Загрузка документа…
| Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/8 токтомуна карата тиркеме
|
Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө НУСКОО
1. Негизги түшүнүктөр
2. Жалпы эрежелер
3. Протоколдор жана отчеттор
Тиркеме
1. "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоо (мындан ары - Нускоо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүзөгө ашырууда депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК) ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. МФКнын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) ушул Нускоонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш.
3. Нускоонун талаптарынын аткарылбашы МФКга карата Улуттук банк тарабынан мыйзамда каралган чаралардын жана санкциялардын колдонулушу үчүн негиз болуп саналат.
4. Нускоонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар жана түшүнүктөр колдонулат:
МФКнын аффилирленген жагы:
- МФК тарабынан, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмдүн натыйжасында кабыл алынган чечимди тике же кыйыр түрдө аныктоого же аларга таасир этүүгө укугу бар кайсы болбосун жеке адам (инсайдер) же юридикалык жак (ыйгарылган укуктардын алкагында микрофинансылык уюмдардын ишине контролдукту жүзөгө ашырышкан, мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле ага карата бул аффилирленген жак белгиленген укуктарга ээ болгон кайсы болбосун жеке адам (инсайдер) же юридикалык жак;
- МФКнын аткаруучу кызмат адамдары, анын акционерлери (катышуучулары) же анын добуш берүүчү акцияларынын беш же андан ашык пайызына ээ болушкан кайсы болбосун ишкана.
Аффилирленген жактын МФК менен өз ара мамилеси ортолорундагы мамилелеринин "чынжырча" звеносунун санына карабастан, толук көлөмдөгү контролдукка негизденген компаниялардын жана адамдардын байланыштары ("чынжырча") иликтенип табылышы мүмкүн.
Аффилирленген жактар менен бүтүмдөр (операциялар) төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аффилирленген жакка кредит (кредитти алмаштыруучуну) берүү;
- аффилирленген жак тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алуу;
- аффилирленген жактардын активдерин сатып алуу;
- аффилирленген жак тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды кайсы гана жак же компания болбосун, кредитти (карызды) камсыздоого акцептөө;
- бүтүм деген түшүнүккө туура келген башка мыйзамга ылайык операциялар.
Пайда алуучу, ушул Нускоонун максатына ылайык, - анын атына жана/же анын эсебине акча каражаттарды же мүлк менен операцияларды же бүтүмдөрдү кардар ишке ашырган, каражаттарга же мүлккө менчик укугуна ээ адам, же болбосо түпкүлүгүндө келип, акча каражаттар же мүлк менен операциялар анын пайдасына ишке ашырылган адам.
Кызмат адамдары - Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, Төрага (Башкы директор/менеджер) жана Башкарма мүчөлөрү, башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери (же МФКда тиешелүү түзүмдүк бөлүм жок болсо, башкы адистер), финансы, кредиттер менен иш алып баруу, активдер жана пассивдер менен иш алып баруу маселелерине жооп берген адамдар, ошондой эле алардын милдетин аткаргандар. "МФКнын кызмат адамдары" деп, микрофинансылык компаниянын саясатын аныктап, же ошол адамдар акысыз негизде иштейби же иштебейби, же ал сый акы алабы, андан көз карандысыз, МФКнын саясатын түзгөн негизги операцияларга реалдуу катышкан адамдарды түшүнүү зарыл. Бул аныктама ошондой эле, МФКнын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да таркатылат.
Олуттуу катышуучу - добуш берүүгөёукук чегерген акциялардын беш пайыздын көбүрөөгүнө менчик укугу тике же кыйыр түрүндө тиешелүү болгон же бул акцияларга контролдук кылган адам (пайда алуучу).
Инсайдерлер (ички кызмат адамдары) - Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, Төрага (Башкы директор/менеджер) жана Башкарма мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, ошондой эле алардын милдетин аткарган адамдар, олуттуу катышуучулар жана бул адамдар менен жалпы кызыкчылыкта байланышта болгон башка жеке адамдар.
Компания - Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык уюштурулган ишкердик түзүмүнүн кандай болбосун, формасын түшүндүрөт.
Контролдоочу адам - юридикалык жактарга контролдукту жүзөгө ашырган адам.
Контролдук - өз алдынча же болбосо башка адамдар менен биргелешип ишке ашырылган төмөнкү чаралар:
- акционердик коомдун же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын 50 же андан көп пайыз акцияларына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же тескөөгө алуу, же болбосо;
- юридикалык жактын Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрүнүн кеминде тең жарымын шайлоо мүмкүнчүлүгү, же;
- юридикалык жактын капиталына катышуудан көз карандысыз, ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алуу мүмкүнчүлүгү.
Контролдукту, олуттуу катышуучуну жана пайда алуучуну аныктоо максатында:
- Ушул Нускоодо аныкталган тууган-туушкандардын ичинен кайсыл бир туугандын анык ээлигинде же контролдугунда турган кайсы болбосун акция ошол жеке адамдын анык ээлигинде тургандар катары каралат.
