Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-июну № 49/4
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында 27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/1 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, реорганизациялоо жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында 27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/1 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, реорганизациялоо жана жоюу жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Мырзаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы № 49/4 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2010-жылдын 5-мартында 27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган № 5/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, реорганизациялоо жана жоюу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча КРУБ деген кыскартуулар "Улуттук Банк" деген сөз менен тиешелүү түрдө жөндөмө мүчөсү улануу менен алмаштырылсын.
2. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пункту "уставдын" деген сөздөн кийин "жана лицензиянын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун 1) пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "чет өлкөлүк юридикалык жак жайгашкан (каттоодон өткөн) өлкөнүн көзөмөл органынын, билдирүүчүнүн финансылык, банктык же башка иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуулугу жөнүндө кат жүзүндө тастыктоосун кошо алганда, ал тиешелүү болгон көзөмөл режими жана көзөмөл органынын Улуттук банк менен туруктуу негизде кызматташууга даяр экендиги жөнүндө маалыматты".
4. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.6-пунктунун 2) пунктчасындагы "уюштуруучулардын" деген сөздөр "акционерлердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Бүткүл текст боюнча "катышуучу" деген сөз "акционерлер" деген сөз менен тиешелүү түрдө жөндөмө мүчөсү улануу менен алмаштырылсын.
6. Жобонун 4-бөлүгүн 4.10 жана 4.11-пунктулары менен төмөнкү мазмунда толукталсын:
"4.10. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 16-статьясынын 2-пунктунун жана ушул жобонун 3.4-пунктчасынын талаптарына жооп берген МФК, "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 15-статьясында жана ушул жобонун 4.6-пунктунда каралган документтерди кошо сунуштоо менен мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алуу ниети жөнүндө билдирүүнү Улуттук банкка берет.
4.11. "Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы сунушталган документтерди, аларды алган учурдан тартып отуз календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө кароого алат. Документтерди кароого алуу мезгили Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгын түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрү тарабынан 10 календарлык күнгө узартылышы мүмкүн".
7. Жобонун 9.3-пунктундагы "юстиция органдарына жөнөтөт" деген сөздөр "билдирүүчүгө берет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Жобонун 9-бөлүгүнүн 9.6-пунктунун 9.6.3-пунктчасындагы "макулдук катын жөнөтөт" деген сөздөр "сунуштоо үчүн макулдук каты билдирүүчүгө берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 9-бөлүктүн 9.6-пункту 9.6.5. жана 9.6.6-пунктчалары менен төмөнкү мазмунда толукталсын:
"9.6.5. МФК, өз баалуу кагаздар эмиссиясынын акыркы каттоосунун жыйынтыктары жөнүндө, баалуу кагаздар жөнүндө мыйзам актыларына ылайык, баалуу кагаздар чыгарылды деп таанылган жана аларды чыгаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет катталган учурдан тартып отуз календарлык күн ичинде, Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.
Билдирүүдө төмөнкүлөр кошумча сунушталууга тийиш:
1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, акцияларды чыгаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту каттоо тууралуу чечими;
2) акционерлердин өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу реестринин, ага ээлик кылуучулардын колтамгасы түшүрүлгөн көчүрмөсү же акционерлердин жаңы реестри.
9.6.6. МФКнын Уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана белгиленген мыйзам тартибине ылайык каттоодон өткөртүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет".
10. Жобонун 9-бөлүгүнүн 9.7-пункту төмөнкү мазмундагы 9.7.3-пункт менен толукталсын:
"9.7.3. Улуттук банк, МФКнын уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү макулдашылган шартта, маалыматтарды жаңы түзүлгөн МФКлар үчүн каралган тартипте, ошондой эле МФК акционерлеринин финансылык абалы жана алар жүргүзгөн операциялар боюнча маалыматтарды, акционерлердин уюштуруу документтерин берүүсү жана алардын финансылык жана башка отчеттору жөнүндөгү кошумча маалыматтарды талап кыла алат".
11. Жобонун 9.8.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"9.8.7. Өз аталышын өзгөрткөн МФК, Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына эски аталышы боюнча лицензиясын өткөрүп берүүгө тийиш. Лицензия, эски аталыштагы лицензиянын ордуна берилгендиги тууралуу эскертүүчү жазуулар түшүрүлүү менен Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы тарабынан МФКнын лицензиясы алмаштырылат".
12. Жобонун 9-бөлүгүнүн 9.9-пунктунун 9.9.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"9.9.1. МФКнын жайгашкан ордунун (почта дарегинин) өзгөрүшү, ал жайгашкан калктуу пунктун, көчөнүн аталышынын жана үй номеринин өзгөрүшү, ошондой эле МФКнын башка калктуу пунктка көчүрүлүшү менен коштолуп жүрүшү мүмкүн. МФКнын бир эле калктуу пунктун ичинде орун которушу анын лицензиясын өзгөртүүнү жана уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылбайт. МФК жайгашкан ордун өзгөрткөн шартта, Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди сунуштайт:".
13. Жобонун 10.1-пунктундагы "уюштуруучулардын (катышуучулардын)" деген сөздөр "акционерлердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
|
|