Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10, 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА), 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 2017-П-15/26-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Бул эреже Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) күрөө келишимдерин каттоо процессин иретке салуу максатында иштелип чыкты. Күрөө предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу жана Улуттук банктагы депозитарийде банк аралык кредиттик операциялар боюнча эсепке алынган Улуттук банктын ноталары, аны менен бирге кыймыл аракеттер күрөө мүлкүнө караганда күрөө менен камсызданган милдеттенмени аткаруу же аткарбоо учурларда.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер
Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары.
Депозитарийи - бул, БКларды депозитардык эсепке алууну жана сактоону, БКга менчик укугунун өтүшүн каттоодон өткөрүүнү жана аны тастыктоону жүзөгө ашырган Улуттук банк.
Депо-эсеби - ар бир БК үчүн аларды эсепке алуу жана сактоо максатында ишке ашырылган жазуулар (же жазуулардын жыйындысы).
"Депо" эсебинин күрөөлүк субэсеби - бул, Тике катышуучунун Депозитарийиндеги "депо" эсебинин бөлүгү, ал мыйзамга же келишимге негизденген БКга карата укукка жүктөлгөн күрөөлүк милдеттенмени эсепке алуу үчүн каралган.
"Депо" эсебинин инвестициялык субэсеби - бул, Тике катышуучунун Депозитарийиндеги "депо" эсебинин бөлүгү, аларга карата БКларды которууну жүзөгө ашырууда чектөөлөр белгиленбейт.
"Депо" эсебинин жалпы субэсеби - бул, Тике катышуучунун Депозитарийиндеги "депо" эсебинин бөлүгү, ал анын кардарларына БК ээлерине тиешелүү чогуу алгандагы БКларды эсепке алуу үчүн каралган. Бул эсептен БКны которуулар, алардын ээлеринин тапшыруусу боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Тике катышуучу - Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциялык банк, Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондусу, "Борбордук депозитарий" ЖАК жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги
Ыйгарым укуктуу адам - бул, күрөөлүк операцияларга байланыштуу документтерге кол коюуга расмий кат, ишеним кат же билдирме менен тастыкталган ыйгарым укук чегерилген тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ кызматкер.
Күрөөнү тескөөчү - бул, Депозитарийиндеги "депо" эсебине ээ эмес, Күрөө кармоочунун атынан күрөөнү тескөөчүнүн тапшырма-келишиминин негизинде иш алып барган, Күрөө коюучу болуп саналбаган Тике катышуучу.
(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Финансы-кредиттик уюмдары - бул, БК рыногунда операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банк менен келишим түзгөн коммерциялык банктар жана институционалдык инвесторлор (инвестициялык жана пенсиялык фондулар, камсыздандыруу компаниялары жана финансылык мекемелер).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
3. Күрөө келишимин каттоо тартиби
3. Депозитарийде "депо" эсебине ээ Тике катышуучулар ортосунда түзүлгөн күрөө келишими жана Автоматташтырылган тоорук системасынан тышкары бүтүмгө келишүүдө Улуттук банкта каттоодон өткөрүлөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кредитор (мындан ары - Күрөө кармоочу) мыйзамдарда каралган өз укуктарынын ушул Эрежелерге ылайык, Улуттук банкта каттоодон өткөрүлбөгөн күрөө келишими боюнча, сатып өткөрүлүшүн талап кыла албайт.
5. Тобокелдиктерди басаңдатуу максатында, күрөө келишими акча каражаттары Карыз алуучунун (мындан ары - Күрөө коюучу) эсебине чегерилгенге чейин Улуттук банкта каттоодон өткөрүлөт.
6. Күрөө келишимин Улуттук банкта каттоодон өткөрүү үчүн Күрөө коюучу төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:
- Күрөө коюучунун же Күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлган жана алардын мөөрү менен тастыкталган, 3 түп нускадагы күрөө келишими;
- күрөө менен камсыз болгон милдеттенменин (кредиттик келишимдин, макулдашуунун) көчүрмөсү;
- ушул Эрежелердин 12-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, Күрөө кармоочу жана Күрөөнү тескөөчүнүн ортосундагы тапшырма-келишим;
- күрөөгө коюлуп жаткан БКларды Депозитарийиндеги инвестициялык субэсептен күрөөлүк субэсепке которууга Күрөө коюучунун тапшырмасы (1-тиркеме);
- күрөө келишиминин Улуттук банкта каттоодон өткөрүү үчүн төлөнгөндүгүнүн тастыктамасынын болушу.
