Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры № 52/8
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому (кошо тиркелет) менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/8 токтомуна карата тиркеме
|
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча "КРУБ" деген сөздөр "Улуттук банкы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча "Юридикалык бөлүм" деген сөздөр "Юридика башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.3-пунктунун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Комитеттин курамына Улуттук банктын Төрагасынын орун басары (Комитеттин төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын бир мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери - Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги, Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын начальниги, Юридика башкармалыгынын начальниги кирет. Комитеттин курамына кеңеш берүүчү добуш менен Комитеттин отурумунда дайыма катышкан Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын начальниги, ошондой эле Банктык көзөмөл башкармалыгынын Банктарды инспекциялоо бөлүмүнүн, Банктык көзөмөл башкармалыгынын Тышкы көзөмөлдүк бөлүмүнүн жана Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын Банктарды лицензиялоо бөлүмүнүн начальниктери кирет. Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен Көзөмөл боюнча комитеттин курамына кеңеш берүүчү укук менен башка адамдар да киргизилиши мүмкүн.".
4. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Комитет банктардын/ФКМдердин ишин жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча иш максаттарын жана милдеттерин аныктайт жана белгилейт, ошондой эле банктык көзөмөлдүк саясатынын жана ФКМдердин ишине көзөмөлдүктүн ишке ашырылышына контролдукту жүргүзөт.".
5. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Комитет ал тарабынан кабыл алынган өзүнчө бир банкка жана ФКМге карата таасир этүү чараларын колдонуу жана айып салуу салуу жөнүндө чечимдеринин натыйжалуулугуна баа берет жана өзүнчө бир банкка жана ФКМге карата таасир этүү чараларын колдонуунун жана айып салуулардын натыйжалары жөнүндө маалыматты Улуттук банк Башкармасына жарым жылда бир жолу сунуштап турат.".
6. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1.1-пунктунун биринчи абзацынын номерлери өзгөртүлсүн жана ал төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2.1-1 Комитет айына бир жолудан кем эмес жолу кароого алат:".
7. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы 2.1-2-пункт менен толукталсын:
"2.1-2 Комитет, чейрек сайын, кеминде бир жолу Улуттук банк тарабынан көзөмөлдүк функциясынын жүзөгө ашырылышы жөнүндөгү отчетту кароого алат.".
8. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.2-пунктунда:
- в) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"в) Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн, башкарманын төрагасын, төраганын орун басарларын жана кредиттик иштерге жана ислам каржылоо принциптери боюнча иштерге жооп берүүчү башкарма мүчөлөрүн, аудит боюнча комитеттин төрагасын, ички аудит кызматынын жетекчисин, банктын башкы бухгалтерин макулдашуу;";
- и) пунктчасы "укук коргоо органдары" деген сөздөн кийин ", анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы" деген сөздөр менен толукталсын;
- м) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"м) Банктардын жана ФКМдердин ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана лицензиялоо боюнча укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун кароо;";
- төмөнкү редакцияда берилген н) пунктчасы менен толукталсын:
"н) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке чегерилген башка маселелер.".
9. Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.3-пункту "Комитеттин токтому менен таризделет" деген сөздөргө чейин ", Комитеттин төрагасы жана бардык мүчөлөрү кол койгон" деген сөздөр менен толукталсын.
10. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.2-пунктунун 2-абзацы "же Комитеттин эки мүчөсү" деген сөздөрдөн кийин "Комитеттин катчысы бул тууралуу, тартип түрүндө, Комитеттин отурумуна чейин бир күндөн кем эмес убакытта Комитеттин мүчөлөрүнө кат жүзүндө билдирет" деген сөздөр менен толукталсын.
11. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.9-пунктунун ж) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Токтомдордун бардык долбоорлору милдеттүү түрдө Юридика башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш.".
12. 3-бөлүктүн 3.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Комитеттин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышына жооп берген кызмат адамы, Комитеттин токтомунда көрсөтүлөт жана Комитеттин чечимдеринин аткарылгандыгы жана аткарылбагандыгы тууралуу Көзөмөл боюнча комитетке кеминде жылына эки жолу отчет берип турат".
13. Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.9-пунктунун ж) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"ж) Комитеттин аткарган иши жөнүндөгү отчетту, Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо үчүн жарым жылда бир жолу даярдоо".
Төрага | З. Асанкожоева |