын өткөрүп берүүгө тийиш. Лицензия, эски аталыштагы лицензиянын ордуна берилгендиги тууралуу эскертүүчү жазуулар түшүрүлүү менен Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы тарабынан МФКнын лицензиясы алмаштырылат.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
9.9. Микрофинансылык компаниянын жайгашкан ордун алмаштыруусу
9.9.1. МФКнын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөрүшү, МФКнын башка калктуу пунктка которулушу менен коштолушу мүмкүн. МФКнын бир калктуу пункттун ичинде орун которушу лицензиялардын алмаштырылышына алып келбейт жана уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүн киргизилишин талап кылбайт. Жайгашкан жери, анын ичинде айкын дареги өзгөргөн учурда МФК Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтерди сунуштайт:
1) МФКнын жайгашкан жеринин, анын ичинде айкын дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу билдирмени;
2) ижара келишиминин же МФКнын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 токтомунун редакциясына ылайык)
9.9.2. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы микрофинансылык компаниянын жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу реестрге чагылдырууга тийиш.
9.9.3. Жайгашкан ордун өзгөрткөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде микрофинансылык компания төмөндөгүлөрдү аткаруусу зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ал тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарында микрофинансылык компаниянын жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу (почта дарегин) жарыялоого.
9.10. Акционерлердин курамынын өзгөрүүсү
9.10.1. Микрофинансылык компаниянын ишине тике же кыйыр түрдө контролдукту жүзөгө ашырууга укук берген акциялардын топтомун сатып алууга ниеттенген же башка жактар же бирикмелер менен чогуу иш алып барган кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жак акцияларды сатып алуу болжолдонгон күнгө чейин отуз күн мурда Улуттук банкка кат жүзүндө билдирме берүүгө тийиш.
9.10.2. Акцияларга ээлик кылуу дегенден улам микрофинансылык компаниялардын акцияларын сатып алууну, өткөрүп берүүнү, күрөөгө коюуну жана кандайдыр башка формада ажыратууну түшүнүүгө болот.
9.10.3. Контролдук дегенден улам микрофинансылык компаниянын Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөсүн шайлоого тике же кыйыр түрдө контролдук кылууга, ошондой эле компаниянын ишин тескөөгө башка жол менен таасир этүү мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл. Контролдук микрофинансылык компания тарабынан чыгарылган добуш берүүгө же башкаруу чечимдерин кабыл алууга таасир этүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун түрдөгү акциялардын беш же андан көп пайызына ээлик кылуу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
9.10.4. Акцияларды сатып алууга билдирме микрофинансылык компаниянын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында тике же кыйыр түрдө акциялардын контролдук топтомуна ээ болуп калган жактар тарабынан да берилиши мүмкүн.
9.10.5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирмелерди алган учурдан кийин 30 күндөн кечиктирбестен, ал эми акциялар резидент эместер тарабынан сатылып алган учурларда 6 күн аралыгында өз чечими жөнүндө (макул болгондугу же баш тарткандыгы) кат жүзүндө билдирет. Макул болбогон шартта анын себептери көрсөтүлүшү зарыл. Эгерде, Улуттук банк кабыл алган чечим жөнүндө көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде маалымдабаса, микрофинансылык компаниялардын акцияларын сатып алуу боюнча бүтүм жүзөгө ашырылган болуп эсептелет.
9.10.6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн көзөмөлдүк функциянын чегинде микрофинансылык компаниянын акцияларынын беш пайыздан көбүрөөгү сатылып алынган учурда МФКнын акционерлеринин финансылык абалы жана ишкердик аброюуна тиешелүү маалыматтарды талап кылып алышы мүмкүн.
9.10.7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү учурларда келип түшкөн билдирмени канааттандыруудан баш тартышы мүмкүн:
1) акциялардын топтомун сатып алуу монополияга алып келиши мүмкүн;
2) сатып алуучу тараптын финансылык абалы микрофинансылык компаниянын туруктуулугуна коркунуч туудурат;
3) микрофинансылык компаниянын сунуш кылынган жетекчилигинин компентенциясы, иш тажрыйбасы, кесиптик квалификациясы белгиленген талаптарга ылайык келбейт;
4) акцияларды сатып алган тарап тиешелүү маалыматтарды толук берген эмес же бурмаланган, тактабаган маалыматтарды беришкен.
9.10.8. Микрофинансылык компаниянын катышуучуларынын курамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү кароо мөөнөтүн эсептөө Улуттук банктын талаптарына жооп берген документтер алынган учурдан башталат.
9.10.9. Акциялардын ири топтомун (5 же андан көп пайызы) сатып алууга чейинки акционердин курамына киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу маалымат Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына жарым жылдык негизде берилиши зарыл.
9.11. Микрофинансылык компаниянын филиалынын ишине байланыштуу өзгөрүүлөр
9.11.1. Микрофинансылык компаниянын лицензиясында каралган операциянын жүзөгө ашырылышы көзөмөлдүктү жүргүзүү үчүн ал 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка өзүнүн филиалы жөнүндөгү жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр тууралуу билдирүүсү зарыл.
9.11.2. Филиалы жайгашкан ордун өзгөрткөн шартта микрофинансылык компания 3 жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.
9.11.3. Микрофинансылык компания филиалынын жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоосу зарыл.
9.11.4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу билдирме алгандан кийинки он беш жумуш күнү ичинде аларга макул экендигин же макулдук берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө билдирме даярдоого тийиш.
10. Микрофинансылык компаниянын кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу
10.1. Микрофинансылык компания анын акционерлердин же болбосо уюштуруу документтеринде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын чечими боюнча ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими боюнча кайра өзгөртүп түзүлүшү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, өзүнчө бөлүү, өзгөртүп түзүү) мүмкүн.
(КР УБ Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы N 49/4 токтомунун редакциясына ылайык)
10.2. Микрофинансылык компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн. Мында микрофинансылык компания лицензиясынын түп нускасын өз эрки боюнча жоюлгандыгы жөнүндө чечим кабыл алгандан кийинки үч күн аралыгында Улуттук банкка тапшырууга жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алгандан тартып лицензияда каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш.
Микрофинансылык компанияны жоюу, анын ичинде Улуттук банк тарабынан лицензиясы кайтарылып алынышы учурунда милдеттери анын катышуучуларына (акционерлерине) же микрофинансылык уюмдун уставы менен ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт, мында төмөнкү учурлар эске алынбайт:
- төлөөгө жөндөмсүз (банкроттук) шартында микрофинансылык уюм Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамына ылайык жоюлат;
- мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды жоюу Кыргыз Республикасынын "Банктарды банкроттоо жана жоюу жөнүндө" мыйзамына ылайык жүзөгө ашырышат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
10.2-1. Эгерде МФК кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит мекемелери алдында бардык милдеттенмесин аткара албай калган болсо, ыктыяры боюнча өзүнөн-өзү жоюлуу чечимин кабыл алышына жол берилбейт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/1 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын жыйырма пайыздан ашыгына ээлик кылган уюштуруучуларга коюлган ТАЛАПТАР
Микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары болуп, төмөнкү пункттардын бирине ылайык келген юридикалык жактар эсептелет:
1. Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы, Реконструкциялоо жана өнүгүүнүн Европа банкы, Ислам Өнүгүү банкы тарабынан ыйгарым укук берилген эл аралык финансы уюмдары.
2. Төмөнкү шарттарды аткарууда четөлкөлүк коммерциялык уюмдар:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өкмөт аралык келишимдердин негизинде, донор-өлкөлөрдүн (мисалы, USAID, GTZ, TASIS, JICA, ТIСА) Өкмөттүк уюмдарды микрокаржылоону өнүктүрүү долбоорлору боюнча акыркы беш жылдын ичинде кредит берүүчүлөр катары иштеп жаткан жана/же иштеп кеткендер;
б) Кыргыз Республикасында үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болгондор;
в) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоого жардам көрсөтүүчүлөр.
