Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-апрели № 18/8
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 35-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген, кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине" толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом расмий жарыялангандан кийин Юридика башкармалыгы аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/8 токтомуна тиркеме
|
I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 7-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 7.2 жана 7.3-пункттары менен толукталсын:
7.2. Банк күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу ченемин эсептөөдөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардагы жана башка финансы-кредит мекемелериндеги кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жободо чагылдырылган, чогуу жоопкерчиликтүү топторду кредиттөө боюнча шарттар жана критерийлер сакталган шартта, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги астында берилген кредиттерди алып салууга укуктуу.
7.3. Эгерде чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү банктын кредит портфелинде 50 жана андан көбүрөөк пайызды түзсө, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган депозиттердин максималдуу көлөмү, банктын таза суммардык капиталындагы өлчөмүнүн 100 пайыздан ашпоого тийиш.
II. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. "Банктын банктык кредиттерди сунуштоо боюнча ишин уюштуруу" деп аталган 4-главанын:
- 30-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- чогуу жоопкерчиликтеги топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги. Мында чогуу жоопкерчиликтеги топ (мындан ары - ЧЖТ) дегенден улам, пайда алууга багытталган экономикалык ишти жүзөгө ашырышкан жеке адамдардын - катышуучулардын (кеминде 3 адам) ыктыярдуу биригүүсүн түшүнүүгө болот, мында ЧЖТнын мүчөлөрү топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмесинин аткарылышына чогуу кепил болушат жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык, алынган кредиттик каражаттардын кандай жагдай болбосун толугу менен кайтарылып берилишине жооп беришет.";
- 51-пунктундагы:
- "субсидиардык"" деген сөз "чогуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "(микрофинасылык уюмдар үчүн гана)" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү редакциядагы 61-1, 61-2, 61-3 пункттар менен толукталсын:
"61-1. Банк, төмөнкү учурларда гана ЧЖТнын мүчөлөрүнүн кепилдиги менен кредиттерди берүүгө (мындан ары-топтук кредиттер) укуктуу:
- банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган топтук кредиттөө боюнча саясатты (кредиттик саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик укуктук актылары (билдирүүлөрдү кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жоболору, топтук кредиттөө процесси, мониторинг, топтук кредиттерди классификациялоо) болсо. Бул саясатта кредит, төлөө графигине ылайык кредит боюнча төлөмдөрдүн ордун жабууга кирешеси жеткиликтүү болгон адамдарга бериле тургандыгы чагылдырылууга тийиш. Банктын топтук кредиттер боюнча ишти жөнгө салуучу ички документтеринде банк продуктусунун ушул түрүнө мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер берилип, ошондой эле бул тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн жана топтук кредиттердин жогорку кайтарымдуулугун камсыз кылуунун ыкмалары да каралууга тийиш;
- банк топтук кредиттерди берүү ниетин кат жүзүндө Улуттук банк менен макулдашкандан кийин;
- кредиттөөнүн бул секторунда иш тажрыйбасы бар, квалификациялуу кызматкери болгон шартта.
61-2. Банк топтук кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөнү төмөнкү бардык шарттарды сактагандан кийин 61-3-пунктка ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу:
- банктын ЧЖТнын мүчөлөрүнүн кепилдиги менен топтук кредиттерди сунуштоо боюнча алгылыктуу тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес болсо;
- топтук кредиттердин үлүшү топтук кредиттердин жалпы көлөмүндө эки жыл ичинде 5% ашпаса.
61-3. Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ЧЖТнын мүчөлөрүнүн чогуу жоопкерчиликтери астында берилген, төмөнкү бардык критерийлерге жооп берген топтук кредиттери алынып салынат:
- банк тарабынан кредиттик топтун ар бир өзүнчө мүчөсүнө берилген кредиттин суммасы 150000 сомдон ашпайт, ал эми ЧЖТга берилген кредиттин чогуу алгандагы суммасы 1500000 сомго чейинкини түзөт;
- банктан кредит алышкан ЧЖТнын катышуучулары банктын аффилирленген жактары же инсайдерлери болуп саналышпайт;
- банк, топтук кредиттерге карата активдердин атайын классификациясын жана белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү колдонот.".
III. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген, кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине" төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2-пунктунун 2.2-пунктчасы төмөнкү редакциядагы 2.2-пунктча менен толукталсын:
"2.2. Атайы классификация чогуу жоопкерчиликтүү топтун кепилдиги астында чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттерге карата колдонулууга тийиш.".
|
|