Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-апрели № 26/5
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьясына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу |
Б.Жеенбаева
|
| Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 26/5 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Улуттук банктын көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 2.1.1-пунктчасы менен толукталсын:
"2.1.1. Комитет кеминде айына бир жолу төмөнкүлөрдү кароого алат:
- банктар (ар бир айда отчет эки банк боюнча) көзөмөлдүк стратегиясынын аткарылышы жөнүндө отчетту;
- банктар, ошондой эле депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар жана кредиттик союздар тарабынан комплекстүү текшерүүлөрдүн, ошондой эле тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталгандыгы/сакталбагандыгы жөнүндө маалыматты;
- банктарга, ошондой эле депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларга жана кредиттик союздарга карата регулятивдүү көзөмөлдүк чараларын колдонуунун натыйжаларын".
2. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.2-пунктундагы:
- б) пунктчасында "3-4 рейтингдеги" деген сөздөрү алынып салынсын;
- е) пунктчасында "андан-аркы иш аракеттерди аныктоо" деген сөздөрдөн кийин "көзөмөл" деген сөзү менен толукталсын;
- и) пунктчасында "укук коргоо органдарына" деген сөздөргө чейин "Комитет тарабынан маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.1-пунктундагы:
- "акыркы бейшембисинде" деген сөздөр "акыркы жумасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Комитет" деген сөздөрдөн кийин "жарым жылдык" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.9-пунктунун:
- б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"б) Комитеттин жарым жылдык иш планынын долбоорун түзүү";
- ж) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"е) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Комитеттин токтомдорунун жана башка чечимдеринин (буйрууларынын) аткарылышы жөнүндө жарым жылдык отчетту даярдоо";
- з) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"ж) Комитеттин иши тууралуу отчетту жарым жылда бир жолу даярдоо".
|
|