7. Күрөө жөнүндө келишимде милдеттүү жоболор камтылууга тийиш, алардын тизмеги Күрөө жөнүндө типтүү келишимде чагылдырылган (2-тиркеме).
8. Улуттук банк, күрөө келишиминин туура тариздетилгендигин жана депозитарийиндеги Күрөө коюучунун "депо" эсебинде көрсөтүлгөн БКлардын болушун текшере алат. Каралган талаптарга ылайык, күрөө келишими Күрөөлүк операциялар катталган журналда чагылдырылууга тийиш. Күрөө келишиминде Улуттук банктын тиешелүү бөлүмүнүн начальнигинин кол тамгасы менен тастыкталган, Күрөөлүк операцияларды каттоо журналына келишимдер катталган күн жана алардын номери чагылдырылышы зарыл. Келишимдин бир нускасы Улуттук банкта калат жана 3 жылдык сактоо мөөнөтү менен делого көктөлөт, ал эми экинчи жана үчүнчү нускалары тиешелүүлүгүнө жараша, Күрөө кармоочуга жана Күрөө коюучуга берилет.
Көңүл буруңуздар! 8-п. "саат 15.30" деген сөздөр жок болгондугуна байланыштуу КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген жок.
9. Улуттук банк, күрөө келишиминде көрсөтүлгөн Депозитарийиндеги күрөө коюучунун депо-эсебинде көрсөтүлгөн БКлардын болушун текшерет. Күрөө келишими автоматташтырылган тоорук системасында катталат, автоматташтырылган тоорук системасынын иши Башкарманын токтому менен жөнгө салынат. Күрөө келишимине Депозитарийдин контролерунун кол тамгасы менен тастыкталган, алардын каттоого алынган күнү жана номери тууралуу жазуу чагылдырылат. Келишимдин бир нускасы Улуттук банкта калат, ал эми экинчи жана үчүнчү нускалары тиешелүүлүгүнө жараша, Күрөө кармоочуга жана Күрөө коюучуга берилет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
10. Күрөөгө коюлган БКны толук же жарым-жартылай бошотуп алуу, Күрөө кармоочунун белгиленген формада берилген билдирмеси боюнча Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат (3-тиркеме).
Көңүл буруңуздар! 10-п. "Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана" деген сөздөр жок болгондугуна байланыштуу КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген жок.
11. Улуттук банк, күрөөдө турган БКны башка эмиссиядагы БКга алмаштырууну Күрөө коюучу менен Күрөө кармоочунун ортосунда түзүлгөн, ушул Эрежеде белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлгөн, күрөө жөнүндө жаңы келишимдин негизинде ишке ашырат.
Мында, күрөөгө коюлган БКнын жаңы чыгарылган БКга алмаштыруу, алардын эмиссиясы күнү ишке ашырылбайт.
Көңүл буруңуздар! 11-п. "саат 15.30" деген сөздөр жок болгондугуна байланыштуу КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген жок.
12. Эгерде камсыз кылынган милдеттенмелердин суммасы төмөнкүчө болсо, күрөө келишимин каттоо үчүн Улуттук банкта жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет: Баалуу кагазды кошумча күрөөгө коюу жана/же колдонуудагы күрөө келишимине карата аларды жарым-жартылай бошотуу Күрөө келишимине карата Кошумча келишимдин негизинде жүргүзүлөт (5-тиркеме).
1000 минималдуу эсептик көрсөткүчкө чейин - 1 минималдуу эсептик көрсөткүч;
1000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөн жогору - 2 минималдуу эсептик көрсөткүч;
10000 минималдуу эсептик көрсөткүчтөн жогору - 3 минималдуу эсептик көрсөткүч.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! 12-п. өзгөртүүлөр КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомуна ылайык берилди.
4. Күрөө келишимин каттоонун айрым өзгөчөлүктөрү
13. Күрөө келишимдерин каттоо үчүн Улуттук банкта 300 сом суммасында жыйым белгиленет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! 13-п. өзгөртүүлөр КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомуна ылайык берилди.
14. Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган БКларды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же болбосо Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийиндеги жалпы субэсебине которуу, Күрөө кармоочунун же Күрөө тескөөчүнүн тапшырмасы боюнча Улуттук банк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн (4-тиркеме).
Улуттук банк, Күрөө кармоочунун Күрөө коюучуга макулдашылган тапшырмасынын негизинде күрөөгө коюлган БКларды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийиндеги жалпы субэсебине, ал келип түшкөн күнү которот.
14.1 Өкмөттөр аралык макулдашуулардын, эл аралык банктар аралык бирикмелердин алкагында кредиттик линияларды (кредиттерди), транштарды берүү жөнүндө банктар менен келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн учурда, Күрөөнү тескөөчүнүн катышуусу жок Депозитарийинде БК күрөөсү жөнүндө келишимди каттоого жол берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй күрөөдө турган БКларды толук же анын бөлүгүн бошотуп алуу бекитилген форма боюнча Күрөө кармоочунун билдирүүсү боюнча Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт (3-тиркеме). Күрөө кармоочунун билдирмесинин негизинде Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат. Мында Күрөө кармоочунун билдирүүсү расмий тилде же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же болбосо Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийдеги жалпы субэсебине милдеттенмелердин ордун жабуу эсебине ыктыярдуу которуу, Күрөө коюучу менен макулдашылган Күрөө кармоочунун же Күрөөнү тескөөчүнүн тапшыруусу боюнча Улуттук банк тарабынан ал келген күнү ишке ашырылышы мүмкүн (4-тиркеме)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! 15-п. өзгөртүүлөр КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомуна ылайык берилди.
16. Күрөө кармоочу тарабынан күрөөгө коюлган БКдан соттук тартипте өндүрүүнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, Улуттук банк күрөөгө коюлган БКларды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийиндеги жалпы субэсебине которууну ишке ашырган, соттун Күрөө кармоочунун доосун канааттандыруу боюнча күчүнө кирген чечимин сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
17. Күрөө кармоочу тарабынан күрөөгө коюлган БКдан соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү, Күрөө кармоочу менен Күрөө коюучунун ортосунда түзүлгөн, күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө нотариалдык жактан тастыкталган келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдындагы милдеттенмесин аткара албай калган шартта, Күрөө кармоочу күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө Күрөө кармоочунун укугун аныктаган, нотариустун колтамгасы менен тастыкталган күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү тартиби тууралуу келишимди Улуттук банкка берүүгө тийиш. Ал эми Улуттук банк, Күрөө кармоочу тарабынан сунушталган документтердин негизинде күрөөгө коюлган БКларды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийиндеги жалпы субэсебине которууну ишке ашырат.
18. Күрөө коюучунун күрөө эсебиндеги БКлардын ордун жабуу мөөнөтү төмөнкүлөргө байланыштуу келип жеткен учурларда; 1) соттук же соттук эмес териштирүүлөрдүн создуктурулуп кетишинен улам; 2) Күрөө коюучу жана/же Күрөө кармоочу же болбосо Күрөөнү тескөөчү күрөөгө карата эч кандай аракеттерди көрбөсө Улуттук банк, алардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен, күрөө келишиминде көрсөтүлгөн банктын корреспонденттик эсебине которот.
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу, баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине карата 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
|
| ________________ Башкармалыгы |
Күрөө коюучунун ТАПШЫРМАСЫ(*)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
___________________________________________________________________ (Күрөө кармоочунун аталышы) менен 20__-жылдын "__" _______ № ____ күрөө келишимине ылайык, төмөнкү эмиссиядагы _______________________________ (БКнын түрү көрсөтүлсүн) инвестициялык субэсептен Депозитарийиндеги күрөөлүк субэсепке которууну өтүнөм.
БК каттоо номери | БКнын саны (даана) | Номиналдык наркы (валюта) |
Жыйынтыгында: |
|
|
М.О.
