Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 20/6
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Расмий жарыялангандан кийин Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кошуу үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым З.М.Асанкожоевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
Б.Жээнбаева
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/6 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 38/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускоого" төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Нускоонун 1.6-пунктунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Улуттук банк)" деген сөз кошулсун жана бүтүндөй текст боюнча "Улуттук банк" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Нускоонун 1.6-пунктунун номери 1.7-пунктка өзгөртүлсүн.
3. Нускоонун 1.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Системада төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүү тартиби, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 30-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 12-сентябрында 104-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 30/6 токтому менен бекитилген "Пакеттик клириниг системасында төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүүнүн эрежелеринде" (мындан ары - Эреже) келтирилген".
4. Документтин бүтүндөй тексти боюнча "гросстук системадагы эсеп" деген чечмелөө "Улуттук банктагы эсеп" деп оңдолсун.
5. Нускоонун 2.2-пунктундагы "Системанын кыйыр катышуучусу" деген аныктама төмөнкү редакцияда берилсин:
"Системанын кыйыр катышуучусу - системада катталган, Улуттук банктагы корреспонденттик (утурумдук) эсепке жана системада позицияга ээ болгон, бирок системага тике бирикпеген финансы-кредит мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук Казыналыгы жана Социалдык фонду. Булар системада өз ЭПД файлдарын жана билдирүүлөрдү тике катышуучулардын бирин бириктирүү аркылуу же Сервистик бюро аркылуу беришет/алышат.
6. Нускоонун 2.2-пунктунда "Системанын тике катышуучусу" деген аныктама төмөнкү редакцияда берилсин:
"Системанын тике катышуучусу - системада катталган, Улуттук банкта корреспонденттик (утурумдук) эсепке, системада позицияга, система менен тике биригүүнү камсыз кылуучу жана ага ЭПД файлдарын жана билдирүүлөрдү системага түздөн түз жөнөтүүгө жана андан жооп билдирүүлөрдү алууга мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык каражаттарга ээ болгон финансы-кредит мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук Казыналыгы Социалдык фонду.
7. Нускоонун 2.2-пунктунда "Төлөмдөрдү ачып көрсөтүү" деген аныктама төмөнкү редакцияда берилсин:
"Төлөмдөр жөнүндө толук маалымат - окшош белгилери боюнча (салык төлөмдөрү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр, эмгек акы долбоорлору боюнча төлөмдөр ж.б.) бир төлөмгө бириктирилген ар бир жеке төлөм боюнча, субэсеп менен өздүк эсептин тилкелерин кошо алганда, ЭПДнын бардык тилкелерин толтуруу менен ЭПДны милдеттүү түрдө тариздөө.
8. Нускоонун 4.2-пунктундагы "төлөм тапшырмасын" деген сөздөр "баштапкы төлөм документи" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Нускоонун 5.1-пунктунда "төлөм тапшырмасын түзөт" деген сөздөр "ЭПДны түзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. Нускоонун 6.3.8-пунктундагы "Төлөмдөрдү тике дебеттөө боюнча өткөрүүнүн эрежелери ушул Нускоого карата кошо тиркелген 1-тиркемеде (3-п) келтирилген" деген акыркы сүйлөм алынып салынсын.
11. Нускоонун башка пункттарына тиешелүү номерлерди коюу менен 6.5.5, 6.7.3-пункттар алынып салынсын.
12. Нускоого карата 1-тиркемедеги 1-пунктун мазмуну төмөнкү мазмунга алмаштырылсын:
"Катышуучунун статусу жана позициясы Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөл, убактылуу жетекчилик, консервация, атайын администрлөө, лицензияны кайтарып алуу, банкроттоо, ыктыярдуу ликвидация сыяктуу атайын режимдерди киргизүү жөнүндө токтомдорунун негизинде, Клиринг борборунун ыйгарым укук чегерилген персоналы тарабынан белгиленет.