3. Финансы-кредиттик мекемелер жана адистештирилген кредиттик мекемелер, төмөнкү шарттарды аткарууда:
а) туруктуу финансылык абал жана Кыргыз Республикасынын рыногунда акыркы эки жылдын ичинде кирешелүү ишти жүзөгө ашыруу;
б) Микрофинансылык секторго баа берүү фондунда катталган рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган ортодон жогорку рейтингге ээ болуу;
в) акыркы эки жыл үчүн тышкы аудиттин тыянагынын болушу;
г) акыркы он эки ай ичинде Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулбаса.
Бул талаптар Улуттук банк тарабынан кайрадан каралып чыгышы мүмкүн.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасына лицензия берүү жөнүндө АРЫЗ
Банктык операцияларды жүзөгө ашырууга төмөнкү реквизиттер менен ______________________________________________________________ (компаниянын аталышы) түзүү үчүн лицензия берүүнү өтүнөбүз:
1. Аталышы
2. Толук дареги
3. Уюштуруучулар тобунун төрагасынын аты-жөнү өкүлдүн дареги
Телефон_______________ Факс__________
4. Уюмдун түрү (түптөлүү ыкмасы боюнча)
Жабык акционердик коом
Ачык акционердик коом
5. Холдинг компаниясы менен байланышы (ооба/жок)
Эгерде болгон болсо, холдинг компаниясынын аталышы
6. Капиталдын болжолдонуп жаткан структурасы:
- акционердик капитал (номиналдык)
- акциянын номиналдык наркы
- акциялардын саны
Берилип жаткан маалыматтардын аныктыгына уюштуруучулар толук жоопкерчиликтүү.
Уюшуу документтери ___ барактан турат, ар бир баракка кол коюлат.
Уюштуучулар: Аты-жөнү, колтамгасы, дата,
мөөр
Дарек, телефон, факс
1.
2.
3.
(Эгерде уюмдун уюштуруучусу болсо, анда уюмдун толук аталышы жазылып, жетекчинин колтамгасы коюлат жана мөөр менен тастыкталат)
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Микрофинансылык компанияны түзүү жөнүндөгү уюштуруу келишиминде чагылдырылууга тийиш болгон негизги маалыматтардын ТИЗМЕСИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясын ылайык)
1. Толук расмий аталышы;
2. Түзүү максаты;
3. Уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө маалымат;
4. Уставдык капитал жөнүндө маалымат;
5. Компаниянын уюштуруучу-акционерлеринин укуктары жана милдеттери;
6. Акциялар тууралуу маалымат;
7. Башкаруу органдары тууралуу маалымат (Башкарма, директорлор Кеңеши, Шариат кеңеши, алардын компетенциясы жана дайындоо тартиби);
8. Кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу тартиби;
9. Мыйзам тарабынан каралган, башка маселелер.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Микрофинансылык компаниянын уставында чагылдырылышы зарыл болгон негизги суроолордун ТИЗМЕСИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5, 22013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен компаниянын толук аталышы (кыргыз, орус жана англис тилдеринде);
2. МФКны түзүү максаттары, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2-статьясында белгиленген максаттарга жетишүүнү жөнгө салган маселелерди камтыган жоболор;
3. Компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар;
4. Компаниянын уставдык капиталы тууралуу маалымат;
5. Компаниянын акциялары тууралуу маалымат;
6. Акционерлердин укуктары жана милдеттери;
7. Компания тарабынан акцияларды жайгаштыруу;
8. Акционерлер тарабынан компанияларды бөлүү;
9. Акционерлердин реестри жана акционерлерди каттоо тартиби;
10. Пайданы бөлүштүрүү;
