Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМУ
2010-жылдын 30-июну № 52/1
Банктар аралык кредиттик операциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоодон өткөртүү эрежелерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" мыйзам талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоодон өткөртүү эрежелерин (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 1997-жылдын 24-декабрындагы № 26/17 "Мамлекеттик казына векселдери түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөртүүнүн убактылуу эрежелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында, № 2010/6 жарыяланды
4. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев |