Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-ноябры № 85/2
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" № 5/7 токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/12 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" № 5/7 токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм токтомду расмий жарыялангандан кийин Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Мырзаев А.А. мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
Жеенбаева Б.Ж.
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 85/2 токтому менен бекитилген
|
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/12 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 1-главасынын 1.16-пункту "өрт коопсуздугу" деген сөздүн алдында ", банк менен ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын ортосунда тиешелүү актылар түзүлүүгө тийиш болгон" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Жобонун 3-главасынын 3.4-пунктунун 14) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"14) ушул Жобонун IV бөлүгүнө ылайык, Банк Башкармасынын Төрагасынын, Башкарманын Төрагасынын орун басарларынын, Башкарма мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, банктын ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисинин, банктын кредиттик ишине жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчисинин, банктын активдеринин жана пассивдеринин тескөөгө алынышына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин (же болбосо өз функционалдык милдеттери менен ага теңештирилген адамдын) кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтар;".
3. Жобонун 3-главасынын 3.6-пункту төмөнкү мазмундагы 8) пунктча менен толукталсын:
"банк ишин тескөөгө алууга ыйгарым укук чегерилген органдын ислам терезесинин жетекчисин, ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин дайындоо жөнүндө чечими".
4. Жобонун 1-бөлүгүнүн 5-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банкты түзүү учурунда уставдык капиталды түзүү тартиби жана кийинчерээк анын өлчөмүн өзгөртүү".
5. Жобонун 5-главасынын 5.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"5.6. Банктын уюштуруучулары (акционерлери) уставдык капиталдын алгачкы түзүлүшүндө сыяктуу эле, анын өлчөмүн кийинчерээк өзгөртүүдө да, уставдык капиталга каражаттарды накталай эмес формада, банктык эсептерден которуу жолу менен, ал эми акционердин каражаттарынын карыз алуу келишиминин алкагында (кредит же ага теңештирилген каражаттар) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары келип түшүүсү - Sta№dard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" категориясынан төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтингдеги же Moody's I№vestors Service (АКШ) боюнча "Ваа" категориясынан төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтингдеги же Fitch-IBCA (АКШ) "ВВВ" категориясынан төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтингдеги же Capital I№tellige№ce, Japa№ Credit Rati№g Age№cy (JCR), Domi№io№ Bo№d Rati№g Service (DBRS), Rati№g & I№vestme№t I№formatio№ (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган мааниси бирдей кредиттик рейтингдеги банктардан которуу жолу менен каражаттарды Кыргыз Республикасына киргизе алышат.
Уставдык капиталдын алгачкы түзүлүшүндө сыяктуу эле, кийинчерээк анын өлчөмү өзгөртүлгөн учурда да, ага багытталган акча каражаттардын уюштуруучулар (акционерлер) үчүн үчүнчү жактар тарабынан киргизилишине жол берилбейт.".
6. Жобонун 5-главасынын 5.8-пунктунда ", зарылчылыгына жараша уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн тастыктоо үчүн суроо-талаптар жөнөтүлөт" деген сөздөр алынып салынсын".
7. Жобонун 5-главасынын 5.10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"5.10. Банктын бардык катышуучуларынын (акционерлеринин) юридикалык иштери жана банкты түзүү учурунда уставдык капиталды түзүү боюнча жана кийинчерээк уставдык капиталдын (төлөм документтерин, уставдык капиталды өзгөртүүгө тиешелүү чечимдерди жана башкаларды кошо алганда) өлчөмүн жана банктын акционерлеринин курамын өзгөртүүдөгү алгачкы документтер банк тарабынан өзүнчө номенклатуралык номер ыйгарылган өзүнчө папкаларда сакталууга жана алар туруктуу сактоо мөөнөтүнө ээ болууга тийиш. Банк, бул папкалардын тиешелүү түрдө түзүлүшүнө жана сакталышына жоопкерчиликтүү адамды аныктоосу зарыл.
Банктын уставдык капиталынын кеминде бир пайызына-ээлик кылуу үлүшү менен акционерлердин юридикалык иштери жок эле дегенде төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- жеке адамдар боюнча - паспорттогу маалыматтарды;
- юридикалык жактар боюнча - юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк же документ.
Банктын уставдык капиталынын бир же андан көбүрөөк пайызына ээлик кылган акционерлердин юридикалык иштери байланыштуу, караштуу, туунду, аффилирленген жактар жана компаниялар/банктар, ошондой эле инсайдерлер боюнча ушул Жобого кошо тиркелген 14- (жеке адамдар үчүн), 15- (юридикалык жактар үчүн) жана 16- (чет өлө банктары үчүн) тиркемелердеги формалар боюнча маалыматтарды камтууга тийиш.
