Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
ТОКТОМУ
2010-жылдын 30-июну № 52/5
"Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ кылат:
1. Кароого сунушталган "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында, № 2010/6 жарыяланды
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөлдүк башкармалыгы ушул токтом менен алмашуу бюролорун, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү С.К.Алыбаева айымга жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев |