Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/5 токтому менен бекитилген |
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" жана "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттер жөнүндө " мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан.
2. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо, бул Жобонун максаты болуп саналат.
3. Улуттук банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу үчүн алмашуу бюролорунун ишине инспекциялоону жүргүзүп, алардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо боюнча Мамлекеттик кызматына (мындан ары - ФЧМК) белгиленген тартипте жөнөтөт.
4. Ушул Жобонун максаттарында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) - бул, Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамынын 6-статьясында каралган акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр).
Шектүү операция (бүтүм) - бул, Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына ылайык шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилери байкалган операция (бүтүм), башкача айтканда, айкын экономикалык же так мыйзамдык максаттарды көздөбөгөн, ФЧКМ тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмегине ылайык, ошол юридикалык жактын же жеке адамдардын ишине мүнөздүү болбогон акча каражаттары же башка мүлк менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр).
Ички контролдук - бул, милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табуу, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) түздөн-түз байланыштуу болгон акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу жагында көрүлгөн чаралардын жыйындысы.
Идентификациялоо (тастыктоо) - бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин түп нускаларынын же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде, ошол жеке адамдар жана юридикалык жактарга тиешелүү маалыматтарды "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамга ылайык аныктоо.
Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды аныктоо - бул, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу баскычы, анда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин негизинде, милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды аныктоо иши камтылат(1).
Регистрациялык сумма – бул 50 000 сомго барабар суммасы (же анын КРУБтун официалдуу курсу менен чет өлкө валютасына барабар суммасы) (алмашуу бюролору үчүн).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
Чектүү сумма – бул “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, операциянын (бүтүмдүн) 1 000 000 сомго барабар суммасы, анын чегинен чыккан учурда бул операция (бүтүм) “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга жана ушул Жобого ылайык милдеттүү түрдө ички контролдукка алынат.”
Верификация – ички контролдукту жүргүзүү максатында алмашуу бюролору тарабынан жүзөгө ашырылган идентификациянын жыйынтыктарын талаптагыдай тактоо же текшерүү боюнча иш-чаралар.
Экстремизм – бул конституциялык түзүмдүн негиздерин күчкө салып өзгөртүүгө, коопсуздукту начарлатууга жана бийлик кылуу максатында ыйгарым укуктарды басып алууга жана ээлеп алууга, террористтик ишкердикти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишкердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамында аныкталган башка мыйзамсыз иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү түзүүгө багытталган ишкердик.».
Бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) – бул:
- акча каражаттарына же мүлккө менчик укугуна ээ жак жана кардар анын акча каражаттары же мүлкү менен операцияны (бүтүмдү) анын атынан жана/же анын эсебинен жүзөгө ашырат, жана/же
- мындай жак жана кардар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, кардардын анын акча каражаттары же мүлкү менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруусуна тике же кыйыр түрдө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жак жана/же
- жыйынтыгында, акча каражаттары же мүлкү менен операция (бүтүм) анын пайдасына ишке ашырылып жаткан жак.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелери
5. Нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашырууда алмашуу бюролорунун кызматкерлери төмөнкү иш-чараларды аткарууга тийиш:
1) кардарды идентификациялоо, кардардын - жеке адамдын ким экендигин аныктоо: аты-жөнүн, жашаган жерин, туулган жылын, жарандыгын, инсандыгын тастыктаган (паспорттогу) жана чет өлкө жаранынын жана жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документти, жашаган (катталган) жеринин же турган жеринин дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (болгон болсо) же социалдык коргоо күбөлүгүнүн номерин, акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтарды.
Кардарды идентификациялоодон тышкары алмашуу бюросу кардарды верификациялоону жүргүзүүгө жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоого Кыргыз Республикасынын ПФТ/ОД мыйзамдуулугу боюнча тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
2) эгерде ишке ашырылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) суммасы, катталган суммага барабар же андан ашкан учурда, ошондой эле ошол операцияларда шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилери камтылса, Кардарлар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматтарды каттоо журналында (мындан ары - Журнал) чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары тууралуу маалыматтарды каттоо(2). Журнал номерленген, көктөлгөн жана ага юридикалык жактын же жеке ишкердин мөөрү басылууга тийиш;
3) кардарды идентификациялоону, верификациялоону жана иликтөөнү, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоону тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрү жана чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн алмашуу операциялары боюнча маалыматтар, алмашуу бюролору менен кардардын ортосунда бүтүм келишилгенден кийинки кеминде беш жыл аралыгында сакталышы зарыл;
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
4) милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон жана шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилери камтылган, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерге тартылуу тобокелдигине дуушар болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана табуу.