8. Жобонун 8-главасынын 8.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8.7. Банктык лицензияларга жана аларга карата чектөө баракчаларына Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөлдүк жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз жетекчиликке алган орун басары үч нускада (бир нускасы типографиядан басылып чыккан бланкада жана эки нускасы А4 форматындагы ксерокс кагазында) кол коет. Типографиядан басылып чыккан бланкадагы лицензиянын жана ага карата чектөө баракчасынын бир нускасы банктын Директорлор кеңешинин Төрагасына же Банк Башкармасынын Төрагасына - өзгөчө учурларда берилген ишеним катка ылайык, Улуттук банкка макулдашуу менен башка ыйгарым укук чегерилген адамга берилет. Жаңы түзүлгөн банкка лицензия жана ага карата чектөө баракчасы Уставга, лицензия берүү күнүндө түзүлгөн банктын уюштуруучулары тарабынан кол коюлган уюштуруу документтерине Банк Башкармасынын Төрагасы кол койгондон (парафирациялоо) кийин берилет. А4 форматында ксерокс кагазына басылып чыгарылган лицензиянын эки нускасы жана ага карата чектөө баракчалары, ошондой эле банк тарабынан берилген бардык документтер Улуттук банкта сакталат.".
9. Жобонун 8-главасынын 8.13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8.13. Банктын талабы боюнча, лицензиялардын жана ага карата чектөө баракчаларынын тастыкталган көчүрмөлөрү, "көчүрмөсү анык" деген жазуу менен банк-корреспонденттерге сунуштоо үчүн беш жумуш күнү ичинде берилет.".
10. Жобонун 8-главасынын 8.14-пунктунун 1-абзацы "берилген банктык лицензиялардын Реестрин" деген сөздөн кийин "электрондук түрдө" деген сөз менен, ошондой эле пункттун аягы төмөнкү сүйлөм менен толукталсын: "Реестр календардык жылдын акырында белгиленген тартипте кагаз жүзүндө архивделет".
11. Жобонун 10-главасынын 10.1-пунктунун биринчи абзацы "башка жактар менен" деген сөздөн кийин ", анын ичинде акционердин - жеке адамдын өлүмүнөн улам же анын сот тарабынан өлдү деп таанылгандыгына байланыштуу акцияларды мураска алуу тартибинде" деген сөздөр менен толукталсын.".
12. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. Жобонун 11-главасынын 11.2-пункту төмөнкү мазмундагы 6) пункт менен толукталсын:
"6) Банктын акционеринин - жеке адамдын өлүмүнө же анын сот тарабынан өлдү деп таанылгандыгына байланыштуу акцияларды мураска алган шартта, өтүнүч ээси мураска алуу укугу чегерилген күндөн тартып 10 календардык күн ичинде, мураска алуу укугу жөнүндө күбөлүктүн тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсүн Улуттук банкка берет.".
14. Жобонун 13-главасынын 13.7-пунктунун биринчи абзацындагы "10" деген сан "20" деген санга алмаштырылсын.
15. Жобонун 19-главасынын 19.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"19.5. Тиешелүү негизде тариздетилген документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банк, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдашуу катын жөнөтөт ал, филиалды мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоо үчүн негиз болуп саналат.".
16. Жобонун 19-главасынын 19.8-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Улуттук банк электрондук түрдө резидент банктардын филиалдарынын реестрин жүргүзөт, анда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) филиалдын толук аталышы;
2) юридикалык дареги;
3) банктын мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн күнү жана юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган каттоо номери;
4) банктык идентификациялык кодунун номери (БИК);
5) филиалдын иши токтотулган күн жана анын ишин токтотуу үчүн негиздер - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
6) филиалдын иши калыбына келтирилген күн жана аны калыбына келтирүү үчүн негиздер - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
7) филиал жабылган күн жана аны жабуунун негиздери - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
8) филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин аты-жөнү;
9) ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын филиалды жайгаштыруу үчүн жайдын техникалык жактан жабдылышы белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгы тууралуу корутундусунун бар экендиги жөнүндө белгилөөсү.
Реестр календардык жылдын акырында, кагаз жүзүндө белгиленген тартипте кошумча архивделет.".
