Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 20/7
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-июлунда 65-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/11 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-июлунда 65-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/11 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Финансы министрлигине караштуу Борбордук Казыналыкты, Мамлекеттер аралык банкты, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым З.М.Асанкожоевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
Б.Жеенбаева
|
| Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/7 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-июлунда 65-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/11 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Нускоонун 3.1-пунктунун 3.1.1-пунктчасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;
1.1. электрондук төлөм документтерин иштеп чыгуу учурунда:
- дебеттик таза позицияга эсептешүү лимитин (мындан ары - эсептешүү лимити) түзүү убактысы катары мурдагы 9:00дон 9:15ке чейинки мезгилдин ордуна 8:35ден 8:40ка чейинки убакыт белгиленсин;
- дебеттик таза позицияга эсептешүү лимитин Пакеттик Клиринг Системасына өткөрүү максатында, оператор үчүн мурдагы 9:15тен 9:30ка чейинки мезгилдин ордуна 8:40тан 8:45ке чейинки убакыт белгиленсин;
- айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын катышуучулары тарабынан акча каражаттарынын камын пакеттик клиринг системасындагы дебеттик таза позицияга өткөрүү убактысы катары, мурдагы 13:00дөн 13:30ка чейинки убакыттын ордуна 8:45тен 13:30га чейинки убакыт белгиленсин.
1.2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин иш күнүнүн узактыгына тиешелүү 96-статьясына таянуу менен айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламенти бир саатка кыскартуу менен төмөнкүдөй убакыт аралыктары белгиленет:
┌─────────────────────────────────────┬───────────────────────────────┐
│Төлөмдөрдү иштеп чыгуу │Төлөмдөрдү иштеп чыгуу убактысы│
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Баштапкы өчүрүү │ 15:30 │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Акыркы өчүрүү │ 16:00 │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Эсептешүүлөрдү аяктоо │ 16:20 │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│Операциялык күндүн жабылышы │ 16:30 │
└─────────────────────────────────────┴───────────────────────────────┘
2. Нускоонун 3.4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3.4.4-пунктчасы менен толукталсын:
"Электрондук төлөм документи Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимдеринин (кабыл алынган токтомдорунун) негизинде, системада белгиленген ар бир катышуучунун статусуна ылайык иштелип чыгат. Статуска ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу эрежелери ушул нускоого карата 2-тиркемеде келтирилген.
3. Документтин аталышындагы жана бүтүндөй тексти боюнча "электрондук билдирүүлөр" деген сөздөр "электрондук төлөмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Нускоонун 3.4-пунктундагы 3.4.4., 3.4.5., 3.4.6. жана 3.4.7-пунктчалар тиешелүүлүгүнө жараша 3.4.5., 3.4.6., 3.4.7. жана 3.4.8-пунктчалар катары эсептелинсин.
| "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого карата № 2 тиркеме
|
Катышуучунун статусуна ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу
ЭРЕЖЕЛЕРИ
Катышуучунун статусу айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору тарабынан Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин лицензияны кайтарып алуу, атайы администрлөө режимин, тике банктык көзөмөлдүк чарасын, банкроттук жана башка чараларды киргизүү жөнүндө чечимдеринин (токтому менен кабыл алынган) негизинде белгиленет.
Системада Катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган:
1. Системанын Катышуучусунун эсептерине тиешелүү статустар:
АСТIVЕ - Катышуучунун эсеби активдүү, дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөр да өткөрүлүшү мүмкүн;
ВLОСKЕD I№СОМI№G - Катышуучунун эсебине кредиттик төлөмдөрдү (эсепти толуктоого) аткарууга тыюу салынган;
ВLОСКЕD OUТGОI№G - Катышуучунун эсебине дебеттик төлөмдөрдү өткөрүүгө (эсептен алып салууга), анын ичинде дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын камын (резервин) белгилөөгө;
ВLОСКЕD АLL - Катышуучунун эсебине дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салынган.
2. Системанын Катышуучуларына тиешелүү статустар:
АСТIVЕ - Катышуучунун дарегине Катышуучунун атынан төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
АРРROVЕ - Катышуучунун статусуна кандай болбосун өзгөртүүлөр тастыктоону күтүү абалында турат;
DISАВLЕD - Катышуучу төлөмдөрдү жүргүзө албайт.
3. Төлөмдөргө тиешелүү төлөмдөрдүн жана камдардын статустары (кардарлардыкы МТ 103, ал эми банктар аралык МТ 202):
СОМРLЕТЕ - төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөн жана акыркы болуп саналат;
СА№СЕLLED - төлөм пайдалануучу же система тарабынан жокко чыгарылган;
АРРRОVЕ - төлөм же акча каражаттарынын камы тастыктоону күтүү абалында турат;
RЕРАIR - төлөм же акча каражаттарынын камы кошумча оңдоолорду киргизүүнү күтүү абалында турат;
РЕ№DI№G - жүргүзүү үчүн жетишерлик өлчөмдөгү каражаттардын же акча каражаттарынын камы жок болгон учурда, төлөм кезекке жайгаштырылат;
DЕFFЕRЕD - төлөм, төлөмдөрдүн кезегине күндөлүк операциялык күн ичинде келечекте эсептешүү убактысы менен кезеккке жайгаштырылат;
FUTURЕ - төлөм, төлөмдөрдүн кезегине бир нече келерки операциялык күн ичинде келечекте эсептешүү күнү менен кезеккке жайгаштырылат;
SТОРRЕСV - төлөм, алуучунун эсебинен кредиттик операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуулардын алынып салынышын күтүп жаткан эсептешүүлөрдүн кезегине жайгаштырылат;
SТОРSЕ№D - төлөм, жөнөтүүчүнүн эсебинен дебеттик операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуулардын алынып салынышын күтүп жаткан эсептешүүлөрдүн кезегине жайгаштырылат.
|
|