- Компанияга толук контролдукту ишке ашырган адам (жеке адам же юридикалык жак), ушул компания аркылуу толугу менен контролдукка алынган бардык компанияларга контролдукту жүзөгө ашырган адам катары эсептелинет.
- Белгилүү бир адам тарабынан толук контролдукка алынган компаниялардын анык ээлигинде же контролдугунда турган акциялар, ошол адамдын анык ээлигинде тургандар катары эсептелинип, ошол адамдын анык ээлигинде турган акцияларды аныктоодо анын тике ээлигинде турган акциялары менен суммаланат.
- Бир эле жеке адам же юридикалык жак тарабынан контролдукка алынган компаниянын анык ээлигинде же толук контролдугунда турган акциялар.
Туугандар чөйрөсү - бул, ата-энени, жубайды, анын ата-энелерин, балдарын (асырап алгандарын кошо алганда), ага-эжелерди, чоң ата, чоң энени, неберелерди, ата-энелердин бир туугандарын, балдарын кошо алганда, туугандык мамиледеги адамдар.
Инсайдерлер менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгон адамдар бул инсайдерлердин туугандары, МФК инсайдерлери кабыл алган чечимдерге айкын таасир эте алуучу башка жеке адамдар, ошондой эле МФК инсайдерлери контролдогон юридикалык жактар.
Мындан тышкары МФКнын, анын кызматкерлеринин башка жактар менен байланыштуулугун төмөнкүлөр боюнча да аныктоого болот:
- капиталга катышуусу, мында МФК же анын кызматкерлери жеке өздөрү же биргелешип башка юридикалык жактын, анын ичинде тарап болуп саналуучунун, пайда алуучунун же бүтүмгө келишүүчүнүн өкүлүнөн болуп саналса, же анын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын жалпы санынын бир же андан көп пайызын же уставдык капиталынын ээлеринен болуп саналышса, же тескөөгө алууга укуктуу болсо, же мындан башка жактар жеке өздөрү же биргелешип, МФКнын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын бир же андан көп пайызынын ээлеринен болуп саналышса, же тескөөгө алууга укуктуу болсо;
- МФКнын башкаруу органдарына мүчөлүк, мында башка тарап болуп саналган, пайда алуучу, бүтүмгө келишүүдө ортомчу же өкүл болуп саналган МФКнын башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлешкен болсо;
- юридикалык жактын башкаруу органдарына мүчө болгон болсо, мында МФК кызматкерлери тарап болуп саналган, пайда алуучу, бүтүмгө келишүүдө ортомчу же өкүл болгон юридикалык жактын башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлеген болсо;
- келишимдик мамилелери болгон болсо, мында башка жак (мисалы, МФКнын ишине тышкы аудитти жүргүзүүгө укуктуу аудитордук уюм же МФКдагы күрөө предметинен болуп саналган мүлккө баа берүү кызматын сунуштаган баалоочу компания) кардар, карызгер, пайда алуучу, МФК менен бүтүмгө келишүүдө ортомчу же өкүл болсо, же мында МФК кардар (банкта ачылган эсеби болсо) карызгер, пайда алуучу, башка жактар менен бүтүмгө келишүүдө ортомчу же өкүл катары иш алып барган болсо;
- иш боюнча мамиледе болгон болсо, мында МФКнын кызматкерлери акысыз же сый акы алуу мененби, ага көз карандысыз, бир эле учурда башка юридикалык жактын кызматкеринен болгон болсо;
- туугандык жактан байланыштуу болсо, мында кардар, карызгер, пайда алуучу, МФК менен келишилген бүтүмдө ортомчу же өкүл болгон жак МФКнын кызматкеринин же тарап, пайда алуучу, бүтүмгө келишүүдө ортомчу же өкүл болуп саналган башка жактын туугандарынын катарына кирсе.
Эки же андан көп жеке адамдар жана юридикалык жактар ортосунда жалпы кызыкчылыктар төмөндөгү шарттардын кайсы бири орун алган болсо, олуттуу катары таанылат:
- бир юридикалык жак же жеке адам башка жакты контролдукка алат;
- ошол жактар аффилирленген юридикалык жактардан же инсайдерлерден болуп саналышат;
- ошол жактардын бири башка жакка караштуу компания болуп саналат.
Бейтараптык принциби - эгерде, МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга (жактарга) - МФКнын кардарларына (юридикалык жактарга же жеке адамдарга) кредит берүү шарттарына караганда мындай кредиттерди берүү шарттары алар үчүн кыйла алгылыктуу, ыңгайлуу боло турган болсо, инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга кредиттерди берүүгө МФКнын укугу жоктугун билдирет.