Алмашуу бюролорунун иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен ФЧМКнын(3) ченемдик укуктук актыларына ылайык, шектүү операциялардын белгилеринин жана алардын критерийлеринин жалпы тизмегинин негизинде, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерге тартылуу тобокелдигине дуушарланган шектүү операциялардын белгилеринин жана критерийлеринин төмөнкүдөй тизмеги аныкталган:
- талап кылынган маалыматтарды (аты-жөнү, катталган жана жашаган жери, туулган жылы, паспорттук маалыматтарын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка маалыматтарды) берүүдөн кардардын себепсиз баш тартуусу;
- жүзөгө ашырылып жаткан операциялардын купуялуулугунун кардар тарабынан сакталышына шектенүү орун алса;
- нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операциялардын бир ай ичинде бир эле адам (жак) тарабынан 14 же андан көп жолу ишке ашырылышы;
- операцияны ишке ашырууда кардардын негизсиз эле, ашкере тынчсыздануусу;
- наркы төмөн банкнотторго алмашуу же тескерисинче аларды алмаштыруу.
5) айдын 1 жана 16сына карата абал боюнча, айына эки жолу журналда катталган маалыматты, алмашуу бюросунун коштомо каты менен электрондук документ түрүндө ФЧМКга берүү. Алмашуу бюросунун жетекчиси кол коюп, анын мөөрү (штампы) менен күбөлөндүрүлгөн коштомо катта, алар тууралуу маалыматтар ФЧМКга берилип жаткан кардарлардын саны камтылууга тийиш.
Кардарды идентификациялоодон тышкары алмашуу бюросу кардарды верификациялоону жүргүзүүгө жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоого Кыргыз Республикасынын ПФТ/ОД мыйзамдуулугу боюнча тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
Маалыматты кагаз жүзүндө сунуштоону макулдашуу үчүн алмашуу бюросу, тиешелүү катты макулдашуу баракчасы менен кошо ФЧМКга жөнөтөт, анда маалыматты электрондук документ түрүндө сунуштоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунун себеби да көрсөтүлүүгө тийиш.
6) эгерде нак чет өлкө валютасы менен операциялардын суммасы 1 000 000 сомго барабар болсо же андан ашып кетсе чектүү сумма, ошондой эле операцияга тиешелүү маалыматтар шектүү операциялардын белгилерин камтыса, анда ошол операциялар тууралуу маалыматты ал ишке ашырылган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ФЧМК(5) белгилеген тартипке ылайык ага жөнөтүлүшү зарыл;
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
7) ФЧМКга берилген бардык билдирүүлөрдүн (отчеттордун) көчүрмөлөрү отчет (билдирүү) түзүлгөн күндөн кийинки кеминде беш жыл сакталып турат.
6. Алмашуу бюросу маалыматтардын ФЧМКга берилгендиги тууралуу "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамына ылайык, кардарларга жана башка жактарга маалымдоого укугу жок.
7. Алмашуу бюросу кардарды идентификациялоону, верификациялоону жана иликтөөнү, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоону, жана нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугунун сакталышын камсыз кылууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/15 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Алмашуу бюросу ушул Жобону кошо алганда, жогоруда аталган мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.
(1) Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо боюнча Мамлекеттик кызматынын 2010-жылдын 30-мартындагы № 13Б буйругу.
(2) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун 1а тиркемесине ылайык.
(3) Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо боюнча Мамлекеттик кызматынын 2010-жылдын 30-мартындагы № 13Б буйругу.
"Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелерине карата жалпы талаптар жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген).
Эскертүү: бул документтер КР Финансылык чалгындоо боюнча Мамлекеттик кызматынын www.sfr.kg. расмий веб-сайтында жайгаштырылган.
(4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана маалымат берген жактар тарабынан "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо боюнча Мамлекеттик кызматына маалыматтардын жана документтердин берилишинин тартиби жөнүндө" жобонун III бөлүгүнүн 11 жана 16-пункттарына ылайык (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген).
(5) 5-шилтемени карагыла.