17. Жобонун 21-главасынын 21.5 пункту төмөнкү мазмундагы текст менен толукталсын:
"Улуттук банк электрондук түрдө банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт, анда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) өкүлчүлүгүн ачкан банктын толук аталышы;
2) юридикалык дареги;
3) телефонунун жана факсынын номери;
4) банктын мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн күнү жана юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган каттоо номери;
5) ачылган күнү;
6) өкүлчүлүк жабылган күн жана аны жабуунун негиздери - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
7) өкүлчүлүктүн жетекчилигинин аты-жөнү.
Реестр календарлык жылдын акырында, кагаз жүзүндө белгиленген тартипте кошумча архивделет.".
18. Жобонун 22-главасынын 22.1-пунктунун үчүнчү абзацы "жүзөгө ашырган банктын" деген сөздөн кийин "башкы офиске же" деген сөздөр менен толукталсын, ошондой эле бул пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын":
"Улуттук банк электрондук түрдө банктардын аманат жана көчмө кассаларынын реестрин жүргүзөт, анда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) каттоо номери;
2) юридикалык дареги;
3) катталган күнү;
4) аманат/көчмө кассасынын иши токтотулган күн жана анын ишин токтотууга негиз - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
5) аманат/көчмө кассасынын ишин калыбына келтирүү жана анын ишин калыбына келтирүүгө негиз - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
6) аманат/көчмө кассасы жабылган күн жана аны жабуунун негизи банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
7) аманат кассасынын жетекчисинин/көчмө кассасынын кассиринин аты-жөнү;
8) ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын филиалды жайгаштыруу үчүн жайдын техникалык жактан жабдылышы белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгы тууралуу корутундусунун бар экендиги жөнүндө белгилөөсү.
Реестр календарлык жылдын акырында кагаз жүзүндө белгиленген тартипте кошумча архивделет.".
19. Жобонун 22-главасынын 22.2-пунктундагы "150000,00 (жүз элүү миң)" деген сандар жана сөздөр "1000000,00 (бир миллион сом) деген сөздөргө алмаштырылсын".
20. Жобонун 22-главасынын 22.4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы з) жана и) деген абзацтар менен толукталсын: "з) алынган кредиттерди төлөөнүн эсебине банктын кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу;
и) банктын башкы офисинде же филиалдарында бекитилген кредиттер боюнча акча каражаттарынын берилиши.".
21. Жобонун 22-главасынын 22.4-пунктунун 3-пунктчасы "кредиттерди берүү боюнча" деген сөздөн кийин "(ислам принциптерине ылайык каржылоо)" деген сөздөр менен толукталсын.
22. Жобонун 22-главасынын 22.5-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы ж) абзацы менен толукталсын:
"ж) банктын башкы офисинде же филиалдарында бекитилген кредиттер боюнча акча каражаттарынын ушул Жобонун 22.2-пунктунда белгиленген жалпы лимиттин чегинде берилиши.".
23. Жобонун 22-главасындагы 22.7-пунктунун биринчи абзацындагы "үч" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын.
24. Жобонун 23-главасынын 23.2-пункту төмөнкү мазмундагы текст менен толукталсын:
"Улуттук банк электрондук түрдө банктардын алмашуу пункттарынын реестрин жүргүзөт, анда кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) каттоо номери;
2) юридикалык дареги;
3) катталган күнү;
4) алмашуу пунктунун иши токтотулган күн жана анын ишин токтотуу үчүн негиз - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
5) алмашуу пунктунун ишин калыбына келтирген күн жана анын ишин калыбына келтирүү үчүн негиз - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
6) алмашуу пункту жабылган күн жана аны жабуунун негизи - банктын ыйгарым укук чегерилген органынын чечиминин номерин жана күнүн көрсөтүү;
7) жетекчинин аты-жөнү.
25. Жобонун 24-главасынын 24.1-пункту "банктын жайгашкан жерин өзгөртүү менен" деген сөздөн кийин "филиалдарды каттоо/кайра каттоо" деген сөздөр менен толукталсын.
26. Жобонун 25-главасынын 25.3-пунктунун 2) пунктчасы жана 26-главасынын 26.6-пунктунун 3) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"уставга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун көчүрмөсүнүн уставга карата тиркемелер түрүндөгү үч нускасы же уставдын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган жаңы редакциясынын нотариалдык жактан тастыкталган үч нускасы".