Бир карызгердин чогуу алгандагы карызы - бул, төмөнкүлөр боюнча бир карызгердин жалпы карызы:
- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз);
- факторинг;
- финансылык ижара;
- үлүштүк милдеттенмелер формасындагы инвестициялар;
- алууга каралган, кошуп эсептелинген пайыздар;
- карызгерлерге тике же кыйыр түрдө берилген, маңызы боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган кандай болбосун берилген каражаттар;
- ошол карызгерге берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы (кредиттерди берүүгө милдеттенмелер);
- МФКнын үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдикке баруусу, ал сөзсүз түрдө ошол карызгер тарабынан гарантияланган болсо;
- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар. Ар бир карызгердин кредиттик таржымалында ошол карызгердин жана аны менен байланыштуу адамдардын анын мурда эсептен жоюлуп салынган кредиттери жана пайыздары жөнүндө маалыматтар көктөлүүгө тийиш. Маалыматтарда карызгердин жана аны менен байланыштуу адамдын аты-жөнү, эсептен жоюлуп салынган кредиттин жана пайыздардын суммасы, эсептен жоюп салуу күнү жана анын себептери камтылышы зарыл. Эгерде мындай маалымат жок болсо, анда кредиттик таржымалды МФКнын ыйгарым укуктуу адамынын ошол карызгер жана аны менен байланыштуу адамдын мурда эсептен жоюлуп салынган карызы жөнүндө корутундусу болууга тийиш.
Директорлор кеңешинин мүчөсү (жеке ушундай эле органдын мүчөсү) МФКнын жана/же МФК контролдогон компаниянын Директорлор кеңешине кирген адам, же МФК контролдогон кайсы болбосун компаниянын Директорлор кеңешине кирген, ошондой эле МФК менен байланыштуу бир эле жеке адам же юридикалык жак тарабынан контролдукка алынган компаниялардын Директорлор кеңешине кирген адамдар.
5. МФК менен инсайдерлер, аффилирленген жактар ортосундагы кайсы болбосун операция МФКнын Директорлор кеңешинде колдоого алынууга тийиш.
6. МФК тарабынан инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операциялар анын өзүнө аманатчыларынын же башка кредиторлорунун таламдарына зыян келтирбестен ишке ашырууга тийиш.
7. Инсайдерге же аффилирленген жакка кредит берүүнү колдоого алган Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, ушул Нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредиттин берилишин камсыз кылган Төрага (Башкы директор/менеджер) жана башкарма мүчөлөрү микрофинансылык компаниянын ошол кредит боюнча карызынын кайтарылышы жана убагында алынбай калган пайданын ордунун жабылышы үчүн жоопкерчилик тартышат.
8. МФК, эгерде бейтараптык принцибинин талаптары бузулуп, төмөндө келтирилген талаптардын кайсынысы болбосун орун алган шартта, инсайдерлерди же аффилирленген жактарды кредиттөөгө укугу жок:
8.1. МФК, Улуттук банк тарабынан белгиленген бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча талаптарга жооп бербесе;
8.2. МФК, Улуттук банк тарабынан белгиленген МФКнын толук төлөнгөн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жана өздүк капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарга жооп бербесе;
8.3. Акыркы отчеттук күнгө карата таза чыгым орун алса.
9. Аффилирленген жактар, анын ичинде инсайдерден болуп саналгандар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. Керектөө кредиттерин берүү жана алардан депозиттерди кабыл алуу боюнча операцияларды эске албаганда, аффилирленген жактар болуп саналбаган инсайдерлер менен операция жүргүзүүгө тыюу салынат.
10. МФКларга өзүндө инсайдерлерди же аффилирленген жактарды кредиттөөгө чектөөлөрдүн чегин белгилөө сунуш кылынат, ал Улуттук банк тарабынан белгиленгенден төмөн болууга тийиш.
11. МФКлардын же анын туунду компанияларынын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен кандай болбосун операциясы коопсуз жана ишенимдүү экендигин тастыктаган шарттарда гана ишке ашырылууга тийиш.
12. МФКлардын кайсы болбосун жак менен келишилген кандай болбосун бүтүмү, эгерде бүтүм боюнча кирешелер (бир аз үлүштө болсо да) МФКнын инсайдери же аффилирленген жагынын пайдасында колдонулуп же алардын тескөөсүнө өткөрүлүп берилсе, анда мындай бүтүм инсайдер же аффилирленген жак менен келишилген бүтүм катары эсептелүүгө тийиш.
13. МФКлар төмөнкү шарттарды аткарган учурда гана инсайдерлер же аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ болот:
13.1. Операциялар МФК менен башка адамдар - МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон кардарлар (юридикалык жактар же жеке адамдар) ортосунда келишилген бүтүмдөр үчүн колдонулган шарттарга жана талаптарга караганда, алда канча жеңилдетилген болуп эсептелинбеген шарттарда жана талаптарда ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай шарттарда жана талаптарда төмөнкүдөй тыюу салууларды камтууга тийиш:
1) МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдардан - МФК кардарларынан (юридикалык жактар же жеке адамдар) кармалгандарга салыштырганда кыйла төмөндөтүлгөн пайыздардын же жыйымдардын кармалышы;
2) МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - МФК кардарларына (юридикалык жактар же жеке адамдар) салыштырганда кыйла жогорку пайыздардын төлөнүшү;
3) МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдардан - МФК кардарларынан (юридикалык жактар же жеке адамдар) талап кылынганга караганда, кыйла төмөндөтүлгөн наркка ээ күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда башка күрөөгө караганда аны жогору баалоого өбөлгө түзгөн ыкма колдонулууга тийиш эмес;
4) бул операцияларда камтылган тобокелдик деңгээлинен же карызгердин кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн ишенимсиздигинен улам, МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - МФК кардарларына берилбеген кредиттерди берүүгө;
5) инсайдерден же аффилирленген жактан сапаты МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдардан - МФК кардарларынан (юридикалык жактар же жеке адамдар) ушундай активди сатып алуу же кабыл алуу алгылыксыз болгон активдерди сатып алуу же кабыл алуу.
6) МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - кардарларга (юридикалык жактар же жеке адамдар) төлөнүп берилүүгө тийиш болгонго караганда, алда канча жогорку баада активди сатып алуу;
7) МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдар - кардарлар (юридикалык жактар же жеке адамдар) кабыл алынышы мүмкүн болгон баага караганда, кыйла төмөндөтүлгөн баада активди сатуу;
8) инвестор же аффилирленген жак жүргүзгөн иштин түрүндө же баалуу кагаздарда катылган тобокелдик улам, МФК кандайдыр бир башка учурда инвестициялабаган баалуу кагаздарга инвестициялоо;
9) МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - МФКнын кардарларына (юридикалык жактарга же жеке адамдарга) төлөнгөнгө караганда товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же мүлктү ижарага алуу үчүн кыйла жогорулатылган баанын төлөнүшү, же болбосо МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - МФКнын кардарларына (юридикалык жактарга же жеке адамдарга) төлөө ишке ашырылбаган шарттарда төлөөлөр;
10) инсайдерлер жана аффилирленген жактардын кредиттерин кайтаруу мөөнөттөрүн пролонгациялоо, эгерде МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - МФКнын кардарларына (юридикалык жактарга же жеке адамдарга) пролонгациялоо үчүн тыюу салынган шартта.
13.2. Чечимдер операциянын ишке ашырылышына кызыкдар болгон тараптар таасир этпеген шартта (тике же кыйыр түрдө), Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизме боюнча курамынын 2/3 көбүрөөгү ал үчүн добуш берген шартта, атын атап добуш берүү аркылуу, Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат. Болжолдонуп жаткан операцияга тике же кыйыр түрдө кызыкдар болгон Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кайсы болбосун мүчөсү тиешелүү маселе талкууланып жаткан учурда отурумдан чыгып кетүүгө тийиш жана бул маселе боюнча добуш берүүгө укугу жок.
13.3. МФКлар мындай операциялар жактырылган кат жүзүндөгү протоколду толтуруп, ага операциялар МФКга жана анын таламдарына доо кетирбей тургандыгына негиздемени кошо алганда, операциянын бардык шарттарына кат жүзүндө толтурулган талдап-иликтөөлөрдү камтууга тийиш. Талдап-иликтөөлөрдө төмөнкүлөр камтылат:
1) кредиттик операциялар үчүн - кредиттин суммасы, кредиттин мөнөөтү, пайыздык чени, карызгердин түзүлгөн келишимге ылайык кредитти төлөөгө мүмкүнчүлүгүн далилдеген финансылык маалыматтар жана кредит боюнча күрөө наркын тастыктаган маалыматтар;
2) активдерди сатып алуу же сатууга байланыштуу операциялар үчүн сатып алуу баасы жана активдин наркын тастыктаган маалыматтар;
3) инвестициялар үчүн - мындай инвестицияларды коштогон тобокелдиктерге жана МФК, ошондой эле тиешелүү жак үчүн андан алынган потенциалдуу пайдаларга баа берүүлөр;
4) ошол операциянын зарылчылыгы себебин ырааттуу түшүндүрүүлөр;
5) активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну/сатып алууну камтыган операциялар үчүн Директорлор кеңеши активдерди сатып алуу/сатуу же кызматтарды сунуштоо боюнча кеминде 3 сунушту кароого алууга тийиш. Бул сунуштар МФК менен байланыштуу болбогон жактар тарабынан берилүүгө жана сунушталган баа орточо рыноктук баага ылайык келиши зарыл.
13.4. МФК же ошол тарап менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгондор менен болжолдонуп жаткан операцияларга тарап болуп саналган инсайдерлер, ошол операцияга канчалык деңгээлде кызыкдар экендигин жана операциянын башка тарабы менен өз ара мамилесин баяндаган маалыматты кат жүзүндө берүүгө тийиш. Мындай кат болжолдонуп жаткан операция боюнча добуш берүүгө чейин Директорлор кеңешине сунушталып, Директорлор кеңешинин операцияны жактырган протоколунун бөлүгүн түзүүгө тийиш.
