Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-августу № 48/4
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 18-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 29-апрелинде 59-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактар жана "жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейинки жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 18-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 29-апрелинде 59-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейинки жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын Ченемдик актылары" журналында № 7/2011 жарыяланды
3. Расмий жарыялангандан кийин Юридика башкармалыгы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төрагасы |
З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы № 48/4 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 18-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 29-апрелинде 59-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана аларды уюштуруучулардын (катышуучулардын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана алардын уюштуруучулардын (катышуучулардын) юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун преамбуласында:
- биринчи абзац "финансы-кредиттик мекеме (мындан ары-банк)" деген сөздөн кийин "ошондой эле башка юридикалык жак же жеке адам" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Көзөмөл боюнча комитет) тарабынан кабыл алынган, таасир этүү жана/же айып салуу чараларын (мындан ары - таасир этүү чаралары) кабыл алуу жөнүндө чечимдери;";
- төртүнчү абзацта:
- "жана банктардын" деген сөздөн кийин "же юридикалык жактардын жана жеке адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- "доо коюу тартибинде" деген сөз "соттук тартипте" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Жобонун 1.1-пунктунда:
- "же башка жак" деген сөз ", юридикалык жак же жеке адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "жазма буйрук жана башкалар" деген сөз алынып салынсын;
- "чечими" деген сөзгө чейин "Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз жөнгө салган орун басарынын же" деген сөздөр менен толукталсын;
- "(чаралар)" деген сөз алынып салынсын.
3. Жобонун 1.2-пунктунда:
- Жобонун 1.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:";
- "Апеллянт" термининин түшүндүрмөсү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Апеллянт - Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын же Көзөмөл боюнча комитеттин чечимине же болбосо Улуттук банк Башкармасынын чечимине ушул жободо белгиленген тартипке ылайык даттанууну ишке ашырган банк же башка юридикалык жак же жеке адам.";
- "Улуттук банк" деген түшүндүрмөдөн кийин "Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү" деген термининин түшүндүрмөсү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү - апеллянттын иши боюнча маселенин кароого алынышын демилгелешкен Банктык көзөмөл башкармалыгы, Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы жана Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы.";
- "Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимдин" түшүндүрмөсү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим - Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары жеё Көзөмөл боюнча комитеттин чечими же болбосо Улуттук банк Башкармасы тарабынан банкка, башка юридикалык жакка же жеке адамга карата кабыл алынган документ, ал айып салуу жөнүндө чечимди кошо алганда, таасир этүү чараларын жана/же милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон белгилүү бир аракеттерди аныктайт.";
- "Тараптар" деген түшүндүрмөдө "башка жак" деген сөз "башка юридикалык жак же жеке адам" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Жобонун 1.4-пунктунда:
- "чара (чаралар) көрүлгөн" деген сөз "чаралар көрүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Башкармада" деген сөз "Банк Башкармасынын алдында" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. Жобонун 3.1-пунктунда:
- "жазма буйрукту же башканы" деген сөз алынып салынсын;
- "чечими" деген сөзгө чейин "Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Жобонун 3.2-пунктунда:
- а) пунктча "банктын аталышы жана дареги" деген сөздөн кийин "же башка юридикалык жактын" деген сөз менен толукталсын;
- в) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"в) териштирүү учурунда тиешелүү түрдө тариздетилген ишеним каттын негизинде (ишеним кат арызга кошо тиркелет) апеллянттын таламын колдогон" адамдын аты-жөнү, жумушунун дареги жана телефон номери;)";
- г) пунктчасы "чечими" деген сөзгө чейин "Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же" деген сөздөр менен толукталсын;
- е) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"е) Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын же Көзөмөл боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу, айып салуу жөнүндө чечиминин жана/же чечимдин маанисинин айкын же юридикалык жактан негизделишине апеллянттын кайсы болбосун каршы болуусу;";
- з) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"з) апеллянттын колтамгасы (эгерде апеллянт банк болсо, апелляцияга Башкарманын Төрагасы же Директорлор кеңеши кол коюуга укуктуу; эгерде банктын - резидент эместин филиалы болсо - филиалдын жетекчиси; эгерде юридикалык жак болсо - жетекчиси же жетекчинин юридикалык жактын атынан кол коюу укугуна ээ орун басары.)".
