Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу № 34/4
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагындагы мыйзамдарына, жана салык мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы № 34/4 токтомуна карата тиркеме
|
I. Улуттук банк Башкармасынын, 2009-жылдын 15-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-августунда 77-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 30/6 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежесине" төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Эреженин 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.2. Кыргыз Республикасынын аймагында банктык эсеп ачуусуз эле акча каражаттарын которуу, жеке адамдар, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери тарабынан Кыргыз Республикасынан Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар (мындан ары - Банктар) аркылуу, акча которуу боюнча адистештирилген системаларды (локалдык, эл аралык системалар) пайдалануу менен же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелер аркылуу (чек ара аркылуу акча которуулар) жүзөгө ашырылат.".
2. Эреженин 2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.3. Банктык эсепти ачуусуз акча которуу - бул, акча каражаттарын которуу, банк тарабынан жеке адамдан улуттук же чет өлкө валютасында акча каражаттарын кабыл алып, андан ары - Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) акча которуу системасы менен жөнөтүү аркылуу ишке ашырылган банктык операция.
Эсеп ачуусуз эле юридикалык жактар, ишкердик менен алектенген жарандар ортосунда акча которууларга тыюу салынат.".
3. Эреженин 2.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.5. Жөнөтүүчү - акча каражаттарын ал көрсөткөн адамдын пайдасына жөнөтүү үчүн нак акча каражаттарын банкка берүү аркылуу, банктык эсеп ачуусуз эле акча которууну жөнөтүүнү демилгелеген, жеке адам.".
4. Эреженин 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.6. Алуучу - жөнөтүүчү тарабынан банктык эсеп ачуусуз эле которулган акчаны алуучу катары көрсөтүлгөн жеке адам. Жөнөтүүчү жана алуучу бир эле адам болушу да ыктымал.".
5. Эреженин 4.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"4.4. Банктык эсепти ачуусуз эле, акча которуу системасы аркылуу которуу кызматын сунуштаган катышуучу терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого тийиш.".
II. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 31 – октябрындагы № 41/12 токтомуна ылайык күчүн жоготот.