14. Директорлор кеңешинин Төрагасы ушул Нускоонун 13-пунктунун бардык шарттары кароого алынуучу маселе боюнча Директорлор кеңешинин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарылгандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кат жүзүндө маалымдашы зарыл. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү добуш берүүгө чейин тастыктаган документтерди карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин добуш берген ар бир мүчөсү операциянын ишке ашырылышын колдогондугу тууралуу жеке өзү жазып көрсөтүшү зарыл. Резолюция Директорлор кеңешинин мүчөсү болжолдонуп жаткан операциянын шарттарын кароого алып, аны түшүнгөндүгүн ушул нускоонун 13-пунктунун 13.3-пунктчасынын талабы боюнча жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдү окуп чыккандыгын так көрсөтүп, чагылдырышы зарыл.
15. Ушул Нускоонун 13-пунктунун 13.2, 13.3 жана 13.4-пунктчаларынын жоболору ошол эле шарттарда МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдар - МФК кардарлары (юридикалык жактар же жеке адамдар) үчүн каралган шарттарда жана талаптарда депозиттик кызматтарды сунуштоо учурунда инсайдерлерден же аффилирленген жактардан депозиттердин кабыл алынышына карата колдонулбайт.
16. Инсайдерге же аффилирленген жакка берилген ар бир кредит күрөө менен камсыз кылынып, аны сатып өткөрүүнүн таза наркы кеминде:
16.1. Эгерде, кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары же кредитти берген МФКдагы байланыштуу, депозит менен камсыз кылынган болсо, кредиттин суммасынын 120 пайызын түзүүгө тийиш.
Байланыштуу депозит төмөнкү мөнөттөрдөгү корреспонденттик эсеп болуп саналбаган өзүнчө мөөнөттүү депозитти (аманатты) түшүндүрөт:
- берилип жаткан кредиттин мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттөгү;
- күрөө катары талаптагыдай таризделинген;
- ал боюнча акча каражаттарынын жылышына тыюу салынган;
- кредит боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин, кардарлар алардан пайда ала албаган.
Баалуу кагаз түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркы МФК тарабынан ай сайын кайрадан бааланып турууга тийиш.
16.2. Кайсы болбосун башка түрдөгү күрөө сунушталган учурда кредиттин суммасынын 140 пайызы.
Эгерде, күрөөлүк камсыздоонун наркы убакыт өткөн сайын ушул Нускоодо белгиленген өлчөмдөн азайып кетсе, анда мындай камсыздоо жөнүндө жаңы келишим түзүү же күрөө келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу, талап кылынган өлчөмгө чейин кошумчаланып, кошумча күрөөлүк мүлк менен гарантияланып же кайра баалоодон кийинки 15 күндөн кечиктирбестен, белгиленген талапты аткаруу үчүн жетиштүү нарктагы күрөөнүн жаңы түрү менен алмаштырылууга тийиш.
17. Инсайдерге же аффилирленген жака кредит берүү чечими жактырылып жана ал берилгенден кийин, мындай кредит МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - МФК кардарларга (юридикалык жактар же жеке адамдар) берилген кредиттердей эле тескөөгө алынып (көз салынып жана бааланып) турууга тийиш. Аффилирленген жактарга инвестициялар да МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга - МФК кардарларга (юридикалык жактар же жеке адамдар) инвестициялардай эле, мезгил-мезгили менен баа берилип көз салынып турууга тийиш.
18. Эгерде кызыкчылыктар каршы келип, Директорлор кеңеши инсайдерлер жана/же аффилирленген жактар менен операциялар боюнча добуш берүүдөн баш тартып же чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болбосо, Директорлор кеңеши бул маселени акционерлердин кийинки кезексиз жалпы жыйынынын же жылдык жыйынтык кароосуна сунуштоосу мүмкүн. Директорлор кеңешинин мындай чечими, эгерде ал үчүн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси боюнча курамынын 2/3 добуш берген шартта, кабыл алынган катары эсептелинет. Директорлор кеңеши болжолдонуп жаткан операцияны кылдат чагылдырган ушул талдап-иликтөөлөрдү камтыган отчетту акционерлердин жалпы жыйынынын кароосуна сунуштоого тийиш. Ушул операцияларда артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн акционер (тике же кыйыр түрдө же жалпы кызыкчылыкка ээ адам аркылуу) талкууга катышпай, добуш берүүгө таасир этип же ага аракет кыла албай, же болбосо операцияны колдоого алуу боюнча добуш бере албайт. Акционерлер инсайдерлерге жана/же аффилирленген жактарга, эгерде ал үчүн жыйынга катышкан акционерлердин жалпы санынын 2/3 добуш берген болсо гана, артыкчылыктарды берүүчү операцияларды жактырышы мүмкүн.
Таламдардын каршы келип калуусуна тиешелүү маселелерди кароону акционерлер жыйынына өткөрүп берүү тажрыйбасы алыгылыктуу болуп саналбайт жана өзгөчө жагдайларда гана (добуш берүүдөн баш тартуу же келип чыккан маселе боюнча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу) колдонулушу мүмкүн. Түпкүлүгүндө келип, МФКнын ишенимдүү жана коопсуз иши үчүн жоопкерчилик МФКнын Директорлор кеңешине жүктөлөт. Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы жыйынына өткөрүп берүү чечими кабыл алынганга чейин маселенин МФКнын кызыкчылыгында чечилиши үчүн бардык мүмкүн болгон аракетти көрүүгө тийиш.