7. Жобонун 3.3-пунктунда Көзөмөл боюнча комитетке" деген сөздөрдөн кийин "Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына же" деген сөздөр менен толукталсын.
8. Жобонун 5.1-пунктунда:
- "10" деген сан "20" деген санга алмаштырылсын;
- "пунктунда көрсөтүлгөн" деген сөздөр "пунктуна ылайык сунушталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Банктык көзөмөл башкармалыгы" деген сөздөр "жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Юридикалык бөлүм" деген сөз "Юридика башкармалыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмдөгү "сунуштайт" деген сөз, "сунушташат" деген сөзгө алмаштырылсын.
9. Жобонун 5.2-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы тарабынан кароого алынышы мүмкүн эмес" деген сөздөр алынып салынсын.
10. Жобонун 6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"6.1. Апелляциялоо жөнүндө арызды кароо боюнча отурум (мындан ары - отурум), тиешелүү талаш маселелерди адилет жана ыкчам чечүү максатында өткөрүлөт. Ар бир тарап оозеки жүйөөлүү далилдери жана тиешелүү документтер аркылуу өз позицияларын билдирүүгө, ошондой эле кайсы болбосун тарап сунуштаган фактылар боюнча күбөлөргө суроо берүүгө укуктуу.".
11. Жобонун 6.6-пунктунда "Тараптар" деген сөз "Тараптар жана" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. Жобонун 6.8-пунктунда анын деген сөз "өз" деген сөзгө алмаштырылсын.
13. Жобонун 7.1-пунктунда:
- 1) пунктчасында "мурда" деген сөз, "Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басары же" деген сөздөр менен толукталсын";
- 2) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"2) апелляциялык арыз четтетилсин жана Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогун түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын же Көзөмөл боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу, айып салуу боюнча чечими күчүндө калтырылсын.";
- төртүнчү абзацтагы "катуулатуу" деген сөз "катуулатууларды" деген сөзгө алмаштырылсын.
14. Жобонун 8.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8.1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан апеллянтка карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган шартта, апеллянт Улуттук банк Башкармасынын чечимин алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ага карата колдонулган таасир этүү чаралары боюнча кат жүзүндөгү каршы болуусун жөнөтө алат. Кат жүзүндөгү каршы болууга апеллянттын колтамгасы ушул Жобонун 3.2-пунктунун 3) пунктчасынын талаптарына ылайык коюлууга тийиш.".
15. Жобонун 8.2-пунктунда:
- "банктын" деген сөз, "апеллянттын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "сунушталат" деген сөз "жөнөтүлөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "Банктык көзөмөл башкармалыгы" деген сөз "жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүм" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "Юридикалык бөлүм" деген сөз "Юридика башкармалыгы" деген сөзгө алмаштырылсын.
16. 8.3-пунктунда "(чаралар)" деген сөз алынып салынсын.
17. 8.4-пунктунда "банктын" деген сөз, "апеллянттын" деген сөзгө алмаштырылсын.
18. Жобонун 8.5-пунктунда:
- "Банктык көзөмөл башкармалыгы" деген сөз "жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүм" деген сөзгө алмаштырылсын;
- Юридикалык бөлүм" деген сөз "Юридика башкармалыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "банктын" деген сөз, "апеллянттын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "(чаралар)" деген сөз алынып салынсын;
- "5" деген саны "10" деген санга алмаштырылсын.
19. Жобонун 8.6-пунктунда:
- "банк" деген сөз "апеллянт" деген сөзгө алмаштырылсын
- "банкты" деген сөз "апеллянтты" деген сөзгө алмаштырылсын;
- акыркы сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Улуттук банк Башкармасы апеллянттын оозеки жүйөө далилдерин уккан учурда, жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүм, Юридика башкармалыгы жана зарылчылыгына жараша Улуттук банктын көзөмөл блогунун башка түзүмдүк бөлүмдөрү катышууга тийиш.".
20. Жобонун 8.7-пунктунда:
- "15" деген сан "20"" деген санга алмаштырылсын;
- "банкты" деген сөз "апеллянтты деген сөзгө алмаштырылсын";
- "чыгаруу" деген сөз "кабыл алуу" деген сөзгө алмаштырылсын.