____________________________ | _________________ | __________________________ |
(Кызматы) | (Колтамгасы) | (Аты-жөнү) |
Операция жүргүзүлгөн күн _________________________________________
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу, баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине карата 2-тиркеме |
Күрөө жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/10, 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
____________________________________ негизинде иш алып барган, мындан ары Күрөө коюучу деп аталуучу ___________________________________ атынан ____________________ бир тараптан жана _________________________________________ негизинде иш алып барган, мындан ары Күрөө кармоочу деп аталуучу ____________________________________ атынан __________________________________ экинчи тараптан биргелешип, "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1. 20__-жылдын "__" ____________ ___________________________________ боюнча милдеттенменин камсыздоосу катары Күрөө коюучу анын менчик укугуна тиешелүү болгон төмөнкү эмиссиялардагы жана төмөнкүдөй көлөмдөгү(дөрдөгү) баалуу кагаздарды (мындан ары - БК), Күрөө кармоочуга күрөөгө өткөрүп берет:
БКнын каттоо номери | БКнын саны (даана) | Номиналдык наркы (валюта) |
Жыйынтыгында: |
|
|
2. Күрөө коюучу күрөө менен камсыз болгон милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда толугу менен же жарым-жартылай аткарган шартта, _________________________________________ (Күрөө кармоочу/Күрөө тескөөчү) күрөөгө коюлган БКнын толугу менен же жарым-жартылай күрөөдөн бошотулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз учурунда маалымдоого милдеттенет.
3. Күрөө кармоочу ушул келишимге ылайык күрөөгө коюлган БКга өз укугун жүзөгө ашыруу үчүн өкүл катары (банктын аталышы) Күрөөнү тескөөчү кылып дайындайт.
4. Күрөө менен камсыз болгон милдеттенме аткарылбаган шартта, Күрөө кармоочу күрөөгө коюлган БКны Улуттук банктагы Депозитарийиндеги өзүнүн инвестициялык субэсебине (же болбосо Күрөө тескөөчүнүн жалпы субэсебине) которууну талап кыла алат.
5. Тараптар ортосунда күрөө менен камсыз болгон милдеттенменин аткарылышы жагында пикир келишпестиктер келип чыккан жана ушул келишимге ылайык күрөөгө коюлган БКга укукка тиешелүү макулдашууга жетишүүгө мүмкүн эмес болгон шартта, Тараптар маселени чечип алуу үчүн сот органдарына кайрылышат.
Пикир келишпестиктер жөнгө салынганга жана/же сот органынын чечими Улуттук банкка берилгенге чейин күрөөгө коюлган БК Күрөө коюучунун Улуттук банктагы Депозитарийиндеги күрөөлүк субэсебинде сакталып турат.
6. Мамлекеттик баалуу кагаздар депозитарийиндеги Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган БКлардын ордун жабуу мөөнөтү келген учурда: (1) улам созулган соттук же соттон тышкаркы териштирүүлөргө; (2) Күрөө коюучу жана/же Күрөө кармоочу же Күрөөнү тескөөчү күрөөгө карата эч кандай иш-аракеттерди кабыл албагандыгына байланыштуу Тараптар алардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыктын эсебинен Улуттук банктагы корреспонденттик эсепке (банктын аталышы) которууга Улуттук банкка ыйгарым укук беришкен.
7. Тараптар ушул келишимдин Кыргыз Республикасында Улуттук банкында каттоодон өткөртүү үчүн төлөмдөр _______________________________________ (Күрөө коюучу/Күрөө кармоочу) тарабынан төлөнө тургандыгына макулдашышты.
8. Тараптар күрөөгө коюлган БКны Күрөө коюучуга тиешелүү, башка эмиссиядагы БКга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө келишишти жана бул учурда алар күрөө жөнүндө жаңы келишим түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан каттоодон өткөртүп, ал үчүн төлөөнүн да анда жүргүзүлүшүнө макулдашышты.
9. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 түп нускада түзүлгөн. Күрөө жөнүндө келишимдин бир нускасы Улуттук банкта калат, ал эми экинчиси тиешелүүлүгүнө жараша Күрөө коюучуга жана Күрөө кармоочуга берилет.