11. Кардарлардын кызыкчылыгын камсыз кылуу;
12. Компанияны эсепке алуу жана отчеттуулук;
13. Башкаруу органдары (Башкарма, директорлор Кеңеши, Шариат кеңеши, алардын компетенциясы жана дайындоо тартиби);
14. Компаниянын финансылык-чарбалык ишине контроль;
15. Туунду ишканалар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматтар;
16. Уставка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
17. Компанияны кайра өзгөртүп түзүү жана ишин токтотуу;
18. Мыйзам тарабынан каралган, башка маселелер.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Уюштуруучулардын (акционерлердин) ТИЗМЕСИ
(компаниянын аталышы)
N | Юридикалык жактар үчүн | Почталык дареги, индекси, телефону, факсы | Уюштуруучунун төлөө реквизиттери, эсеп N жана эсеп ачылган финансы-кредиттик мекеменин аталышы | Жарыяланган уставдык капитал | 200_-жылдын карата төлөнгөнү | |||
| Юридикалык жактын толук аталышы | Юридикалык жактын жетекчисинин (уюштуруучусунун, акционеринин) аты жөнү | Үлүшү миң сом | Уставдык капиталда катышуу үлүшү (пайыз менен) | Миң сом менен салынган | Уставдык капиталда катышуу үлүшү (пайыз менен) | ||
| Жеке адамдар үчүн |
|
|
|
|
|
|
|
| Паспортундагы маалыматтар | Аты- жөнү |
|
|
|
|
|
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Директорлор Кеңешинин Төрагасы (колтамгасы) Аты-жөнү
Мөөр (кайрадан түзүлүп жаткан компания үчүн - андан Директорлор Кеңешинин Төрагасы дайындалган уюмдун мөөрү; иштеп турган компания үчүн - анын мөөрү).
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Бизнес-планда чагылдырылууга тийиш болгон негизги маселелердин ТИЗМЕСИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Киришүү бөлүмү
А. Компаниянын аталышын, жайгашкан ордун көрсөткүлө. Компания, иштеп жаткан микрофинансылык уюмдун, банктын, банктык холдинг компаниясынын филиалы боло алабы же кандайдыр бир негизде иштеп жаткан финансы системасына кошула алабы.
Б. Уюштуруучулардын жана Директорлор Кеңешинин Төрагасынын аты-жөнүн жана даректерин атагыла.
В. Уюштуучулар тобунун түзүлүшүн кыскача баяндап бергиле.
II. Компаниянын иш чөйрөсү тууралуу
А. Компанияга иш алып барууга туура келген рыноктун болжолдонуп жаткан аймагын көрсөткүлө.
Б. Сунуш кылынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү атап жана кыскача баяндап бергиле. Болжолдонуп жаткан кредит саясатына (кредиттерди берүүдө тобокелдикке баа берүү механизми, берилген кредиттерди үзгүлтүксүз контролдоо механизми, болжолдонуп жаткан кредит саясатына байланыштуу болгон башка маселелер), депозиттик кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле түзүлүп жаткан компания үчүн артыкчылыктуу болгон башка операцияларды жүзөгө ашырууга көңүл бургула. Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2-статьясында белгиленген максатка жетишүү маселелерин жөнгө салууну камтыган жоболордо көрсөткүлөт.
В. Акциянын беш же андан көп процентине ээлик кыла турган уюштуруучуларды, Кеңештин мүчөлөрүн, Башкарманын Төрагасын жана мүчөлөрүн көрсөткүлө.
Жүгүртүүгө чыгарылып жаткан акцияларынын саны беш же андан көп процентти түзгөн акционерлерди, акциялар сатылып алынышы болжолдонуп жаткан проценттик катышты көрсөткүлө. Башкы кассирди, кредиттөө боюнча башкы кызмат адамдарын кошо алганда, Төраганын жана аткаруучу кызмат адамдарынын аты-жөнүн жана даректерин көрсөткүлө.