19. МФК, аларга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында кандайдыр бир жактар менен бүтүмгө келише албайт:
- МФКнын инсайдери жана аффилирленген жагы алдында анын милдеттенмесин төлөөгө;
- МФКнын инсайдеринен же аффилирленген жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга;
- МФКнын аффилирленген жагы эмитирлеген баалуу кагаздарды сатып алууга.
20. Эгерде МФКлар өз каражаттары менен коммерциялык же башка банктык эмес уюмга катыша турган болсо, анда МФКга кандай болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, мындай инвестициялардын максималдуу өлчөмү Улуттук банк белгиленген мааниге дал келүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү Улуттук банктын талаптарына дал келүүгө тийиш.
21. МФК, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Нускоонун талаптарына ылайык документтерди жазып толтурууга тийиш. Бул жазууларда инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен же алар менен байланыштуу башка жактар менен барык операциялардын суммасы жана шарттары көрсөтүлгөн маалыматты камтууга тийиш.
22. МФКлар алардын инсайдерлери башка МФКдан алган кредиттер, инсайдерлердин башка операциялары тууралуу документтерди жүргүзүүгө тийиш. Башка ФКМдан кредит алган же кредит алууга билдирме менен кайрылган ар бир инсайдер МФКга жарым жылда кеминде бир жолу отчеттук мезгил ичинде орун алган жана жаңыдан кабыл алынган кредиттери жөнүндө кат жүзүндөгү отчетторун, отчеттон кийинки айдын онунан кечиктирбестен берип турууга тийиш. Мына ушул отчеттордун эсебин жүргүзүү үчүн өзүнчө көктөмө ачылып, алар жаңыртылган учурда атайы протокол түзүлүп, анда отчеттук мезгил ичинде жол берилген бардык өзгөртүүлөр чагылдырылышы зарыл.
23. МФКнын Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү жана кызмат адамдары жылына эң аз дегенде бир жолу МФКнын Директорлор кеңешине жана жетекчилигине өздөрүнүн коммерциялык бизнесине тиешелүү ж.б. материалдык таламдарына тиешелүү маалыматтарды кат жүзүндө баяндап берип турушу зарыл. Отчетто МФКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана кызмат адамдары менен байланыштуу адамдардын тизмегин жана МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кызмат адамдарынын тизмегин камтууга тийиш. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана кызмат адамдары берилген ушул отчетторго кандай болбосун өзгөртүүлөр киргизилсе, ал тууралуу эки жумуш күнү ичинде кат жүзүндө МФКнын Директорлор кеңешине жана жетекчилигине маалымдоого тийиш.
25. МФКлар өз ишин ушул Нускоонун талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу үчүн ички контролдуктун шайкеш системасын колдоого алып турууга тийиш. МФКлар ушул Нускоого карата тиркеменин 1,4-формасы боюнча отчетторду Мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун курамында ай сайын, ал эми 2, 3, 5, 6, 7, 8 формасы боюнча жарым жылда бир жолу Улуттук банкка берип турушу зарыл.
26. Ушул Нускоонун талабына ылайык талап кылынган бардык отчеттор, тиркемелер менен кошо МФКларда кредит боюнча карыздардын орду жабылып, инсайдерлер же аффилирленген жактар менен операциялар аягына чыккандан кийин, кеминде беш жыл сакталып турушу зарыл.