Системада катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган: "Активдүү", "Токтотулган", "Алынып салынган", "Четтетүүгө тийиш".
Катышуучуга "Активдүү" статусу системада төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Бул статуста катышуучунун төлөмдөрү, багытына көз карандысыз, толук функционалдуу иштеп чыгууга жана таза позицияларды эсептөөгө камтылууга тиешелүү болот.
Катышуучуга "Токтотулган" статусу Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитеттин токтому менен ага ПКСке катышууга чектөөлөр киргизилип, ал эми ГСРРВга катышууга чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Катышуучунун "Токтотулган" статусунда төлөмдөр төмөнкүчө иштетилет:
- жаңы төлөмдөр жана билдирүүлөр кабыл алынбайт;
- кабыл алынган жана таза позицияларды эсептөөгө камтылган төлөмдөр "Активдүү" статусундагы сыяктуу эле иштетилет;
- кабыл алынган, бирок таза позицияларды эсептөөгө камтылбаган төлөмдөр "катышуучунун статусу "Активдүүгө" же "Алынып салынганга" өзгөргөнгө чейин "Активдүү эмес" деген статуска которулат".
"Алынып салынган" деген статус катышуучуну системадан убактылуу алып салуу дегенди түшүндүрөт.
"Четтетүүгө тийиш" деген статус катышуучу системадан иш жүзүндө четтетилгендигин, бирок анын мурдагы иши тууралуу маалымат маалыматтардын архивдик базасында сакталат дегенди түшүндүрөт.
Катышуучунун "Алынып салынган" же "Четтетүүгө тийиш" деген статусунда анын бардык ЭПДсы автоматтык түрдө жокко чыгарылат, ал эми жаңылары кабыл алынбайт.
ПКСке катышуу сыяктуу эле, ГСРРВга катышуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү учурунда системада катышуучунун позициясына чектөөлөр белгиленет. Позиция төмөнкү абалдардын бирине ээ болот: ачык, жабык, дебеттөө/кредиттөө үчүн блокирлөө.
"Ачык" - чектөөлөр жок учурда белгиленет жана төлөмдөрдүн багытына көз карандысыз, бардык ЭПДны толук функционалдуу иштеп чыгуу дегенди түшүндүрөт.
"Жабык" - системада төлөмдөрдү жөнөтүүгө жана алууга толук тыюу салынган учурда белгиленет. Бул учурда катышуучунун төлөмдөрү "Активдүү эмес" деген статус менен кабыл алынат, УТП эсептөөгө камтылбайт. Эгерде, "Жыйынтыктап эсептөө" мезгилине чейин позициянын статусу өзгөрбөсө, "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр система тарабынан четтетилет жана бул тууралуу катышуучуга маалымдалат.
"Дебеттөө/кредиттөө үчүн блокирлөө" - катышуучунун чыгыш/кириш төлөмдөрүнө чектөөлөр киргизилген учурда белгиленет. Бул позицияда УТПны эсептөөөгө камтылган, катышуучудан/катышуучуга төлөмдөр жана системага позицияларга бөгөт коюлгандан кийин келип түшкөн төлөмдөр "Активдүү эмес" төлөм статусун кабыл алат жана төмөнкүчө иштелип чыгат:
- система УТП катышуучуларын кайра санап чыгат;
- жаңы төлөмдөр "Активдүү эмес" статусун алышат;
- дебет/кредит боюнча позицияларды блоктон чыгаруу учурунда системага келип түшкөн төлөмдөр 1-тиркеменин 2-пунктуна ылайык УТПны эсептөөгө камтылат;
- эгерде "Жыйынтыктап эсептөө" мезгилине чейин дебет/кредит боюнча позициялар блоктон чыгарылбаса, "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр системадан четтетилет жана кийинчерээк бул тууралуу катышуучуга маалымдалат.
13. Нускоого карата 1-тиркеменин 3-пункту алынып салынсын.
|
|