Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-марты № 10/14
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Тышкы көзөмөл башкармалыгы Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу түзүмдүк бөлүмдөргө маалымдасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-мартындагы № 10/14 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-бөлүмдүн 1.3-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"Комитеттин курамына Улуттук банктын Төрагасынын орун басары (Комитеттин төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын бир мүчөсү, Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери - Тышкы көзөмөл башкармалыгынын начальниги, Инспекциялоо башкармалыгынын начальниги, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги, Акча-кредит операциялары башкармалыгынын начальниги, Юридика башкармалыгынын начальниги киришет.
Комитеттин курамына кеңешүү добушу менен төмөнкүлөр кирет: Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктарга тышкы көзөмөлдүк бөлүмүнүн жана Банктык эмес финансы мекемелерине тышкы көзөмөлдүк бөлүмүнүн начальниктери, Инспекциялоо башкармалыгынын Банктарды инспекциялоо бөлүмүнүн начальниги, Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын Лицензияларды берүү бөлүмүнүн начальниги, булар Комитеттин отурумдарына дайыма катышышат".
2. 2-бөлүмдүн 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Комитеттин катчысы болуп жетектөөчү адис шайланат, бул анын кызматтык көрсөтмөлөрүндө караштырылат. Комитет катчысынын ишин координациялоону, уюштурууну жана анын ишине көзөмөлдүк кылууну Улуттук банктын Төрагасынын орун басары (Комитеттин Төрагасы) жүзөгө ашырат".
3. 2-бөлүмдүн 2.12-пунктунда:
- 2.2-пунктчасында в) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"в) Төрагалардын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн; Шариат Кеңешинин; Башкармалыктын Төрагасынын; кредиттик ишке жана ислам принциптери боюнча каржылоо жагындагы ишке жооп берүүчү Төраганын орун басарларынын жана Башкарма мүчөлөрүнүн; Аудит боюнча комитеттин Төрагасынын; ички аудит кызматынын жетекчисинин; банктын башкы бухгалтеринин макулдашуусу".
4. 3-бөлүмдүн 3.1-пунктундагы төмөнкү сөздөр алынып салынсын:
"айдын акыркы жумасынын бешинчи күнүндө" жана төмөнкү сөздөр киргизилсин: "айдын акыркы жумасынын төртүнчү күнүндө".
5. 3-бөлүмдүн 3.9-пунктунда:
- д) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"д) каралып жаткан маселелер боюнча зарыл болгон документтердин жана материалдардын топтомун Комитеттин бардык мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттө таркатуу".
|
|