Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-декабры № 95\4
Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу
Кароого сунушталган "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 18 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ кылат:
1. Кароого сунушталган "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2001-жылдын 20-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2001-жылдын 9-апрелинде 59-номерде каттоодон өткөртүлгөн № 6/9 "Шектүү банкноттор менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу токтом, күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин, алмашуу бюролорун жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төраганын милдетин аткаруучу | Б.Жеенбаева
|