Тиркеме
1-форма
(миң сом)
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────┬─────┬─────┐
│ │ Аффирилирленген жак жөнүндө маалымат │МФК │Аффи-│
│ ├─────┬────┬────────────────────────────────┬─────┬────┤ээлик│лир- │
│ │Аффи-│Тобу│ Аффилирленген жактын чогуу │Клас-│Мөө-│кыл- │лен- │
│ │лир- │ │ алгандагы карызы │сифи-│нө- │ган, │ген │
│ │лен- │ ├────┬─────┬────┬─────┬─────┬────┤ка- │түн-│аффи-│жак │
│ │ген │ │Кре-│Пайы-│Жана│Пайы-│Ба- │Бар-│ция- │дө │лир- │ээлик│
│ │жак- │ │дит-│здык │баш-│здык │ланс-│дыгы│лоо │тө- │лен- │кыл- │
│ │тын │ │тер │чен │ка │чен │тан │бо- │кате-│лөн-│ген │ган, │
│ │ата- │ │жана│(%) │ак- │(%) │тыш- │луп │го- │бө- │жак- │МФК │
│ │лышы │ │фи- │ │тив-│ │кар- │ │риясы│гөн │тын │(ак- │
│ │ │ │нан-│ │дер │ │кы │ │ │ак- │фина-│ция- │
│ │ │ │сы- │ │ │ │мил- │ │ │тив-│нсы- │лары-│
│ │ │ │лык │ │ │ │дет- │ │ │дер │лык │нын │
│ │ │ │ижа-│ │ │ │тен- │ │ │ │каты-│үлүшү│
│ │ │ │ра │ │ │ │мелер│ │ │ │шуу- │ % │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │(ак- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ция- │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │сынын│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │үлүшү│ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ % │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│ │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│1 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│2 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│3 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│4 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│5 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│6 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│7 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│8 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│9 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┼────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│10│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────┴────┴────┴─────┴────┴─────┴─────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│11│Аффилирленген жак менен жүргүзүлгөн │ │ │ │ │ │
│ │бардыгы болуп операциялар │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────────────────────┼────┼─────┼────┼─────┼─────┤
│12│Бир аффилирленген жакка эң ири карыз │ │ │ │ │ │
└──┴──────────────────────────────────────┴────┴─────┴────┴─────┴─────┘
2-форма
┌─┬─────────┬─────┬──────┬──────┬──────┬─────┬─────┬──────┬──────┬────┐
│ │Аффилир- │Опе- │Опера-│Опера-│Опера-│Пайы-│Кре- │Күрөө │Опера-│Эс- │
│ │ленген │раци-│ция- │ция │цияны │здык-│дитке│ээси │цияны │кер-│
│ │жактын │ялар-│лардын│баш- │аяктоо│чен │кара-│ │жүргү-│түү │
│ │аталышы │дын │түрү │талган│мөөнө-│ (%) │та │ │зүү │ │
│ │ │сум- │(1) │күн │тү │ │күрөө│ │шарты │ │
│ │ │масы │ │ │жана │ │(3) │ │(4) │ │
│ │ │(миң │ │ │күнү │ │ │ │ │ │
│ │ │сом) │ │ │(2) │ │ │ │ │ │
├─┼─────────┴─────┴──────┴──────┴──────┴─────┴─────┴──────┴──────┴────┤
│ │Төмөндө маалыматтарды ачып көрсөтүүнүн мисалдары келтирген: │
├─┼─────────┬─────┬──────┬──────┬──────┬─────┬─────┬──────┬──────┬────┤
│1│1-мисал: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │МФКнын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │туунду │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │компания-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │сы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼─────────┼─────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼──────┼──────┼────┤
│2│2-мисал: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │МФКнын эң│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ири │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │акциялар │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │топтомуна│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ээлик │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │кылган │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │компания │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─┴─────────┴─────┴──────┴──────┴──────┴─────┴─────┴──────┴──────┴────┘
3-форма
┌───┬─────────┬──────────────────┬──────────────┬───────────────┬─────┐
│ № │Аффилир- │ Аффилирленген │ МФК менен │ Аффилирленген │Эс- │
│ │ленген │ жактын МФК менен │ мамилеге │жактын аталышы/│кер- │
│ │жактын │мамилесинин мүнөзү│ карата │ негизги иш │түү │
│ │аталышы │ (холдингдик │ акцияларга/ │ │ │
│ │ │ компания, туунду │ үлүштөргө │ │ │
│ │ │ компания жана │ ээлик кылуу │ │ │
│ │ │ башкалар) │пайызы (5) (%)│ │ │
├───┼─────────┼──────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────┤
│1 │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼──────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────┤
│2 │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼──────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────┤
│...│ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼──────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────┤
│№ │ │ │ │ │ │
└───┴─────────┴──────────────────┴──────────────┴───────────────┴─────┘
4-форма
(миң сом)
┌──┬──────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│№ │ Инсайдер жөнүндө маалымат │
│ ├──────┬────┬────────────────────────────────────────┬─────┬───────┤
│ │Инсай-│Тобу│ Инсайдердин чогуу алгандыгы карызы │Клас-│Мөөнө- │
│ │дердин│ ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬─────┤сифи-│түндө │
│ │аталы-│ │Креди-│Пайыз-│Жана │Пайыз-│Балан-│Бар- │каци-│төлөн- │
│ │шы │ │ттер │дык │башка │дык │стан │дыгы │ялоо │бөгөн │
│ │ │ │жана │чен │актив-│чен │тыш- │болуп│кате-│актив- │
│ │ │ │финан-│ (%) │дер │ (%) │каркы │ │го- │дер │
│ │ │ │сылык │ │ │ │мил- │ │риясы│(күн- │
│ │ │ │ижара │ │ │ │тен- │ │ │дөрдө) │
│ │ │ │ │ │ │ │мелер │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│1 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│2 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│3 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│4 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│5 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│6 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│7 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│8 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│9 │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼─────┼─────┼───────┤
