Редакцияот 25.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 25-апрели № 18/12

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 85/2 токтомунун 10.11 - 10.16-пункттар менен толукталган бөлүгүн күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2012-жылдын 29-мартындагы токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 43 жана 50-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 85/2 токтомунун 10.11 - 10.16-пункттар менен толукталган бөлүгү күчүн жоготкон катары таанылсын.

2. Бул токтом, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2012-жылдын 29-мартындагы токтому чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Асанкожоева