ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/7» «Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жобосун киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын банктарында айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо тууралуу токтому»

Редакция26.10.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 26-октябры № 60/7

"Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жобосун киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын банктарында айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жобосун киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын банктарында айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы № 48/11 "Консервация жана банкроттоо жол-жобосу киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын банктарынын айрым банк жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында жарыялансын.

4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Юридика башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Асанкожоева