Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу № 29/5
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Микрофинансылык уюмдардын туруктуу ишин камсыз кылуу жана кредиттик тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн алардын капиталдык базасын тиешелүү деңгээлде колдоп туруу, бүтүндөй микрофинансы системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө, алардын мыйзамда аныкталган максатка жетишүү максатында, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын активдеринин өсүш арымын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 31 жана 43-статьяларына, "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2 жана 34-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында 135-02 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 37/2 токтом менен бекитилген "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндө" жобого (кошо тиркелет);
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында 27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобого (кошо тиркелет);
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине" (кошо тиркелет).
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-июлундагы № 29/5 токтомуна карата тиркеме
|
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрындагы № 37/2 токтом менен бекитилген "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жобонун 2.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"МКК же МКАнын уставында төмөндөгүлөр да аныкталууга тийиш: "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-статьясында белгиленген максатка жетишүү маселелерин жөнгө салууну камтыган жоболор, негизги иш чөйрөсү, бир эле адамга берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмү (МКК үчүн - Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлүп жаткан микрокредиттик компаниялар үчүн белгиленген уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн алты пайызынан ашпаган өлчөмдө. Дүңүнөн кредиттоо менен иш алып барган микрофинансылык уюмдар (апекстик институттар) үчүн бир эле жакка берилүүчү микрокредитти максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын он пайызынан ашпаган өлчөмдө), Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндөгү" Мыйзамда белгиленген микрофинансылык уюмдардын максаттарына ылайык, микрокредитти алууга укуктуу карыз алуучулардын категориясы.";
2) жобонун 2.8-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
"Жаңыдан түзүлүп жаткан микрокредиттик компаниянын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү кеминде 5 млн. сомду түзүүгө тийиш.";
3) 3-тиркемеде "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюу, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердиктин өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында түзүлгөн" деген сөздөр кошулсун;
4) 5-тиркемеде "төмөндө келтирилген операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык "Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюу, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердиктин өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында түзүлгөн" деген сөздөр кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январындагы № 5/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жобонун 2.6-пункту төмөнкү мазмундагы жаңы абзацтар менен толукталсын:
"Жаңыдан түзүлүп жаткан МФКнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 50 млн. сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленет.
Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга талапкер болгон микрофинансылык компаниялар, 100 млн. сомдон кем эмес уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө ээлик-кылууга тийиш. Бул талап ошондой эле МФК болуп кайра түзүлүп жаткан МКК, МКА жана кредиттик союздар үчүн да колдонулат.".
2) 4-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. МФКны түзүү максаттары, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-статьясында белгиленген максаттарга жетишүүнү жөнгө салган маселелерди камтыган жоболор.";
3) 6-тиркеменин II бөлүгүнүн "Б" пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-статьясында белгиленген максатка жетишүү маселелерин жөнгө салууну камтыган жоболордо көрсөткүлө";
4) 7-тиркемедеги "МФКнын юридикалык дареги" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюу, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, ишкердиктин өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана калкты социалдык жактан мобилизациялоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында түзүлгөн" деген сөздөр кошулсун";
5) жобонун 3.3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Коммерциялык банктын топтоо эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн салуу жөнүндө талап микрофинансылык компаниясына өзгөртүп түзүлгөн жана ушул Жобонун 2.6 пунктунда жаңыдан түзүлүп жаткан микрофинансылык компаниялар үчүн белгиленген уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү бар микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана кредиттик союздарга таркатылбайт. Эгер алардын капиталынын өлчөмү ушул Жобонун 2.6 пунктунда жаңыдан түзүлүп жаткан микрофинансылык компаниялар үчүн белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда анын уюштуруучулары коммерциялык банктагы топтоо эсебине жетишсиз сумманы салышы керек.".
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган № 4/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине" төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 2.1 пунктунда "бир эле адамга берилүүчү микрокредит" сөздөрүнөн кийин "Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлүп жаткан МФК үчүн белгиленген уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдө".
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу № 29/5
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомунун редакциясына ылайык)
Микрофинансылык уюмдардын туруктуу ишин камсыз кылуу жана кредиттик тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн алардын капиталдык базасын тиешелүү деңгээлде колдоп туруу, бүтүндөй микрофинансы системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө, алардын мыйзамда аныкталган максатка жетишүү максатында, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын активдеринин өсүш арымын эске алып, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 31 жана 43-статьяларына, "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2 жана 34-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:
- (экинчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында 27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобого (кошо тиркелет);
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине" (кошо тиркелет).
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-июлундагы № 29/5 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. МФКны түзүү максаттары, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-статьясында белгиленген максаттарга жетишүүнү жөнгө салган маселелерди камтыган жоболор.";