Тараптардын реквизиттери:
Күрөө коюучу үчүн |
| Күрөө кармоочу үчүн |
__________________________ |
| __________________________ |
__________________________ |
| __________________________ |
__________________________ |
| __________________________ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөртүлгөн
20__-жылдын "__" ___________ № ____
____________________________ | _________________ | __________________________ |
(Кызматы) | (Колтамгасы) | (Аты-жөнү) |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу, баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине карата 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
|
| ________________ Башкармалыгы |
БИЛДИРМЕ(*) (20___ "__" __________ № ____ күрөө келишимине карата)
______________________________________ (Күрөө кармоочунун аты-жөнү) _________________________________ (себеби көрсөтүлөт) байланыштуу ___________________________________________ Күрөө коюучу тарабынан күрөө коюлган БКны күрөөдөн бошотууну өтүнөт.
БКны каттоо номери | БКнын саны (даана) | БКнын орду жабылган күн |
Жыйынтыгында: |
|
|
М.О.
____________________________ | _________________ | __________________________ |
(Кызматы) | (Колтамгасы) | (Аты-жөнү) |
_____________________
(күнү)
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылган БК түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине карата 4-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
|
| ________________ Башкармалыгы |
ТАПШЫРМА(*) ______________________________________________________ (Күрөө кармоочунун/Күрөө тескөөчүнүн аты-жөнү (аталышы))
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
___________________________________________ (Күрөө коюучунун аты-жөнү) менен ______________________________ (Күрөө кармоочунун аты-жөнү) ортосунда түзүлгөн, Улуттук банкта 20__-жылдын "__" _________ ____ номеринде каттоодон өткөртүлгөн келишимге ылайык жана _________________________________________ улам, Күрөө кармоочунун укугунда ______________________________________________________ (себеби көрсөтүлсүн) ___________________________________________ (БКнын түрү) күрөөлүк эсебинен _____________________________________ депо-эсебинин инвестициялык субэсебине же ______________________________________ (Күрөөнү тескөөчүнүн атылышы) Депозитарийиндеги жалпы субэсебине келишимде көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган БКларды которууну өтүнөм.
БКны каттоо номери | БКнын саны (даана) | Номиналдык наркы (валюта) |
Жыйынтыгында: |
|
|
М.О.
____________________________ | _________________ | __________________________ |
(Кызматы) | (Колтамгасы) | (Аты-жөнү) |
_____________________
(күнү)
Макулдашылды: (Күрөө коюучу)
М.О.
____________________________ | _________________ | __________________________ |
(Кызматы) | (Колтамгасы) | (Аты-жөнү) |
_________________________
(күнү)
|
| "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу, баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерине карата 5-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ТИПТҮҮ КОШУМЧА КЕЛИШИМ № ______
20___ "__" _____________ № ____ күрөө келишимине карата
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаары |
| 20__-ж. "__" _____________ |
Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөөнү тескөөчү" деп аталуучу, жана Улуттук банктын ____-жылдын _________ № _____, "___" буйругунун негизинде иш алып барган __, бир тараптан жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучу _______________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган _______________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар ____-жылдын Кредиттик келишимге таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ____-жылдын Күрөө келишимине карата (мындан ары - Күрөө келишими) ушул Кошумча келишимди түзүштү:
1. Күрөө келишиминин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Кредит келишими боюнча милдеттенменин камсыздоосу катары Күрөө коюучу, "Күрөөнү тескөөчүгө" төмөнкү баалуу кагаздарды (мындан ары - БК) жалпы номиналдык көлөмү ________ (Сумма сөз түрүндө) валютасы, төмөнкү чыгуудагы жана төмөнкүдөй көлөмдөгү, күрөөгө өткөрүп берет:
№ | Каттоо номери | БК чыгуу күнү | БК төлөө күнү | БКдын саны (даана) | 1 БКдын номиналдык баасы (валютасы) | БКдардын номиналдык баасы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгында: |
|
|
|
|
|
".
2. Күрөө келишимдин калган шарттары өзгөртүүсүз калат.
3. Ушул Кошумча келишим Күрөө келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
4. Ушул Кошумча келишим бирдей юридикалык укукка ээ 3 нускада түзүлөт: 1 (бир) нуска - Банкта сактоо үчүн, 1 (бир) нуска - каттоо үчүн тиешелүү укуктуу органга берүү үчүн, 1 (бир) нуска - Улуттук банкта сактоо үчүн.
ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕГИ, ТАРАПТАРДЫН МААЛЫМДАРЕКТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ
Улуттук банк: |
| Банк: |
Кол коюучу |
| Кол коюучу |
___________________________ М.О. |
| ___________________________ М.О. |