Уюштуруучулар тобунун жетекчисин, анын аты-жөнүн, дарегин, телефон номерин көрсөткүлө.
III. Жетекчилик жана башкаруу
А. Компаниянын иши жөнүндө, башкарманын жана улук кызмат адамдарынын милдеттеринин чөйрөсүн, кадрларды тартуу планын жана кадр саясатын жүргүзүүсүн чагылдырып көрсөткүлө.
Б. Компаниянын Кеңешинин жана Башкармасынын Төрагасынын кызмат ордуна жана башка жетекчилерине сунуш кылынып жаткан талапкерлер боюнча материалдарды, ушул иштерге кабыл алынып жаткан жетекчилер кандай сапатка ээ болууга тийиш экелдиктери тууралуу материалды кароого алгыла.
Сунуш кылынып жаткан кызматтарды көрсөтүүгө же сунуш кылынган рынок чөйрөсүн тейлөөгө мүмкүнчүлүккө жооп берген алардын иш тажрыйбаларынын маңызы: жана деңгээлин чагылдырып көрсөткүлө.
В. Таламдардын каршы келип калуусун талкууга алгыла.
Г. Микрокредиттөө кызматтын көрсөтүү боюнча компания келишүүгө ниеттенип жаткан кандай болбосун келишимди чагылдырып көрсөткүлө.
IV. Компаниянын ишин анализдеп көрүү
А. Компания тейлөөгө тийиш болгон рынокту анализдеп көргүлө, алынуучу кирешелери жана башка экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүн чагылдыргыла. Рынокко каралып жаткан өзгөртүүлөрдү, ошол өзгөрүүлөргө таасирин тийгизген факторлорду жана алардын түзүлүп жаткан компанияга таасирин кароого алуу зарыл. Сиз тейлей турган рыноктордун ортосундагы айырмаларды, мисалы, депозиттик жана кредиттик рыноктун ортосундагы айырмачылыктарды чагылдырып көрсөткүлө.
Б. Атаандаштыкка иликтөөлөрдү жүргүзгүлө. Тейлөөнүн рыноктук чөйрөсүнүн чегиндеги атаандаштарды, тейленип жаткан рыноктордун чегинде турган жана ага таасирин тийгизиши мүмкүн болгон атаандаштыктарды, ошондой эле кандай болбосун потенциалдуу атаандаштыкты атап көрсөткүлө.
Рыноктук стратегиялардын, ошондой эле таасирдин рыноктук акциялардын наркына жана бааларга карата салыштырмалуу күчү көз карашынан алганда, күтүлүп жаткан натыйжаларга анализдөөлөрдү келтиргиле.
В. Ар бир рыноктон (депозиттик/кредиттик) үлүштү алуу максатында тандалып алынган стратегияны түшүндүрүп бергиле жана күтүлүп жаткан натыйжаларды көрсөткүлө.
V. Пландар жана максаттар
А. Рынокту анализдөөдө жана жаңы компания үчүн пландарды жана максаттарды иштеп чыгууда пайдаланылуучу, пландаштыруунун башкы объектилерин кароого алгыла. Мында, болбоду дегенде: рыноктун өсүшү, пайыздык чендерди, фонддордун наркын жана атаандаштыкты камтуу зарыл.
Б. Арам акчаны адалдоо менен байланыштуу операциялардан коргонууну караган механизмди сүрөттөп бергиле.
В. Кадрларды тартуу жана кадр саясатты жүргүзүү планын сүрөттөп бергиле.
Г. Компаниянын кардарларды тартуу кандайча болжолдонот.
VI. Активдердин жана пассивдердин структурасы
Болжолдонуп жаткан баланстык отчетто жана кирешелер боюнча отчетто активдердин жана пассивдердин өзгөрүүсүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү үчүн көлөмүн, ошондой эле кызмат адамдарына жана персоналдардын эмгек акылары чагылдырууга тийиш жана ал жогоруда кароого алынган билдирмелердин, рынокту жана анын стратегиясын анализдөөлөрдүн бөлүгү катары көрсөтүлүүгө тийиш болгон пландаштыруу объектилерине негизденүүсү зарыл. Мындан ары прогноздоо үчүн болжолдонуп жаткан формалар келтири-
лет.