27. Жобонун VI бөлүгү төмөнкү мазмундагы 28-1-глава менен толукталсын:
"28-1-глава
Банктын филиалынын жобосуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү
28-1.1. Банк, филиал жөнүндө жобого киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу үчүн Директорлор кеңеши тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан тартып беш календардык күн ичинде, Улуттук банкка төмөнкү документтерди жөнөтөт:
1) филиал жөнүндө жобого киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду же болбосо жаңы редакциясын кароого алуу жөнүндө өтүнүч кат;
2) филиал жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимди камтыган, Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган, тиешелүү негизде тастыкталган протокол же протоколдон алынган көчүрмө (3 нускада);
3) киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен филиал жөнүндө жобо (3 нускада);
28-1.2. Улуттук банк он жумуш күнү ичинде сунушталган документтерди кароого алат эгерде, алар ушул Жободогу талаптарга жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзам талаптарына ылайык келбеши, филиалды кайра каттоо үчүн негиз болуп саналат жана юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик органга банктын филиалын кайра каттоодон өткөртүүгө макул экендиги жөнүндө кат жөнөтөт.
28-1.3. Филиал жөнүндөгү жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларда Улуттук банк тарабынан жактырылбашы мүмкүн:
1) сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзам талаптарына ылайык келбеген шартта;
2) банк Улуттук банктын филиал жөнүндө жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сын-пикирлерди четтетүү жөнүндө жазма буйругун аткаруудан баш тарткан шартта;
3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, мыйзамдарда каралган башка учурларда.
28-1.4. Филиалды мамлекеттик кайра каттоодон өткөргөндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде банк, Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоо/каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн тиешелүү түрдө тастыкталган үч нускасы;
2) Жобого кошо тиркелген тиркеме түрүндө, Жобого сунушталган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун көчүрмөсүнүн үч нускасы же банк тарабынан тиешелүү түрдө тастыкталган Жобонун жаңы редакциясынын көчүрмөсүнүн үч нускасы;"
28-1.5. Филиал жөнүндө Жобого киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажыратып алынгыс бөлүгү болуп саналат. Филиал жөнүндө жобого киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор же анын жаңы редакциясы банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин жана Улуттук банкка кат жүзүндө макулдашылгандан кийин күчүнө кирет, Улуттук банк банктын дарегине бул тууралуу тиешелүү билдирүү катын жөнөтөт.".
28. Жобого карата кошо тиркелген 18-тиркеменин 2-бөлүгүндөгү "Сиз менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кайсы болбосун жак тууралуу маалыматтар" деп аталган 3) пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
3) Сиз менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кайсы болбосун жак тууралуу маалыматтар:
а) караштуу компаниялар:
┌────────────────────┬────────────┬───────────┬──────────────┬────────┐
│Юридикалык жактардын│ Тиешелүү │ Уставдык │Иштин негизги │Эскертүү│
│ толук аталышы │ болгон │капиталдагы│түрү (түрлөрү)│ │
│ │ акциялардын│ үлүшү │ │ │
│ │ саны │ │ │ │
├────────────────────┼────────────┼───────────┼──────────────┼────────┤
│ │ │ │ │ │
└────────────────────┴────────────┴───────────┴──────────────┴────────┘
б) Сиз контролдукту жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар:
┌────────────────────┬────────────┬───────────┬──────────────┬────────┐
│Юридикалык жактардын│ Тиешелүү │ Уставдык │Иштин негизги │Эскертүү│
│ толук аталышы │ болгон │капиталдагы│түрү (түрлөрү)│ │
│ │ акциялардын│ үлүшү │ │ │
│ │ саны же │ │ │ │
│ │башкаруунун │ │ │ │
│ │ формасы │ │ │ │
│ │(келишим, же│ │ │ │
│ │ башкача │ │ │ │
│ │көрсөтүлсүн)│ │ │ │
├────────────────────┼────────────┼───────────┼──────────────┼────────┤
│ │ │ │ │ │
└────────────────────┴────────────┴───────────┴──────────────┴────────┘
г) Сиз Директорлор Кеңешинин (байкоо органынын) мүчөсү, башкарма мүчөсү (аткаруу органынын) же башка кызмат адамы болуп саналган компаниялар:
┌──────────────────────┬─────────────────────┬─────────────┬──────────┐
│ Юридикалык жактардын │ Ээлеген кызматы │Бул кызматка │ Эскертүү │
│ толук аталышы │ │ тандалган │ │
│ │ │(дайындалган)│ │
│ │ │ күн │ │
├──────────────────────┼─────────────────────┼─────────────┼──────────┤
│ │ │ │ │
└──────────────────────┴─────────────────────┴─────────────┴──────────┘