Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 28/8
"Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоосу (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияны тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары мырза Чокоевго З.Л. ыйгарылсын.
Төрага | З.Асанкожоева |