Жаңы компанияны көз каранды эмес тышкы аудит менен камсыз кылууга тиешелүү уюштуруучулардын планын талкуулагыла. Лицензия алуу шарттарын аткаруу үчүн Улуттук банк, компаниядан көз карандысыз тышкы аудитордун кызматынан пайдаланууну талап кылышы мүмкүн.
VII. Капитализациялоо/өздүк капиталдын планы
А. Капиталдын болждолдонуп жаткан структурасына жетишүүдө пайдаланылуучу негиздерди талкуулагыла жана уюштуруучулар эмне үчүн сунуш кылынып жаткандар рынок экономикасы шарттарына жетиштүү деп эсептей тургандыгын түшүндүргүлө. Уюштуруучулар рыноктук чөйрөдө натыйжалуу атаандашууга жетиштүү сандагы капиталды белгилөөсү жана пландаштырылып жаткан операцияларды тиешелүү деңгээлде колдоору күтүлүүдө.
Б. Капиталды баштапкы тартуунун жана алгачкы үч жыл аралыгындагы өсүштү каржылоо планын талкуулагыла. Кандайча келип, бул пландар компанияга Улуттук банк тарабынан белгиленген негизги ченемдерге ылайык келүүнү камсыз кыла тургандыгын түшүндүрүп бергиле.
В. Чыгарылып жаткан акциялардын санын жана алар кайсыл класска тиешелүү экендигин, алардын номиналдык жана сатуу нарктарын талкуулагыла.
Г. Активдерди тобокелдиктердин деңгээли боюнча салмактанып алынышын эске алуу менен болжолдонуп жаткан капиталдын адекваттуулугуна баа бергиле.
Д. Компаниянын кредиттик саясатын тобокелдик критерийлерине баа берүү механизмдерин чагылдырып көрсөткүлө.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 7-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна N ________________ ЛИЦЕНЗИЯ "__" ___________ 200__ж.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык-калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания _______________________________________________________ (толук аталышы)
МФКнын юридикалык дареги __________________________________________ (кыскартылып аталышы)
1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:
1.1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;
1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);
1.4) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;
1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү.
2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жала лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.
Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.
Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.
Мөөр
Улуттук банктын Төрагасынын орун басары
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__-жылдын "__" ________ берилген N ____________ лицензияга карата N __________ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ "__" ___________ 200__ж.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
"_______________________________________" микрофинансылык компания
___________________________________________________________________
(юридикалык жактан толук аталышы)
Банктык операциялардын катар номери | Чектөөлөрдүн болушу | Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн | Эскертүү |
1.1 | Жок |
|
|
1.2 | Жок |
|
|
1.3 | Жок |
|
|
1.4 | Жок |
|
|
1.5 | Жок |
|
|
Улуттук банктын Төрагасынын орун басары
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Филиалды ачуу (жабуу) тууралуу
БИЛДИРМЕ ______________________________ (мекеменин фирмалык бланкында)
Бул аркылуу,
_____________________________________________________
(компаниянын аталышы)
_________________________________________________________ чечимине ылайык
(уставдын негизинде филиалды ачуу тууралуу чечин кабыл алган компаниянын башкаруу органынын аталышы)
________________________________________________
төмөнкү дарек боюнча филиал ачуу(жабуу) ниетимди билдирем;
Аталган филиалга төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген (*):
(компанияга Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын чегинде, филиал жөнүндөгү жобого ылайык филиалга уруксат берилген операциялардын жана бүтүмдөрдүн бардыгы келтирилет).
Филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери болуп төмөнкүлөр дайындалды:
____________________________________________________ (Аты-жөнү)
Тиркемелер. Жетекчилерге анкеталар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчалар), ишеним кат, бардыгы болуп ___________ баракта.
Компания милдеттенмелерге ээ эмес (**):
- бул филиалда тейленген кардарлардын жана кредиторлордун алдында;
- бюджеттин алдында.
Активдер жана пассивдер компаниянын балансына өткөрүлүп берилген.
Берилип жаткан маалыматка компания толугу менен жооп берет.
Компаниянын аткаруу органынын жетекчиси (колтамга) Аты-жөнү.
(*) Бул маалыматтар филиалды ачуу учурунда берилет.
(**) Бул маалыматтар филиалды жабуу учурунда берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого 10-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу БИЛДИРМЕ (*)
________________________________________________________________
(мекеменин фирмалык бланкында)
Бул аркылуу,
______________________________________________________________________________
(өкүлчүлүктү ачып жаткан компаниянын толук аталышы жана лицензиясынын номери)
____________________________________________________________максатында,
(өкүлчүлүктү ачуу максаты көрсөтүлөт)
_______________________________________________________чечимине ылайык,
(өкүлчүлүктү ачуу тууралуу тууралуу чечим кабыл алган компаниянын башкаруу органынын аталышы)
төмөнкү дарек боюнча өкүлчүлүк ачылган (жабылган):
_____________________________________________________________________
(өкүлчүлүктүн ачылган (жабылган) датасы)
_______________________________________________________________________
(өкүлчүлүктүн почталык дареги, телефону, факсы жана өкүлчүлүктүн эсептик счету ачылган компаниянын аталышы көрсөтүлөт)
Жетекчиси болуп дайындалды:
_______________________________________
(жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт)
______________________________________________ барактан турган тиркеме.
Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу чечимди кабыл алган компаниянын органынын жетекчиси (колтамгасы) аты-жөнү.
Мөөр (***)
(*) чет өлкө компаниясынын өкүлчүлүгүн ачуу үчүн "билдирме" эмес "арыз" жазылат.
(**) Бул маалыматтар өкүлчүлүктү ачуу учурунда берилет.
(***) мөөр, резидент эмес компаниянын билдирмесине.
|
| "Кыргыз Республикасынын аймагындагы МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого карата 11-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна N ________________ ЛИЦЕНЗИЯ "__" ___________ 200__ж.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы миркофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык-калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания ________________________________________________ (толук аталышы)
МФКнын юридикалык дареги ___________________________________________________________ (кыскартылып аталышы)
1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:
1.1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;
1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;
1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);
1.4) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашыруу - микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;
1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү".
2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.
Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.
Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.
Мөөр
Улуттук банктын Төрагасынын орун басары
|
| "Кыргыз Республикасынын аймагындагы МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жобого карата 12-тиркеме |
Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__-жылдын "__" _______________ берилген N ___________________ лицензияга карата N __________ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ "__" ___________ 200__ж.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)
"_______________________________________" микрофинансылык компания
___________________________________________________________________
(юридикалык жактан толук аталышы)
Банктык операциялардын катар номери | Чектөөлөрдүн болушу | Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн | Эскертүү |
1.1 | Жок |
|
|
1.2 | Жок |
|
|
1.3 | Жок |
|
|
1.4 | Жок |
|
|
1.5 | Жок |
|
|
Улуттук банктын Төрагасынын орун басары.
Эскертүү:
(1) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөрүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниянын ишин жөнгө салуунун Эрежелерине ылайык.
(2) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 13-мартында каттоодон өткөрүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган микрофинансылык компаниянын кызмат адамдарына коюлган минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө Жобого ылайык.
(3) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөрүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниянын ишин жөнгө салуунун Эрежелерине ылайык.
(4) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 13-мартында каттоодон өткөрүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган микрофинансылык компаниянын кызмат адамдарына коюлган минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө Жобого ылайык.