│10│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────┴────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┼─────┼─────┼───────┤
│11│Инсайдер менен жүргүзүлгөн бардыгы болуп │ │ │ │
│ │операциялар │ │ │ │
├──┼──────────────────────────────────────────────┼─────┼─────┼───────┤
│12│Бир инсайдерге эң ири карыз │ │ │ │
└──┴──────────────────────────────────────────────┴─────┴─────┴───────┘
5-форма
┌───┬─────────┬─────┬──────┬─────┬──────┬─────┬─────┬─────┬──────┬────┐
│ │Инсайдер-│Опе- │Опера-│Опе- │Опера-│Пайы-│Кре- │Кү- │Опера-│Эс- │
│ │дин │ра- │ция- │рация│цияны │здык │дитке│рөө- │цияны │кер-│
│ │аты-жөнү │ция- │лардын│баш- │аяктоо│чен │кара-│нүн │жүргү-│түү │
│ │ │лар- │түрү │тал- │мөөнө-│(%) │та │ээси │зүү │ │
│ │ │дын │(6) │ган │тү │ │күрөө│ │шарт- │ │
│ │ │сум- │ │күн │жана │ │(8) │ │тары │ │
│ │ │масы │ │ │күнү │ │ │ │(9) │ │
│ │ │(миң │ │ │(7) │ │ │ │ │ │
│ │ │сом) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┴─────┴──────┴─────┴──────┴─────┴─────┴─────┴──────┴────┤
│ │Төмөндө маалыматтарды ачып көрсөтүүнүн мисалдары келтирилген: │
├───┼─────────┬─────┬──────┬─────┬──────┬─────┬─────┬─────┬──────┬────┤
│1 │1-мисал: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │МФК │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │Башкарма-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │лыгынын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │Төрагасы-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │нын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │аты-жөнү;│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼─────┼──────┼─────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼────┤
│2 │МФК │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │Башкарма-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │лыгынын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │Төрагасы-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │нын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │агасы, │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │аты-жөнү;│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼─────┼──────┼─────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼────┤
│3 │Х компа- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ниясы, │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │МФК │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │Башкарма-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │лыгынын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │Төрагасы-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │нын │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │агасы, Х │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │компания-│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │сынын 50%│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │акциясына│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ээлик │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │кылат │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼─────┼──────┼─────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼────┤
│4 │2-мисал: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │МФКнын эң│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ири │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │акциялар │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │топтому- │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │на ээлик │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │кылгандар│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼─────┼──────┼─────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼────┤
│...│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───┼─────────┼─────┼──────┼─────┼──────┼─────┼─────┼─────┼──────┼────┤
│№ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───┴─────────┴─────┴──────┴─────┴──────┴─────┴─────┴─────┴──────┴────┘
6-форма
┌───┬─────────────┬───────────────┬────────────┬──────────────────────┐
│№ │ Инсайдердин│ МФКда │ Жакын │ Туугандык даражасы │
│ │ аты-жөнү │ээлеген кызматы│ тууганынын │ (ата-энеси, күйөөсү/ │
│ │ │ │ аты-жөнү │ аялы ж.б.) │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│1 │ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│2 │ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│...│ │ │ │ │
└───┴─────────────┴───────────────┴────────────┴──────────────────────┘
┌───┬─────────────┬───────────────┬────────────┬──────────────────────┐
│№ │ Инсайдердин │ МФКда │ Байланыштуу│ Байланыштуу даражасын│
│ │ аты-жөнү │ээлеген кызматы│ адамдын │ ачып көрсөтүү │
│ │ │ │ аты-жөнү │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│1 │ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│2 │ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│...│ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│№ │ │ │ │ │
└───┴─────────────┴───────────────┴────────────┴──────────────────────┘
8-форма
┌───┬─────────────┬───────────────┬────────────┬──────────────────────┐
│№ │ Инсайдердин │ МФКда │ Юридикалык │ Инсайдерге карата │
│ │ аты-жөнү │ ээлеген орду │ жактын │катышы жана юридикалык│
│ │ │ │ аталышы/ │ жактардын акцияларына│
│ │ │ │ негизги иш │ ээлик кылышынын үлүшү│
│ │ │ │ │ (%) │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│1 │ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│2 │ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│...│ │ │ │ │
├───┼─────────────┼───────────────┼────────────┼──────────────────────┤
│№ │ │ │ │ │
└───┴─────────────┴───────────────┴────────────┴──────────────────────┘
__________________
(1) Операциянын түрүн көрсөткүлө (кредит, гарантия, активди сатуу/сатып алуу, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.).
(2) Кредиттер, баланстык милдеттенмелер, контрактылар ж.б. үчүн.
(3) Күрөөнүн түрүн көрсөткүлө (баалуу кагаздар, депозит, кыймылсыз мүлк ж.б.).
(4) Операциянын негизги шарттарын көрсөткүлө.
(5) Мисалы: а) МФК Б компаниясынын 50% акциясына ээлик кылат; б) А холдингдик компаниясы МФКнын 55% акциясына ээлик кылат; в) холдингдик МФК D туунду компаниясынын 100% акциясына ээлик кылат.
(6) Операциянын түрүн көрсөткүлө (кредит, гарантия, активди сатуу/сатып алуу, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.).
(7) Кредиттер, баланстык милдеттенмелер, контрактылар ж.б. үчүн.
(8) Күрөөнүн түрүн көрсөткүлө (баалуу кагаздар, депозит, кыймылсыз мүлк ж.б.).
(9) Операциянын негизги шарттарын көрсөткүлө.
|
|